Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

"Диетолог, психолог жок". Балбандардын жеңиши, адистерден чыккан талкуу


Олимпиаданын күмүш медал ээси Демеу Жадраев жана коло алган Акжол Махмудов.
Олимпиаданын күмүш медал ээси Демеу Жадраев жана коло алган Акжол Махмудов.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 8-августка карата күрөш боюнча кыргыз балбандары төрт медал утту.

Жалпы жонунан беш спортчу килемге чыгып, төртөө олжолуу болду, дагы бири коло үчүн күч сынашат.

Акыркы медалдарды грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков алып, экөө теӊ коло тагынды. Ал тапта Олимпиадада атлеттерге түзүлгөн шарт, күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасында диетолог, психолог жоктугу тууралуу маселе көтөрүлдү.

Бекзат экинчи беттешинде жеӊилди

Париж Олимпиадасында эркин күрөштөн таймаштар башталды. 57 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу алгачкы беттешинде казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде утуп, чейрек финалда АКШлык Спенсер Ричард Лиге 2:12 менен жеӊилди. Эгерде америкалык спортчу финалга чыкса, Бекзат көӊүл жубатуучу беттешке мүмкүнчүлүк алат.

Спенсер Ричард Ли 25 жашта. Панамериканын чемпиону. Жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү. Ал Париж Олимпиадасынын жарым финалында өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен беттешет.

24 жаштагы эркин күрөш балбаны Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага алгач ирет катышып жатат. Ал Бишкекте өткөн Азия чөлкөмүнөн Олимпиадага тандоо мелдешинде жеңүүчү болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды (2024-ж.). 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын алтын (2023-ж.) жана күмүш байгелеринин ээси (2022-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында (U23) эки жолу коло байге уткан (2022-2023-ж.).

Бекзат Алмаз уулу Париж Олимпиадасынын 1/8 финалында.
Бекзат Алмаз уулу Париж Олимпиадасынын 1/8 финалында.

Амантур коло медалга жакындады

8-августта грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште сербиялык Мате Немешти 8:0 эсебинде утуп алды. Эми ал коло медал үчүн азери балбаны Хасрат Жафаров менен күч сынашат. Коло медал үчүн жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталат.

Амантур Исмаилов 26 жашта. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2022-ж.), Азия оюндарында үчунчү орунду (2018) ээлеген, Азия чемпионатында коло медалды тагынган (202-ж.1), 23 жашка чейинкилер арасында да Азия чемпионатында коло байге уткан (2019-ж.). Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш медалынын ээси (2021-ж.), Польшада өткөн Ziolkowski Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешининин жеңүүчүсү (2024-ж.).

Акжол менен Үзүр коло утту

Акжол Махмудов Бишкек убактысы боюнча 8-августка караган түнү грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта үчүнчү орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңип, Олимпиаданын коло медалын алды. Бул Акжолдун Олимпиададагы экинчи медалы. Ал 2021-жылы Токиодо күмүш тагынган. Акжол Махмудов бул ирет эмне үчүн финалга чыга албай калганы, Олимпиададагы жыйынтыгы тууралуу комментарий бере элек. Журналисттердин суроосуна учкай гана жооп берип “Олимпиада алтынын утууга аракет кыларын жана аны ала турганын” айткан.

Үчүнчү орун үчүн Акжолго утулган Санан Сулейманов да жеӊил-желпи балбандардан эмес болчу. 77 килограммга чейинки салмакта рейтингде экинчи орунда турат. Эки балбан 2023-жылы Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кез келип анда да Акжол атаандашынан күчтүү болуп чыккан.

77 килограммга чейинки салмакта Олимпиадада Жапониянын балбаны Нао Кусака алтын алып атаандаштык күчтүү болгон бул салмактагы тирештерди дагы да курчутканы калды. 2023-жылга чейин анча деле чоӊ ийгиликтерге жетпеген жапон спортчусу бир жылдын ичинде Азиянын чемпиону болуп анын артынан эле Олимпиаданын да алтынын багындырып койду.

Акжол Махмудов 25 жашта. Ал грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси (2021-ж.). Дүйнөнүн эки жолку (2022-ж, 2023-ж.), Азиянын үч жолку чемпиону (2018-ж, 2022-ж., 2023-ж,). Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген.

Үзүр Жузупбеков коло медал үчүн беттеште грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде жеңди.
Үзүр Жузупбеков коло медал үчүн беттеште грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде жеңди.

8-августта кыргызстандык дагы бир балбан Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде жеңип коло медал алды. Үзүр Азия чөлкөмүндө аты белгилүү спортчу болгону менен Дүйнөлүк чемпионатта, Олимпиадада буга чейин медал уткан эмес. Чын-чынына келгенде Үзүр Жузупбеков Париж Олимпиадасынан медал аларына ишенбегендер арбын болгон.

Олимпиадага лицензияны да экинчи гана аракетинде алган. Бирок ал эмнеге жөндөмдүү экенин жана чеберчилигин көрсөттү. Анын коло үчүн күрөшкөн атаандашы Мохамед Габр болсо Панамерика оюндарынын чемпиону, өз континентинин эӊ мыкты балбаны.

Үзүр Жузупбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип, Париждеги беттештери жөнүндө айтып берди.

“Кийинкиге кандай даярданабыз, аны үйгө барып агайлар менен сүйлөшөбүз. Менин катачылыгым чоң салмактарда каршылашыма тактикалык жактан утулуп калып жатам. Ушуларды оңдосом, кийинки Олимпиадада чемпион болобуз. Кечээ күрөшөрдө өзүмдү жаман сезип жаттым, туура эмес тамактанып алып жакпай калдыбы. Алсырап күрөшүп жаттым. Эртең менен америкалык менен алсырап күрөштүм. Түштөн кийин бир аз жакшы болуп калыптырмын. Диетолог, психолог жок. Балдар, машыктыруучулар өзүбүз болуп калганбыз. Ага дагы каражат керек. Башка мамлекеттердики бар, алардыкы күрөштө эле болбойт. Диета, психологиялык маанай баарыбыз намаз окугандыктан, көбүбүздүкү жакшыраак. Анткени утсак да, утулсак да Кудайга шүгүр. Демек, мындан кийинкисинде болот деп өзүнчө чечим чыгарып коебуз”, - деди ал.

28 жаштагы Үзүр Жузупбеков Азия чемпиону (2019-ж.). Азия чемпионатынын үч жолку коло байгесинин ээси (2016-ж., 2018-ж. 2022-ж.). Азия оюндарында үчүнчү орунду ээлеген (2018-ж.). Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. Олимп оюндарына экинчи жолу катышты. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген.

Диетолог, психолог эмнеге жок?

Үзүр Жузупбековдун диетолог, психолог тууралуу айткандары талкуу жаратты. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов “Азаттыкка” тамак-аш меселеси диетолог, психолог тууралуу Кыргызстанга келгенде комментарий бере турганын айтты.

“Негизи баары эле жакшы. Олимпиада төрт жылда бир жолу өтөт. Анан ар кимдин ар кандай ойлору болот. “Беш кол теӊ эмес” дегендей. Барганда комментарий берем”.

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасында балбандардын дарыгери жана массажистти бар. Спортчулар салмак кууганда оор болуп жатканы, ушундан улам диетолог менен иштеш керектиги жашыруун эмес. Спорт журналисттери федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов диетолог менен психологдордун орду тууралуу мындай деди:

“Олимпиадада эле эмес жалпы спортто диетолог менен психологдордун орду чоӊ. Заманбап спортто алар ар дайым спортчулардын жанында жүрүп кеп-кеӊештерин берип, жеӊиштерге шыктандырып турушат. Диетолог кандай тамак аш күч кубат берет көзөмөлдөп турат. Кыргызстанда атайын спорт психологдору жокко эсе. Бизде диетолог менен психологдордун ордун машыктыруучулар алмаштырып келе жатат. Кыргызда “Билими күчтүү миӊди, билеги күчтүү бирди жыгат” деген сөз бар. Ошондуктан балбандар өзүн өнүктүрүп турганы жакшы. Көп өлкөлөрдө машыктыруучулар балбандардын атаандаштары кандай ыкма колдонот, тактикасы кандай деп изилдеп чыгат. Ошого жараша тактика түзөт. Ушул учурда психологдордун орду маанилүү. Айрым учурларда курама командаларга машыктыруучулардан тышкары атайын адистер барып баарын талдап, кийин аны оӊдогонго аракет кылышат. Бизде кээде жеке машыктыруучулар да бара албай калып атпайбы”, - деди ал.

Эл аралык медиаларда Олимпиадада спортчуларга түзүлгөн шарт тамак-аш боюнча талкуу, сын-пикир болуп жатат. Ушул тапта Парижде Олимпиада оюндарын көрүп жүргөн коомдук ишмер Аскар Салымбеков пикири менен бөлүштү.

“Париж Олимпиадасы бизге диетолог да, психолог да керек экенин көрсөттү. Бул азыркы учурдун талабы. Ал эми миӊдеген мейманды тоскондо кемчилик кетет. Бир-эки конок күткөндө эле канча убара болосуӊ. Олимпиадада анча-мынча кемчиликтер кетет. Аны чоӊойтуп кереги жок. Мындай оюндарды өткөрүүгө канча деген каражат, мээнет кетет”.

Ушул тапта Кыргызстандын капчыгында Париж Олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Коло байгелерди грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков утту.

Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстан мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет. Оюндар 12-августка чейин уланат.

9-августта Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев бул жолку Олимпиададагы жолун баштайт. 10-августта Айпери Медет кызы менен Эрназар Акматалиев килемге чыгат.

XS
SM
MD
LG