Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Париж-2024: Акжол менен Үзүр коло медал утту


Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло медал утту. Акжол ушуну менен эки жолку Олимп оюндарында байгелүү болду. Ал Токио Олимпиадасында күмүш медал алган эле. Үзүр экинчи Олимпиадасын олжолуу жыйынтыктады.

Акжол Махмудов Парижде коло медал үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилип калган. Кийин Жадраев финалга чыгып, Акжол коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган эле.

Коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде утуп алды.

"Келечеги кең, балдарыбыздын баары жаш. Ошондуктан үмүтүбүз чоң. Акыркы жылдары чоң ийгиликтерге жетип, кийинки муунга дем берди", - деген Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев бир күн мурда “Азаттыкка” курган маегинде .

Акжол Махмудов 25 жашта. 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунун Кызыр-Абад айылында төрөлгөн. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Акжолдун агасы Бексултан дагы грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү.

Эжеси Курсанай Махмудованын айтымында, Акжол алты жашынан баштап Ош шаарындагы күрөш залына барган. Үй-бүлөсү Бишкекке көчүп келип, грек-рим күрөшү боюнча машыгууну 12 жашынан тарта борбор шаардан уланткан.

Эл аралык мелдештерде ийгиликтерди 2015-жылдан 2018-жылга чейин катары менен багындырып, 2019-жылы чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону болгондон бир ай өткөндөн кийин сол тизесинен жараат алган. Ошого байланыштуу Германиядан бутуна эки жолу операция жасатып, бир жарым жылда айыккан. Ортодогу тыныгуудан кийин 2021-жылы апрель айында Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча олимпиадага жолдомо берүүчү Азиялык мелдештин финалына чыгып, Токио Олимпиадасына жолдомо алып, анда күмүш байгеге ээ болду.

Эмгек сиңирген машыктыруучу Алмаз Касенов 2022-жылы Акжол Махмудов алгачкы жолу дүйнө чемпиону болгондон кийин “Азаттыкка” маек куруп, ал өжөрлүгү менен оор кыйынчылыктарды жеңе алганын айткан:

“Акжол - абдан таланттуу спортчу. Кадаттер арасында да жакшы ийгиликтерге жетти. Арада бутунан жараат алып, мелдештерге катыша албай калган. Спортто бул өтө оор жагдай. Мындай сыноону эрки күчтүү, алдыга чоң максат койгон спортчу гана жеңе алат. Акжол бул кыйынчылыктарды жеңип чыкты. Ушундай жараат алгандан кийин Токио олимп оюндарында күмүш байгени утуп алганы чоң көрсөткүч. “Олимпиаданын алтын байгесин утам” деген максаты бар. Бул максатын да ишке ашыра турганына көзүм жетет”.

  • Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси (2021).
  • Дүйнөнүн эки жолку (2022-ж, 2023-ж.), Азиянын үч жолку чемпиону (2018-ж, 2022-ж., 2023-ж.).
  • Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген.
  • Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016).
  • Жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017) жана коло байгелеринин ээси (2018).
  • Уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016, 2017).

Үзүрдүн олжолуу Олимпиадасы

Париж Олимпиадасында Үзүр Жузупбеков коло медал утту. Ал 7-августта грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде жеңди.

“Бул жакка келатканда баары эле чемпиондукту эңсеп келет. Үчүнчү орунду буюруптур, кудайга шүгүр. Кечээ өзүмдү негедир жакшы сезбедим. Туура эмес тамактанып алдымбы, күрөшкөндө алсыраганым билинди. Бүгүнкү алгачкы мелдеште америкалык балбан менен чыкканда да ушундай болду. Түштөн кийин өзүмдү жакшы сезе баштадым”, - деди мелдештен кийин Жузупбеков.

Балбан Парижде жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде утуп, чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 8:0 эсебинде жеңилип калган. Ирандык балбан жарым финалда египеттик Мохамед Габрды жеңип, финалга чыкканы үчүн Жузупбеков көңүл жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Көңүл жубатуучу бөлүктө балбан Үзүр Жузупбеков америкалык балбан Жосеф Патрик Рауну 9:4 эсеби менен жеңип, коло байге үчүн таймашка чыккан.

Үзүр Жузупбеков 1996-жылы Бишкекте төрөлгөн. Эл аралык бир нече мелдеште байгелүү орундарды уткан. Олимп оюндарына экинчи жолу катышты.

  • Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген.
  • Азия чемпиону (2019-ж.).
  • Азия чемпионатынын коло байгесин үч жолу алган (2016-ж., 2018-ж., 2022-ж.).
  • Азия оюндарында 3-орунду ээлеген (2018-ж.).

Кыргызстан Париждеги Олимпиада оюндарында бир күмүш, үч коло медал утту. Алдыда дагы бир катар кыргыз спортчулары мелдешке чыгат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG