Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Харрис америкалыктарды бириктирүүгө убада берди


"Бардык америкалыктардын президенти болууга убада берем"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:33 0:00

АКШда Демокарттар партиясынын улуттук курултайы жыйынтыкталып, вице-президент Камала Харрис президенттикке талапкерликти расмий түрдө кабыл алды.

Харрис өз кайрылуусунда Украинаны жана АКШнын башка да союздаштарын колдоого, автократтарга каршы турууга, бардык америкалыктар үчүн лидер болууга убада берди. Ал атаандашы Дональд Трампты АКШны НАТОдон алыстатууга жана шайлоонун жыйынтыгына көлөкө түшүрүүгө ниеттенүүдө деп кескин сындады.

"Бардык америкалыктардын президенти болууга убада берем..."

Демократтар партиясынын улуттук курултайынын соңку жыйыны 22-августтун кечинде Чикаго шаарында өттү. Куралтайга чогулгандар вице-президент Камала Харристи сүрөп, улам кол чаап кабыл алашты.

"Жер жүзүндөгү эң улуу өлкөдө гана тарыхы жазылышы мүмкүн болгон ар бир адамдын атынан мен сиздер сунуштаган Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине талапкерликти кабыл алам".

Өз сөзүндө Харрис саясий көз караштарын, позициясын билдирип, шайлоодогу атаандашы – мурдагы президент Дональд Трампты бир катар маселелер, анын ичинде АКШнын союздаштарына мамилеси боюнча кескин сындады.

"Трамп, бир четинен, НАТОдон баш тартам деп коркутту. Путинди биздин союздаштарга кол салууга шыктандырып, Орусия «каалаганын кылса болот» деди. Орусия Украинага кол салардан беш күн мурда мен президент Зеленский менен кезигип, Орусиянын кол салуу планы тууралуу эскерткем. Мен Путиндин агрессиясынан коргонуу үчүн 50дөн ашуун өлкөнүн глобалдык жообун түптөөгө жардам бердим. Президент катары мен Украина жана биздин НАТОдогу союздаштар тарапта бекем турам", - деди ал.

Харрис өз сөзүндө Иранга каршы турууга убада берип, Трампты "диктаторлор менен достук мамиледе" деп айыптады:

"Мен биздин күчтөрдү жана кызыкчылыктарды Ирандан жана Иран колдогон террорчулардан коргош үчүн кандай гана чара зарыл болбосун эч ойлонбостон көрөм. Мен Трампка күйгөн Ким Чен Ын сыяктуу тирандар жана диктаторлор менен эч кандай ымала түзбөйм. Себеби алар адамга жалган айтып, колко кылып жатып оңой эле башкарып алса болорун билишет. Алар Трамп автокарттарды жоопко тартпай турганын, себеби өзү автократ болгусу келерин билишет".

"Жалаң куру сөз ..."

Дональд Трамп, өз кезегинде, Харристин курултайда айткандарын сындап, өзүнүн Тruth социалдык түйүнүнө «Эч бир конкреттүү программасы жок. Жалаң куру сөз, эч кандай аракет жок» деп жазды.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

"Үч жарым жылдан бери ал сүйлөгөндөн башка эч нерсе кылган жок. Бүгүн да эмне кылып жатат? Ал баарына нааразы, бирок өзү эч нерсе кылбайт! Сөздү таштап, Колумбия округуна, Вашингтонго барып, чек араны жаап, Пенсильванияда жана башка жерлерде фрекингге уруксат берип, ал өзү арызданып, бирок аткарылбай жаткан иштерди жасай баштасын!", - деди ал.

Харрис Кытай, Украина, Орусия жана энергетика маселелерине, АКШны «талкалап» жаткан башка да темаларга кайрылбаганын белгилеген экс-президент «60 миллион америкалык жакырчылыкта жашап жатканын», бул тууралуу да эч сөз болбогонун кошумчалады.

"Кайрымдуу болуш керек дейт, бирок өлкөгө кирүүгө уруксат берген адамдардын тагдыры тууралуу эч нерсе айтпайт. Жалпы өлкө боюнча кылмыштуулук деңгээли 43% жогорулады, зордуктоо көрсөткүчү 60% өстү", - деди Трамп.

Кадыр-баркын көтөрүү аракети

Харрис шайлоо өнөктүгүн президент Жо Байден жарыштан чыкканын 21-июлда жарыялаган соң баштаган.

Курултайдагы сөзү шайлоочулар үчүн анын буга чейинки ишмердүүлүгү жана келечекке планы тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Саясий серепчинин пикиринде, Харристин тышкы саясат боюнча айткандары анын президенттик кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган болушу мүмкүн.

"Аны жакшы тааныбаган шайлоочулар «Бул адам мен каалагандай президент боло алууга жөндөмдүүбү?» деп, ошону билгиси келип турушкан. «Бул адам башка өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшө алчудайбы, чет элдик лидерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп, АКШга союздаш эмес мамлекеттердин башчыларына каршы туруштук бере алчу адамбы?» деген суроолор жаралбай койгон эмес. Ошентип ал Трамп жакшыраак мамиледе болгон бир катар өлкөгө карата кыйла катаал мамилесин көрсөттү. Менимче, бул ага стилистикалык жактан чынында эле жардам берди", - деди Түштүк Калифорния университетинин профессору Роберт Гроуз.

Харрис бириктире турган, демократиялык баалуулуктарды коргой турган талапкер экенин көрсөтүүгө умтулууда. Бул жагынан да ал 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аракет кылган Трамптан айырмаланып турду.

"Бул кечте бизди түрдүү саясий көз караштагы адамдар карап турганын билем. Мен бардык америкалыктардын президенти болууга убада берем. Ушуну баарыңыздар билсеңиздер дейм. Дайыма өлкөбүздү партиядан жана өзүмдөн жогору коёрума, Американын мыйзам үстөмдүгүнөн тартып эркин жана таза шайлоо, бийликти тынч өткөрүп берүү сыяктуу фундаменталдык принциптерин ыйык тутарыма ишендире алам", - деди Харрис.

Газа маселеси

Демократтардын курултайы жүрүп жаткан чакта Газа секторундагы согушту токтотууга чакыргандар жана АКШнын Израилге колдоосуна каршылык билдиргендер митингге чыгышты.

Демонстранттардын бир тобу курултай өтүп жаткан жерге жакындаганда кагылышуу болду.

Харрис бул талаштуу маселеде этият болууга аракет кылып, Израилдин коргонуу укугун да, жайкын палестиндердин коопсуздукта жашоо укугун да колдоону убада кылды:

"Апааттын масштабы жүрөктү зыркыратат. Президент Байден экөөбүз бул согушту токтотуш үчүн, Израил коопсуздукта болуп, барымтадагылар бошотулуп, Газадагы азап токтоп, палестин калкы кадыр-баркка, коопсуздукка, эркиндикке жана өз тагдырын өзү чечүү укугуна ээ болушу үчүн аракет көрүп жатабыз".

Ошентип, курултай жыйынтыкталды. Эми Харристи жана ал вице-президенттикке сунуш кылган Миннесотанын губернатору Тим Уолз ноябрда өтө турган шайлоонун үгүт ишин башташат.

Чикаго: Демократтардан Камала Харрис шайлоого чыгат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

XS
SM
MD
LG