Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:36

Олимпиада финалы: Мунарбек Сейитбек уулу жараткан тарых


Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограмм салмакта бокстон финалга чыкты. 28 жаштагы мушкер кыргыз спортунун тарыхындагы жаңы баракты ачты. Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы ийгилиги.

Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп алды.

"Беттеш кыйын болду, бирок Алла таалам жеңил кылып берди. Мекендештер дуба кылып жатат, баарына чоң рахмат! Кудай буюрса, дагы көптөгөн ийгиликтерге жетебиз", – деди беттештен кийин Мунарбек Сейитбек уулу.

Париждеги реванш

Финалда Мунарбек өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешет. 24 жаштагы өзбек мушкери өткөн жылы дүйнө чемпиону болгон.

2023-жылы 12-майда Ташкент шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Мунарбек өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешкен. Таймашты 1-раунддан кийин дарыгерлер токтотуп, жеңиш өзбекстандык мушкерге ыйгарылган. Эми Мунарбек Париж Олимпиадасында реванш алууга үмүткөр.

Финалдык беттеш 11-августта өтөт.

Кыргызстандын бокс боюнча 2013-жылдагы чемпиону, бокс боюнча Орусиянын жаштар арасындагы чемпиону, профессионалдык бокс боюнча АКШда бир топ беттештерди өткөргөн кыргызстандык Басызбек Баратов Мунарбектин ийгилиги тууралуу:

“Бул көп мээнетти талап кылган жеңиш болду. Бул күндү биз көп күткөнбүз. Албетте, тарыхый жеңиш. Себеби кыргыз боксунда агайлар Олимпиадага шакирттерибиз катышса деп машыктырат эле. Бүгүн жөн эле катышпастан финалга чыгып берди. Олимпиаданын финалы деген бокс дүйнөсүндөгү “бийик чоку”. Ышкыбоз боксчулар арасында мындан башка күчтүү мелдеш жок. Буга чейин кыргыз боксунда Асылбек Таласбаев, Алмазбек Раимкулов деген мушкерлерибиз Олимпиаданын чейрек финалынан кайтышкан (таймаштарын жыйынтыкташкан). Ошондон кийин чейрек финалга эч ким чыккан эмес. Жада калса катышуучулар акыркы жылдары азайып бараткан. 2000-жылы Атлантада Алмазбек Раимкулов жана башка бир катар мушкерлерибиз болуп жалпы беш катышуучу болгон. 2008-жылы Асылбек Таласбаев, 2016-жылы Адылбек уулу Эркин катышты. Токио Олимпиадасына бизден эч ким барган жок. Эми Парижге бир боксчубуз барып, финалга чыгып отурат", - деди.

Атанын кубанычы

Мунарбектин атасы Сейитбек Токтосунов уулунун жеңишине жетине албай, кубанычын бөлүштү.

“Туугандарыбыз менен уулумдун беттешин үйдөн көрдүк. Өтө сүйүнүп турабыз. Мунарбек сегиз жашынан баштап машыга баштаган. 20 жылдан бери бокс менен машыгып келет. Баламдын кичинесинде эле таланты бар эле. Уулум тарых жаратты, мунун баары Кудайдын бергени! Эми финалда кыргыздын желегин көтөрүп, гимнин жаңыртсын деп ишенип турам", - деди атасы.

Мунарбек Сейитбек уулу былтыр бокс боюнча Дүйнө чемпионатынын коло медалын утуп, быйыл Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болгон.

Олимпиадага жолдомону акыркы Таиландда өткөн лицензиялык мелдеште алды. Журналисттер сүрөттөп жазгандай жолдомону "тиши менен эле сууруп алып", үч күндө алты беттеш өткөрүп, беш беттеште жеңишке жеткен.

"Бул чоң тарых..."

Мунарбек Кыргызстандын атынан быйылкы Олимпиадага жолдомо алган жалгыз мушкер эле. Буга чейин Токиодогу Олимп оюндарына бокстон эч ким жолдомо ута алган эмес. Акыркы жолу кыргыз мушкерлери 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиадага катышкан. Андан кийинки Олимп оюндарына Кыргызстан спорттун бул түрүнөн эч кимди жөнөтө алган жок.

Профессионалдык бокс боюнча (WBA версиясы) дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде Мунарбек кыргыз боксунун жаңы тарыхын жазганын белгилеп, буларга токтолгон:

"Буга чейин бокс боюнча Олимп оюндарында жарым финалга жетип, байге алган эч ким болгон эмес. Биз бүгүн жөн гана медал тууралуу сөз кылып жатабыз. Кыргыз боксунан Кыргызстандын тарыхында Дүйнө чемпионатына катышып, байге алып, жеңишке жеткендер бар эле. Бирок Олимп оюндарында жарым финалга чыккан жалгыз гана Мунарбек болду. Ошол себептен бул чоң тарых. Бул – Кыргызстандын Бокс федерациясы үчүн эле эмес, жалпы кыргыз эли үчүн чоң, эбегейсиз зор окуя", – деген О.Назаров мырза.

Үч күндө алты беттеш: Оорчулук менен келген жолдомо

Мушкердин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Олимпиадага жолдомо утуу оор болгонун айтып берди:

“Таиландда өтө кыйынчылык менен жолдомо алды. Ал жакта билесиңер, күн аябай ысык. Беттешке үч күн катары менен чыкты. Кечинде беттешке чыгат, беттештен кийин салмагы 57 килограмм 400 грамм чыгат. Эртеси кайра эле беттеш. Салмагы 57 килограмм эле болушу керек да. Беттештен кийин бир саат эле эс алып, кайра машыгууну баштайбыз. 40 градус ысыкта тердете турган кийимдерди кийип машыгат. Тердеп, машыгып бүткөндөн кийин таразага түшсө салмагы кайра эле 57 килограмм 100 грамм. Дагы машыгабыз, жолдомо ушинтип өтө оорчулук менен келген”.

Мунарбек чейрек финалда бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңди.
Мунарбек чейрек финалда бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңди.

Париж Олимпиадасында Мунарбек алгач кубалык Сайдел Иван Орта Родригес Дел Рейди 3:2 эсебинде утса, чейрек финалда бокс боюнча дүйнөнүн, АКШнын чемпиону Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңди. Анын бул жеңиши күйөрмандары үчүн да күтүүсүз болду.

Мунарбек Сейитбек уулу машыктыруучусу Беганас Султанбаев менен. (Султанбаевдин жеке архиви).
Мунарбек Сейитбек уулу машыктыруучусу Беганас Султанбаев менен. (Султанбаевдин жеке архиви).

“Эсимде, Мунарбек алгач 2004-жылдын сентябрь айында машыгуу залына келген. Салмагы 22 килограмм, кичинекей бала эле. 2007-жылы Ошто өтө чоң эл аралык мелдеште уткан. Андан кийин өспүрүмдөр арасында республикалык мелдеште уткан. Ошондо мен бул баладан Олимпиаданын чемпиону чыгарына көзүм жеткен. Ошондон бери 20 жыл өттү. Көп кыйынчылык көрдүк. "Мунарбектин жашы өттү, жыйынтык бербейт" дегендер да болду. Бирок мен ага ишенгем. Мына эми минтип тарых жаралып, кыргыз боксунда Олимпиададан медал болду”, – дейт мушкердин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев.

Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта, үй-бүлөдө төрт бир тууган.

Бокс боюнча 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси.

Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.).

Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.).

Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Жайкы Олимп оюндарына алгачкы жолу катышууда.

9-августка карата Кыргызстан Париждеги Олимпиада оюндарында бир күмүш, үч коло медал утту. Алдыда дагы кыргыз спортчулары мелдешке чыгат.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG