Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Орусия өзөктүк курал менен коркутту, АКШ Киевге жардам берет


Кремл Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүдө. Президент Владимир Путиндин сунушуна ылайык, эми Орусияга каршы кадимки курал-жарак колдонулса да өзөктүк сокку менен жооп кайтарылышы мүмкүн. Киев муну “опуза” деп атады.

26-сентябрда украин президенти Америка лидери Жо Байденге “жеңиш планын” сунуштайт.

Орусия өзөктүк доктринасын өзгөртөт

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин 26-сентябрда өткөн жыйынында президент Владимир Путин төрт мүнөттөй өзөктүк доктринага өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштарды окуду. Адатта мындай жыйындар жылына эки жолу жабык өтөт. Бул жолкусу биринчи жолу эмнегедир ачык, камералардын алдында уюштурулду.

“Эгерде өзөктүк куралы жок кайсы бир мамлекет ошондой куралы бар өлкөнүн катышуусу же колдоосу менен Орусияга «агрессия көрсөтө турган болсо» алардын биргелешкен кол салуусу катары кабыл алуу сунушталууда”, - деди Путин.

Путин өзөктүк куралды колдонуу тартибин өзгөртөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Тактап айтканда, Путин эгер Орусияга өзөктүк гана эмес, стратегиялык же тактикалык, канаттуу, учкучсуз жана башка учактар сыяктуу кадимки курал менен жапырт кол салуу болгон учурда да өзөктүк курал колдонууну сунуштады.

Белгилей кетсек, Москва Украинага согуш ачканы Орусиянын аймагы утур-утур дрондордун чабуулуна кабылып келет. Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Кремлдин өзөктүк доктринаны өзгөртүү планын “опуза” катары мүнөздөп, “Путинде дүйнөнү коркутуунун башка жолдору калбагандай” деп кошумчалады.

Быйыл 7-июлда Петербург экономикалык форумунда сүйлөп жатып, Путин өзөктүк доктринаны өзгөртсө болорун, бирок ошол эле кезде куралдын мындай түрүн колдонуу жөнүндө «ойлоонун да зарылчылыгы жок» экенин айткан.

Ушул эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Башкы Ассамблеяда сүйлөп жатып, Москва Украинадагы атомдук электр станцияларга сокку урууну көздөп жатканын айтты:

"Жакында эле чалгын кызматынын кооптуу отчетун алдым. Эми Путин сыягы биздин атомдук электростанцияларга жана алардын инфратүзүмдөрүнө чабуул коюп, энергетикалык системаны станциядан өчүрүүнү көздөп жаткандай. Энергетикалык системага ракета же дрон менен жасалган чабуул өзөктүк алааматка алып келет. Мындай күн башыбызга такыр түшпөш керек", - деген Зеленский 26-сентябрда АКШ президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис менен жолугары күтүлүүдө.

Оруcиянын бийлиги 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери шаар-кыштактарынын мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу жана энергетика тармагы сыяктуу жарандык инфраструктурасын талкалап, адамдарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келүүдө.

АКШ президенти Жо Байден менен Украинанын лидери Владимир Зеленский. 21-сентябрь, 2023-жыл.
АКШ президенти Жо Байден менен Украинанын лидери Владимир Зеленский. 21-сентябрь, 2023-жыл.

АКШ Киевге жаңы бомбаларды жана ракеталарды берет

Бул жолугушууну утурлай Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 26-сентябрда Киевге сегиз миллиард долларлык аскердик жардам көрсөтөрүн билдирди.

Маалыматка караганда, бул жолу көрсөтүлчү аскердик жардамга 130 чакырым аралыкка чейин жете алчу жогорку тактыктагы Joint Standoff Weapon бомбалары кирет.

Ал бомбалар аскердик тик учактардан ыргытылат. Андан тышкары “Патриот” абадан коргонуу системалары үчүн кошумча кубаттагычтар жана “жер-жер” классындагы орто аралыкка уча алчу өркүндөтүлгөн AMRAAM ракеталары берилери күтүлүүдө.

Январь айында бийликтеги мөөнөтү аяктай турган Байден F-16 аскердик учактарын башкаруу үчүн машыгуудан өтө турган украин учкучтарынын саны көбөйтүлөрүн да билдирди.

Кийинки жылы дагы 18 учкуч Америкада окутулмай болду.

Американын президенти кошумчалагандай, Вашингтон өнөктөштөрү менен бирге Орусия санкцияларды айланып өтүп, арам акчаны адалдаштыруу үчүн колдонуп жаткан глобалдык криптовалюта түйүнүн жок кылуунун үстүндө иштешүүдө. Бул эмне түйүн экени азырынча беймаалым.

Зеленский X социалдык түйүнү аркылуу Жо Байденге ыраазычылык билдирди.

“Мен [АКШ президенти] Жо Байденге, АКШ Конгрессине, ал жактагы эки партияга, республикачыларга жана демократтарга, ошондой эле жалпы Американын элине бүгүнкү билдирүү үчүн ыраазымын”, - деди ал.

Зеленскийдин "жеңиш планы"

Украин президенти 26-сентябрдын кечинде Байден жолугушууда “жеңиш планын” бөлүшөрү күтүлүүдө.

Азырынча ал пландын чоо-жайы белгисиз. “Таймс” журналы өз булактарына таянып жазгандай, ал төрт баскычтан турат.

Арасында украин армиясынын Орусиянын Курск облусундагы чабуулун улантуу, Украинага заманбап курал-жабдык жеткирүү, өлкө экономикасын калыбына келтирүү үчүн коопсуздук жана каржылык кепилдиктерди алуу кирет.

Маалыматка караганда Киев көздөгөн башкы коопсуздук кепилдиги бул - НАТОго мүчө болуу. 25-сентябрда Байден менен Зеленский Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кыска сүйлөшүүгө үлгүрүшкөн.

Зеленский АКШнын мурдагы президенти, бул жолу да республикачылардын атынан эң жогорку кызматка ат салышып жаткан Дональд Трамп менен жолукмак.

Бирок ал Трамптын 25-сентябрдагы билдирүүсүнөн кийин болбой калгандай. Анда Американын мурдагы лидери Киев Вашинтондон миллиарддаган долларларды алып, Орусиянын кеңири масштабдуу согушун токтотуу боюнча "макулдашуудан баш тартып жатканын" айткан.

Түндүк Каролинадагы жыйында жасалган билдирүү Зеленскийдин The New Yorker басылмасына берген маегине жооп болгон сыяктуу.

Анда украин президенти “Трамп чындыгында согушту кантип токтоторун билбестигин" айткан.

XS
SM
MD
LG