Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

АКШ: Трампка кол салуу аракети шайлоого кандай таасир этет?


ФБРдин кызматкерлери Флоридада экс-президент Трампка кол салуу болду деген жерди текшерип жатат, 15-сентябрь, 2024-жыл
ФБРдин кызматкерлери Флоридада экс-президент Трампка кол салуу болду деген жерди текшерип жатат, 15-сентябрь, 2024-жыл

АКШнын Федералдик иликтөө бюросу - ФБР Республикачылар партиясынан президенттикке аттанган талапкер, экс-президент Дональд Трампка экинчи жолу жасалган кол салууну иликтейт. Мындан кийин Трамп коомчулукка көп чыкпай, шайлоо өнөктүгүн санарип технологиясынын жардамы менен жүргүзүшү ыктымал.  

Трамптын шайлоо штабы экс-президент коопсуз жерде экени билдирди. Кылмышка шектүү кармалганы кабарланды. ФБР 15-сентябрда Флоридадагы гольф талаасында республикачылардын талапкерин "өлтүрүү максатында" кол салуу аракети болгонун маалымдады.

Эки ай мурун Пенсильванияда Трампка биринчи кол салуу болуп, ок кулагынын учун чырпып кеткен.

Азырынча соңку окуя 5-ноябрда өтчү АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө кандай таасир этери белгисиз.

Трампка боор тарткандар көбөйөбү?

Трампка байланыштуу жаңылыктар соңку маалда, айрыкча демократтардын талапкери, АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен дебатка чыккандан бери анчейин көңүл жылытарлык эмес эле. Трамптын дебатта Огайо шаарында гаитилик мигранттар "ит-мышыкты жешет" деп айтканы өзүнчө шакабага айланды. Бирок соңку кол салуу ага кайрадан коомчулуктун көңүлүн буруп, ага боор тарткандар көбөйүшү мүмкүн.

АКШ: Харрис менен Трамп дебатка чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

Дебатка кайра көңүл буруу

Трамптын шайлоо өнөктүгү дебатка кайра көңүл буруп, мыйзам жана тартип, саясий зордук-зомбулукка жеткирген коркунучтарды эске салып, алтургай атаандаштарын "ажырымга толгон климатты жаратып жатасыңар" деп айыпташы ыктымал.

Пенсильванияда экс-президентке биринчи кол салуу аракетинен кийин Республикачылар партиясынын мүчөсү Кимберли Читл америкалык саясий лидерлердин коопсуздугун камсыздаган атайын кызматтын башчысын ордун бошотууга чакырганы маалымат каражаттарына көп жазылды.

Соңку кол салуу аракетинде атайын кызмат шектүүнү алсыздандырууга болушунча тез аракет көрсө дагы президенттике талапкерлердин коопсуздугун камсыздоонун деңгээлине көзөмөлдү дагы кынтыксыз жүргүзүү жагы каралышы ыктымал. Трампка жана Республикалык партияга тарткан Fox News атайын кызматтын кол салууну кантип токтотуп калганына эмес, шектүү ок чыгарганга чейин мылтыгын кантип тор тосмо аркылуу мээлегенине көңүл бурду. Арийне, бул окуядан кийин Трамп эл алдына көп чыкпай, өнөктүктү санарип технологиясынын жардамы менен улантууга мажбур болушу да ыктымал.

Ажырымдын күчөшү

Кошмо Штаттарда саясий ажырым ансыз дагы тереңдеп турганда Флоридадагы окуянын маалымат каражаттарында бир жактуу чагылдырылганы жагдайды дагы оорлоштурат.

15-сентябрдагы окуяны президент Жо Байден жана Камала Харрис айыптап, "саясий зомбулук" деп аташты. Ал эми Трамптын тарапташтары экс-президентти саясий зомбулуктун курмандыгы деп санаса, анын атаандаштары кезектеги кол салууну Трамп тутанткан ажырымдын далили деп көрсөтүшү мүмкүн.

Кайрадан Украина

Флоридадагы кол салууга шектүү деп 58 жаштагы, Гавайядан чыккан Райан Уэсли Руттун аты аталууда. Өмүр баянында 1990-жылдардан бери көп кылмышка кириптер болгон, социалдык тармактарда Трампты сындап жүргөнү менен 2016-жылы аны колдогонун айтат. Руттун социалдык медиадагы постторунан Украинаны колдогон көз карашы сезилет.

Флоридадагы кол салууга шектүү Райан Рут
Флоридадагы кол салууга шектүү Райан Рут

2022-жылы Орусияга каршы украиндердин катарында согушуу үчүн чет өлкөгө сапар алат. Бирок Украинанын чет элдик легион боюнча өкүлү CNN телеканалына "ал эч качан легионго кошулбаганын жана кызматташпаганын" айткан.

Рут башкаларды дагы Украинаны курал кармап коргоого үндөп, бир катар маалымат агенттиктерине, анын ичинде 2022-жылы The New York Times жана Semafor басылмаларына маек курган.

XS
SM
MD
LG