Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:52

"Согушта эл кыйналды". Газада мектепке сокку урулду


Нусейраттагы качкындар баш калкалаган мектеп. Газа. 6-июнь, 2024-жыл
Нусейраттагы качкындар баш калкалаган мектеп. Газа. 6-июнь, 2024-жыл

БУУ Газадагы мектепке урулган соккуну айыптады. Бейшембиде таң эрте БУУнун мектебине сокку урулганда бери дегенде 40 киши набыт болгону, 74 киши жараат алганы кабарланган. Имаратта жер которгон палестиналыктар баш калкалайт. Израил аскерлери ал жакта ХАМАСтын базасы жайгашканын айтууда.

6-июнда БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Дэннис Фрэнсис аба соккусун айыптады. Анын басма сөз катчысы Моника Грэйли төрага “жайкын адамдарга жана жарандык инфраструктурага коюлган буга чейинки чабуулдардай эле бул соккуну да айыптаганын” билдирди.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин маалымат катчысы Стефан Дужарик да бейшембидеги пресс-конференцияда соккуга карата терс мамилесин билдирди:

"UNRWA (БУУнун палестиналык качкындарга жардам берген агенттиги) ал жайга жер которгондорду жайгаштырып келген, эң керектүү кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланчу. Бул Газа тилкесиндеги карапайым адамдар согушта кабылган дагы бир үрөй учурарлык, кайгылуу окуя. Көптөгөн бейкүнөө кишилер, арасында көп бала өлтүрүлгөнүн айта алам”.

Адегенде АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму башкарган тилкенин саламаттык сактоо мекемеси жана жергиликтүү медиа дүрмөт Дейр-ал-Балахтагы Нусейрат мектебине тийгенде кеминде 27 киши, арасында беш бала мерт болгонун маалымдашкан. Кийин ХАМАС бери дегенде 40 киши, арасында 14 бала жана тогуз аял набыт болгонун, 74 киши жараат алганын кабарлады. Имаратта ушу тапта жер которгон алты миңдей палестиналык башкалкалап келет.

“Биз Ал-Касталга жер которгонбуз. Улуу балам түнкү эки жарымда чалып, Ахмед шейит кеткенин айтты. Мектептеги бөлмөгө ракета тийген. Биз бул жерге келе калдык. Түн бою уктаган жокпуз. Ал балдарымдын эң кенжеси болчу”, - деп айтып берген набыт болгон палестиналыктын энеси Галия Мансур.

Израил аскерлери ХАМАСтын базасын бутага алышканын, карапайым кишилерге зыян келтирбөө үчүн чара көрүлгөнүн билдиришти.

Бирок радикал топтун маалымат каражаттары мектепте алардын командалык пункту жайгашкан деген ырастоолорду четке какты.

Күбөлөр сокку алар уктап жатканда урулганын, экинчи кабатта өлгөндөр болгонун, биринчи кабаттагылар негизинен жараат алышканын айтууда.

Мунун алдында Израил Бурейж жана Дейр-ал-Балах аймактарындагы операциясын улантканын жарыялаган.

ЦАХАЛдын билдирүүсүндө айтылгандай, рейд “ал жерде террорчулар жана алардын инфраструктурасы орун алган деген чалгынчылардын маалыматына негизделип жүрүүдө”.

Израил ошондой эле Рафах шаарында бир айдан бери уланып келаткан операциясын кеңейтти. Калаадан бир миллиондон ашуун киши тилкенин борбордук жана түштүк чөлкөмдөрүнө агылып, чатырларда күн көрүп келатат.

Ал арада бир катар эл аралык маалымат каражаттары 5-июнда Газадагы атышууну токтотуу тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр Доха менен Каирде өткөнүн жазышты. Бирок жыйынтыгы кандай болгону азырынча белгисиз.

ХАМАС тобунун лидерлеринин бири Исмаил Хания Израилден согушту туруктуу токтотууну, аскерлерин Газадан чыгарып кетүүнү талап кылды жана туткундарды айырбаштоого негизделген кандай гана келишим болбосун, “олуттуу жана оң караларын” билдирди.

Айрым байкоочулар анын билдирүүсү жарашуу планын четке кагууга тете деп чечмелешүүдө.

Ал эми Израилдин коргоо министри Йоав Галлант барымтадагыларды айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүнү кайра баштоо үчүн армия Газага чабуулдарын токтотушу керек деген шартка макул эместигин айтты.

АКШ ок атышууну адегенде алты аптага токтотуу тууралуу планга ХАМАСтын жообун күтүп жатканын апта башында билдирген.

Долбоорго ылайык биринчи баскычта тараптардын жарашуусу, согушкерлер кармап турган израилдиктердин бир тобун кайтаруу каралган. Андан кийин урушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү жана барымтадагылардын калганын бошотуу сунуш кылынган. АКШ президенти өзү да планды толуктоо керектигин кошумчалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG