Эркин журналист Канышай Мамыркулова Бишкектеги №21 тергөө абагына 19-майга чейин камалды. Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу камалгандан кийин башталган нааразылык уланууда. Бишкекте коомдук транспортто бөбөк арабалары үчүн кошумча жол кире киргизилгени коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу камакка алынгандан кийин башталган нааразылык акциялары уланууда. Соңку он жылдагы эң масштабдуу демонстрациялар Стамбул, Анкара жана Измирде алты күндөн бери өтүп жатат. Түркиянын президенти демонстрацияларды "зомбулук кыймылы" деп атап, оппозицияны айыптады.
Стамбулдун мэри камалды, аны колдогон митингде 300дөн ашуун киши кармалды
Орус армиясынын катарында согушуп, Украинада туткунга түшүп калганын айткан кыргызстандыктын видеосу интернетке жарыяланды. Ата-энеси кыргыз бийлигине кайрылып, уулун Украинадан экстрадициялоого жардам сурап, чет элдеги согушка катышканы үчүн жазасын мекенинде өтөсүн дешет.
Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова кармалып, 48 саатка камалды. Украина жана Орусия соңку суткада кайрадан бири-биринин аймагына сокку урду. Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоону өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Эми Украинадагы кырдаалдан кабар алалы. Украина жана Орусия соңку суткада да бири-биринин аймагына сокку урууну улантышты. Күн мурун Украина жана АКШ президенттери телефондон сүйлөшкөн.
Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда колдоду. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан ичинен Султанбай Айжигитов каршы болуп, калганы “макул” деп добуш берди.
Түрк бийлиги оппозициялык саясатчы, Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну кармап кетти. Маалымат каражаттары жазгандай ага "коррупция жана террордук топко көмөктөшкөн" деген айып тагылууда. Оппозициялык Республикалык элдик партия муну “болочок президентке каршы кутум” деп атады.
Түркияда миңдеген киши Стамбул мэри Экрем Имамоглунун кармалышына каршы акцияга чыкты. 19-март күнү эртең менен түрк полициясы Имамоглуну жана анын командасынын мүчөлөрүн кармап кеткен. Оппозициялык Республикалык элдик партия (CHP) муну “болочок президентке каршы кутум” деп баалады.
Жогорку сот Аскат Жетигенге чыккан буга чейинки шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Израилдин армиясы Газа секторуна абадан сокку урду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев төрт жашар кыздын өмүрүн алган жол кырсыгында машинени анын тууганынын баласы айдап баратканын тактады.
Израилдин коргоо министри Газада ЦАХАЛ “согуштук аракеттерди жандандырганын” жарыялаган. Ак үй Израил аба соккусу тууралуу алдын ала кабар бергенин билдирди. 15-январда Израил жана ХАМАС ортомчулардын жардамы менен Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен болчу.
Аксы окуясына 23 жыл болду. АКШ менен Орусиянын президенттери Украинадагы согушту токтотууну жана болжолдуу тынчтык келишимин ушул аптада телефондон талкуулай турган болду. Бишкекте бир күндө үч бала көп кабаттуу үйдөн кулап, чарчап калды.
Дагы жүктөңүз