Ал 18-июлда, Республикачылар партиясынын төрт күндүк курултайынын соңунда талапкер болууга макул болду. Ал эми демократтар арасында азыркы президент Жо Байден Трампты бул жолу жеңе алабы деген күмөн санагандар дагы эле бар.
Батлердеги кол салуу
78 жаштагы Дональд Трамп сахнага оң кулагы таңылган бойдон чыкты. Айрым тарапташтары ага тилектештик билдирип, кулагына ак даки чаптап алганын көрүүгө болот. Американын мурдагы президенти 92 мүнөткө созулган сөзүн “мен бул кечте бул жерде болбошум керек эле” деп Батлердеги кол салуудан баштады.
Артындагы экрандарда бети-башына кан чачыраган Трамптын сүрөттөрү жарыяланып турду.
"Мен өзүмө “эмне болуп кетти? Ок болушу мүмкүн” деп, оң колум менен кулагымды кармап көрсөм, бүт кан экен. Абдан олуттуу экенин дароо түшүнүп, ылдый куладым. Октор учуп жатты, ал эми атайын кызматтын эр жүрөк агенттери дароо сахнага чуркап чыгышты", - деди Трамп.
Эске сала кетсек, ал 13-июлда тарапкерлери менен жолугушууда ал кулагына ок жеп, жеңил жараат алган. Ал окуяда ок аткан киши менен кошо дагы залдагы дагы бир адам каза болгон. ФБР ок атууларды адам өмүрүнө кол салуу беренеси менен иликтеп жатканын жарыялады.
Ок аткан 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин маалымдады. АКШ президенти Жо Байден жана дүйнө лидерлери Трампка кол салууну айыптаган билдирүүлөрдү жасашкан.
Иммиграцияны кыскартуу, согуштарды токтотуу убадасы
Трамп эл аралык темалар тууралуу айтып жатып, дүйнө Үчүнчү дүйнөлүк согуштун алдында турганын эскертти. Ал Украина менен Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кармаштарга чекит коюуга жана америкалык “туткундарды бошотууга” убада берди. Кайсы туткундар жөнүндө болуп жатканын тактабаганы үчүн айрымдар кеп чет жактарда, анын ичинде Орусияда мыйзамсыз кармалып жаткан ондогон америкалыктар тууралуу болуп жатышы мүмкүн деп боолгошту.
Андай болсо алардын арасында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ардагер журналисти Алсу Курмашева да бар. Ал былтыр октябрдан бери Татарстандагы түрмөдө мыйзамсыз кармалып турат.
Соңку үч жылдан бери Байдендин администрациясы айырбаштоо жана башка жолдор менен чет жакта камалган көптөгөн америкалыктарды бошотуп алууга жетишти.
Трамп андан тышкары Жо Байдендин жетекчилиги алдында Ооганстандан америкалык аскерлердин башаламан чыгарылышын сындап, Американын азыркы президентин "Орусиянын лидери Владимир Путиндин Украинага кол салышына түрткү болду" деп айыптады.
Жоржтаун университетинин саясат таануучусу Ханс Ноэль "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айткандай, Трамптын бул жолку билдирүүсүндө анын тышкы саясат боюнча көз караштары боюнча жаңы эч нерсе жок. Ал эми анын Украинадагы согушта Киевди колдоо тууралуу пикири демократтардыкына карама-каршы келет.
"Менимче, Украинадагы согушту башкача сүрөттөгөнү дароо көзгө учурайт. Бул Орусия согуш ачып, Украина коргонуу үчүн биздин жардамга муктаж дегенди эмес, Украина менен Орусия согушуп жатат, балким, биз өзүбүз четте эле турабыз дегенди билдирет", - деди Ноэль.
Республикачылардын талапкери "Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Кытай менен Орусия Трамптан коркорун айткан" деп мактанып өттү. Орбан Москва менен Бээжинге барып келгенден кийин Украинадагы согушту токтотуунун жолдорун талкуулоо үчүн 11-июлда Флоридага барып, Трампка жолуккан.
Трамп ошондой эле иммиграцияны кыскартууга сөз берди.
"Биз мыйзамсыз иммигранттардын агымын токтотпосок, Америка тууралуу бир дагы кыялыбыз же үмүтүбүз ийгиликтүү ишке ашпайт. Дүйнөдө эч бир жерде мынчалык агымды көрө албайсыңар. Биздин түштүк чек арада болуп жаткандай көрүнүш эч жерде жок. Биз аны тез эле токтотобуз", - деди мурдагы президент.
Трамп 2017-2021-жылдары Ак үйдө отурганда эле мыйзамсыз жана мыйзамдуу иммиграциянын кыскарышын жактап чыккан. Анын администрациясы башпаанек берүү, депортация жана виза берүүнү тескеген саясатты өзгөртүү боюнча бир катар чараларды кабыл алган.
Трамптын администрациясы 2020-жылы качкындарды кабыл алуу квотасын 180 миң кишиге чейин азайтып, бул АКШда качкындар боюнча программа негизделгенден берки эң төмөнкү көрсөткүч болгон.
Импичмент жарыялоо аракеттери, Трампка козголгон кылмыш иштери
Саясий карьерасында оппоненттерин шылдыңдап-мазактап, аларга каймана ат коюуну жакшы көргөн Трамп бул жолку сөзүндө биримдикке чакырууга басым жасады. Байден тууралуу ал бир гана ирет оозанды. Ошентсе да демократтарды сот системасын аны жана үй-бүлөсүн "куугунтуктоо үчүн колдонуп жатат” деп сындады.
Трамп бийликте турган кезде ага эки жолу импичмент жарыялоо аракети болгон. Кызматтан кеткенден кийин төрт кылмыш иши козголуп, жашыруун документтер боюнча иш жакында эле кыскартылган. Бирок прокуратура апелляция бергени маалым.
Нью-Йорк штатындагы сот арачылары быйыл майда Трампты документтерди фальсификациялоо иши боюнча айыптуу деп тапкан. Прокуратуранын айыптоосуна караганда, Трамп порнографиялык жылдызга акча берип, экөөнүн ортосунда он жыл мурда болгон интимдик катнаш тууралуу иштин жигин билгизбей жабууну көздөгөн. Акчаны ал шайлоо кампаниясынан мыйзамсыз бөлгөн. Бул иш боюнча сот өкүмү июль айында чыкмак.
Андан тышкары 2020-жылдагы президенттик шайлоодо утулгандан кийин анын тарапкерлери 2021-жылы 6-январда конгрессмендер отурган имаратка кирип барган. Трамптын бул окуядагы ролу канчалык болгону териштирилип жатат.
Төртүнчү иш - Трамптын 2021-жылы январда Жоржия штатынын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына 11 780 добуш таап берүүгө жардамдашууну суранганы айтылган.
Ал 2020-жылы Жо Байденге жеңилип калган. Бул ирет болсо демократтар арасында азыркы президент төрт жыл мурунку ийгилигин кайталай албай калабы деген кооптонуу бар. Буга Байдендин 27-июнда өткөн теледебаттагы жүрүм-туруму түрткү болду. Ошондон бери аны президенттик жарыштан баш тартуу чакырыктары ар тараптан айтыла баштады. Азырынча Байден көнө элек. Демократтар өз улуттук курултайын Чикагодо августтун соңунда өткөрүшөт.