206 мамлекеттен барган 10 жарым миң атлет, анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрү баалуу медалдар үчүн күч сынашат.
Олимпиада дүйнөдө ири эки согуш уланып, коопсуздук кырдаалы курчуган, Франция өзү саясий кризистин кырында турган учурда өткөнү жатат.
Брейк бийи биринчи жолу Олимпиадага киргизилди
Лондон, Рио жана Токидон кийин төрт жылда бир өтүүчү жайкы оюндарды өткөрүү кезеги Франциянын борбор шаарына келди. 10 миллиондой көрүүчү 18 күн бою 4 жылда бир өтүүчү мелдешке ортоктош болмокчу
Спортчулар сууда сүзүү же футболдон баштап гимнастика, баскетболго чейин күч сынашат. Бардыгы болуп 329 комплект медал ойнотулмакчы. Быйыл спорттун салттуу түрлөрүнөн тышкары программага скейтборд, серфинг, спорттук альпинизм жана брейк бийи киргизилди. Үч спорт буга чейин Токио оюндарында сыноодо өткөн.
Брейк 2018-жылы Буэнос-Айресте өткөн жаштар арасындагы Олимпиадада жакшы кабыл алынып, популярдуу болгон. 2020-жылы Париждин күн тартибине киргизилген.
Мелдештер 39 жерде өткөрүлөт. Футбол, баскетбол, гандбол боюнча матчтар Лион, Нант, Бордо жана башка шаарларга бөлүштүрүлгөн.
Биринчи жолу тарыхта жарыштардын бири оюндар борборунан алыс жерде уюштурулганы жатат. Серфингдин ышкыбоздоруна Парижден дээрлик 16 миң километр алыс жайгашкан Француз Полинезиясындагы Таити аралына барууга туура келмекчи.
Дүйнөдөгү оңой эмес саясий абал, өзгөчө Украина жана Газадагы согуштар оюндардын майрамдык маанайына көлөкө түшүргөнү менен уюштуруучулар чет жактардан 15 миллион күйөрман келет деп үмүттөнүшөт. Билеттердин басымдуу бөлүгү эбак эле сатылган.
Гендердик теңдик
Бул жолу алгачкы ирет Олимпиадада медалдар үчүн ат салышкан аялдар менен эркектердин саны бирдей болот. Башкача айтканда 5 миң 250 эркек жана ушунча эле аял жарышмакчы.
Баса, Париж 1900-жылы кабыл алган оюндарга тарыхта биринчи жолу аял атлеттер катышкан. Атап айтканда, 22 кыз-келин теннис, гольф, крокет, ат спорту жана кайыкта сүзүүдө күч сынаган. Эркек спортчулардын саны ошондо 975 болчу.
2012-жылкы Лондон Олимпиадасында аялдар алгачкы жолу бокс мээлейин кийип, рингге чыккан.
1996-жылы Атлантада ат салышкан аялдардын саны 34% болсо, 2020-жылы Токиодо 48% жеткен.
Коопсуздукту камсыздоого миңдеген тартип коргоочу тартылат
Франциянын бийлиги атайын кызматтарга таянып, теракт коркунучу жаралбаганын айтып келатканы менен коопсуздукту камсыздоого күнүнө 45 миң жандарм менен полиция кызматкерлери тартылып турат. Аларга 18 миң аскер жана менчик коопсуздук агенттиктеринин 20 миң өкүлү жардам берет.
Андан тышкары француз тартип коргоочуларына чет өлкөлүк 2 миңдей полиция кызматкери көмөктөшөт. Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” кол салуудан кийин Францияда террордук коркунучтун эң жогорку деңгээли жарыяланган.
Адистер Олимпиаданын ачылыш аземи эле коопсуздук күчтөрү үчүн чоң маселе жаратарын, эмне дегенде 160 кеме Сена дарыясы менен 6 километр сүзүп отуруп, спортчуларды шаардын борборуна алып келмекчи. Салтанатты 300 миңден ашуун киши жеринен көрөт деп күтүлүүдө.
Президент Эммануэл Макрон оюндардын ачылышы катуу кайтарыларын, коопсуз өтөрүнө ишендирип келет. Бирок коркунуч пайда болсо, азем стадионго же алдын ала даярдалган дагы башка жерге которулат.
Париждеги жарыштардын коопсуздугун камсыздоодо жасалма интеллект да колдонулмакчы. Кандайдыр бир коркунуч жарала турган болсо, роботтор эскертүү берип турат.
Орусия жана Беларуска согуштун айынан киргизилген чектөө
Эзелтен тынчтыкты жана ынтымакты даңазалаган Олимп оюндары бул жолу дүйнөдө эки чоң согуш жүрүп жаткан маалга туш келүүдө. Былтыр декабрда Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык жана беларус атлеттери жарыштарга бейтарап статуста, улуттук желегисиз жана башка атрибутикасыз катыша аларын чечкен. Андай мүмкүнчүлүк Украинага кол салууну активдүү колдобогон, өз армиялары, коопсуздук структуралары жана коопсуздук кызматтары менен байланышы жок атлеттерге берилмекчи.
Бул эки өлкө өкүлдөрү оюндардын салтанаттуу ачылышына катышпайт, командалык түрлөрдө мелдеше албайт. Медалдарды тапшыруу маалында алардын улуттук гимндери жаңырбайт.
Орусиянын Улуттук Олимпиада комитети бул шарттарды адилетсиз деп атап, ошол эле маалда бойкот жолун тандабай турганын билдирген.
Акыркы маалыматтарга караганда, Эл аралык Олимпиада комитетинин уруксатын орусиялык 27 спортчу алган. Шарттарды кемсинтүүчү деп эсептеп Парижге баруудан ыктыярдуу баш тарткандар да бар. 28-июнда Орусиянын дзюдо боюнча федерациясы жолдомо алган төрт спортчу оюндарга катышпай турганын билдирди.
Украина Орусия менен Беларусту жарыштардан толугу менен четтетүүгө чакырып келет.
Палестинанын таламын талашкан активисттер арасында Газадагы согуш үчүн Израилди да оюндарга катыштырбоого үндөгөндөр да жок эмес.
Бирок Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах мартта андай маселе күн тартибинде турбаганын айткан.
Al Jazeera каналынын жазганына караганда, палестиначыл активисттер онлайн кайрылуу уюштуруп, Париж Олимпиадасын уюштуруу комитетинин имараты алдында нааразылык акциясын өткөрүп келишти.
Экология жана Сена дарыясынын көйгөйү
1990-жылы Париждин ошол кездеги мэри Жак Ширак үч жылдан кийин Сенага түшсө болоруна сөз берген. Убада ошол бойдон аткарылбай келет. Борбор шаарды аралап аккан кооз дарыянын кир болгондугу үчүн ага түшүүгө 1923-жылы эле тыюу салынган.
100 жылдан кийин балким француз бийлигинин кыялы орундалып калат. Олимпиадада сууда сүзүү, триатлон жарыштарын Сенада уюштуруу пландалып жатат.
Шаардын азыркы башчысы Анн Идалго дарыя тазаланганын, мелдешке даяр экенин, оюндардын ачылышына чейин өзү дарыяда сүзөрүн айтып келди. 17-июлда ошол убадасына туруп, Париж Олимпиадасынын уюштуруу комитетинин төрагасы Тони Эстанге менен бирге мэриянын жанында сууга түштү.
2016-жылдан бери француз өкмөтү жана донорлор Сенаны жана ага куюлган Марн суусун тазалоого, желим таштандыларды чогултууга, баржаларды канализациялык түйүнгө туташтырууга, жер астында суу сактагыч курууга 1,4 млрд евро жумшады.
Дарыя күнүнө текшерилип жатат. Июндун ортосунда анда ичеги-карын оорусун козгогон таякчалардын жана энтерекокктордун кооптуу деңгээли аныкталган.
Оюндар учурунда мындай окуя кайталанса, анда жарыштар башка жерге которулмакчы.
Уюштуруу комитети Олимпиада кыштагы экологиялык жактан таза долбоор болорун айтып келишти. Жарыштар аяктагандан кийин жергиликтүү тургундар ал жердин инфраструктурасын пайдалана алат. Француз аткаминерлери 2025-жылга карай Олимпиада кыштагындагы курулуштар 6 миң кишиге жана 6 миң жумушчуга эсептелген турак жайлар менен кеңселерге айландырыларын айтууда. Андан тышкары көмүр кычкыл газынын абага бөлүнүп чыгуусун азайтуу үчүн Уюштуруу комитети Олимпиада кыштагында кондиционерлерди орнотпоону чечкен.
Франциядагы саясий кризис
Олимпиадага эки айга жетпеген убакыт калганда Франция саясий кризиске кептелди. Европарламентке болгон шайлоодо ашынган оңчулдар добуштардын 40 пайыздайын алгандан кийин президент Эммануэл Макрон Улуттук ассамблеяны (парламентти) таркатууну чечип, жаңы шайлоо дайындаган. Солчулдар биригип, ашынган оңчулдардын жеңишин алдын алганы менен өкмөткө кимдер кирери, аны ким жетектери катуу талаштарга жем таштады. 16-июлда Макрон премьер-министр Габриэл Атталдын отставкасын кабыл алды. Бирок жаңы өкмөт башчы атала элек. Француз бийлиги саясий олку-солкулар Олимпиаданы татыктуу өткөрүүгө жолтоо болбосун айтып келатат.
Олимпиадага кеткен чыгым
Франциялык маалымат каражаттары жазганына караганда, оюндарды уюштурууга кеткен чыгым 10 млрд евродон ашышы мүмкүн. Анда өкмөткө кошумча каражат бөлүүгө туура келмекчи. Ошентсе да, уюштуруучулар буга чейинки оюндарга караганда азыраак каражат кетерине ишендиришүүдө.
Алсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу бир жыл кечирээк өткөрүлгөн Токио оюндарына дээрлик 12 млрд евро сарпталганын Жапониянын улуттук аудит агенттиги тактаган. Уюштуруучулар андан эки эсе аз акча кетерин пландашкан. Коррупциялык иштер менен коштолгон Рио Олимпиадасына да 12 миллиардга жакын евро жумшалган. Жарымынан көбү инфраструктураны курууга коротулган. Ал эми 2008-жылы Бээжинде өткөн мелдештерге тышкы аудиттин эсебинде, азыркы курс менен алганда 40 млрд евро кеткен.
Лимож университетинин алдындагы Спорттогу укук жана экономика борборунун изилдөөсүнө ылайык, Париждеги оюндар ал регионго 2034-жылга чейин 11 млрд евро, эң жок дегенде 6,7 млрд киреше алып келиши ыктымал.
Баш калаага келген туристтер 2,6 млрд евро коротушат деп күтүлүүдө. Бирок каражаттын көбү жарыштарды тартуулоо укугун сатуудан, демөөрчүлөрдөн, билеттерден жана узак мөөнөттүү инфраструктура долбоорлоруна салынган инвестициялардан түшмөкчү. Сөз болгон суммага Эл аралык Олимпиада комитети бөлгөн 1,5 млрд евро кирет.