Парижде өтүп жаткан 2024-жылкы Олимп оюндары дүйнө жүзүндөгү жана кыргыз коомундагы бүйүр талаштыра назар бурдурган олуттуу эл аралык окуя болууда. Бул окуяларда күйөрмандардын да өзгөчө орду бар. Тарыхчынын блогу.
Париж Олимпиадасы мурдагы эл аралык спорттук мелдештер, оюн-зооктор сыяктуу эле төгөрөктүн (планетанын) төрт бурчундагы калайыктын көңүл чордонунда болуп калды.
Өз курамасы мелдештерге катышпаса дагы европалык футбол чемпионатынын окуяларына кызыгуу менен көз салган ала-тоолуктар сыяктуу эле, быйыл өз өлкөсүнөн эч бир спортчу катыша албай калган өлкөлөрдүн калктары деле Париж Олимпиадасынын окуяларын интернет аркылуу байкап жатышканы шексиз.
Быйылкы Олимп оюндарына дүйнөнүн 204 өлкөсүнөн спортчулар катышууда.
Алардын ичинен, маселен, Белиз деген чакан мамлекет 1 гана спортчусун катыштырып жатат. Азырынча бул өлкөнүн спортчулары Олимп оюндарынын тарыхында эч кандай медалга жетише электиги да ырас. Бирок белиздик спортчунун Олимп оюндарына катышып жаткандыгынын өзү эле бул өлкөнүн калкынын жүрөгүндө үмүт отун жандырууда.
Дагы караңыз Париж-2024: Кыргызстандык спортчуларга артылган үмүтКыргызстан – олимпиадалык кыймылдын катышуучусу
Борбордук Азиядагы Кыргызстандын спортчулары да өз алдынча олимпиадалык тарыхка ээ.
Кыргызстандын спортчулары эгемендикке чейинки (советтик) доордо 1952–1980, 1988-жылкы Олимпиада оюндарына СССРдин курама командасынын курамында катышкандыгы белгилүү.
1980-жылдагы Маскөө Олимпиадасында теги кыргыз оор атлет (штангачы) Каныбек Осмоналиев улутубуздун тарыхында алгачкы жолу Олимпиаданын алтын медалын жеңип алып, жаштарга өрнөк болуп калды. Ал дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Европанын 2 жолку чемпиону болгон (мурдагы СССРдин бир бөлүгү Чыгыш Европада жайгашкандыктан, кыргызстандык спортчулар дагы Европа мелдешине катыша берчү).
Дагы караңыз Оор атлетика: өлкөнү кыйырга тааныткан спортчуларКаныбек Осмоналиев 1953-жылы 19-ноябрда Кеминдеги Бейшеке айылында туулган.
Каныбек агабыз спорт кабарчысы Кабыл Макеш менен маегинде: "...Эки жашымда атам каза болуп, эрте жетим калып, кичинемден кара жумушту көп жасап, чыйрак өстүм. 5 баланы эрезеге жеткирүү түйшүгү апам Жийдекандын мойнуна жүктөлгөн. Жашымдан эле спортко ынак өсүп, боюмдун кичинелигине карабай, футбол, баскетболду жакшы ойночумун. Эркин күрөш секциясына да катышып, райондук мелдештерде байге алып жүрчүмүн”, – деп айтканы бар.
Элеттик жигит 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетин аяктаган. Машыктыруучусу – Семён Иткин.
Дагы караңыз Олимп оюндарына катышкан кыргыз спортчулары тууралуу китеп чыктыСовет доорунда Кыргызстандын зоболосун көтөргөн спортчулардын арасында 1988-жылы Сеул Олимпиадасында жеңил атлетика боюнча 4×400 метр аралыктагы эстафетада Татьяна Ледовская, Ольга Назарова жана Ольга Брызгина менен бирдикте дүйнөлүк рекорд жасап, алтын медалга татыган кыргыз кызы Мария Жумабай кызы Күлчүнова да бар (кийин ал саха тегиндеги спортчу күйөөсү Павел Пинигиндин тегатын алып, Пинигина болуп калган; Павел Пинигин болсо 1976-жылдагы Монреал Олимпиадасында эркин күрөш боюнча алтын медал жеңип алган, 3 жолку дүйнө чемпиону, 1 жолку Европа чемпиону болгон балбан катары даңазалуу).
Ал эми 1992-жылкы Олимпиадага Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн бирдиктүү курамасынын алкагында жана Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) желеги астында катышкан.
1996-жылдагы Атланта Олимпиадасынан тартып эгемен Кыргызстан Олимп оюндарына өз желеги астында катыша баштады. Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети ЭОК тарабынан расмий таанылган.
2000-жылы Сидней Олимпиадасында теги казак дзюдочу Айдын Кудайберген уулу Смагулов Кыргызстанга коло медал алып берип, ошондон тартып эгемен Кыргызстан медалдуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Айдын мырза дагы кыргыз жана казак спортуна зор салым кошкон данакер инсан болуп калды. Ага 2001-жылы августта Кыргызстандын “Даңк” медалы ыйгарылган.
Дагы караңыз Кыргыз спортунун тарыхын жазган ишмер(XXI кылымдын башындагы ала-тоолуктардын олимпиадалык медалдары жана башка кызыктуу маалыматтар жаатында Кабыл Макеш даярдаган энциклопедиялык жана башка китептерден жана ачык интернет булактарынан кеңири тааныша алабыз).
Дагы караңыз Олимпиада финалы: Мунарбек Сейитбек уулу жараткан тарых2024-жылкы Париж Олимпиаадасынын күйөрмандарына алкыш
Быйылкы Париждеги Олимп оюндарына ала-тоолук күйөрмандар мурдагы оюндараг салыштырмалуу жигердүү катышууда.
Алардын айрымдары Парижге чейин барып, спортчуларыбызды колдоого алып жатышат. Буга чейин эле Францияда жана коңгу европалык өлкөлөрдө байырлап келе жаткан кыргыз диаспорасынын ынтымактуу жамааты дагы күйөрман катары өз салымдарын кошуп жатат.
Албетте, өлкөбүздө же башка мамлекеттерде үйүндөгү дивандарга же ар башка коомдук жайларга жайгашып алып, интернет аркылуу ырааттуу колдоо көрсөтүп жаткан миллиондогон жердештерибизди да эстен чыгарбайлык.
Кыргыз күйөрмандары – калыс калк. Бирлери эмоцияга алдырып, эмнеге бул же тигил медалга жетпей калдык, спортчулардын тамак-ашы тартыш болуп калыптыр, деп каныйлашса, калгандары аларды жооткотуп же сабырдуулукка чакырып, андан көрө болочокку Олимп оюндары үчүн спортчуларыбызга тыңгылыктуу шарт жараталы, деп үндөп келишет.
Менимче, күйөрмандардын бардыгы тең керек. Кимдир-бирөө оюнчуну өзгөчө шыктандырса, башка бирөө сабырдуулукка чакырып турганы жөндүү.
Дагы караңыз Париж-2024: "Балбандардан үмүт чоң"Спортчуну колдоо салты
Негизи, элибизде спортчуга демөөр көрсөтүүнүн илгертеден келген салты бар.
Бекеринен “жандоочу кийин аттырат” деген накыл сөз айтылбайт эмеспи. Аңчыга көмөк кылчу жандоочунун да түрү болгон. Айрымдары аңчы тарапка кайберендерди атайылап башка жагынан үркүтүп келип берсе (аларды “какмачы” деп да коюшчу), башкалары аң уулана турган чокунун каршысындагы башка чокуга чыгып алып, дүрбү аркылуу теребелге көз салып, алыстан ымдап-жаңсоо аркылуу аңчыларга кийииктерге жакындоонун тактикасын иштеп чыгууда жол көрсөткөн устаттардан, ийгилик данакерлеринен болушкан.
Элдик спорт оюндарында да спортчуну колдоо салты калыптанган.
Эсимде, бала чагымда жалпы оодандык жана айылдар аралык мелдештерге катышкан спортчуларга (балбаны болобу, чабендеси болобу, эр эңишке түшкөнү болобу, көзгө атар мергени болобу, айтор, бардыына тең) калайык шаттана кыйкырып, колдоо кылышаар эле.
Атаандашына каршы күрөшкө чыгаар алдында балбан:
– Эми бул немени эки чайнап, бир жутам! – деп ортодогу күрөш майданына жете элегинде эле кара күчкө каардана кыйкырган сүрдүү балбанды кээ бирөөлөрү ого бетер сүрөп:
– Ордунан тургус кылып эки далысына жаткыр! Сага ал эч кандай тең эмес! – деп балбандын делебесин козутуп кыйкырышса, башкалары аны жооткотумуш этип:
– Сабыр кыла көр, айланайын! Жанын сактай көр! Бир ачууңду мага бер! – дешип, башка ыкмага салып дем берип, алиги балбанды сүрөшөөр эле.
Орто жолдо опурулган балбандын эпкини тийип, четке дүрбөп качкандарды же жыгылгандарды да көргөнүм бар.
“Эми, ортого жөн эле чыгып, анан каршылашын жеңе бербейби?” деген ойлор да айтылышы ажеп эмес.
Бул, көрсө, балбанды күрөшкө даярдоонун элдик театрга таандык оюн-зооктук көрүнүшүнөн болгон тура!
Дагы караңыз Олимпиада-2024: Париждеги күйөрмандар
Аламан байке маалында болсо саяпкердин, күлүк аттын, чабендестин жана алардын урууларынын аттарын атап, кыйкырышып, арасында “Манастын арбагы колдосун!” деп ураан салышып, сүрөөнгө алышаар эле.
Төкмө акын, жамакчы акын жана башка өнөрлүүлөр да бул оюндарды коштоп тураар эле...
Ушул элдик оюндардын жамааттык күйөрмандык маанайын Олимп оюндары, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары, футбол таймаштары жана ар кыл спорт оюндары аркылуу кайра калыбына келтирип алганыбызга миң мертебе ыраазымын.
Дагы караңыз "Диетолог, психолог жок". Балбандардын жеңиши, адистерден чыккан талкуу
Олимпиада гүлазыгы жана инфратүзүмү
Париж Олимпиадасы маалында элдик оюндардын инфратүзүмүн уюштуруу деңгээли жана салты тууралуу да ар кыл талаш-тартыш сөздөр айтылды.
Кээлери “спортчуларыбыз ачка калышыптыр” деп наалышса, башкалары “Силер эски видеону көрүп алыпсыңар; тамак-аш камсыздоо жагы ойдогудай эле болду”, – деп актанып жатышты.
Журналист Бакыт Төрөгелди “Фейсбукта” жарыялаган маалымат да ушул талкуунун натыйжасында жаралды го деп ойлойм.
“Олимпиадага деп жарым жыл эрте салмагын тууралап, түнү менен уктабай салмак (“вес”) кууп, бууда (“пар”) тердеп отурган балбан ашыкча тамак жебейт. 50 гр салмагы ашып кетсе, индиялык спортчу кыздай кылып мелдештен четтетип салат. Ушундан улам жеӊил эле тамак, жер-жемиш жегенге аракет кылышат.
Ал эми салмагы аз, таразага тууралап коём деп өзүнө ишенгендер, мейли, каалаган тамагын жесин. Бирок андай спортчулар аз.
Мисалы, Жоламандын өзүнүн салмагы 67-68 кг. Ал 60 кг салмакта күрөшөт. 7-8 кг көбүбүз бир жылда да түшүрө албайбыз. Анан жоокепчиликтүү мелдеште Жоламан казы-карта эмес бир тоголок күрүч жей албайт салмагы ашып кетет. 60 кг 100 гр ашып кетсе жылдап кылган мээнети текке кетет.”, – деп Бакыт Төрөгелди инибиз жазды.
Айтмакчы, Каныбек Осмоналиев агабыз 1980-жылы Олимпиаданын алтынын уткан маалда, башка атаандаштарынан өзүнүн салмагы саал азыраак болгондугу үчүн озуп чыккан учур да тарыхта калды...
Көңүлүмө жаш түрколог жана битик таануучу (руна сымал жазма маданиятыбызды түп нускасында иликтөөчү) илимпоз Нурдин Усеевдин 9-августтагы “Фейсбуктагы” жарыясы өзгөчө ынады.
“...Эми ушул күндөрү Олимпиаданы тамагы сөз болуп жатат. Көкөтөйдүн ашында 40 чоронун 20 сына киши жетпей калып, киши талашкан жери бар эле. Олимпиаданын эң негизги биринчи талабы тамак-аш менен камсыз кылуу. Биздин эпосто тамак жетпей калмак турсун, 20 чоро мага киши жетпей калды деп таарынып, Манасты чаап алмак болушат. Эми эпос "жарымы төгүн, жарымы чын". Бирок жазылып калган фольклордук текст катары биринчи Олимпиада өзгөчөлүгүнө ээ...” – деп Нурдин иним эскерет.
Анын жарыясындагы “(чоролордун) киши талашкан жери” дегенин “биз дагы Көкөтөйдүн ашына келген конокторду сыйлагыбыз келет” деп өздөрүнүн меймандос катары тейлөөсү үчүн конокторду чегерип берүүнү жалпы уюштуруу тобунун башчыларынан талап кылгандык катары аңдообуз керек.
Ар бир чоро – өз уруусунун беги, ханы болгон, аларга конок күтүү тапшырмасы берилген. Алар бул жамааттык тапшырманы жан-дили менне жогорку деңгээлде аткарып, сый-урматка жана даңазага ээ болгусу келген.
Мунун бардыгы элдик оюндардын жана аш-тойлордун инфратүзүмүнүн бир орчун бөлүгү, кылымдар карыткан заттык эмес маданиятыбыздын бир ажырагыс өңүрү болгон.
Албетте, бир кесим чучук, курут эзилген шорпо сыяктуу гүлазыктар азыр дагы спортчулардын баалуу тамагы болсо керек.
Бирок бир катар чет мамлекеттерге чучук өткөрүүгө тыюу салынган. Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети үчүн азык көйгөйү жана атайын ашпоз жана диетолог адисти ала жүрүү жаатындагы күйөрмандардын талкуулары болочокку мелдештерде эске алынчу жагдай экендиги анык.
Ылайым күйөрман боло берели!
Күйөрмандарыбыз спортчуларыбызды “алтын медалга жеткиле!” деп үндөп тургандыгында, менимче, эч өөн жок. Ошон үчүн алар – күйөрмандар. Ким эле "жеңилип кел" деп өз оюнчусуна айтсын!..
Өз акча каражатын сарптап, Парижге чейин жеткен күйөрмандарыбызга да өзгөчө алкыш айткыбыз келет. Алар бул каражатты миңдеген башка мерчемдерге деле жумшап коюшмак.
Бирок алар кайдыгер болбостон, алдын ала улуттук желек алып камданып, спорт чеберлерибизди Париждеги стадиондордон да, алардын чет жакаларынан да сүрөөнгө алып жаткандыгынын өзү улутубуздун уучу куру эмес экендигин тастыктайт.
Бул жаатта Франциядагы кыргыз диаспора жамааты да өз ынтымагын көрсөтө алды. Ал жөнүндө Париждеги элчибиз Садык Шер-Нияз калыс белгиледи.
Садык Шер-Нияз инибиз 7-августтагы "Фейсбуктагы" жарыясында кыска-нуска сөздөрү аркылуу өз сезимин билдирди.
"Асмандагы жылдыздар,
Мээрим менен Жоламан,
Мекен деп келген КЫРГЫЗДАР!" – деп Сакебиз жазды.
Айтмакчы, Франциядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн арасында менин Советбек, Азат сыяктуу инилерим да жүрдү. Алар тууралуу жазганымды интернеттеги коомдук тармактардан чала-чарпыт окуп алып, мени да "Парижде жүрөт окшойт" деп түкшүмөлдөп жарыялап алган айрым замандаштарым да болду.
Алардын батасы тийип, кийинки Олимп оюндарына күйөрман катары катышып калгым бардыр...
Париждеги Олимпиада маалында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарованы куттуктап тосуп алган керемет учурдан бир көз ирмем. Азаттык үналгысы. 06.8.2024.
Париж Олимпиадасы эл аралык данакерлердин дагы жүзүн ого бетер ажарлантты.
Франциянын ордо шаарындагы Олимп оюндарында жарым финалга чыккан кыргыз мушкер Мунарбек Сейитбек уулун кураманын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен биргеликте өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов секундант катары коштоп чыккандыгы, борбордук азиялык күйөрмандар бул чөлкөмдөн чыккан медал ээлерин тегине, динине жана өлкөсүнө карабастан сүрөөнгө алып жаткандыгы сыяктуу окуялар эл аралык спорт – эл аралык ынтымактын да уюткусу экендигин дагы бир жолу тастыктады.
Тасма. Теги саха Айаал Лазарев Кыргызстандын балбаны катары Париж Олимпиадасына катышууда.
Париждеги бул эл аралык мелдешке теги орус, суучул Денис Петрашов мырза, суучул айым Елизавета Печерских жана теги саха, эркин күрөшчү Айаал Лазарев мырза сыяктуу жердештерибиз да Кыргызстандын туусун желбиретип катышып жатышты. Алардын бардыгын тең күйөрмандарыбыз кызуу колдоого алышты.
Албетте, быйылкы Олимпиадада күйөрмандардын аракеттери бүт сыйда болду деп айтууга да болбойт. Алжирдик мушкер кыз Иман Хелиф (Имане Хелиф; Imane Khelif) Олимп оюндарынын 14-күнүндө алтын медал тагынды.
1-августта Иман Хелиф айым тууралуу “ал жынысын өзгөрткөн” деген мазмундагы жаманатты сөздөр көп айтылып, аны мелдештен четтетүүнү талап кылгандар болгон. Ал ушак-айыңга айрым кыргызстандык блогчулар дагы үн кошуп, бөөдө жерден жаманатты кылып кошулгандыгына кейидим.
Дагы караңыз Аял мушкерди "эркек" деп каралоо. Жалган маалыматты жайылткан орус пропагандасы
Эл аралык Олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Марк Адамс алжирдик спортчу айымды “кыз болуп төрөлгөн, жынысы ошондой катталган, өмүр бою аял катары жашаган, кыз-келиндер арасында бокс менен машыккан, паспортунда “аял” деп жазылган. Ал трансгендер эмес”, – деп билдиргени, спортчунун атасы Амир Хелиф болсо өз кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн интернетте шардана кылууга аргасыз болгондугу маалым.
Орусиянын бийликчил медиасы “быйылкы Олимпиадада жынысын алмаштырган спортчулар катышууда” деген так эмес маалыматты жар салып жибергени Батыштагы кээ бир таасирдүү кишилердин Иман Хелиф жөнүндөгү айың кептерге аралашуусуна кошул-ташыл болду.
Эми бул жагымсыз окуялар дагы артта калды. Мушкер Иман Хелифтин олимпиадалык чемпион болууга жетишкендиги да бул эрктүү спортчу кыздын миллиондогон күйөрмандарынын коштоосунда жүзөгө ашырылды.
Жогоруда биз эскере кеткен Каныбек Осмоналиев агайыбыз 2000-жылы өз небере кызына Олимпиада деген ат койгон.
Бул дагы бекеринен эмес. Бул ат коюу жөрөлгөсүндө, бир чети, XXI кылымда кыргыз спортчулары Олимп оюндарында жогорку серелерди багынта беришсин, деген тилек камтылса, экинчи чети, эл аралык Олимпиала оюндарынын тынчтыкка жана ынтымакка чакырган изги мүдөөсүнө урмат-сый ширелтилген, деп санайбыз.
Кыргызда Каныбек деген ысымдар арбын коюлууда. Эми күйөрмандарыбыз болочокку урпактарына Айсулуу, Айпери, Акжол, Жоламан, Мунарбек, Мээрим, Үзүр сыяктуу ысымдарды коюшса, бул ырымдын маңызы эмнеде экендигин 2024-жылкы Париж Олимпиадасынын окуяларына кылдат назар салган замандаштарыбыз дурус аңдашат ко дейм.
Айтор, улам жаңы середен кийик аттыра бергиле, спорттогу жандоочулар!
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.