XXXIII жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Мурдагы Олимпиада оюндарында кыргыз спортчулары спорттун алты түрүнөн мелдешке катышкан болсо, бул ирет спорттун беш түрүнөн жолдомо алып, күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокстан таймашат.
Олимпиадага жолдомо алган кыргызстандык спортчулар:
Балбандар: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Айаал Лазарев, Эрназар Акматалиев.
Суучулдар: Денис Петрашов, Елизавета Печерских
Жеңил атлетика: Сардана Трофимова
Дзюдо: Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу
Бокс: Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу
Президент Садыр Жапаров 21-июлда Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырды.
Коомчулуктун үмүтү, спортчулардын даярдыгы
Олимпиадага жолдомо алган көпчүлүк спортчулар акыркы эки жылда дүйнөлүк, азиялык жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөткөндүктөн, Кыргызстанда спорт күйөрмандары да Парижден спортчулар алтын медал менен кайтат деп ишеним артууда.
Токио Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медал тагынган Айсулуу Тыныбекова 2023-жылдын башынан ушул күнгө чейин сегиз эл аралык мелдешке катышып, алты алтын, бир коло байге утту. Учурда ал Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 62 килограмм салмакта биринчи орунда турат .
Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде Айпери Медет кызы да 76 килограмм салмакта биринчи орунда (76 кг). Медет кызы акыркы бир жарым жылда сегиз мелдештен сегиз медал уткан. Анын төртөө алтын, үчөө күмүш жана бир коло.
Грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков да Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 60 килограмм салмакта биринчи орунда. Жоламан да акыркы эки жылда жети мелдештен жети байге утса, анын алтоо алтын, бирөө коло медал.
Аты аталган үч спортчу тең акыркы эки жылда Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиондору болушкан. Алардын катарында балбан Акжол Махмудов да бар (77 кг). Ал Токио Олимпиадасынан кийин жети расмий эл аралык мелдешке катышып, алты алтын, бир күмүш байге уткан.
Бээжин Олимпиадасында коло байге уткан, учурда АКШда жашап жаткан спортчу Руслан Түмөнбаев жолдомо алган балбандардын дээрлик баарынын медал алууга дарамети жетет деген пикирде:
"Кыргыз балбандарынын көпчүлүгү дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунда турат. Демек, кыргыз күрөшү көтөрүлүп, кыргыз балбандары дүйнөдөгү алдыңкылардын катарында. Легендага айланган Айсулуу бул Олимпиадага алтын үчүн баратат. Кыргыз тарыхында өзүнүн атын жаза алды. Азыр эркектер арасында же кыз-келиндер арасында болобу бир да спортчу Айсулуу жеткен ийгиликке жете элекпиз. Анын артынан Мээрим менен Айпери баратат. Экөө тең мыкты спортчу. Жоламан өзүнүн салмагындагы (60 кг.) бардык атаандаштары менен күрөшкөн. Ал өз салмагында эң мыкты балбан. Бул салмакта фаворит саналган балбандар - жапониялык Кеничиро Фумита жана молдовалык Виктор Чобану. Калган атаандаштарынын баарын утат. Жоламан - тарых жаратуучулардын бири. Андан сырткары элдин сүймөнчүгү Акжол (77 кг.), Амантур (67 кг.), Үзүр (97 кг.) дагы - мыкты балбандар. Алар сөзсүз Олимпиададан медал менен кайтат. Эркин күрөштөн да мыкты балбандар Парижге баратат. Жыйынтык сөзсүз жакшы болот деп ойлойм".
Дүйнөлүк күрөш уюму Олимпиаданын алдында эң көп жолдомо уткан 10 өлкөнүн тизмесин жарыялады. Анда Кыргызстан 10 жолдомосу менен тогузунчу орунга жайгашкан.
Дзюдочу жана суучулдар
Эрлан Шеров кыргыз дзюдосунун тарыхында дүйнө чемпионатынан коло медалын утуп, Азия оюндарынын чемпиону болгон алгачкы дзюдочу. Ал акыркы эки жылда Дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын коло (2024-жыл.), Азия оюндарынан алтын (2023-жыл), Улан-Батордогу “Чоң шлем” мелдешинде күмүш (2023-жыл), Парижде өткөн “Чоң шлем” мелдешинде коло (2024-ж.) медалдарды уткан.
Учурда Шеров Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) рейтингинде өзүнүн салмагында дүйнөдөгү 400 балбандын ичинен төртүнчү орунда турат.
Париж олимпиадасында дагы бир дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу да өз күчүн сынаганы турат. 25 жаштагы спортчу дүйнөдөгү эң абройлуу мелдештердин бири саналган "Чоң шлем" турниринде алтын байге уткан алгачкы кыргызстандык дзюдочу.
Суучул Денис Петрашов быйыл Филиппинде өткөн Азия чемпионатында брасс ыкмасы менен 200 метрге жана 50 метрге сүзүүдө эки алтын медал утту. Муну менен ал Азиянын төрт жолку чемпиону болду.
Спортчулар кыйла такшалды
Ошентип, буга чейин Токио Олимпиадасында алтын медалга жетпей калган кыргыз спортчулары үчүн бул жолку оюндар чоң сыноо болмокчу.
Бул ирет спортчулар атаандаштарынын көз карашы, кыймыл-аракети жада калса психологиясына чейин изилдеп чыгышканын Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин мурдагы баш катчысы, Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттигинин мурунку директору Канат Аманкулов билдирди. Ал спортчулардын Олимпиадага даярдыгы күчтүү деген баасын берди:
“Өткөн Олимпиада оюндарынан беш медал, жок дегенде үч медал алабыз деген элек. Үч медал алдык. Бирок алтын болбой калды. Мында дагы үмүт чоң. Спортчулар кыйла такшалды. Бештен ашык медал менен келишет деп үмүт кылып жатабыз. Анын ичинен экөө-үчөө сөзсүз алтын медал болушу керек. Биз сандан сапатка өтүшүбүз керек дечү элек. Бул Олимпиадага эң эле сапаттуу курама кетип атат. Эң жөнөкөй спортчуну ала турган болсок - Азиянын чемпиону. Мурда биздин спортчулар башка спортчуларды жеңүүчү үчүн даярданышса, азыр эми дүйнөнүн алдыңкы спортчулары биздин спортчуларды жеңебиз деп Олимпиадага даярданып жатышат. Бул бир чети кооптуу. Анткени башка өлкөнүн спортчулары биздин спортчулардын ар бир кыймылын изилдеп, баскан-турганын, көз карашынан тарта, психологиясын, кайсы ыкмаларды жакшы жасайт, кайсы жеринде кемчиликтери бар, ушунун баарын изилдеп, ошого жараша даярданышат. Демек, биздин спортчулар өткөн Олимпиадага 100 пайыз даярданган болсо, бул ирет 120-150 пайызга даярданып барышы керек”.
Жолдомо алуунун түйшүгү
Жыл башында Кыргызстан Париж олимпиадасына жалпы 30 жолдомо алууну көздөгөн. Бирок ал максат ишке ашпады.
Тиешелүү жетекчилер мунун себебин олимпиадалык нормативдердин жогорулаганы жана жолдомо мелдештеринин шарты өзгөргөнү менен түшүндүрүшүүдө.
Жаштар иштер, дене тарбия жана спорт департаментинин Олимпиадага даярдоо дирекциясынын директору Мелис Тобокелов:
“Барган сайын дүйнөдө спорт өнүгүп жатат. Барган сайын жолдомо берүү жолдору да кыйындап баштады. Талап дагы жогорулады. Мындан улам жолдомо алуу кыйындап кетти. Мисалы, мурун фехтование жана оор атлетикадан жолдомо алып, Олимпиадага катышып жүргөн. Мурун фехтованиеде, ок атууда бир жылдык жыйынтыктарды карап, бал топтоп анан жолдомо беришчү. Азыр Олимпиадага жакын жолдомо ойнотуу үчүн бир эле чоң мелдеш уюштурушуптур. Ошол себептен жолдомо ала алган жокпуз. Оор атлетика да ошондой болуп калды. Жеңил атлетикада да нормативдер жогорулап, жолдомо алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ушундан улам жеңил атлетикадан бир квота, сууда сүзүүдөн бир квота менен Олимпиадага жолдомо алдык”.
Олимпиададан медал менен кайткандар
Кыргызстандын эгемен тарыхында Олимпиададан алгачкы коло медалды дзюдочу Айдын Смагулов алган. Ал дзюдо боюнча Казакстандын курама командасына кирбей калгандан кийин, жарандыгын алмаштырып, Кыргызстандын атынан күрөшө баштаган. 2000-жылы Сиднейдеги Олимпиадада коло байгени жеңип алган.
2008-жылы Бээжинде балбандар Канатбек Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло байге алган. Ушул эле турнирде балбан Базар Базаргуруев бешинчи болуп калган. Олимпиада комитети 2017-жылы анын атаандашы Василий Федоришиндин кызытма колдонгонун аныктагандан кийин коло байге Базаргуруевге ыйгарылган.
2021-жылы Токиодогу Олимпиадада балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медал уткан.
"Спортчуларга психолог керек"
Спортчуларга артылган үмүт менен кошо аларга түзүлгөн шартка, психологиялык абалына көнүл буруу керектигин эксперттер белгилешет.
Балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодогу финалдык беттеште жеңилгенден кийин сыйлоо аземинде көз жашын тыя албай ыйлап турганы баарыбыздын көз алдыбызда. Спорт адистери Кыргызстанда спорттук психология кыйла аксай турганын, спортчулардын психологиялык абалы баарынан маанилүү экенин эске салышат.
Токио Олимпиадасын жеринен чагылдырган “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы, спорттук баяндамачы Руслан Меделбек спортчулардын жанында дайыма психологдор болушу шарт экенин, алардын иши спортчунун жеңишке жетиши үчүн өтө маанилүү экенин айтат:
“Эң биринчи кезекте бүткүл дүйнөдө, айрыкча өнүккөн өлкөлөрдө спорт - бул тек гана кара күч эмес. Бул илим, медицина жана спортчунун психологиялык саламаттыгы. Ал эми Борбор Азияда спорттун бардыгы жалаң күч жана физикага байланган. Спортчулар жанын берип даярданат. Бир жерден ката кетирип, медалга жакын барганда жеңилип же жаракат алып калат. Негизи, бир курамада сөзсүз түрдө фармаколог, физиолог, психолог болушу керек. Алардын ар биринин жумушу спортчулардын ийгилик жаратуусу үчүн өтө маанилүү. Жеңилип калган кезде спортчу өзүн таштап жибербеши керек. Бүткүл өмүрүн бир Олимпиада үчүн арнап, таңдан кечке машыккан спортчулар санаага баткан кезде же туура эмес салмакта болсо жеңилип калышы мүмкүн. Андыктан физикалык, медициналык жана психологиялык жаткан күчтүү спортчу гана ийгилик жаратып, спорт алдыга жылат”, - деди ал.
Руслан Меделбек Борбор Азияда, айрыкча Казакстан менен Кыргызстанда спортчуларга эл көп жоопкерчилик жүктөлөрүн, талап катуу коюларын кошумчалады. Анын пикиринде, спортчулар коомдогу ушундай мамиледен улам кетирген каталарынын үстүнөн иштей албай калышы ыктымал:
“Борбор Азияда спорт бул спортчунун жеке жетишкендиги эмес, бүткүл элдин жетишкендиги болуп саналат. Элде калктын рухун көтөрө турган жетишкендиктер болбогон кезде спорт алдыга чыгат. Илимий жетишкендиктер, өлкөдөгү саясий реформалар болбогон кезде да спорт алдыга чыгат. Мисалы, Европада кайсы бир өлкөнүн командасы чемпион болсо, бир жылга жакын кубанышат да унутуп калышат. Же жеңилип калса, дароо анын себептерин изилдеп, анализ кылып, кайсы жерде кандай ката кетиргенин аныктап, мындан ары кандай багытта иштеши тууралуу пландашат. Ал эми Борбор Азияда болсо тескерисинче... Мисалы, Казакстан Токио Олимпиадасынан алтын ала алган жок. Кыргызстанда Айсулуу менен Акжол финалда жеңилип калды. Казак-кыргыз буга төрт жыл кайгырды. Дагы деле унута элек”, - деди Руслан Меделбек.
Ошол эле кезде бийлик спортчуларга мыкты шарт түзүлгөнүн, тиешелүү адистер жетиштүү экенин жана каражат бөлүнгөнүн билдирип келет.
Жаштар иштер, дене тарбия жана спорт департаментинин Олимпиадага даярдоо дирекциясынын директору Мелис Тобокеловдин маалыматына караганда, спортчуларды Олимпиадага даярдоо үчүн казынадан 375 миллион сом бөлүнгөн. Бул акча алардын кийиминен тарта, эл аралык жана жергиликтүү машыгууларына жана мелдештерге, Олимпиада оюндарына катышуусуна чейин - баарына жумшалууда.
26-июлда Парижде баштала турган оюндарга 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышат. Спорттун 32 түрүнөн 329 комплект медал ойнотулат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өткөргөнү жатат. Бул шаарда олимп оюндары 1900-жылы 1924-жылдары болгон.
Париж Олимпиада үч жолу өткөн Лондондон кийинки экинчи шаар болуп калмакчы.