Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

11.09 сабагы: ​​​​​​​АКШнын «бүтпөгөн согуштарга» аралашкан доору аяктадыбы?


"Талибан" кыймылынын мүчөлөрү ооган башкалаасы Кабулда, 31-март, 2022-жыл
"Талибан" кыймылынын мүчөлөрү ооган башкалаасы Кабулда, 31-март, 2022-жыл

2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган теракттардан кийин эл аралык  коалиция Ооганстанга кирип, “түбөлүк согуш” башталган. Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң узак уруштагы жоготуулар Вашингтондун аягы көрүнбөгөн жаңжалдарга аралашуусуна чекит койдурдубу?

11-сентябрдагы теракттардан кийин АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Америка күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу, дүйнөдөгү демократияны коргоо менен трагедияга туруштук берерин билдирген.

“Алар (террорчулар) демократиянын духун өлтүрө албайт. Коомубузду кыйрата албайт. Демократиялык жолго арткан ишенимибизди жок кыла албайт”, - деп айткан Пауэлл.

2000-жылкы шайлоо алдында америкалык аскерлерди чет жактарга жөнөтүү маселесинде этият болуп келген ал маалдагы президент Жорж Буш глобалдык терроризм менен күрөштү саясатынын чордонуна айлантып, ал миссияны аткаруу үчүн “тилектештердин эл аралык коалициясын” түзүүгө киришкен.

АКШ баштаган коалиция ооган жергесинде башпаанек тапкан “Ал-Каида” террордук уюмунун 11-сентябрдагы теракттар үчүн мизин кайтарууга Ооганстанга кирген. Вашингтон ал-каидачыларга башкалка берген деп айыпталган “Талибан” режимин бийликтен тез эле кулаткан.

Бирок АКШнын Ооганстандагы тажрыйбасы акыр аягында майнапсыз аяктады, “Талибан” кайрадан өлкөнү башкарып калды. Дээрлик 20 жылга созулган урушта көптөгөн кишинин өмүрү кыйылды, эбегейсиз каражат кетти. Мындан улам АКШнын коомчулугу жана эки партиянын тең саясатчылары утушка мүмкүн эмес “бүтпөгөн уруштардан” оолак болууну тандагандай.

Президент Жо Байден 2021-жылдын 31-августунда АКШ тарыхындагы эң узак согуштун аяктаганын расмий жарыялап, “Ооганстанда 2 триллион доллардан көп акча коротулганын, 20 миң 744 америкалык жоокер жарадар болгонун, 2461 америкалык уруштан кайтпай калганын” айткан.

“Ал бүтпөгөн согушту узартууга ниети жоктугун” белгилеген. Байден арийне Ооганстандын коопсуздук кызматынын 70 миңдей өкүлү, 46 миңден ашуун карапайым киши, коалициянын жана контракт менен кызмат өтөгөн америкалык 4 миңден ашуун аскери каза тапканын сөз кылган жок.

Аскердик контингентти Байдендин тушунда чыгаруу 5-ноябрдагы шайлоо алдында кер-мур айтышууга жем таштады. Республикачылардын талапкери, мурдагы президент Дональд Трамп Байденди жана чоң жарышта ага атаандаш болуп чыгып жаткан вице-президент Камала Харристи АКШнын “Ооганстанда кемсинтүүгө учураганы” үчүн сындады. Ал негизинен башаламандык менен коштолгон акыркы эки күнгө көңүл бурууда. Ошондо “Ислам мамлекети-Хорасан” террордук уюмунун бомбалоосу маалында америкалык 13 жоокер жана 170тей ооган каза тапкан.

Ал эми Харристин шайлоо кампаниясы Трамптын 2020-жылы президент болуп турганда “Талибан” менен келишимге кол коюудагы ролун, ал документ аскерлерди чыгарууга жол ачып, “реалдуу эмес мөөнөт” белгиленгенине басым жасоодо.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маектешкен эксперттер 2009-2017-жылдары бийликте турган Барак Обамадан баштап Вашингтон администрациясы терроризм менен күрөш катары башталган өнөктүк кымбат жана “аягы жок” аракетке айланганын түшүнгөнүн айтышат.

«Ал - АКШ үчүн балким анча маанилүү эмес жерде абдан кымбат согуш болгон. АКШ операцияны “Ал-Каиданы” жок кылуу, “Талибанды” Ооганстандан кууп чыгуу үчүн баштаган. Эки максатына тең тез жетишкен. Кийин согуштун алкагы кеңейип, Ооганстанда демократияны орнотуу, өлкөнү башкарууга жөндөмдүү өкмөт түзүү, аларды колдоо ишине айланды”, - деп айтат Жон Хопкинс университетинин профессору Вали Наср.

Обама Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын кыскартуу менен ал өлкөдөгү миссияга чекит коюу стратегиясын иштеп чыгуу демилгесин көтөргөн. Андан кийин Трамптын тушунда ал жерде “калуу үчүн айныксыз жүйө барбы?” деген собол турган.

Профессор Насрдын айтымында, “Ооганстан тараптан жаралган коркунуч азайган, ал өлкөнүн стратегиялык мааниси төмөндөгөн чакта Кошмо Штаттар жылына бир миллиард доллар корогон, 10 миңдеген жоокер салынган түбөлүк согуштун сазына бата баштаган”.

Эксперт америкалык аскерлердин коргоосу астында түзүлгөн экономиканы жана жарандык коомду Ооганстан өз алдынча кармап кете албайт болчу деп эсептейт.

“АКШ түптөгөн нерсе тамыр жайбаган дарак сыяктуу. Андыктан кайсы бир учурда аны күчтөп эле тик кармап туруу үчүн мындан ары сугарбайм жана тирөөч болбойм деп айтасыңар”.

Нью-Йорк шаардык коллежиндеги эл аралык мамилелер боюнча ардактуу профессор жана Defense Priorities аналитикалык борборундагы программанын директору Райан Менон АКШнын миссиясы “өтөлүнө чыкты деп кандай шартта сыпаттаса болорун биле албай жатам”, - деп айтат.

Анын пикиринде, минималдуу ийгиликтүү жыйынтык деп “өкмөтү демократиялык болбосо да, террорчуларга аянтча болуп бербей турган, АКШ менен жакшы мамилелерди сактайт деп үмүт арта тургандай туруктуу өлкөнү атаса болор эле”. Бирок ошол максатка жетүүнү көздөп, иш жүзүндө “мамлекет түптөөгө аракет көрүлгөн”, - деп улантат Менон.

Эксперт аскерлерди Ооганстандагыдай болуп башаламан чыгарып кетүүнүн алдын алуу үчүн “чыныгы саясий, аскердик, жарандык институттарды түзүү зарыл эле” деп эсептейт. Андай болбосо “аскерлер коргобой калгандан кийин ошол институттар ойрон боло баштайт. Ооганстанда дал ошондой болду”, - деп эсептейт.

АКШнын «аягы жок уруштарга» аралашкан доору аяктадыбы?

АКШ аралашкан согуштар жана демократия куруу аракеттери Ооганстандагы 20 жылга созулган кампания менен чектелген эмес. Вашингтон 2003-2011-жылдары Иракта согушуп келди. Ал кымбат урушту, мурдагы мамкатчы Пауэлл айткандай, "Багдад бийлиги массалык кыргын салуучу куралдын үстүнөн иштеп жатат" деген шектенүүлөр шарттаган. Кийин андай программа жок болуп чыккан.

АКШ Ооганстандагы контингентин чыгаргандан алты жума өткөндөн кийин, 2021-жылы өмүрүнүн акыркы күндөрү Пауэлл анын БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуш кылган аргументтери “чалгын кызматтарынын чоң алешемдиги болгонун” моюнга алган.

2014-жылы “Ислам мамлекети” террордук уюму менен күрөштө жардам берүү үчүн Иракка кайтып барган Кошмо Штаттар жана Багдад ортодогу мамилелерди калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө.

Soufan Center аналитикалык борборунун 9-сентябрдагы маалыматына ылайык, тараптар АКШнын “Ислам мамлекети” террордук уюму менен күрөштөгү лидерлигинен эки тараптуу өнөктөштүккө өтүүнү макулдашты.

Профессор Наср белгилегендей, Ооганстанга кирүүнү коштогон бир топ өзгөчө жагдайлар – АКШнын аймагына кол салуу, терроризм менен күрөштү америкалык саясаттын чордонуна айлантуу, мамлекетти куруу натыйжалуу чечим деген идея кайра кайталанат деп айтуу кыйын. Президенттик шайлоо алдындагы үгүттүн фонундагы маанай шайлоочулар кылдат ойлонорун көргөзүүдө.

Эки талапкер тең «түбөлүк согуштарга» терс карагандай. «Менимче, америкалык коомчулук болочокто андай уруштарга катышууга дилгир эмес», - деп билгелейт Менон.

Бирок "Брукингс" аналитикалык институтунун тышкы саясат боюнча программасынын илимий кызматкери Мадиха Афзал жазуу түрүндөгү комментарийде «ооган урушунун айрым сабактары» өзгөчө жаңжалдын акыркы эки жылы учурунда талкуулана баштаганы менен, аскерлерди чыгарып кетүүдөгү башаламандык менен гана чектелип калган.

«20 жылга созулган уруштун масштабдуу сабактары убакыт өткөн сайын көз жаздымда калгандай», - деп жыйынтыктайт Афзал.

"Ооганстандагы кырдаалдан башка өлкөлөр сабак алышы керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:19 0:00

XS
SM
MD
LG