Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:20

Аял мушкерди "эркек" деп каралоо. Жалган маалыматты жайылткан орус пропагандасы


Алжирлик мушкер Иман Хелиф таиланддык атаандашы менен жарым финалда. 6-август, 2024-жыл
Алжирлик мушкер Иман Хелиф таиланддык атаандашы менен жарым финалда. 6-август, 2024-жыл

Жума күнү кечинде Париждеги даңазалуу Роллан-Гаррос стадионунда бокс боюнча мелдеште 66 килограммга чейинки кыз-келиндер арасында финалдык беттеш өтөт. Олимпиаданын алтыны үчүн алжирлик Иман Хелиф менен кытайлык Янг Лю таймашмакчы.

Бул жолку Олимпиадада Хелифке рингдеги атаандаштарына гана эмес, маалымат каражаттарындагы, социалдык тармактардагы талаш-тартышка, кескин сынга, каралоого туруштук берүүгө туура келди. Ал тургай айрым гезиттер 25 жаштагы спортчу саясий оюндун чордонунда калганын жазышты.

Иман Хелифтин айланасындагы талаш эмнеден башталды?

Иман Хелифтин айланасындагы ызы-чуу 1-августта италиялык атаандашы Анжела Карини менен беттешүүдөн кийин тутанган. Италиялык мушкер 46 секунддан кийин эле атаандашын "катуу урат экен" деп, анын соккуларына чыдабай, рингди таштап, жеңүүчүгө кол бербей койгон.

Ошондон кийин Хелифтин дарегине “жынысын өзгөрткөн, ал эркек болчу, биологиялык өзгөчөлүктөрдөн, эркектерге мүнөздүү тестостерон көп болгондуктан аялдардын мелдешинен четтетилиши керек” деген сөздөр байма-бай айтыла баштады.

Эл аралык Олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Марк Адамс спортчу “кыз болуп төрөлгөн, жынысы ошондой катталган, өмүр бою аял катары жашаган, кыз-келиндер арасында бокс менен машыгып келди, паспортунда “аял” деп жазылган. Ал трансгендер эмес” деп билдирген.

Көп узабай Карини бул сөзү үчүн кечирим сурап, Олимпиадага арткан үмүтү акталбай калганына ичи ачышканын айтты. Ошентсе да, алжирлик мушкердин айланасындагы талаш тынчымак турсун, ого бетер күчөп, аны кемсинткен кеп-сөздөр азыркыга чейин айтылып жатат.

Атактуулардын каралоосу, Хелифтин жообу

АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамп, миллиардер Илон Маск, англиялык жазуучу Жоан Роулинг жана башка таанымал адамдар Хелифти трансгендер болуп туруп Олимпиадага катышкан деп сындап, нааразылыкты ого бетер күчөтүштү.

Хелиф менен кийинки айлампада беттешкен венгриялык мушкер Анна Лука Хамори да аны "дөө" кылып сүрөттөгөн пост жарыялаган. Ошол эле маалда бир катар атлеттер, анын ичинен буга чейин Хелиф менен рингде атаандашкан мушкерлер аны колдошту.

Алжирдин Олимпиада комитети спортчуну коргоп, “мындай чабуул Хелифтин ар-намысына көлөкө түшүрөрүн” билдирди. Интернетте анын бала чагындагы сүрөттөрү жарыяланып, ата-энеси Хелиф кыз болуп төрөлүп-өскөнүн, жынысын алмаштырбаганын айтып келишти.

Иман Хелифтин атасы Амар кызынын кичине кезиндеги сүрөтүн көрсөтүп жатат. 2-август, 2024-жыл. Сүрөт: REUTERS
Иман Хелифтин атасы Амар кызынын кичине кезиндеги сүрөтүн көрсөтүп жатат. 2-август, 2024-жыл. Сүрөт: REUTERS

Иман Хелифтин атасы Амар кызынын кичине кезиндеги сүрөтүн көрсөтүп жатат. 2-август, 2024-жыл. Сүрөт: REUTERS
Иман Хелифтин атасы Амар кызынын кичине кезиндеги сүрөтүн көрсөтүп жатат. 2-август, 2024-жыл. Сүрөт: REUTERS

Бир нече күндөн кийин Хелиф өзү үн катып, анын жынысына байланышкан талаштан келип чыккан жек көрүүчүлүк толкунуна туш болгонун айтып, спортчуларга акаарат келтирүүнү токтотууга чакырды.

“Дүйнө элин Олимпиаданын принциптерин, хартиясын урматтоого, атлеттерди кордобоого чакырам. Себеби мындай жосундар олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Адамдын ойлорун, рухун жана ар-намысын талкалашы мүмкүн. Адамдарды бөлүп-жарат. Спортчунун артынан түшүп алып жаман көргөзүүдөн алыс болууга үндөйм”, - деп айтты мушкер Associated Press агенттигине.

“Пропаганданын куралына айланды”

Хелифтин жынысына байланыштуу имиштер Кыргызстандын да маалымат талаасын кыйгап өткөн жок. Интернеттин кыргыз сегментинде деле аны айыптаган билдирүү, посттор жазылды. Терс пикир айтып, Олимпиада уюштуруучуларын мындай көрүнүш үчүн кескин айыптагандардын арасында айрым мамлекеттик кызматкерлер да болду.

“Дүйнөгө таанымал көп адамдар жазып аткандан кийин чын эле ошондой окшойт деп, сөзгө кошулуп кеттим. Биринчи көргөндөн кийин соцтармакка адилетсиздик болуп калды деп жаздым. Аны чын эле эркек экен деп ойлогом да. Кийин жазганымды өчүрүп койдум”, - дейт интернеттин активдүү колдонуучусу Бермет Турсунакун.

Мушкер Хелифтин айланасындагы ызы-чууну ансыз да быйылкы Олимпиададан четтетилип калган Орусия Париж оюндарын каралаган пропагандасы үчүн колдонуп кетти.

Орусиянын бийликчил медиасы “быйылкы Олимпиадада жынысын алмаштырган спортчулар катышууда” деген так эмес маалыматты жар салып жибергени таасирдүү адамдардын сөзүнө кошул-ташыл болду.

Спорт баяндамачы Кубан Атабеков Орусиянын бул аракетин мындайча чечмелейт:

Кубан Атабеков.
Кубан Атабеков.

“СССР убагында эле спорт пропаганданын маанилүү куралдарынын бири болуп келген. Советтер Союзу Батышка атаандашып, эрегишип келген. Спорт жөн гана ийгиликтер эмес, экономикалык жетишкендиктердин да көрсөткүчү болгон. Ошол эле СССРдин мураскери болгон Орусия деле баштагы бул нерселерден алыс узаган жок. Бул жолкусунда орус спортчулары катыштырылган жок да. Айрым гана спорт түрлөрүнөн бейтарап катышууга уруксат берилди. Анан, албетте, пропаганданын эң бир таасирдүү жолу болгон спорттун минтип аксап калышы өлкөнүн бийлигине жаккан жок. Көптөгөн спортчулары оюндарга барбай калышы, өзү экономикалык жактан обочолонуп, дүйнөдөн, өнүккөн өлкөлөрдөн бөлүнүп калышы мамлекет ичинде бийликтин беделин түшүрөт. Ошону жөндөштүрүү иретинде Кремль Олимпиададагы мүчүлүштүктөрдү башкаларга караганда көбүрөөк айтып, өз пайдасына колдонуп жаткандай. Олимпиада оюндарына чабуул жасап жатканы да ошондон болсо керек”.

Париждеги Олимпиадага бейтарап макам менен орусиялык 15, беларустук 16 атлет катышууда. Эл аралык Олимпиада комитети жарышка Орусия менен Беларустун Украинадагы согушту активдүү колдогон, армияда же күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн спортчулары, башка кызматкерлери катыштырылбайт деп чечкен.

Орусиянын федералдык телеканалдары оюндарды "азыркы жагдайдагы саясий негиздерден улам" көрсөтүүдөн баш тарткан. Соңку ирет бул эл аралык мелдеш 1984-жылы СССР Лос Анжелес Олимпиадасына бойкот жарыялаганынан улам көрсөтүлгөн эмес.

Талаштуу орусиячыл уюмдун эски чечими кайра талкууда

Ал арада Орусия үстөмдүк кылган Бокс боюнча эл аралык ассоциациянын бир жарым жылдай убакыт мурун Делидеги дүйнө чемпионаты учурунда Иман Хелиф менен тайвандык Линь Юйтинди "жынысын алмаштырган, андыктан артыкчылыкка ээ болгон" деп айыптап, дисквалификациялаган окуя кайрадан козголду.

Ал дооматтарды убагында Эл аралык Олимпиада комитети “саясий” деп мүнөздөп, муну Хелифтин орусиялык Азалия Аминеваны жеңип алганы менен байланыштырган. Бокс боюнча эл аралык ассоциация тесттер кайда, качан жүргүзүлгөнүн, жыйынтыгын ким талдаганын жана ал эмнени билдирерин расмий жарыялоодон баш тарткан.

Соңку ызы-чуудан соң ошол кезде эки мушкер чемпионат маалында тапшырган "гендердик тесттерден өтпөй калган" деген маалымат социалдык тармактарга жайылып кетти.

Ассоциация былтыр Олимпиада оюндарына катышуудан түбөлүккө четтетилген. Бирок иш жүзүндө дүйнөлүк боксту жетектеген орган ондогон жылдан бери өз ишин ачык жүргүзбөйт деген сындан улам 2016-жылкы Рио оюндарынан бери мелдештерге катышпайт.

Мындан алты жыл мурун ассоциациянын (ал кезде Профессионалдуу эмес мушкерлердин эл аралык ассоциациясы деп аталчу) төрагалыгына өзбекстандык ишкер, АКШнын каржы министрлиги уюшкан кылмыштуу топтун ана башы деп атаган Гафур Рахимов келген. Андай айыптоолорду четке каккан Рахимов 2019-жылы Эл аралык Олимпиада комитети аны менен байланыштарды үзгөндөн кийин отставкага кеткен.

Уюм аталышын Бокс боюнча эл аралык ассоциация деп өзгөртүп, орусиялык спорт аткаминери, президент Владимир Путиндин таанышы Умар Кремлев жетекчи болгон. Анын тушунда “Газпром” ири демөөрчүгө айланып, ишинин көбүн Орусиядан жүргүзө баштаган.

Умар Кремлев.
Умар Кремлев.

The Associated Press жазганына караганда, Кремлев "Эл аралык Олимпиада комитети Париждеги мелдештерди канчалык тескей алат?" - деп Хелиф менен Линдин айланасындагы жаңжалга май тамызды. Ал бир нече видео чыгарып, Париж оюндарын, Эл аралык Олимпиада комитетин мазактап, анын жетекчисин отставкага кетүүгө чакырган.

Кремлевдун эки мушкердин жынысы тууралуу эч кандай далилсиз жасаган билдирүүсүн дүйнөнүн булуң-бурчундагы эл чындык деп кабыл алды. Баса, Кремлев Латфуллоев деген фамилиясын расмий өзгөрткөн.

Бокс ардагерлери эки мушкерди кемсинткен мындай абалга тынчсыздануусун билдиришүүдө.

“Мамлекеттик маалымат коопсуздугуна коркунуч жаратат”

Жергиликтүү медиа адистер, журналисттер талаштуу темаларды ар тарап өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга умтулган жагдайда ар бир маалыматка маани берип, сергек ой жүгүртүүгө чакырышат.

Медиа талдоочу Миржан Балыбаев асыресе маалыматты негизинен орус тилинде алган кыргыз аудиториясы мындай пропагандага алданып калбашы үчүн медиа сабаттуулук зарыл экенин белгилейт:

Миржан Балыбаев.
Миржан Балыбаев.

“Кыргызстан Орусиянын пропагандасына катуу чалдыгып келет. Анткени өлкөнүн бардык аймагында Орусиянын эки каналы көрсөтүлөт. Ал үчүн Кыргызстандын бюджетинен акча да төлөнөт. Ошонун кесепетин маал-маалы менен көрүп турабыз. Олимпиада буга таасын мисал. Пропаганданын айынан аял эле кишини эркек деп ишенип алгандар чыгып атат. Кээ бири адашып ишенип алса, билип туруп эле Кремлдин пропагандасын колдоп иштеген кыргызстандык кесиптештерибиз да жок эмес. Мында эми медиа сабаттуулукту жогорулатуу жөнүндө сөз болуп жатат. Бул сизге же мага жакпай аткан эле нерсе эмес. Мамлекеттик маалымат коопсуздугуна коркунуч жаралып отурат”.

Ал эми медиа серепчи Асел Сооронбаева такталбаган маалымат коомду бөлүп-жарууга алып келерин эскертет:

Асел Сооронбаева.
Асел Сооронбаева.

“Медиа өнөкөт деп коёт, маалыматты тактабай туруп жайып жиберүү бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөдө кеңири жайылган көрүнүш экенин ушул кейс далилдеп койду. Анын аркасынан такталган маалымат ээрчип жетишпегендей болду. Такталбаган маалыматтын коомду эки бөлүп жиберген касиети бар. Дезинформациянын артынан кастык тили келип чыкты, буллинг, абдан чоң кодулоо болду. Бир тарап алжирлик мушкерге, бир тарап италиялык мушкерге болушуп, айтышып жатты. Такталбаган маалымат коомду бөлүүгө курал болуп берерин көрдүк”.

Эксперттер маалыматты бир канча бейтарап булактан текшерип алууну сунушташат. Ал эми Алжирдеги күйөрмандар 25 жаштагы мушкер Хелиф алтын алат деп үмүттөнүп турган чак.

XS
SM
MD
LG