Экономикалык өсүш туруктуу, бирок эртеңкиден кабатыр болгондор арбын
Кошмо Штаттар - ички дүң өндүрүмүн жашоочулардын жан башына бөлө келгенде бир жылга 81 695 долларга барабар (Дүйнөлүк банк, 2023-жылдын эсеби) дүйнөдөгү экономикасы эң кубаттуу өлкөлөрдүн сап башында. Салыштыра кетсек, Кытайда бул көрсөткүч 12 614 доллар, Орусияда 13817 доллар.
Дональд Трамп президент болуп турган 2016-2020-жылдарда АКШ экономикасы орточо 2,3% өсүш көргөзсө, андан кийин Байдендин бийлиги тушунда орточо 2,2% өсүп отурду. Ошентсе да, соңку сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, элдин 59% экономика начарлап баратат деп эсептесе, 23% жакшыруу жагында деген көз карашта.
Жалпы шайлоочулардын үчтөн бирин түзгөн 35 жашка чейинки жарандардын көбү азыр баалар кымбаттап кеткендиктен, жубайлар экөөлөп иштесе да үй-жай алып, салык, башка карыздарды төлөгөнгө тапкан каражаты өп-чап жетээрин айтып тынчсызданып турган кез.
2020-жылкы шайлоодо жаштар үчүн башкы маселе ковид, расизм, медициналык камсыздандыруу болсо, азыр аларды кымбаттап кеткен ижара акысы, машине, башка керектүү оокатка алынган насыя карталарды убагында жабуу, жаңы жумуш орундарды түзүү жайлап баратканы кабатыр кылууда.
Экономика башкы маселе болуп турганын түшүнгөн Камала Харрис азыркы бийликтин саясатын улантып, студенттердин банктардагы карызын кечүүнү, биринчи жолу үй-жай сатып алгандарга 25 миң долларлык жардам, балалуу болгон орто жана аз камсыз бүлөлөргө салыктан 6000 доллар жеңилдик берүүнү убада кылууда.
Дональд Трамп жашоо кымбаттап кеткенине азыркы бийликти күнөөлөп, жаштардын көбү иштеген тейлөө тармагында кардарлар ыктыярдуу берген кошумча акчаны салыктан бошотуу, криптовалюта операцияларына тоскоолдуктарды жоюуну демилгелеп жатат.
Трамп чет өлкөдөн ташылган импорттун баарына 10%, Кытайдыкына 60% тариф киргизерин эскертти. Ал социалдык камсыздандыруудан киреше салыктарын кыскарткан убактылуу чараны туруктуу ишке айландырам десе, Камала Харрис жылына 400 миң доллардан ашык акча тапкан байларга салыкты көбөйтөрүн убада кылды.
Трамп, тескерисинче, ири корпорациялардын салыгын азайтам дегенин калктын көбү колдогон жок. Былтыр АКШ калкынын эң бай катмарын түзгөн 1% (миллиардерлер менен мульти-миллионерлер) улуттук байлыктын – акциялар менен баалуу кагаздардын 54% ээлик кыларын Федералдык резерв мекемеси билдирген.
Дагы караңыз Харрис америкалыктарды бириктирүүгө убада бердиМыйзамсыз мигранттарды депортациялоону колдогондор көбөйдү
Экономикага түздөн-түз байланышы бар иммиграция маселеси бул шайлоодо чечүүчү мааниге ээ. Трамп азыркы президент Байдендин администрациясын, ага кошуп атаандашы, вице-президент Харристи Америкага болуп көрбөгөндөй сандагы мыйзамсыз мигранттарды киргизди деп айыптап келатат. 2022-2023-жылдары орто эсеп менен өлкөгө жыл сайын эки-эки жарым миллиондой мыйзамсыз мигрант киргени кабарланган.
Трамп президент болуп шайланып калса, мыйзамсыз жолдор менен келгендердин Америкада төрөлгөн балдарына жарандык берүүнү токтотуп, иммиграция маселесинде массалык депортация сыяктуу катаал чараларды колдонорун эскертип келатат.
Харрис иммиграциялык реформаларды жүргүзүүгө Конгресстеги республикачылар бут тосуп келатканын кайталап, июнь айында кабыл алынган айрым катаал чаралар – мисалы, чек арадан мыйзамсыз жолдор аркылуу киргендер качкын макамын алууга талапкер боло албайт деген чечимден кийин былтыр декабрь айында АКШ-Мексика чек арасынан 260 миңдей адам башпаанек сурап кирсе, азыр ал көрсөткүч 50 миңге чейин түшкөнүн белгилеп жатат.
Соңку жылдары Американы жылына эки миллиондон ашуун мигрант каптаганына Венесуэла, Куба, Гаити, Эквадордогу кризистер шыкак болсо, Трамп мыйзамсыз мигранттар америкалыктардын “канын бузуп, Огайо штатында гаитилик качкындар элдин ит-мышыгын союп жеп атат” деп коркутса, Харрис ондогон жылдардан бери макамы жок жашап аткандардын акырындап жарандык алуусуна жол ачуу планын сунуштап жатат.
Соңку жылдары “Америка кыялына” азгырылып, жакшы жашоону эңсеп ал жакка агылган борборазиялык мигранттар да көбөйгөнү маалым.
Кимиси шайланса да, АКШдагы мыйзамсыз бозгундарга карата кандайдыр чара көрүшү керек болот. Анткени өткөн аптада ABC News уюштурган сурамжылоого катышкандардын 56% Америкада жашап жаткан бардык мыйзамсыз мигранттар депортацияланышы керек деген пикирди колдоду, бул төрт жыл мурункуга караганда 20% жогору көрсөткүч.
Дагы караңыз Украина, Газа жана Путин. АКШ президенттигине талапкерлердин алгачкы дебатыТышкы саясатка кызыккандар аз, бирок бул шайлоо дүйнөдө көп адамдардын бүйүрүн кызытууда
Адатта америкалыктар добуш бергенде тышкы саясат чечүүчү ролду ойнобойт. Октябрдын башында жарыяланган Гэллап уюмунун сурамжылоосу көргөзгөндөй, суралгандардын 10% гана добуш берүүдө тышкы саясатка артыкчылык берем деп жооп беришкен. Бу жолку шайлоодо эки партиянын көз карашындагы айырмачылык тараза ташына кайсы бир деңгээлде таасир этчүдөй.
Демократтардын көбү (60%) Украинага азыркыдан көп жардам берилиши керек десе, республикачылардын 75% Киевге жардам көргөзүүнү колдобойт. Харристин колдоочуларынын көбү Украинанын тарапкерлери болсо, Трамптын фанаттары Орусияга жан тартып, Москванын пикирин угуу керек деген көз карашта.
Сентябрь айында украин президенти Зеленский АКШга барып, эки талапкер менен тең жолугушуу өткөрдү. Америка азыркыга дейре Украинага 174 млрд долларлык жардам бөлдү, азырынча Харрис менен Трамп шайланып калса, Киевге жардамды кандай өлчөмдө көргөзөрүн, кандай стратегияны тандаарын так айта элек.
Жакынкы Чыгыштын көп жылдардан берки башкы өнөктөшү АКШ үчүн азыр Израилдин Газа тилкесиндеги операциялары, Ливан, Сирияны бутага алган чабуулдары чоң сыноого айланды.
Беньямин Нетаньяхунун бийлигин бекем колдоп келген Жо Байдендин администрациясы Израил менен ХАМАСты (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) ок атууну токтотууга көндүрө албай, тескерисинче, согуштун оту андан ары жайылып кеткени шайлоодо демократтарга ишеничти азайтышы мүмкүн.
Израил менен Ирандын ортосунда от тутанса, ири эл аралык кризиске айланып, мунайдын баасы кымбаттап, шайлоо алдында Байден-Харрис жаатына чоң жоготуу алып келиши ыктымал.
Нетаньяхунун тушунда Америкада Израилди кынтыксыз колдогон күчтүү калканч түзүлүп, эки талапкер тең азыр аскердик, финансылык, же дипломатиялык жардамга бир аз эле шек келтиргенден сактанууда.
Шайлоодо кимиси жеңсе да, АКШ-Израил алакалары азыркыдан бир аз башкача болушу мүмкүн, Нетаньяху өзү Трамп жеңсе жеңилирээк болот дегендей көз карашын кыйытууда. Эксперттер Трамп шайланса Израиль башында Иордандын батыш жээгиндеги конуштарын кеңейтиши мүмкүн, бирок кийинчерээк мамилелер татаалдап кетиши ажеп эмес деп боолгошот.
Дагы караңыз Трамп согуштарды токтотууга сөз берди“Селкинчек, же оома” штаттарга көз каранды шайлоо
5-ноябрдагы добуш берүүгө саналуу жума калганда Американын саясий картасы кызыл, көк түстөргө бөлүнүп, чечүүчү маселелерде келишкис эки лагер ортосундагы ажырым тереңдеди. Республикачылар же аларды колдогондордун 85% элдин жашоо-турмушу начарлап кетти деп эсептесе, демократтардын 32% ошондой пикирде.
Республикачылардын 85%, көз карандысыздардын 58% мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарылышы керек деп эсептейт, демократтардын 26% аларды колдойт.
Соңку эки президенттик шайлоо (2016, 2020) көргөзгөндөй, Америкада элдин эң көп добушун топтогон талапкер жеңбейт. Бюллетендерде Харрис менен Трамптан башка көпчүлүккө анчейин бейтааныш дагы төрт талапкердин ысымы жазылат.
Андан сырткары АКШда 50 штат жана Колумбия округу деп аталган аймактын ар биринде өз алдынча шайлоо өтөт десек болот. Анткени калкынын санына жараша ар бир штатта шайлоочулар коллегиясынын тийиштүү сандагы добуштары бар.
Калкынын саны эң көп Калифорнияда 54, Техаста 40, Флоридада 30, Нью-Йоркто 28 добуш болсо, Аляска, Түштүк Дакота өңдүү калкы аз беш штатка үчтөн добуш тийген.
Соңку 24 жылдан бери 38 штатта демократ, же республикачыл талапкер үстөмдүк кылып жеңип келатат. 12 штатта гана добуш берүүнүн жыйынтыгын алдын-ала айтуу кыйын.
Дал ушундай “оома” штаттардагы добуш берүү быйыл да шайлоо тагдырын аныктачудай. Байкоочулар атүгүл быйыл андай ким жеңээри алдын-ала белгисиз штаттардын саны жетиге чейин азайганын белгилеп жатышат. Ошондуктан Трамп менен Харрис шайлоого аз калганда Пенсильвания, Мичиган, Висконсин, Аризона, Невада, Жоржия жана Түндүк Каролинага жарыша каттап, жолугушууларды өткөрүп жатышат.
Төрт жыл өткөн сайын кызыл (республикачылар) же көк (демократтар) түскө бойолбой, боз түстө кала берген мындай “селкинчек” штаттардын саны, аталышы демография, социалдык абал жана башка маселелерден улам алмашып турат. Жеңүүчү элдин көбүнүн добушун эмес, шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун жок дегенде 270ин топтошу керек.
Мындай система АКШдагы президенттик шайлоонун тагдырын кайсы бир ири штаттардагы добуш берүү гана чечпестен, бардык штаттардагы добуштар бирдей таасир эте алсын деген ойдон улам түзүлгөн деп түшүндүрөт вашингтондук эксперттер.