Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Олимпиада: Мунарбектин жеңиши, машыктыруучудан чыккан талкуу


Мунарбек Сейитбек уулу АКШ мушкери Жамал Харви менен беттешип жактан учуру.
Мунарбек Сейитбек уулу АКШ мушкери Жамал Харви менен беттешип жактан учуру.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу экинчи беттеште жеңип, Олимп оюндарынын жарым финалына чыккан алгачкы кыргыз мушкери болду.

Мунарбектин жарым финалга чыкканы кыргыз спорт күйөрмандарын бир чети кубантып турса, анын жеке машыктыруучусунун Олимпиадага коштоп барбай калганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Өтө маанилүү атаандашын утту

4-августка караган түнү Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограмм салмакта чейрек финалда АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңди.

21 жаштагы Жамал Харви - бокс боюнча дүйнөнүн, АКШнын чемпиону жана Панамерика оюндарынын чемпиону.

“Жеңишке ээ болдук. Муну менен токтобогонго аракет кылабыз. Мындан ары да ийгиликтер бизге буйруган болсун”, - деди Мунарбек чейрек финалдык беттештен кийин.

Сейитбек уулу буга чейин 1-августта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан.

Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Диас менен беттешет.

Мунарбек Сейитбек уулу былтыр бокс боюнча Дүйнө чемпионатынын коло медалын утуп, быйыл Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болду. Ал жаштар арасындагы Азия чемпионатында (2018-жылы) коло медал уткан.

Бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Европанын чемпиону, профессионалдык бокс боюнча (WBA версиясы) дүйнөнүн жети жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Орзубек Назаров Мунарбек кыргыз боксунун жаңы тарыхын жазганын белгилеп, буларга токтолду.

"Бул чоң окуя, чоң тарых! Мунарбек кечээ Кыргызстандын жаңы тарыхын жазды. Буга чейин бокс боюнча Олимп оюндарында жарым финалга жетип, байге алган эч ким болгон эмес. Биз бүгүн жөн гана медал тууралуу сөз кылып жатабыз. Кыргыз боксунун, Кыргызстандын тарыхында Дүйнө чемпионатына катышып, байге алып, жеңишке жеткендер бар эле. Бирок Олимп оюндарында жарым финалга чыккан жалгыз гана Мунарбек болду. Ошол себептен бул чоң тарых. Бул Кыргызстандын Бокс федерациясы үчүн эле эмес, жалпы кыргыз эли үчүн чоң, эбегейсиз окуя", - деди ал.

Орзубек Назаров Парижде Мунарбек эң оор беттештерди өткөргөнүн да айтып өттү:

"Мунарбек эки күчтүү мушкерди жеңди. Алгач кубалык мушкерди [2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иванды], кечээ дүйнө чемпиону, Панамерикалык оюндардын жеңүүчүсү америкалык Жамал Харвини жеңди. Ал Олимпиаданын алтын байгесин алууга башкы талапкер саналган башкы атаандаштын бири болчу. Эми алдыда теги кубалык, Болгариянын атынан чыккан Хавьер Ибаньес Диис менен беттешет. Менимче, азыр Мунарбек шерденип, кайраттанып турат. Буга чейин кандай ыргакта келсе, ошону сакташ керек. Ал эми биз, жалпы күйөрмандар, ага жарым финалда, финалдык беттештерде ийгилик каалап, жеңишке жетишин тилейли", - деди Орзубек Назаров.

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандан сегиз жылдан кийин Париж Олимпадасына жолдомо уткан, мелдеш эки атаандашын жеңип жарым финалга чыккан кыргызстандык жалгыз мушкер болду. Акыркы жолу кыргыз мушкерлери Олимпиада оюндарына 2016-жылы катышкан эле.

Буга чейин Мунарбекти беттешке бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен өзбекстандык машыктыруучу секундант катары коштоп чыкканы кырнетте кызуу талкуу жараткан эле.

Мунарбектин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Олимпиадага барбай калганы тууралуу “Азаттыкка” мындай деген:

Мунарбек Сейитбек уулу машыктыруучусу Беганас Султанбаев менен. (Б.Султанбаевдин жеке архиви).
Мунарбек Сейитбек уулу машыктыруучусу Беганас Султанбаев менен. (Б.Султанбаевдин жеке архиви).

“Мага Олимпиадага баруу буйрубаптыр. Бир спортчуга бир машыктыруучу дешкенинен, башкы машыктыруучубуз кеткен. Башкы машыктыруучу Данияр өзү жалгыз баргандыктан, өзү секундант боло албайт. Жок дегенде эки адам керек. Бири рингге кирип, спортчуга суу берип турса, бири сыртта капаны (тиш кап) жууп берет. Өзбекстандык машыктыруучу жардам берип, коштоп чыгып жатат. Ага чоң рахмат. Бирок өзүнүн жеке машыктыруучусу ошол жерде турса жакшы болмок да”.

4-августта Султанбаевдин беттешке сыналгы аркылуу көз салып, күйөрмандык кылып жаткан видеосу тарап, социалдык тармактарда ар кандай талкууга алынды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин Парижге барбай калган себебин түшүндүрдү.

Ал Фейсбуктагы баракчасына машыктыруучуларга аккредитация мушкерлер лицензия алганга чейин берилип бүткөнүн, буга байланыштуу башкы машыктыруучу гана аккредитация алганын билдирди.

"Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы тренер аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы тренерге уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке тренер гана эмес, улук тренер дагы Парижге бара алган жок", - деп жазды ал.

Ушул тапта бокс боюнча беттештер жарым финалга жетти. Спорттун бул түрүнөн эркектер арасында жети салмакта, кыз-келиндер арасында алты салмакта таймаштар өтүүдө. Жалпы 13 комплект медал ойнотулат. Бокс боюнча 57 килограмм салмактагы финалдык беттештер 11-августка караган түнү болот.

XS
SM
MD
LG