Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Тарых жазган Мээрим, коло үчүн күрөштөр


Акжол Махмудов менен Алексис Муньоз.
Акжол Махмудов менен Алексис Муньоз.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстанга биринчи медалды күтүлгөндөй эле күрөш боюнча балбандар алып келди.

7-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков коло медал тагынды. Эми балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло үчүн күч сынашат.

Коло үчүн күрөшө турган балбандар

7-августта дагы бир кыргыз балбаны Амантур Исмаилов Олимпиададагы багын сынады. Ал 1/8 финалда грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде утуп чейрек финалга чыккан. Бирок экинчи беттешинде украиналык Парвиз Насибовго 6:7 эсебинде утулуп калды.

Эгер украин балбаны финалга чыкса, Исмаилов коло байге үчүн күрөшүүгө жол ача турган көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Жарым финалда Парвиз Насибов азербайжандык Хазрат Жафаров менен күрөшөт. Бул салмакта жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Ал ортодо балбан Акжол Махмудов 7-августта грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозди 9:0 менен утуп алды. Эми коло медал үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешет.

97 килограммга чейинки салмактагы көңүл жубатуучу бөлүктө балбан Үзүр Жусупбеков АКШ балбаны Жосеф Патрик Рауну 9:4 эсеби менен жеңди. Эми Үзүр коло медал үчүн египеттик Мохамед Габр менен күч сынашат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталат.

Балбандар биринчи медалдарды алды

Париж Олимпиадасындагы биринчи медалды Кыргызстанга Жоламан Шаршенбеков алып берди. Ал грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңип, Олимпиададагы биринчи медалын тагынды. Өз салмагында дүйнөдөгү эӊ күчтүү балбандардын сап башында турган Жоламан Шаршенбеков жарым финалда жапониялык Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилип, финалга бир кадам жетпей калган.

Токио Олимпиадасында күмүш алган Кеничиро Фумита акыры көздөгөнүнө жетип Парижде алтын медал тагынды. Бул Жоламан оӊой эмес атаандашка утулганынын далили. Кыргыз балбаны Олимп оюнундагы беттештерин коло медал менен жыйынтыктагандан кийин буларды айтты:

“2028-жылы өтө турган Олимпиадага жакшы даярданып алтын утуп келебиз деген ишенич бар. Бул менин эле жеӊишим десем ката болот. Бул мени колдогон бардык кыргызстандыктардын, менин жакындарымдын, агайларымдын жеӊиши. Бардыгына анын ичинде бизге шарт түзүп берген мамлекетке ыраазымын. Кыргызстан алтын медалга суусап турат. Буюрса алтын алып кетели. Кеничиро Фумита Олимпиадага жакшы даярданып, менин күрөшүмдү иликтеп туруп келиптир. Туура тактика коюп күрөштү. Эгерде аны менен кайра күрөшсөм кичине сактанып күрөшөт элем”, - деди ал.

Жоламандын коло алгандан кийинки сүйүнүчү кыргызстандыктардын да жүрөгүн жылытып, ичиндеги тынчсызданууларды азайтты жана алдыдагы дагы чоӊ-чоӊ жеӊиштерге үмүт берди.

Жоламан Шаршенбеков Лос-Анжелесте өтө турган кийинки Олимпиадагы барарын так кесе айтты. Бирок азыр күрөшүп жаткан 60 килограмм салмагы менен калабы же өзү буга чейин айткандай 67 килограммга салмагын ооштурабы азырынча анык эмес.

Мен-мен деген спортчулардын баары эмне үчүн Олимпиадада алтын алгысы келеринин да жөнү бар. Себеби, төрт жылда бир жолу өткөн Олимпиадага дүйнөнүн эӊ күчтүү спортчулары катышат жана аны утуу ар биринин кыялы. Эми Жоламан Олимпиадада алтын медал алып пьедесталга чыгуу кыялын Лос-Анжелестеги мелдештерде дагы бир жолу ишке ашырууга аракет кылмай болду.

Париждеги оюндар Жоламандын экинчи Олимпиадасы болду. Ал 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиадада 7-орунду ээлеген.

Мээрим тарых жазды

Мээрим Жуманазарова кыргыз күрөшүндө эле эмес Кыргызстандын спортундагы жаӊы тарыхты жазды. Ал 7-августка караган түнү кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта америкалык Эмит Элорго 0:3 эсебинде утулуп Олимпиаданын күмүш медалын тагынды.

Мээрим Токио Олимпиадасында ушул эле салмакта коло алган. Буга чейин бир да кыргызстандык спортчу Олимпиаданын эки жолку медалисти болгон эмес.

Буга чейин айтылгандай эле Мээрим Жуманазарова бул Олимпиадага оор жарааттардан кийин кайтып келди жана көпчүлүктү таӊ калтырды.

Анын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабеков Мээрим бул мелдешке да жаракатына карабай барганын айтты:

“Кыз-келиндер күрөшү ар бир Олимпиада сайын күчтүү болуп баратат. Мээримдин дарамети мындан да жакшы. Анын баарын колдоно алган жокпуз. Буга Мээрим көп жараат алып калганы негиз болду. Анын үстүнө Парижге келер алдында да кабыргасын катуу оорутуп алган. Аны эл билбей калды”.

Алгачкы беттештерден кийинки анализ

Алтын алат делген Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов эмнеге финалга жетпей калды деген суроо актуалдуу болуп турат. Бул маселе алар мекенине кайткандан кийин талданып чыгар.

2008-жылы Бээжин Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 66 килограммга чейинки салмакта күмүш алган Канат Бегалиев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Шарт жакшы эле түзүлдү. Балбандар кайсы жерге барып машыгуу кылышы керек болсо бардык жерге барып келишти. Спортто дагы бир маанилүү нерсе – бул дары-дармек, витаминдер. Ал да жетиштүү болду. Бирок эми азырынча эки медал алдык. Ал да жаман эмес. Дүйнөдөгү мен-мен деген мамлекеттердин балбандары медалсыз калышты”.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатынын байге ээси Тазабек Икрамов да пикирин ортого салды.

“Алтын алат деген балбандарыбыздын финалга жетпей калышына спортчуларыбызга Франциянын аба ырайына көнгөнгө убакыт жетпей калды го деп ойлойм. Себеби, биздин балдар-кыздардын алтын алууга күчү да, тажрыйбасы да жетмек. Ошондуктан мелдештерге барганда каражат аябай эле алдын ала жибериш керек. Эми Кыргызстандагы күрөштүн деӊгээлин кармап калыш үчүн Кыргызстандын күрөш федерациясы, өкмөт балбандарга залдарды куруп бериши керек. Мисалы, грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын өзүнүн залы жок ар кайсы жерде машыгат. Андан тышкары чоӊ-чоӊ мелдештер өтө турган спорт сарайларын салыш керек. Мындай мелдештер Кыргызстанда өтүп, чет элдик балбандар бизге келип турса тажрыйба болот”.

Кыргызстанда эркектер арасындагы жана кыз-келиндер күрөшү да эриш-аркак өнүгүп келе жатат. Кыргыз күрөшүнүн мектеби эмнеге жөндөмдүү экенин дүйнөгө далилдеди жана Кыргызстандын балбандары менен бардык спортчулар эсептешет.

Кыргызстан Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Эрназар Акматалиев, Улукбек Жолдошбеков, Тайырбек Жумашбек уулу сыяктуу жылдыздарды таптап чыгарды.

Алардын көбү эми гана 25 жашка чыкты. Алдыда дагы жок эле деген эки Олимпиада оюндарына катышууга убакыт бар.

“Эми күрөштү ушул деӊгээлде сактап калуу үчүн бизде жаш балбандар жетишпей жатат. Анткени жаштарга такыр эле көӊүл бурулбай калды. 15, 17 жашка чейинки балдарга, жаштар курамасына да шарттарды түзүп берели. Болбосо азыр күрөшүп жаткан балбандар карьеарасын жыйынтыктап койсо кийин өзүбүзгө эле кыйын болуп калат”, - деди Канат Бегалиев.

Эми 8-августта эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу беттешке чыгат. 9-августта Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев бул жолку Олимпиададагы жолун баштайт. 10-августта Айпери Медет кызы менен Эрназар Акматалиев килемге чыгат.

XS
SM
MD
LG