Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:25

Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова коло медал үчүн күрөшөт


Айсулуу Тыныбекова менен Ирина Коляденко, 9-апрель, 2024-жыл
Айсулуу Тыныбекова менен Ирина Коляденко, 9-апрель, 2024-жыл

Париж Олимпиадасында күрөш боюнча мелдештер уланып жатат. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло медал үчүн күрөшөт. Эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн күрөштө утулуп калды. 

Бул тапта Парижде кыргыз спортчуларына түзүлгөн шарт, камкордук боюнча маселе президентке чейин жетип Садыр Жапаров да комментарий берди.

Айсулуу Тыныбекова

9-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденкого 2:9 эсебинде жеңилди.

Коляденко 26 жашта. 2021-жылы Токио Олимпиадасында коло байге алган. Европанын эки жолку чемпиону. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси.

Эки балбан буга чейин 2021-жылы дагы Токио Олимпиадасынын жарым финалында беттешип, ал таймашта Айсулуу 10:0 эсебинде уткан. Андан тышкары Айсулуу украиналык атлетти 2023- Ibrahim Moustafa аталышындагы эл аралык рейтингдик мелдеште жарым финалда 2:0, 2023-жылы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалында 2:2 эсебинде жеңген.

Айсулуу чейрек финалда америкалык атлет Кайла Колиин Миракл менен күрөшүп, беттеш 6:6 менен жыйынтыкталды. Айсулуу упай үстөмдүгү менен жеңишке жетти. 1/8 финалда нигериялык Эстер Колаволени 5:1 эсебинде уткан.

Кыргыз спортчуларынын ичинен Айсулуу алтын медалга талапкерлердин сап башында болчу.

Ал - Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдеште байгелүү орундарды жеңген. Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан.

Париж оюндары - Айсулуунун спорттук карьерасындагы төртүнчү Олимпиада. Ал 2012-жылы өткөн Лондон Олимпиадасында 13-орунду ээлеген. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн оюндарда 5-орунду алган. 2021-жылы Токиодо күмүш медал тагынган.

Айсулуу Тыныбекова: “Өзүмдүн жана өлкөмдүн жаңы тарыхын жаздым”
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Бекзат Алмаз уулу

Эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта балбан Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн беттеште өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевге жеңилди (1:5). Алмаз уулу ушуну менен Париж Олимпиадасындагы таймаштарын жыйынтыктап, 5-орунду ээледи.

Гуломджон Абдуллаев 26 жашта. Ал Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Үч жыл мурун Токио Олимпиадасында 7-орунду ээлеген. Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү. Жаштар арасында Азия чемпиону жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Бекзат бул Парижде төрт беттеш өткөрдү. 1/8 финалда казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, бирок чейрек финалда АКШ балбаны Спенсер Ричард Лиге жеңилген. Ли финалга чыкканына байланыштуу Бекзат коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Цзоу Ванхаонун далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Бекзат Алмаз уулу беттеш учурунда.
Бекзат Алмаз уулу беттеш учурунда.

24 жаштагы Бекзат Олимпиадага алгач ирет катышып жатат. Ал Бишкекте өткөн Азия чөлкөмүнөн Олимпиадага тандоо мелдешинде жеңүүчү болуп, Парижге жолдомо алды (2024-ж., апрель).

23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын алтын (2023-ж.) жана күмүш байгелеринин ээси (2022-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында (U23) эки жолу коло байге уткан (2022-2023-ж.).

Айаал Лазарев

Парижде эркин күрөштөн 125 кг чейинки салмакта Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

9-августа килемге чыккан балбан алгачкы беттешинде ирандык Амир Хоссейин Зареге 5:0 эсебинде жеңилди. Хоссейин Заре финалга чыгып, Лазаревге көңүл жубатуучу беттешке чыгууга жол ачылды.

Көңүл жубатуучу таймашта Лазарев канадалык Амарвир Деси менен күрөшөт. Беттеш 10-августта саат 15:00дө башталат. Ал бул таймаштан утса, коло байге үчүн күрөшөт.

Теги якутиялык Айаал Лазарев 38 жашта. 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет.

Азия оюндарынын коло байгесинин ээси (2023-ж.). Азиянын чемпиону (2015-ж.), эки күмүш (2021, 2024), үч коло медалдын ээси (2010-ж., 2013-ж, 2016-ж.). Олимп оюндарына ушуну менен үчүнчү жолу катышууда. 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада 15-орунду, 2021-жылы Токио оюндарында 16-орунду алган. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда коло медал уткан.

Айаал Лазарев: "Жакшы ийгилик жаратып, спорттон кетем"
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:40 0:00

Балбандарга түзүлгөн шарт талкууда

Балбандардын күрөшү менен кошо Парижде спортчуларга түзүлгөн шарт да кызуу талкууланып жатат. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Парижде кыргыз спортчуларына түзүлгөн шарт боюнча айтылган сынга жооп берди.

“Албетте, уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитеттен кеткен кемчиликтер бар. Мисалы, диетолог менен психолог жагын да карап коюшса болмок. Ал эми тамак-аш жагынан уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиадага кетээр алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз. Парижде тамак-ашы кенен эле экен. Бирок тамак-аштын түрлөрү бирине жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Бири балык жегиси келсе, башкасы эт жегиси келет дегендей. Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу”.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Кылыч Сарбагышев Парижде спортчулар бардык тамак-аш менен жетиштүү камсыз болгонун билдирди. Сарбагышев кошумча азык-түлүк дагы алынганын айтты.

“Чынында биринчи күндөрү Олимпиада айылчасындагы ашканада кезек болуп жатты. Уюштуруу комитети атлеттердин кайрылууларын эске алып, тамак-аштын көлөмүн жана сапатын жакшыртты. Машыктыруучулардын айтымында, азыркы учурда салат, жер-жемиш, мөмө-жемиш жана экинчи тамактар жетиштүү. Андан сырткары Улуттук олимпиада комитети спортчуларга кошумча улуттук тамактарды – шорпо, жаңы бышкан эт жана тооктун этин уюштурдук”.

Олимпиадада коло медал уткан балбан Үзүр Жузупбеков журналисттер менен сүйлөшкөндө мелдешке коштоп барган диетолог жана психолог жок экенин дагы айтып, "туура эмес тамактанып алышым мүмкүн" деген болчу. Акыркы талкуулар тууралуу Москвада өткөн 22-жайкы Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча чемпион болгон Каныбек Осмоналиев мындай деди.

“Бизде спорттун ар бир түрүнө эле дарыгер, массажисттер жетпейт. Бул маселе бар. Ушул көйгөй чечилбей жатса кайдагы диетолог? Бирок балбандар машыгууларга барганда ушул милдеттерди машыктыруучулар да аткарып турганы жакшы. Чоӊ-чоӊ мелдештерге, Олимпиадага барган спортчуларыбызга жакшы тамак-ашты өздөрү менен кошо алып кетүүгө көндүрүшүбүз керек. Бул айрыкча салмак түшүргөн балбандарыбызга тиешелүү. Алар бажыдан өтө турган тамак-ашты ала кеткени жакшы болот. Алдыда Дүйнө чемпионаты, Азия чемпионаты, Азия оюндары сыяктуу ири мелдештер бар. Ошондо эске ала турчу нерселер. Бул маселе кечээ же бүгүн эле чыккан жок. Кыргызстанда медицина начар. Балбандарды кайра калыбына келтирүү иши аксап турат. Ушул көйгөйлөрдүн баары топтолуп калган”.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Ушул тапта бир күмүш, үч коло медалы менен Кыргызстан 80 өлкөнүн ичинен 67-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG