Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:40

Газа: Израил аскерлери Рафахтын борборуна кирди


Рафахтагы качкындар лагерине сокку урулгандан кийин, 28-май, 2024-жыл
Рафахтагы качкындар лагерине сокку урулгандан кийин, 28-май, 2024-жыл

Израил аскерлери Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарынын борбордук бөлүгүнө киргенин 28-майда жеринен баяндаган күбөлөргө таянып, NBC жана Reuters агенттиктери маалымдады. Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Рафахта операциясын улантып жатканын билдирди.

ЦАХАЛ Рафахтын борборундагы операциясы боюнча расмий маалымат бере элек. 28-майга караган түнү алар Газанын Египет менен чектеш тилкесиндеги Филадельфия коридору деп аталган буфердик зонада болушканы гана маалымдалды.

Рафахтын тургундары түндө израилдик аскерлер “шаарды танк менен аткылап, абадан чабуул коюп чыкканын” айтышты.

ЦАХАЛ «террористтик объекттер бар экендигин көрсөткөн чалгын маалыматка негизделген ыкчам иш-аракеттер» жүргүзүлгөнүн билдирди:

«Аскерлер террорчулар менен жакын аралыктан салгылашып, ошол жерден террорчуларга таандык туннелдерди, курал-жарак жана башка инфраструктураны таап жатышат».

27-майга караган түнү Газанын ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, Израил армиясынын соккусунан Рафахта кеминде 45 кишинин өмүрү кыйылган, жүздөгөн адам жараат алган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху парламентте сүйлөп жатып соңку соккуну “каргашалуу адиса” деп атап, ал иликтенерин убада кылды. Ал «бардык максаттар ишке ашырылмайынча» согуш улана берерин айтты.

Рафахтын качкындар жашаган конушуна сокку урулду

Дүйшөмбүдө Газадагы Тел Ал-Султан ооруканасына чогулган палестиналыктар түнкү соккудан каза тапкан жакындарын жоктоп жатышты. Алардын бири Абед Мохаммад ал-Аттардын бир тууганы аялы, балдары менен ажал тапты:

Рафах Израилдин соккусунан кийин. Газа, 27-май, 2024-жыл
Рафах Израилдин соккусунан кийин. Газа, 27-май, 2024-жыл

“Армия калпычы. Оккупациялаган армия жалган айтууда. Газадагы абал кооптуу. Балдардын, кары-картаңдардын, аялдарын коопсуздугу камсыздалган эмес. Бир тууганым аялы менен кошо шейит кетти. Калган балдары жетим болуп калды. Аларда жазыгы кайсы?"

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги дүрмөт качкындар башкалкалаган чатырларга тийгенин, өлгөндөрдүн көбү аялдар менен балдар экенин билдирди.

Сокку урулган конушта Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) эки жума мурун жердеги операциясын баштаганда шаардын чыгыш тарабынан ооп келген миңдеген киши башкалкалап жатат.

Рафахка тилкенин 2 миллиондон ашуун калкынын жарымынан көбү агылган. Аймакта он миңдеген киши кала берүүдө.

Палестинанын Кызыл Чырым уюму Израилдин армиясы сокку урулган жерди “гуманитардык аймак” деп белгилегенин айтууда. AP агенттиги жазгандай, ЦАХАЛ ай башында газалыктарга бир нече райондон чыгып кетүү көрсөтмөсүн берген, бирок ал конуш айтылган эмес.

Израилдин жообу, жай тургундардын өлүмүн иликтөө убадасы

ЦАХАЛ ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун комплексин бутага алышканын, сокку “чалгынчылардын маалыматына таянып таамай аткан курал менен” урулганын билдирди. Армия кошумчалагандай, “ХАМАСтын Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги командачыларынын бири жана Израилге кол салуунун артында турган башка расмий адамдар жок кылынды”.

Жер которгон газалыктар башкалкалаган жер соккудан кийин. 27-май, 2024-жыл
Жер которгон газалыктар башкалкалаган жер соккудан кийин. 27-май, 2024-жыл

ЦАХАЛ карапайым кишилер каза болду деген кабарларды иликтемекчи. Израилдин аскердик прокурору генерал-майор Ифат Томер Йерушалми Рафахтагы "олуттуу окуянын" "чоо-жайы текшерилип жатканын, толук иликтөө жүрөрүн", ЦАХАЛ согуш учурунда тынч адамдарга келтирилген зыянга өкүнөрүн" билдирди.

Ал ошондой эле Израил уруш маалында туткундалган палестиналыктардын өлүмү, аскердик кармоочу жайдагы адамдарга ыдык көрсөтүү боюнча маалыматтарды иликтеп жатканын, буга байланыштуу 70 иш ачылганын кошумчалады.

Рафахтагы соккуга чейин ХАМАСтын согушкерлери анклавдын аймагынан бир нече айдан бери биринчи жолу Тел-Авивге ракета атышкан. Израилдик аскерлер бир нече дүрмөттү атып түшүрүшкөнүн, ракета атылган комплекс жок кылынганын билдирип, жабыркагандар тууралуу маалымдаган жок.

Гуманитардык жардам жеткирүү кыйын болууда

26-майда ондогон оор жүк ташуучу машина Израилдин чыгыш бөлүгүнөн Газага гуманитардык жардам жеткирип келди. ЦАХАЛ айдын башында Рафахтын Египет менен чек ара аймагын басып алгандан кийин ал жердеги текшерүү пунктун кыйгап өткөн маршрут тууралуу макулдашылган. Израил Керем-Шалом өткөөлүнөн 126 машина жүк алынып келгенин билдирди.

Египет менен чек арадагы Рафах өткөөлү. 26-май, 2024-жыл
Египет менен чек арадагы Рафах өткөөлү. 26-май, 2024-жыл

Бирок салгылашуулардан улам ал тамак-аш, дары-дармекти дароо таратуу мүмкүн болобу же жокпу белгисиз. БУУнун гуманитардык уюмдарынын маалыматына караганда, Израил шаарга жакындаганы жардамды алып кетүү кооптуу болууда. Өткөн жумада Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Рафахтагы операцияны кеңейтүүнун арты “кыйратуучу” кесепеттерге алып келерин эскерткен.

Египет Газа тарапта өткөөл палестиналыктарга кайтарылмайын, чек ара пунктун ачууга каршы болууда. АКШ президенти Жо Байден Египеттин лидери Абдел Фаттах ас-Сиси менен сүйлөшкөндөн кийин Каир жүктү Керем-Шаломго убактылуу багыттап турууга көнгөн.

Израил 6-майда Рафахта “чектелген” деп атаган операция баштагандан бери анклавдын түштүк чөлкөмүнө гуманитардык жардам жетпей калды. Ошондо бир миллиондон ашкан палестиналык, көбү буга чейин эле жер которууга аргасыз болгондор шаардан чыгып кетүүгө аракеттенген.

Тилкеге күнүгө АКШ курган суу боюндагы убактылуу пирс менен ондогон жүк ташуучу машина жардам жеткирилет. Эл аралык уюмдар газалыктардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн күнүнө 600 машина зарыл деп айтышууда.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги согуш 36 миңден көп палестиналыктын өмүрүн кыйганын билдирди. Мекеме канчасы жайкын тургун, канчасы согушкер экенин тактабайт.

Былтыр 7-октябрда радикал топтун жоочулары Израилге кол салганда 1200 киши каза тапкан, 250дөн ашуун кишини барымтага алышкан. ХАМАСтын колунда азыр 100дөй киши кала берүүдө.

Өткөн дем алышта да барымтадагылардын жакындары Тел-Авивде жүрүшкө чыгып, өкмөттөн аларды бошотуу чарасын көрүүгө чакырышты:

"Мен атасынын кайтып келүүсүн күтүп жаткан кишимин. Аны үйгө кайтаруунун жолун табышсын. Бул үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл экенине ишенем. Аскердик аракеттер эмес, сүйлөшүүлөр, келишимге жетишилмейинче тынымсыз сүйлөшүүлөр керек", - деп айтты Яир Мозес атуу киши Рейтердин кабарчысына.

Ал арада Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок эл аралык соттун Газадагы аскердик операцияны токтотуу буйругу аткарылышы керек деп билидрди.

Анын айтымында, "чатырларда баш калкалаган кишилер көбөйө берсе, барымтадагы бир да израилдик бошотулбайт".

БУУнун Гаагадагы Эл аралык соту 24-майда чыгарган токтомуна ылайык, Израил Рафах шаарына чабуулун дароо токтотушу зарыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG