Бул жолу АКШнын президенттигине өлкөнүн саясий тарыхындагы эң улгайган үмүткөрлөр аттанууда.
CNN телеканалынын студиясына чыкканда азыркы жана мурдагы президенттер бири-бири менен саламдашкан жок. Залда да көрүүчүлөр болбоду. Байден менен Трамп Орусиянын 2022-жылдын февралында кошунасына ар тараптан кол салганы боюнча ар башка көз караштарын билдиришти.
Буга чейин Орусиянын президентинин 2022-жылы Украинага кол салуу маалындагы тактикасын “гениалдуу” жана “абдан кыраакы” деп атаган Трамп эгер Кошмо Штаттарда “чыныгы президент” болгондо Владимир Путин Украинага "кол салбайт эле" деп Байденге опурулду.
“Ал мени менен мындай оюндарды ойноого болбой турганын билген”, - деди Трамп.
81 жаштагы Байден буга жооп кылып, Путинди “аскердик кылмышкер” деп атап, эгер Орусияга согушта ийгиликке жетүүгө жол берилсе, Путин Киев менен токтобостугун эскертти.
“Ал миңдеген, миңдеген адамды өлтүрдү”, - деген Байдендин үнү дебаттын дээрлик аягына чейин каргылданып турду.
Согуш башталгандан бери Байдендин администрациясы Украинаны жана анын президенти Владимир Зеленскийди колдоп келет. Вашингтон Киевге эң ири аскердик жана каржылык жардам берди.
Анткен менен 61 млрд долларлык жардамды камтыган соңку пакетти Конгресстеги республикачы-мыйзам чыгаруучулардын чек ара саясатындагы өзгөрүүлөрдү талап кылып, жарым жылга кармап турушту. Акыры жардам быйыл март айында гана жактырылды.
Дебат маалында экономика, иммиграция, аборт сыяктуу ички саясат маселелер да көтөрүлдү. Байден белгилегендей, Вашингтон Украинанын туруктуу тарапташы болгонуна карабай, ал дүйнөдөгү 50дөй мамлекеттин лидерлеринин башын бир коалицияга бириктире алганын жана алар Украинага орус күчтөрүнүн мизин кайтарууга жардам берерин айтты.
“Бул НАТОдон чыккысы келген киши”, - деди Трамп тууралуу Байден. Ал маал-маалы менен ишенимсиз жана чар жайыт жоопторду кайтарып атканы байкалды.
Мурдараак Путин Украинадагы ок атышууну дароо токтотуу үчүн Киев буга чейин четке кагып келген бир нече шартты сунуштаган.
78 жаштагы Трамп орус лидеринин согушту токтотуу боюнча шарттары “кабыл алынгыс” экенин айтты.
Байден “дебат уланып жаткан маалда чындап күчтөнгөнү менен өзүнчө дүрбөлөңгө түшкөндөй болду”, - деди CNN телеканалынын обосунда АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын кеңешчиси Дэвид Аксельрод.
Дебаттын жүрүшүндө Трамп ошондой эле бир жылдан ашуун Орусияда тыңчылыкка айыпталып, камакта жаткан Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершковичтин бошото албай жатканы үчүн Байденди сынга алды.
Кабарчы өзү, ал иштеген басылма жана АКШ бийлиги Гершковичке тагылган айыптардын баарын четке кагып, "саясий мүдөөсү бар" экенин айтып келишет. Экс-президенттин айтымында Байден Гершковичти “илгери эле чыгарып алышы керек эле”. Журналисттин соту 26-июнда башталып, Сибирде жабык өтүп жатат. Расмий Вашингтон Орусияда камакта жаткан америкалык жарандарды чыгаруу үчүн болушунча аракет көрүлүп жатканын такай билдирет.
Трамп Путин “кабарчынын бошотулушу үчүн миллиардаган, миллиарддаган долларларды сурап жаткан болушу мүмкүн” экенин айтты. Бирок аны эмнеге таянып айтып жатканы беймаалым калды.
Бирок эксперттердин айтымында, ал 2023-жылдагы расмий Тегеран менен түзүлгөн келишим тууралуу айтып жатышы мүмкүн.
Анда Иранда кармалган беш америкалык бошотулган. Бул үчүн Вашинтон Түштүк Кореянын банктарындагы миллиарддаган долларлык Ирандын активдерин камактан чыгарган.
Вашингтон бир нече ирет, ал каражат атайын эсептерде сакталарын, аны чектелүү эле адамдар ача аларын айтып келген. Иран бул каражатты дары-дармек, азык-түлүк сыяктуу гуманитардык максатта колдоно алат.
Трамп ошондой эле Байденди “өлкө тарыхындагы эң жагымсыз окуя” үчүн жоопкер деп айыптады. Бул АКШ башында турган аскерлердин Ооганстандан 2021-жылдын август айында чыгарылышы.
Трамп өзү кызматтан кетерден бир жыл мурда “Талибандын” жетекчилиги менен сүйлөшүп, эл аралык аскерлерди чыгарып кетүүгө макул болгон. Бирок ал аны ишке ашырбай кеткендиктен Байден бул операцияны тескөөгө аргасыз болгон.
Байден Трамп 2020-жылдын ноябрь айындагы шайлоодон жеңилип кызматтан кеткенде "бардык тармактарда башаламандык болгонун" айтты.