Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИНДЕ КАЙРАДАН ТАК ТАЛАШ


Кабыл Макешов, Бишкек Улуттук олимпиада комитетинде так талашуу былтыр декабрда башталган. Ошондон бери өлкөдө үч олимпиадалык комитет түзүлүп, акыры Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев жетекчи болуп дайындалган. 21-сентябрда Баяман Эркинбаев каза болгондугуна байланыштуу учурда кайрадан Улуттук олимпиада комитетинде бийлик талашуу башталды.

Ошол учурдагы президент Аскар Акаевдин тун уулу Айдар эл аралык олимпиадалык хартиянын эреже, жоболорун сактабай, улуттук олимпиада комитетинин уставын бузуу жолу менен ушул уюмду түптөп, 13 жылдан бер башкарып келаткан Эшим Кутманалиевди “ээрден” алып түшкөн. Ошондо бул уюмдун мүчөлөрү “жаңы күч, жаңы толкун келди, эми олимпиадалык кыймылга жан кирип, өнүгүп- өсөт” дешип, Айдар Акаевге 100 пайыз добуш берип, президент кылып шайлашкан. Чукул чакырылган конференция уставды бузуу менен өттү. Кечээ эле бокс федерациясына жетекчи болгон Айдар мыйзамсыз президенттиккке шайланды” деп айтууга батынган эч ким болгон эмес.

Айдар Акаев шайлангандан кийин 4 ай өтсө да Улуттук олимпиада комитетине бир ирет да басып келген жок, ал-абалды сурап да койгон эмес” дешет уюмдун мүчөлөрү.

Өлкөдөгү 24-марттагы ыңкылаптан кийин Айдар Акаев ата-энеси, үй-бүлөсү менен чет мамлекетке качып кетип калгандыгына байланыштуу 30-мартта УОКтун дагы чукул чакырылган конференциясы өтүп, талаш-тартышуу болуп, кайрадан Эшим Кутманалиев президент болуп шайланган. Ушул конференция дагы мыйзам бузуулар менен өттү, Эшим Кутманалиевге ишеним көрсөтпөйбүз” деген УОКтун айрым мүчөлөрү, спорт коомчулугун, федерациялардын жетекчилерин чакырып, өздөрүнчө жаңы улуттук олимпиадалык комитет түзүшкөн. Анын жетекчилигине Жогорку Кеңештин депутаты, спорт ардагери Аскар Салымбеков шайланган. Ошентип, өлкөдө үч башка УОК иштеп, аны үч президент: Айдар Акаев (кызматын тапшырып, арызын жазган эмес), Эшим Кутманалиев жана Аскар Салымбеков болуп, Крыловдун тамсилиндей үч тарапка тартып турушкан. Ошентип УОКто бийлик кризиси башталган. Акыры ынтымакка келген өңдөнүп, президенттик жарышка талапкерлигин койгон Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев чукул чакырылган УОКтун конференциясында жетекчи болуп шайланган.

Чынында Баяман спорт чөйрөсүнүн адамы эле. Өзү дзю-до күрөшү боюнча спорт чебери, алыш күрөшүн Азияга, дүйнөгө таанытууга салым кошкон инсан болчу. Жаштык жигер менен жаңыча иштөөгө дилгирленип, Азия жана эл аралык олимпиада комитеттери менен таанышып, алдыга максат-тилектерди койгон учурда бейажал өлүмгө кабылып, максаттары орундалбай калды.

Учурда Баямандын ордуна УОКко президент болууну самаган спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү арбын болуп, кайрадан бийлик талашуу оюндары башталды.

Улуттук олимпиадалык комитет Кыргызстанды эл аралык аренага таанытуучу уюм, ага спортту түшүнгөн, спортчуларга камкордук көрө билген инсан келсе деген тилегин билдирди, Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов.

Москва олимпиадасынын коло байге ээси, белгилүү марафончу, УОКтун мүчөсү Сатымкул Жуманазаров бул маселе тууралуу өз оюн мындайча билдирди.

- Бийлик талашуу былтыртан бери уланып келетат. Айдар Акаев күч менен бул орунду тартып алды эле. Иштеп деле жыргатпады. Акыры качып кетти. Андан кийин УОКту Баяман Эркинбаев башкарып, жакшы тилек-максаттары орундалбай, өмүрү кыйылып калды. Эгерде УОКто талаш-тартышуу күчөй берсе, анда Эл аралык олимпиада комитети Кыргызстанды мүчөлүктөн чыгарып салышы да ыктымал. Анда биздин спортчулар 2006-жылкы Катардагы Азия оюндарына жана 2008-жылкы Пекин олимпиадасына катышпай калуусу мүмкүн. Ошондуктан татыктуу адамды жаңылбай шайлап, чатакка чекит койгон оң.

УОКтун президенти болууну самагандардын катарында Жогорку Кеңештин 3-4 депутаты, белгилүү ишкерлер, спорт чиновниктери, мурдакы спортчулар, ал түгүл кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү бар дешүүдө, спорт адистери. Азырынча күбүр-шыбыр кептер айтылып, көшөгө артындагы оюндар болууда. 15-ноябрдагы УОКтун чукул чакырылган конференциясында жаңы жетекчи белгилүү болот.
XS
SM
MD
LG