Деңиз деңгээлинен 1900 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Челек көлү кайталангыс табияты жана Кызыл китептеги жаныбарлары менен ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.
Экономика
дүйшөмбү 29 Июль 2019
Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы кендеги чалгындоо иштерине быйыл көбүрөөк каражат бөлдү.
Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңеши кендин аймагындагы чалгындоо иштерин жүргүзүүгө кошумча 6 миллион доллар бөлгөнү маалым болду. Мындай аракет алдыдагы алты жылда толугу менен жабылат деп айтылган кенде алтындын жаңы корун аныктоо максатын көздөйт.
Канадалык компаниянын Кыргызстандагы ишканасы - «Кумтөр Голддун» өкүлү Мирлан Кимсановдун айтымында, кенди чалгындоого акыркы жылдары жалпысынан 1 миллиард 680 миллион сом бөлүнгөн:
«2018-2019-жылдарга карата кенде геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө 18 миллион доллар бөлүнгөн. Быйыл болсо анын үстүнө дагы 6 миллион доллар кошумча бөлүндү. Мындай жол менен «Центерра Голд» компаниясы изилдөө жүргүзүп, Кумтөрдүн иштөө мөөнөтүн узартууга аракет кылып жатат. Геологиялык чалгындоо мына ушуга багытталган».
Демек, өлкөнүн бюджетине салык катары кошкон үлүшү салмактуу болгон долбоорду улантуу аракети жүрүп жатат.
Буга чейин кыргыз өкмөтү Кумтөр 2026-жылы жабыларын жарыялаган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага чейин өкмөт Кумтөргө болгон экономикалык жактан көз карандылыкты толугу менен жоюунун үстүнөн иштей турганын кабарлаган. Бирок Кыргызстандын Тоо-кенчилер биримдигинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, кенде чалгындоо иштерин күчөтүүнүн натыйжасында долбоорду узартууга мүмкүнчүлүк ачылат:
«Бул сөзсүз түрдө Кумтөрдүн келечеги үчүн мүмкүнчүлүк түзөт. Анткени 2019-жылдын 1-январына алганда кендеги алтындын кору 140 тоннага чейин деп болжолдонгон. Эгер жыл сайын 17 тоннадан алтын өндүрүлсө, кен 2026-жыл эмес, андан бир топ убакытка чейин иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар деген үмүт бар».
Анткен менен кенди иштетүүнүн айланасында башы ачылбай турган бир нече маселе бар. Алгач, «Центерра Голд» менен Кыргызстандын ортосундагы кен иштетүүдөн түшкөн кирешенин үлүшү канча болушу керек деген талкууга чекит коюла элек. 2009-жылдагы келишимге ылайык, Кыргызстан «Центерра Голддун» 33 пайыздык акциясына гана ээ болгон. Мындан соң үлүш боюнча бир нече жолу сүйлөшүүлөр өтсө да, андан майнап чыга элек.
Экинчиден, кенди иштетүүдөгү экология маселеси. 2018-жылы Сапар Исаков жетектеген кыргыз өкмөтү «Центерра Голд» компаниясы менен экологиялык жаңы макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, канадалык компания айлана-чөйрөнү коргоо жаатында төлөмдөрдү көбөйтүүгө макул болгон. Кыргыз тарап жооп катары буга чейин «Центерра Голдго» койгон экологиялык доодон баш тарткан.
Жаңы келген өкмөт «Центерра Голд» менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү убада кылганы менен бул тууралуу конкреттүү кадам да, жыйынтык да коомчулукка айтылган жок.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кенде алтындын жаңы кору табылса, аны жаңы жол менен иштетүү зарыл деген пикирде. Анткени жагдай өзгөргөндөн кийин, кыргыз өкмөтү мындай шарт, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөгө пайдалуу боло тургандай кылып, конкреттүү сунушун айтса болот:
«Негизи Кумтөрдүн айланасындагы түшүнүксүз абалга чекит коюш керек. Мисалы, монголдор Гацуурт деген кенин өздөрү сатып алып, чалгындап иштетип жатат. Бизде өкмөттөр стабилдүү иштебегендиктен саясий олку-солкулук «Центеррага» жагып жатат. Жеке оюм боюнча, биз «Центерра» менен коштошуп, алтындын жаңы кору болсо өзүбүз башкарууну алып, иштеткендей болуш керек».
«Кумтөр» кенин иштетип жаткан «Центерра Голд» - өлкөдөгү эң ири ишкана. Ал Кыргызстандын ички дүң өңүмүнүн 10 пайызга жакынын жана өнөр жайынын 20 пайыздан ашык бөлүгүн түзөт.
Ал эми «Центерра Голддун» азыркы учурда дүйнө жүзүндө жалпысынан тогуз активи же учурда иштетип жаткан тогуз кени бар. Алардын ичинен эң ириси - Кумтөр.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.