Бишкекте Европа Биримдиги жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык талкууланууда.
Бул иш-чарага катышуу үчүн Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини жана Борбор Азия өлкөрүнүн тышкы иштер министрлери Кыргызстанга келди.
Иш-чара алкагында Евробиримдик менен Кыргызстан ортосундагы мамиле да өз алдынча талкууланып, кызматташууну кеңейтүү боюнча жаңы келишимди даярдоону аягына чыгарды.
Расмий Брюссель менен Бишкектин ортосунда эмне өзгөрүү болушу мүмкүн?
Соңку эки күндө Бишкек Евробиримдик менен Борбор Азия чөлкөмүнүн мамилеси талкууланган чордонго айланды.
Кыргызстан менен Евробиримдик ортосундагы кызматташтык тууралуу
Бишкекке сапар менен келген Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселеси боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жолугушуусунда сөз болду.
Жолугушуудан кийин Чыңгыз Айдарбеков менен Федерика Могерини журналисттерге маалымат беришти. Айдарбеков Могерининин сапарын "тарыхый" деп атады.
Министр Кыргызстан үчүн Евробиримдиктин парламенттик тажрыйбасы абдан маанилүү экенин кошумчалап, 2018-жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 1 миллиард долларга жеткенин белгиледи.
Жолугушуу жүрүшүндө билим берүү тармагын колдоо үчүн Европа Биримдиги менен 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлганы маалым болду.
Жаңы келишим эмнеси менен айырмаланат?
Жаңы келишим Евробиримдик менен 1999-жылы кол коюлган буга чейинки келишимди жаңылап, аны учурдагы шартка ылайыкташтырган. Анда Кыргызстанда жана аймактагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен экономикалык жана соода тармактагы укуктук базаны жакшыртуу каралган.
Саясат, демократия, укуктун үстөмдүгү, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу камтылган.
Ал эми тышкы саясат жана коопсуздук тармагында аймактагы туруктуулукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алууда биргеликте аракет көрүү каралган.
Соодада болсо укуктук базаны жаңылап, экономика, финансы, энергетика, айыл чарба, санариптик экономика, аймактарды өнүктүрүү ж.б 24 багыт боюнча кызматташтыкты бекемдөө макулдашылды.
Эми эки тараптын юристтери жана лингвисттери келишимдин текстин изилдеп чыгат. Документ ички процедуралардан өткөндөн кийин кол коюлат. Ага чейин ЕБ өзүнүн мүчө өлкөлөрү менен макулдашып, Кыргызстан парламенттен ратификация кылышы керек.
Буга чейин Евробиримдиктин өкүлдөрү Кыргызстан менен келишимге 2020-жылдын башында кол коюу пландалып жатканын билдирген.
Кыргыз бийлиги акыркы жылдары Евробиримдик менен кызматташууга көңүл бура турганын билдирип келет. 2018-жылы Брюсселге расмий сапар менен барган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Евробиримдикти демократиялык баалуулуктарды алга жылдырууда маанилүү өнөктөш катары көрө турганын айткан.
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Кыргызстан менен ЕБнын мамилесинде расмий Брюссел өтө сабаттуу саясат жүргүзүп, Бишкектин тандоосуна сый менен мамиле кылып келгенин белгиледи.
"Европа Биримдиги биздин тандап алган жолду колдоп жатат. Биз парламентаризмди тандап алдык. Бул кимдир бирөө үчүн жаңылыштык көрүнүшү мүмкүн. Бирок Евробиримдик саясий жактан сабаттуу жана кылдат мамиле кылат. Документти байкасаңар, өлкөнүн талабын эске алуу менен абдан кылдат жазылган".
Европа Биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атайын өкүлү Петер Буриан буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде шаркет Кыргызстандын демократия баалуулуктарга умтулуу аракетин бааларын билдирген.
"Европа Биримдиги ар кыл өлкөлөр менен алака түзүүдө, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмү менен кызматташууда ал өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурабыз. Албетте, биз кайсы бир өлкөгө өзгөчө өнүгүү моделин таңуулабайбыз. Бул ошол өлкөнүн жарандарынын колунда болушу керек. Бирок Кыргызстанга парламенттик системанын үлгүсүн көрсөтөт деп чоң ишеним менен көз салып турганыбызды жашырбайбыз. Бул өнүгүү жолун ар кыл долбоорлор жана инвестиция менен колдоп келе жатабыз. Менин оюмча, Евробиримдиктин аткарып жаткан иштери тууралуу жетиштүү кабар берилбей жатат".
Эксперттер ириде расмий Бишкек ЕБ менен кызматташтыкты демократиялык баалуулуктарды, парламентаризмди өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты жолго сала албай келгенин билдиришет.
Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев Бишкектин Евробиримдик менен мамилесинде Орусиянын фактору маанилүү экенин белгилеп, жергиликтүү жетекчилердин карманып келгенин белгиледи.
"Евробиримдик жана ага мүчө мамлекеттер мурдагы, азыркы президент менен деле негизги парламенттик, шайлоо жаатындагы реформаларды, демократиялык иш-чараларды колдоп келе жатат. Башка жааттарда мамилени өнүктүрүүнү бир аз кыйынчылыктар коштоп келет. Бул эми өзүбүз тараптагы кемчиликтерге да байланыштуу. Мисалы, экономикалык жаатта Европа Биримдиги бизге “ВСП+” артыкчылыктарын берген. Биз Европага товар экспорттоого мүмкүнчүлүк алганбыз. Бизге берилген жети жылдык мөөнөттүн үч жылы өтүптүр. Ошол убакыт аралыгында өтө кичине көлөмдө экспорт кылууга жетише алдык. Жаңы стратегиялар ишке кирип жатканда өкмөт аракет кылса, иш алдыга жылмак".
Кыргызстан менен Евробиримдик ортосундагы кызматташтыкта акыркы жылдары көңүл бурулган тармак экономикалык алака болууда. Евробиримдик 2015-жылы Кыргызстанга «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат берген. Бул система алкагында кыргыз ишкерлери 6,5 миңдей товарды Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз экспорттоого мүмкүнчүлүк алган.
Кыргызстан ишкердик кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков өкмөт бул жаатта потенциалды толук колдона албай жатканын белгиледи.
"Дараметти колдонуу анчалык деңгээлде өрчүй элек. Биздин соода жүгүртүүбүз, алтынды эске албаганда өтө деле жогору эмес. Аны жогорулатуу үчүн эки тараптын ишкерлерин көбүрөөк жолуктуруу керек. Аткаминер менен аткаминер жолукканда көп нерсени билбей калышы мүмкүн. Ошол себептүү өкмөт чет өлкөгө барганда ишкерлерди көбүрөөк ээрчите барышы керектигин айтып жатабыз".
Кыргызстан менен Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн товар жүгүртүүсү 2018-жылы 1 млрд. АКШ долларын түзгөн.
6-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Европа Биримдигинин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссары Федерика Могерини жолугары да кабарланган.
Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могерининин Бишкекке сапарынын алдында сегиз эл аралык уюм абакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу маселесин көтөргөн.
Адам укуктарын коргогон «Amnesty International», «Human Rights Watch», «Frontline Defenders» сыяктуу эл аралык деңгээлде адам укугун коргогон уюмдар Могериниден Аскаровду абактан чыгарып, дарыланууга чет өлкөгө коопсуз алып чыгып кетүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнүшкөн.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.