Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Пригожиндин кесепеттүү ишмердиги. "Вагнердин" козголоңуна бир жыл


Пригожин Ростов-на-Дону шаарында. 24-июнь 2023-жыл
Пригожин Ростов-на-Дону шаарында. 24-июнь 2023-жыл

Мындан бир жыл мурда, 24-июнда Орусияда "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын козголоңу токтотулган. Бирок Украинадагы урушка согушкерлерди активдүү жалдап жүргөн компаниянын башчысы Евгений Пригожин "адилеттүүлүк жүрүшү" деп атаган кутум тез эле аяктаган.

Бирок эксперттер ошол окуянын кесепеттери дагы көпкө сезилерин белгилешет. Пригожин өзү эки айдан кийин авиакырсыкта каза тапкан.

Пригожинди "адилеттүүлүк орнотуу" аракети жана бийлик менен келишүүсү

2023-жылы 23-июнда Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилигин "жалданма согушкерлердин тылдагы лагерлерине сокку урду" деп айыптап, Москвага "адилеттүүлүк жүрүшүн" жарыялаган. Муну менен ал Коргоо министрлигинин башында турган аткаминерлерди жоопко тартууну көздөгөнүн айткан.

Сокку урулган жерден жарыяланган видеолорду иликтеп чыкан айрым журналисттер, ал жасалма болушу мүмкүн деп күмөн санаган.

Кутумга чейин Пригожин Коргоо министрлиги менен чырдашып, ошол кездеги министр Сергей Шойгуну, Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду ачыктан ачык сындап, атүгүл акаарат айтып келген.

Муну менен катар ал Коргоо министрлигинин жетекчилиги президент Владимир Путинди алдаган, Украина согушка жем таштаган эмес, куралдуу жаңжал Шойгуга маршал наамын алууга керек болчу деп айтып жүрдү.

Козголоң алдында министр "ыктыярчылар кошуундарын" коргоо мекемеси менен контракт түзүүгө милдеттендирген буйрукка кол койгон. Пригожин аны аткарбай турганын билдирген.

Пригожин Ростов-на-Дону шаарында. 24-июнь 2023-жыл
Пригожин Ростов-на-Дону шаарында. 24-июнь 2023-жыл

Бир күндө "вагнерчилер" Ростов-на-Дону шаарын жана Түштүк аскердик округун иш жүзүндө көзөмөлгө алууга жетишкен жана Москвага бет алган. Ошол окуя учурунда бери дегенде 10 аскер каза тапкан, 1 миллион калктуу калаа бийликке баш ийбеген куралчан топтун көзөмөлүндө калган.

Аларга эч кандай каршылык көргөзүлгөн эмес. Пригожин аны менен кошо 25 миң согушкер жолго чыкканын айтканы менен, так санды аныктоо мүмкүн болгон эмес.

Жүрүш башталгандан көп узабай Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Пригожинге каршы кылмыш иши козголгон, президент Путин ал окуяны "ички чыккынчылык" деп атаган.

Кутум канчалык тез башталса, ошондой эле күтүүсүз аяктаган. 24-июндун кечинде баш калаага 200 чакырым калганда Пригожин кербен артка кайтканын билдирген.

Пригожин Путиндин жакын адамдарынын бири болчу, президенттин “ашпозчусу” деген атка конгон.

"Путин чыккынчылыкты эч качан кечирбесин айткан"

"Вагнер" тууралуу "Биздин бизнес – өлүм" деп аталган китептин авторлорунун бири, Би-Би-Синин журналисти Илья Барабанов Пригожин сөз болгон буйрукту рейдерлик катары кабыл алган деген оюн айтты:

"Евгений Викторович Пригожин акыркыга чейин өзүнүн аскердик түзүмү үчүн жаңы шарт түзүлөрүнө, компаниянын үстүнөн көзөмөлдү сактап каларына үмүттөнүп келди. Африкадагы же башка долбоорлорду ага беришет деп ойлогон. Менимче, Владимир Путиндин өз адатына салып, бюрократиянын, Коргоо министрлигинин тарабын ээлегени, бардык жалданма согушкерлер мекеме менен келишимге кол коюш керек деп билдиргени акыркы тамчы болуп калды.

Менимче, Пригожин муну өзү түптөп, бапестеген уюмду тартып алуу аракети катары баалаган. Козголоң менен компанияны куткарып калууга жан үрөп аракеттенди. Бийликти өзүнө ылайык шарттарга көндүрүүнү көздөдү. Акыр-аягында анын эсептери жаңылыш болуп чыкты.

Пригожин жана Путин. Архивдик сүрөт
Пригожин жана Путин. Архивдик сүрөт

Путин Пригожиндин кутумун "чыккынчылык" деп сыпаттаганда, Евгений Викторовичти өкүнүчтүү тагдыр күтүп жатканы айдан ачык болуп калды. Орусиянын президенти буга чейинки интервьюлардында чыккынчылыкты эч качан кечирбесин айткан жайы бар".

Пригожин менен Путин "Вагнер" Беларуска кетет, алардын үстүнөн козголгон кылмыш иши жабылат деп макулдашкан. Куралдуу козголоң беренеси менен ачылган иш чындап эле жабылган. Беларуста жоочулар үчүн чатыр шаарчасын курууга киришкени менен былтыр 1-августта эле аларды чече башташканын "Азаттыктын" беларус кызматы аныктаган.

Пригожин Борбордук Африка жумуриятынын президенти менен түшкөн сүрөтүн жарыялагандан кийин айрым эксперттер ал Африкага кайтып барышы ыктымал деп чечмелешкен. Бирок "Вагнердин" ээсинин тагдыры башкача болду.

Пригожинди жана башка "вагнерчилердин" тагдыры

23-августта Тверь облусунда менчик учак кырсыкка учураган. Анын бортунда Пригожин, "Вагнердин" командирлеринин бири Дмитрий Уткин жана дагы он чакты киши бар болчу.

Батыштагы маалымат каражаттары кырсыкка орус бийлиигинин тиешеси бар болушу мүмкүн деп жазышкан. Кийинчерээк Путин "кол гранатасы жарылган болушу ыктымал, бортто анын сыныктары табылган" деп айткан. Бирок учакка сырттан таасир этүү аракети болбогонун кошумчалаган.

Согушта 20 миңдей "вагнерчи" өлгөнү, анын тең жарымы абактан баргандар экени маалымдалган.

Кутумдан кийин айрым жоочулар кайрадан кылмыштарга барып, абакка кайткан. Дагы бир бөлүгү Африкага – Судан, Мали, Борбордук Африка Жумуриятына жалданууга үлгүрдү.

Андан тышкары апрелде 3 миңдей "вагнерчи" чеченстандык "Ахмат" күжүрмөн даярдыктагы бөлүктүн курамында топ түзгөнү маалым болду.

Түндүк Кавказ боюнча аналитик Гарольд Чемберстин айтымында, аларга ушу тапта жакшы акча төлөшөт, жакшыраак куралданган, алардын чыныгы максаты бара-бара белгилүү болмокчу.

Ал эми Европада жайгашкан ичкериялык "Биримдик" кыймылынын төрагасы Жамбулат Сулейманов мурдагы "вагнерчилер" Кадыровдун куралдуу күчтөрүндө баңгизаттарга же ичкиликке берилген чечендердей эле позицияларды ээлегенин айтты:

"Жазаланган" чечендерден турган отряддар бар. Аларды даярдабай, машыктырбай туруп, майданга айдашарын так билем. Жоготууларга көп учурашат. "Вагнерчилер" да ошол топторго кирет. Аларга ишенип болбойт, ыңгайсыз кишилер болгондуктан, албетте чабуул койгондо биринчи катарда өлүмгө айдашат".

Бир кездери "Вагнерге" азгырылгандардын көбү тынч жашоодо өз ордун таба албай, кайра эле согушка кайтып барат. Мындай пикири менен аскердик эксперт Ян Матвеев бөлүштү:

"Башкалары тапкан акчасын алкоголго жумшап, ичкиликке берилген. Кээ бирлери кайрадан кылмышка барат. Мамлекет алардын тынч жашоого интеграциясы үчүн ыраттуу бир иш алып барганы байкалбайт".

Прагадагы Карлов университетинин кызматкери, политолог Дмитрий Дубровский “согуш партиясынын” тарапкерлерин активдештирүү үчүн орус бийлиги Пригожиндей кишилерге муктаж деп эсептейт:

“Бийлик Гиркиндей (Донецкидеги жикчилдердин мурдагы командачысы) жана Пригожиндей кишилерге дайыма кызыкдар. Согушту жактаган “элдик баатыр” бийликке керек. Менимче, бирөөнү сүрөөнгө алышат же кимдир бирөө өзү суурулуп чыгат”.

"Ахмат" бөлүгүн толуктаган мурдагы вагнерчи
"Ахмат" бөлүгүн толуктаган мурдагы вагнерчи

“Вагнер” менчик компаниясы иш жүзүндө жоюлганы менен Орусияда Украинадагы согушка жалдаган башка уюмдар кала берүүдө. Бирок кээ бир эксперттер алар “Вагнердей” популярдуу жана таасирдүү боло албайт деген пикирин айтышат.

Козголоңдон кийинки бир жылда Орусиянын аскердик жетекчилигинде бир топ өзгөрүүлөр болду. Аба жана космос күчтөрүнүн кол башчысы генерал Сергей Суровикин былтыр августта кызматынан кетирилген. Коргоо министри алмашты, Шойгунун орун басары Тимур Иванов паракорлук үчүн тергөө абагында до отурат. Дагы эки жогорку генерал көз боёмочулук жана коррупция иштери үчүн айыпталууда.

Журналист Илья Барабанов былтыркы кутумдун узак мөөнөттү кесепеттерин мындайча сүрөттөдү:

“Менин пикиримде, Коргоо министрлигинде болгон кадрдык алмаштырууларды дагы ошол окуянын кесепети деп атасак болот. Эң жогорку бийлик дайыма аскерлерден чочулайт. Согуш маалында армиянын саясий, каржылык жактан таасири ого бетер күчөйт эмеспи. Коргоо министрлигинде болгон соңку окуяларды Кремлдин аскерлерди бир аз ооздуктоо аракети деп чечмелесе болот. Эч кимдин кутум, козголоң тууралуу кымындай да ою пайда болбосун дешет”.

Барабанов мурдагы "вагнерчилер" үйлөрүнө кайтып барганда адам өлтүргөнү, өрт коюп, зордуктап, уурдап жатканы тууралуу маалыматтар жума сайын түшкөнүн эске салып, козголоңдун, жалпы эле Пригожиндин ишмердигинин залакасы дагы көпкө сезилерин белгилейт.

Макала "Свобода" радиосунун жана Кавказ.реалии сайтында жарык көргөн материалдардын негизинде даярдалган.

XS
SM
MD
LG