Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

АКШ менен Кыргызстан алакаcынын абалына сереп салууда


Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысынын жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм. 22-апрель, 2024-жыл.
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысынын жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм. 22-апрель, 2024-жыл.

Бишкекте Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын алакасын өнүктүрүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүүдө. Ага АКШнын Мамлекеттик департаментинин жооптуу жетекчилери келип катышууда. Бул сүйлөшүүлөр Кыргызстанда жарандык коомду чектеген мыйзамдар кабыл алынган учурга туш келди.

Буга чейин Кошмо Шаттардын бийлиги кыргыз өкмөтүн мындай демилгелерден баш тартууга үндөп, ага президент Садыр Жапаров жооп кайтарган. АКШ менен Кыргызстандын мамилесин өнүктүрүү боюнча жолугушууларда эмнелерге көңүл бурулуп жатат?

Поммершаймдын Бишкек сапары

Жылдык эки тараптуу кеңешүүлөр Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин жана Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершаймдын жетекчилигинде өттү. Кеңешүүлөр жалпысынан үч багытты камтып, анын жыйынтыгы боюнча биргелешкен расмий билдирүү жарыяланды.

Катышуучулар коопсуздук боюнча кызматташтык, анын ичинен терроризмге каршы күрөш, чек араларды коргоо, глобалдык ден соолук коопсуздугу жана коргонуу тармагындагы кызматташтык, ошондой эле экономикалык шериктештик, инвестиция тартуу, жарандык коом жана мыйзам үстөмдүгү сыяктуу маселелерди талкуулашты.

“Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттары сөз эркиндигинин, күчтүү жарандык коомдун, адам укуктарынын, анын ичинен аялдардын укуктарын урматтоо жана гендердик зомбулуктан ишенимдүү коргоону, соттордун көз карандысыздыгын жана коррупцияга каршы күрөштү биздин бирдиктүү максатка жетүүдөгү өнүккөн жана коопсуз Кыргыз Республикасы үчүн ажырагыс шарт экенин ырасташты”, – деп айтылат жылдык эки тараптуу консультациянын биргелешкен билдирүүсүндө.

Тараптар кийинки отурумду 2025-жылы Вашингтондо өткөрүү ниетин билдиришти.

Бул жолку жолугушууларга АКШ Мамлекеттик департаментинин демократия, адам укугу жана эмгек боюнча бюросунун катчысынын жардамчысынын орун басары Николь Чулик да катышып жатканы белгилүү болду. Ал өлкөдөгү бир катар мамлекеттик органдар жана кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун өкүлдөрү менен жолукканы кабарланды.

АКШ Мамлекеттик департаментинин делегациясы Кыргызстанда жарандык коомду чектеген "чет өлкөлүк өкүл" сыяктуу мыйзам кабыл алынган учурга туш келди. Буга чейин АКШ расмийлери бул мыйзамга камтамачылыгын билдирип, ага Садыр Жапаров жооп берген эле.

Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттары 2018-жылдан бери жыл сайын эки тараптуу консультацияларды өткөрүп келет. Жолугушууларда эки өлкөнүн өкүлдөрү саясат, экономика, коопсуздук, демократия жана виза жаатындагы кызматташууну талкуулашат.

1993-жылы 19-майда Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрү өз ара кызматташуу келишимин түзүшкөн. Ал келишим эки өлкөнүн кызматташуусун жөнгө салып турган. Бирок 2015-жылы 21-июлда Кыргызстан ал келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.

Ошого карабастан эки өлкөнүн ортосунда айрым чечимдер кабыл алынып келет. Акыркы жолу АКШ кыргыз жарандарына визанын мөөнөтүн 10 жылга чейин узартуу чечимин кабыл алды.

"Адам укуктарынын көйгөйлөрү курчуган учурдагы сапар"

Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу боюнча келишим Кремлдин кысымы менен жоюлуп кеткен деп эсептейт. Ага карабай эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык уланып келатканын айтат. Юрист учурдагы кыргыз-америка кеңешүүлөрүндө адам укуктарынын көйгөйлөрү актуалдуу болуп турганын белгилейт:

“Сот реформасына ЮСАИД уюму тарабынан көп жылдан бери каражат бөлүнүп жатат. Сот реформасына маани берип, так ошол америкалык уюмдар каражат бөлүп жатат. Андан башка дагы экологиялык, социалдык маселелерге эл аралык жана америкалык уюмдар каражат берип келатат. Башка элчиликтерге караганда деле Американын элчилиги ушул жагына көп көңүл бурат. Анан мунун баарын элге туура жеткирбей эле “ой булар саясатты каржылайт, митингдерди каржылайт” деп эле жаманатты кылып жатышпайбы. Эми бул каяктан келген саясат экенин баарыбыз эле түшүнүп жатабыз. Менин оюмча, бул кызматташуунун бизге эч кандай зыяны тийбейт. Анткени келишимдин өзүндө деле көбүнчө маданий, социалдык маселелерге көңүл бурулган. Менин оюмча, азыр адам укуктарына көңүл бурулушу керек. Себеби жөнөкөй жарандар үчүн бул чоң көйгөй болуп жатат”.

2015-жылдан бери Кыргызстан-АКШ кызматташтыгы боюнча келишимди жаңы шарттар менен жаңыртуу маселеси бир нече жолу айтылып келет. 2017-2020-жылдары келишим даярдалып жатканы кабарланган. 2022-жылы АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу документ толук даяр болгонун жана кол коюу күтүлүп жатканын айткан. Расмий Бишкек келишим даяр экенин ырастап, бирок техникалык маселелерден улам процесс уланып жатканын билдирип келет.

"Авторитардык башкаруудан чыгуу керек"

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Батыш өлкөлөрү жана АКШ менен карым-катышты өнүктүрүү үчүн авторитардык башкаруудан кетип, адам укуктарына артыкчылык берүү зарыл экенин айтты. Ал Кытай менен Орусиянын жогору пайыздар же катаал саясий шарттар коштогон каржыларына караганда, демократиялык өлкөлөрдүн финансылык уюмдарынан жеңил шарттагы инвестицияларды тартуу Кыргызстанды алдыга сүрөмөк деген пикирин бөлүштү:

“Бизде 2019-жылы тышкы иштер министрлиги ар тараптуу тышкы саясат боюнча концепциясын кабыл алган. Ошондуктан биз Орусия болобу, Кытай же ошол эле Батыш өлкөлөрү, АКШ болобу, баары менен жылуу мамиле түзүүбүз керек. Албетте, алардын саясаттагы стандарттарын ишке ашырышыбыз керек. Биз кайра артка кетип жатпайбызбы. Мисалы, биз демократиялык рейтинг боюнча 106-орундабыз. Авторитардык режимдердин катарында жүрөбүз. Ошол кемчиликтери жоюп, рейтингдерди жакшыртыш керек. Бул үчүн жарандык уюмдарды басмырлоонун ордуна кайра колдоп, шарт түзүп бериш керек. Бизге ошол Батыштын акчасы керек болуп атат. Аны түшүнүп жатабыз. Бирок жардам алыш үчүн Батыштын баалуулуктарына төп келишибиз керек. Анан бул жактан адам укуктарын басмырлап, кодулоолорду кылып атсак, албетте, андай шарт менен алар бербейт. Эгерде биз экономикабызды өнүктүрөлү, жемкорлук жок болсун десек, анда ошол Батыштын инвестициялары, Батыштын акчалары керек. Эмне үчүн Батыштын инвестициясы келбейт? Анткени бизде автократия, жемкордук бар, бүгүн бир, эртең башка чечим чыгарып коёт, мамлекет кепилдик бере албайт”.

Мурда Кыргызстандын АКШ менен соода жүгүртүүсү 100 млн доллардын тегерегинде болуп келсе, 2022-жылы эки эсе арбып, 246,8 млн долларга жеткен. 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 438 млн доллар болду. Анын 98% импорт, 2% экспорт түзөт. АКШдан негизинен жеңил унаа импорттолот.

2023-жылы Вашингтондо C5+1 форматындагы саммит өткөн. Жыйында АКШ президенти Жо Байден менен Борбор Азия чөлкөмүнүн беш өлкөсүнүн жетекчилери терроризм менен күрөштү күчөтүү, аймактык экономикалык алакаларды жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоо маселелерин талкуулашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG