Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:05

АКШ: Харрис тажрыйбалуу губернатор Тим Уолз менен шайлоого аттанат


 Камала Харриc жана Тим Уолз
Камала Харриc жана Тим Уолз

6-августта Камала Харрис вице-президенттикке Миннесота штатынын губернатору Тим Уолзду тандаганын расмий жарыялады. Ноябрдагы шайлоодо Харрис президент Жо Байдендин ордуна ат салышары белгилүү болгондон бери республикачыларга каршы аны менен кошо ким чыгары кызуу талкууга айланган эле.

Тим Уолз өз штатында прогрессивдүү мыйзамдарды кабыл алган.

Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, өткөн дем алыштарда Харрис Вашингтондо вице-президенттикке бир нече талапкер менен жолуккан. Тараза ташы Миннесотанын губернатору Тим Уолзго ооду.

Эми экөө шайлоо кампаниясынын алкагында беш күндө жети шаарды кыдырып чыкмакчы.

CBS өткөргөн акыркы сурамжылоого караганда, Харрис Трамптан бир упай алдыда. Дагы бир изилдөө мурда экс-президент озуп чыккан штаттарда эки талапкер теңме-тең келатканын көргөздү.

Демократиялык партия 5-ноябрдагы шайлоодо Трампка ким атаандаш болуп чыгарын расмий түрдө 19-22-августтагы курултайда жарыялайт.

Бирок Харрис ага чейин эле тарапташтардын колдоосун алууга жетишти.

Аны менен өнөктөш болуп ким чыгарын өзү чечет. Курултай бул маселеде добуш бербейт.

60 жаштагы Уолз такшалган саясий лидер, 12 жыл конгрессмен болуп, 2018-жылы Миннесотанын губернатору болуп шайланган.

Ал Небраскадагы чакан шаарда туулган. Абройлуу университетте билим алганы менен, элет жашоочулары саясатчыны “алардын арасынан чыккан” деп санашат.

Мектепте мугалим, футбол машыктыруучусунун жардамчысы болуп иштеген. 24 жыл АКШнын Улуттук гвардиясында кызмат өтөгөн.

Уолз штатты 2020-жылкы тополоң учурунда башкарып турган. Тополоң Миннеаполисте афроамерикалык Жорж Флойд деген киши полициянын колунан каза тапканда тутанган. Губернатор ошондо башаламандыкты токтотууга аскерлерди жөнөткөн.

Саясатчы өз штатында прогрессивдүү мыйзамдарды кабыл алган жетекчи, ЛГБТнын укуктарын колдоочу катары белгилүү.

Харристей болуп эле аялдардын бойдон алдыруу укугун жактайт.

Эсиңиздерге сала кетсек, республикачылардын талапкери, экс-президент Дональд Трамп Огайо штатынан сенатор Жей Ди Вэнсти тандаган.

АКШда вице-президентке кандай ыйгарым укук жүктөлөт?

Өлкөдөгү экинчи жогорку кызматты аркалаганы менен вице-президенттин расмий вазийпасы чектелген. Вице-президент Конгресстин жогорку палатасынын – Сенаттын төрагасы болот. Бирок мыйзам боюнча 100 мүчөдөн турган палата туңңгуюкка такалбаса, добуш бере албайт. Андай учур тарыхта 250 жолу болгон.

Вице-президент ошондой эле президенттик шайлоодон кийин шайлоочулар коллегиясынын добуштарын саноо жараянына жана аны бышыктоого жооп берет.

2021-жылдын 6-январына чейин бул кадыресе иш болуп саналчу. Анда экс-президент Доналд Трамп шайлоонун жыйынтыгын четке каксын деп вице-президент Майк Пенске кысым кылганда, ал Трампка баш ийбей койгон.

Мындан тышкары вице-президенттер көп учурда президенттин атынан конференция, саммиттер, акыркы сапарга узатуу жана башка иш-чараларга катышат.

“Вице-президентке расмий түрдө анча көп милдет жүктөлбөйт", - деп билдирди “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна саясий илимдердин профессору Жастин Вон.

АКШдагы шайлоо: Байден колдогон Камала Харрис ким?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

Буга карабай, президент өз кызматын аткара албай, отставкага кетип же каза болсо, вице-президент мамлекеттеги эң жогорку кызматты аркалайт.

Мисалы 1963-жылы Линдон Жонсон Жон Кеннеди киши колдуу болгондон кийин президент катары ант берген. Жералд Форд 1974-жылы Ричард Никсон Уотергейт жаңжалына байланыштуу кызматтан кеткенде анын ордун ээлеген.

Вице-президенттин расмий ыйгарым-укуктары анча олуттуу болбосо, эмне себептен саясатчылар бул кызматты аркалоого макул болушат?

Вондун айтымында, айрымдар аны президенттикке жакындаткан тепкич деп кабыл алышат. Башкаларга Ак үйдө иштөө үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болуп калат.

Жорж Буш Рональд Рейгандын тушунда сегиз жыл вице-президент болуп, 1988-жылкы шайлоодо уткан.

Жастин Вон Байден 66 жашында Барак Обаманын вице-президенти болууга макул болуп, адегенде сыягы экинчи топко кирген деп эсептейт. Ага чейин дасыккан саясатчы үч ирет демократиялык партиянын атынан талапкер болуу күрөшүндө жеңилген. Обаманын экинчи мөөнөтү аяктаганда, Байден президенттикке ат салышкан эмес, төрт жылдан кийин, 2021-жылы мамлекет башчылыкка келген.

Андан айырмаланып, анча ийгиликке жете албаган вице-президенттер да бар.

Жимми Картердин маалында вице-президент болгон Уолтер Мондейл демократтардын номинациясын жеңгени менен, 1984-жылкы шайлоодо Рейганга утулуп калган.

1988-жылы Буш Индиана штатынан сенатор Дэн Куйэлди өнөктөш кылып тандап, ал жылы республикачылар шайлоодо жеңген. Бирок 1992-жылы Билл Клинтон менен Альберт Горго утулуп калышкан. Куйэл 2000-жылы президенттикке барууга аракеттенген, бирок жарыштан чыгып калган.

Эксперттер Горду эң мыкты вице-президент деп санашканы менен, саясатчы 2000-жылы кенже Бушка утулган.

Мондейл Ак үйдөгү экинчи адамдын ролун өзгөрткөн адам катары аталып жүрөт. Анын тушунда президент менен жумалык түшкү тамактануулар салтка айланган. Мондейл саясатка таасир этип, “активдүү” вице-президенттин үлгүсү болгон.

Мындан жарым кылымдай мурда президенттикке талапкерлер өзүнө өнөктөш издегенде шайлоодо башка демографиялык топтор же фракциялар арасында добуш алууга жардамдаша алат деген саясатчыга артыкчылык бере баштады.

78 жаштагы Трамп 39 жаштагы Жей Ди Вэнсти тандаганда жаш жагынан тең салмактоону көздөгөн. Алардын саясий көз караштары дээрлик бирдей. Трамп бир эле мөөнөт президент боло аларын эске алганда, Вэнстин аркасы менен республикачылар лагеринде экс-президенттин саясаты жылдар бою үстөмдүк кылышы мүмкүн.

Ал эми Уолздун мыйзам чыгаруу жаатында бай тажрыйбасы жана прогрессивдүү идеялары бар. Бирок Миннесота негизги партиялардын бирине да ыктабаган штат болгондуктан, анын вице-президенттикке тандалышы шайлоо жыйынтыгына таасир этери белгисиз.

XS
SM
MD
LG