Экономика жаатындагы эксперт Эсен Момункулов инвесторлорду тартуу кандай шартта ишке ашарын айтып берди.
Экономика
ишемби 27 Июль 2019
Өзбекстан экономикасын чет элдик инвесторлорго ачып жатат. Өткөн жумада ташкенттик делегация Нью-Йоркко барып, бизнес форум өткөрдү. Ислам Каримовдун жарым кылымдык башкаруусунда өлкө сырт дүйнөдөн саясий да, экономикалык да өңүттөн алганда обочолонуп кеткен.
Шавкат Мирзиёев президенттикке келгенден тарта Өзбекстанда мамлекет карамагындагы ишканаларды жеке менчикке өткөрүү процесси жанданган.
Максаты чарчап-чаалыккан ишканаларга чет элден инвестиция тартып, жан киргизүү. Бирок анын алдында өзбек өкмөтү капиталдык базарын өнүктүрүп, чет элдик инвесторлорго аянтча түзүп бериши керек болду.
Өзбекстандын тышкы иштер министри баштаган делегация АКШда бир жумадан ашык убакыт жүрдү. 22-июлда Нью-Йорктогу финансы мекемелери жыш жайгашкан атактуу Уолл-Стрит көчөсүнө барышты.
Күнү бою форум өткөрүп, мекениндеги экономикалык реформалар, инвестициялык климат, банк, финансы тармагындагы өзгөрүү, жаңылыктарды айтып беришти. Анын шарапаты менен өзбек бийлиги жеке колго өткөн компаниялардын акцияларын эл аралык фондулук биржалар, анын ичинде Нью-Йорктогу биржа аркылуу сатууну көздөп турат.
Ошол эле маалда Ташкенттин өзүндө акча жүгүртүлгөн институттарды, анын ичинде фондулук биржаны жаңыртуу аракетин көрүп жатышат.
Форумга "Franklin Templeton", "Goldman Sachs Group" баштаган 130 компаниянын өкүлү катышкан.
"Ишенесизби же жокпу мага отурганга жер калбады. Өзбекстанга инвестиция салууга, Өзбекстандын капитал базарына ушунчалык кызыгуу бар", – деп толкунданды капиталдык базарды өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Атабек Назиров “Өзбекстан 24” телеканалына курган маегинде.
Аталган агенттик Өзбекстанда жыл башында түзүлгөн. Ал эми Атабек Назиров 20 жылдан бери мекенинен четте, анын ичинде Кошмо Штаттарындагы "Goldman Sachs Group", "JPMorgan Chase" өңдүү ири финансылык компанияларда, банктарда иштеген.
Президент Мирзиёевдин чакыруусу менен келип, Өзбекстанда финансы тармагын реформалоо, Уолл-стриттеги технологияны, моделди алып келүү аракетин көрүп жатат:
"Өзбекстандан жыйырмадан ашуун компания биз менен Нью-Йоркко келди. Аларга да инвесторлор менен учурашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биздин дагы бир негизги вазийпабыз аларды Өзбекстанга чакыруу, инвесторлордун ишин Ташкентте уюштуруу, кеңселерин ачуу. Ташкентте иш орундарын ачуу жана алардын тажрыйбаларын Өзбекстандын баалуу кагаздар базарына көчүрүү", - деп сөзүн улады Назиров.
Инвесторлор кандай шартта келет? Бул суроого экономика боюнча эксперт Эсен Момункулов жооп берет.
Жергиликтүү маалымат каражаттары быйыл жыл башында Ташкенттин өзүнүн Уолл-стрити пайда болорун жазышкан.
Тактап айтканда, борбордо 6,5 чакырымга созулган бизнес, административдик, оюн-зоок кеңселери жайгашкан бульвар курула турганы кабарланган. Айрым инвесторлордун сөзүнө караганда курулуш бүтсө кеңселер бош калчудай эмес. "Mitsubishi UFJ Financial Group" холдингинин Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси Айман Муканова мындай деди:
"Мен өнүгүп келе жаткан базарлар департаментинде иштейм. Биз 35тен ашуун өлкөнү камтыйбыз. Алардын ичинен өзүнө тарткан өлкөлөрдүн бири Өзбекстан. Өсүш темпи, ошондой эле Борбор Азияда жайгашканы, чөлкөмдөгү калкы эң көп өлкө болгонуна байланыштуу. Буга чейин өлкөдөгү эки стратегиялык, ири долбоорду каржыладык. Ал “Навоиазот” жана “Өзбекстан GTL”.
Ошол эле маалда жаңычыл кадамдарга тоскоолдуктар аз эмес. Өзбекстандык саясат талдоочу Камолиддин Раббимов негизгилерин санады:
"Президент албетте новатор, реформатор. Ошентсе да ал бюрократтардын армиясы менен эсептешүүгө аргасыз. Каримовдун тушунда иштеген бюрократтар дале бийликте кала берүүдө. Мирзиёев Өзбекстанга инвестиция, реформа керек деп жаңы милдетти алдыга койду. Болбосо социалдык жарылуу болот. Реформаларды ишке ашырып, башкаруунун бир формасынан экинчисине өтүү үчүн мурдагы репрессиялык башкаруу үлгүсүнөн баш тартуу керек. Бирок бул үчүн кадр жок, түшүнүк жок, саясий маданият да жок. Мирзиёев үчүн жетишерлик эле татаал маселе ушул".
Президент Мирзиёев эл алдында сүйлөгөндө өлкөдөгү кадрдык таңсыктык тууралуу такай айтып келет. Жаштарды чет өлкөдөн окутууга багытталган “Үмүт” программасы Казакстандагы “Болашак” сыяктуу ийгиликтерге жеткен эмес. Өткөн жылы фонд “Эл-журт үмүтү” деп өзгөртүлүп, багыты кеңейтилген.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.