Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:19

“Газанын азаптуу эли урушту тезирек токтотууга чоң үмүт артат”


Нусейрат качкындар лагери израилдик аскерлердин соккусунан кийин. Газа, 9-июнь 2024-жыл
Нусейрат качкындар лагери израилдик аскерлердин соккусунан кийин. Газа, 9-июнь 2024-жыл

БУУнун Коопсуздук кеңеши дүйшөмбүдө Газадагы согушту токтотууга чакырган биринчи резолюцияны жактырды. Документ АКШ президенти Жо Байдендин тынчтык сунушун кубаттайт. Ал арада Пентагон Израил төрт кишини барымтадан бошоткондо Вашингтон курган пирсти колдонгон деген маалыматтарды четке какты.

ХАМАС башкарган тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси куткаруу операциясында 274 палестиналык каза тапканын маалымдаган.

Согушкан тараптарды ок атышууну токтотуу, барымтадагыларды баскыч-баскыч менен бошотуу жана израилдик аскерлерди анклавдан чыгарууну караган долбоорго макул болууга үндөгөн резолюцияны Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 14ү колдоду. Орусия добуш берүүдөн карманды.

АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилддин айтымында, документ Израилди жана ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобун сунушту “создуктурбай жана шарт койбостон кабыл алууга” чакырат:

"ХАМАСты ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алууга, эки тарапты тең ага убакытты создуктурбай, шарт койбостон макул болууга үндөгөн бул резолюцияны кабыл алуу менен биз тынчтык орнотууга көмөктөшө алабыз".

Газадагы согушту токтотууга чакырган резолюция
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Кошмо Штаттар сүрөөнгө алган резолюция президент Жо Байден майдын этегинде сунуш кылган планга негизделген. Вашингтон Израил долбоорго макул болгонун буга чейин билдирген.

Кытайдын Улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү Фу Цун белгилегендей, ал “Газанын азап чеккен эли урушту тезирек токтотууга чоң үмүт артат”:

"Кытай жана Коопсуздук кеңешинин башка мүчөлөрү бир нече айдан бери ок атышууну токтотууга чакырып келатат. Бул – азаптуу Газа элинин чоң үмүтү. Адам өмүрлөрүнүн андан ары кыйылышына чекит коюу, гуманитардык апааттын кесепеттерин азайтуу үчүн Кытай резолюцияны колдоп добуш берди".

ХАМАС жана палестин автономиясынын жетекчилиги БУУнун резолюциясын кубатташты. Радикал топ пландын принциптерин ишке ашыруу үчүн арачылар менен кызматташууга даярдыгын билдирген.

Ушу тапта Жакынкы Чыгышта жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ХАМАСтын билдирүүсүн “үмүт тартуулаган” ишарат деп сыпаттады.

Дүйшөмбүдө Вашингтондун өкүлү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен кездешүүдө Газанын согуштан кийинки тагдырын аныктаган планды кабыл алууга чакырган. Нетаньяху ХАМАСты түп тамырын менен жок кылуу максатынан тайбаганын айтып, тынчтык келишимине күмөн саноо менен караганын буга чейин билдирип келген.

Блинкен ошондой эле хамасчылар барымтага алган израилдиктердин жакындары менен жолугушту.

Ал арада 10-июнда Пентагон Израил барымтадагы төрт кишини куткаруу үчүн АКШ курган убактылуу пирсти колдонгон деген социалдык тармактардагы маалыматтарды четке какты. Анын алдында БУУ гуманитардык жардамды Газанын жээгиндеги пирс аркылуу жеткирүүнүн коопсуздугун текшерерин билдирген.

ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин Саламаттыкты сактоо министрлиги барымтадагыларды бошотуу учурунда 274 палестиналык набыт болгонун маалымдаган.

Ал эми согуш жүрүп жаткан сегиз айда Газада 37 миңден ашуун киши каза тапканын, 85 миңге жакыны жарадар болгонун ушул эле мекеме дүйшөмбүдө кабарлады.

Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG