Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Украина, Газа жана Путин. АКШ президенттигине талапкерлердин алгачкы дебаты


Шайлоо алдындагы дебатта АКШ вице-президенти, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер көрсөтүлгөн Камала Харрис Американын мурдагы президенти, Республикалык партиядан президенттикке талапкер болуп чыккан Дональд Трамп менен кол алышып учурашты. 2024-жыл, 10-сентябрь
Шайлоо алдындагы дебатта АКШ вице-президенти, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер көрсөтүлгөн Камала Харрис Американын мурдагы президенти, Республикалык партиядан президенттикке талапкер болуп чыккан Дональд Трамп менен кол алышып учурашты. 2024-жыл, 10-сентябрь

АКШнын президенттигине Демократиялык партиядан ат салышып жаткан Камала Харрис менен республикачылардын атынан кайра эң жогорку кызматка барууга бел байлаган Доналд Трамптын алгачкы дебаты өттү.

Атаандаштар Украинадагы, Газа тилкесиндеги согуш, ички саясат, миграция, экономика темалары боюнча талашып-тартышты.

Пенсильвания штатында өткөн дебат мурда-кийин бетме-бет көрүшпөгөн талапкерлердин күтүүсүз кол алышуусунан башталды. Демократтардын талапкери “Камала Харрис” деп кол сунганда Трамп “көрүшкөнүмө кубанычтамын, рахат ал” деп айтып, алик алды. Бул 2016-жылдан берки президенттик дебаттардагы эки атаандаштын алгачкы кол алышуусу болду.

Экономика, иммиграция жана аборт

Мурдагы президент дебатты ыкчам баштады. Ал Харристи азыркы администрациянын экономика жана иммиграция багытындагы саясаты үчүн сынга алды. Анткени дал ушул эки маселе америкалык шайлоочулар үчүн абдан маанилүү. Президент Жо Байден менен вице-президент Харристин бийликте турган маалында АКШда инфляция көтөрүлүп, орто жана төмөнкү катмардагы америкалыктарга бир топ эле кедергисин тийгизгендей болду.

Ошол эле маалда мыйзамсыз иммиграция кескин күчөп, шаар бюжеттерине сезилерлик түйшүк түштү.

59 жаштагы Харрис дебаттын башында бир аз күйпөлөктөгөнү менен, аборт темасы башталганда дароо чыйрала түштү. Ал Трампты аялдардын эркиндигин чектегени үчүн айыптады. Анткени мурдагы президент 2022-жылы абортко уруксат берген 50 жылдан берки федералдык мыйзамды жокко чыгаруу боюнча Жогорку Соттун чечимин колдогон. Ал ар бир штат өз алдынча чечим кабыл алышы керектигин айткан.

Бул жерден Харрис өзүнүн негизги максаттарынын бирин ишке ашыргандай болду: Трамп өзүнүн өтмүшү тууралуу эмоционалдуу жана ой-келди билдирүүлөрдү жасап жиберди.

Мындан улам Харрис аны шайлоочулардын көйгөйлөрүнө көңүл бурбай эле, өзү менен алек болуп жатат деп айыптоого жетишти.

АКШ президенттигине республикачылардын атынан талапкер Дональд Трамп жана Демократиялык партиянын талапкери Камалла Харрис. 10-сентябрь, 2024-жыл.
АКШ президенттигине республикачылардын атынан талапкер Дональд Трамп жана Демократиялык партиянын талапкери Камалла Харрис. 10-сентябрь, 2024-жыл.

Дебатты түз ободо көрүү үчүн Вашингтондогу барга чогулгандар өз пикирлерин бөлүштү.

"Менимче, вице-президент Харрис өзүн абдан жакшы көрсөтө алды. Президент Трамп өтө каарын чачкандай сезилди. Көз карашы кууш, суроолорго дагы жакшы жооп бере албады. Аны туура жолдон буруп кетиш оңойдой сезилди. Менимче, Харрис жаркын келечекти көрө алат. Ошондуктан мен Харристи колдойм", - демократтарды жактаган Кристин пикири ушундай. Ал эми республикачыларды колдогон Гарри Трампты мындай деп мактады:

"Баары жакшы өттү деген ойдомун. Трамп жакшы ойлорун бөлүштү. Ал терең жүйөлүү аргументтерди айтып, өзүн жакшы кармады. Ошондой эле америкалыктарга негизги экономикалык билдирүүлөрдү жеткирди. Байден менен Харристин администрациясынын тушунда экономика чабал болду", - деди ал.

Харрис балдар үчүн салык жеңилдиктерин көбөйтүү сыяктуу бир нече саясий сунуш киргизди. Бирок өз демилгелерине каражатты кайдан табарын тактаган жок. Ошондуктан бул суроо шайлоочулар арасында жоопсуз калды.

Трамп өз кезегинде Харристин алсыз жактарына - иммиграция менен экономикага эле басым жасашы керек эле. Экономикадагы алешемдиктер тууралуу жакшы эле айтканы менен, иммиграция маселесине келгенде бир нече жолу буйдалып, так эч нерсе билдире алган жок.

Дебат маалында Харрис Трамптын күчтүү жактарын алсыздыкка айлантуу максатында бир катар билдирүүлөрдү жасады. Тактап айтканда, ал Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарып кетер алдында талибдер менен Трамптын ортосундагы болгон макулдашууну сындап, чет элдик лидерлер аны “шылдыңдап жатышканын”, Орусиянын президенти Владимир Путин Трампты “түшкү тамакка жеп коёрун” айтып, келекеледи.

Украина, Газа жана Путин

Харрис ошондой эле орус президенти Владимир Путинге жагыныш үчүн Украинага колдоо көрсөтүүдөн баш тартууга даяр деп Трампты айыптады.

Ошол эле маалда Трамп Харрис Израилди “жек көрөрүн” айтты эле, азыркы вице-президент аны дароо четке какты.

Эки талапкердин бири да дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдарды токтотуу боюнча так сунуштарды бере алышкан жок.

78 жаштагы Трамп шайланып калса, кызматка расмий киришкиче эле Украинадагы согушка чекит коёрун убада кылды. Анткен менен АКШнын калыптанган доктринасына ылайык, тышкы саясат боюнча чечимдерди шайланган президент эмес, кызматтагы мамлекет башчы гана кабыл алат.

Андан тышкары Путин менен Зеленскийдин ортосундагы макулдашууга таасир этүү боюнча кандай гана аракет болбосун Логан мыйзамына каршы келет. Ага ылайык, жеке тараптардын тышкы саясатка кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

“[Украинадагы] согуштун жайгарылышын каалайм. Мен аны президент болгуча эле жөндөйм. Согуштун токтошун каалайм. Мен адам өмүрлөрүн сактап калгым келет”, - деди Трамп.

Ошентсе да ал "Украина согушта жеңиши керекпи?" деген суроого так жооп берүүдөн эки жолу баш тартты.

Арсар штаттардагы шайлоочулардын добушу үчүн күрөш

Харристин бул дебаттагы дагы бир максаты аны көп деле жакшы билбеген шайлоочуларга өзүн тааныштырып, негизги маселелер боюнча позициясын жеткирүү эле. Жакында эле жүргүзүлгөн сурамжылоо шайлоочулардын төрттөн бир бөлүгү 59 жаштагы вице-президентти анча деле билбестигин көрсөткөн.

Харрис демократтардын ыктымал талапкери болуп жети жума мурда гана көрсөтүлгөн. Андан бери маалымат каражаттары менен байланышуудан оолак болуп, бир гана чоң маек курганга жетишти. Мындан улам анын кампаниясы үчүн бул дебат абдан маанилүү эле.

Дебаттын модераторлору Трамптын сөздөрүн бир нече жолу ондоп-түздөп, чын-бышыгын ырастап жатышты. Маселен, "Огайо штатындагы шаарлардын биринде иммигранттар үй жаныбарларын жейт" деген билдирүүсүнүн далили жок экенин айтышты.

Трамптын тарапташтары модераторлор Харристин элдин пикирин адаштырган билдирүүлөрүн текшербегени үчүн нааразы болушту. Мисал катары, алар Трамптын маалында жумушсуздук Улуу депрессиядан берки эң төмөн деңгээлге түшкөнү тууралуу Харристин билдирүүсүн келтиришти.

Ошентсе да Республикачылардын талапкери дебаттан көңүлү көтөрүңкү чыкты.

"Мага баары бир, бул менин эң мыкты дебатым болду. Менимче, ал жакшы өттү", - деди Трамп.

5-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы негизинен арсар штаттардагы тандоосун жасай элек шайлоочулардын добушунан көз каранды. Талапкерлер дал ошолордун добушу үчүн күрөшүүгө аракет жасашты.

Камала Харрис дебаттан чыгып эле Филадельфиядагы тарапташтары менен жолукту.

"Бүгүн жакшы күн болду. Эртең ишке киришүүбүз керек. Бизде 56 гана күн бар. Иш көп", - деген Харристин штабы алардын талапкери дебатта күчтүү болду деген ишенич менен дароо экинчи айлампасын өткөрүүнү талап кылышты.

Трамп алардын мындай чакырыгы Харристин “болуп көрбөгөндөй жеңилиши” менен байланышта экенин айтты.

Маселе эми бул дебат эң башкысы шайлоочулардын добушуна кандай таасирин тийгизеринде.

XS
SM
MD
LG