Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Экономика

Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жаткан учур.
Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жаткан учур.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Оштогу ишкер Жалил Атамбаевге тиешеси бар деп саналган ишканалардын салыктарын териштирүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады.

Анда ишкерге тиешеси бар деген ишканалар 40 миллион сом салыкты жашырганы, ага көмөктөшкөн киши катары Финансы полициясынын бир кызматкери камакка алынганы белгиленген.

Финансы полициясы мындай текшерүүнү «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан качкан ишкерлер» аттуу иликтөөсү чыккандан кийин баштаган. Мындай бүтүмгө аты аталган ишкер жана анын тарапкерлери пикирин билдире элек.

Кыйгап өткөн миллиондун изи жана камалган салыкчы

Финансы полициясы тараткан расмий маалыматта «териштирүүдө А.Д. ишканасы 28 миллион сом, О.О. ишканасы 12 миллион сом жашырганы такталды» деп белгиленген. Мекеме тараткан маалыматта ошондой эле соттун токтому менен Жалил Атамбаевге таандык деген ишканалардын кеңселерине тинтүү жүргүзүлгөндө «Б» аттуу ишканадан Мамлекеттик салык кызматынын иштетилбеген пломбасы табылганы айтылган.

«Бул пломба ири өлчөмдөгү күйүүчү май куюучу идиштин оозуна коюлуп, пломба салык кызматкеринин катышуусунда гана ачылууга тийиш. Мындай пломбалар атайын жооптуу салык кызматкеринин гана колунда болуп, үчүнчү бир адамга берилишине тыюу салынган» деп айтылат маалыматта.

Ошол эле ишканадан Ош шаардык салык башкармалыгынын мөөрү басылган күйүүчү май ташуу багытындагы толтурулбаган бош кагаздар менен кошо нефтебазага келип түшкөн күйүүчү майдын көлөмү жазылуучу каттоо китеби да алынган. Муну Финансы полициясы «Ош шаардык салык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалына пайдаланып, «Б» ишканасынын жана өздөрүнү пайдасы үчүн мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштешкен» деп баалаган. Анын негизинде шаардык салык башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына 2-июлда киргизилген.

Финансы полициясы Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык башка ишканалар боюнча да тиешелүү иликтөө жүрүп жатканын маалымдады.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалил Атамбаев жана анын жакындары бул Финполиция жарыялаган бул маалыматка карата азырынча ачык позициясын билдире элек.

Финпол сөз болуп жаткан ишкердин аракеттеринин мыйзамдуулугун териштирүүнү «Азаттыктын» быйыл 17-апрелде обого чыккан иликтөөсүнөн кийин баштаган. Берүүнүн автору Ыдырыс Исаков «бул кишиге байланышы бар дагы ондон ашык субьект тууралуу али эч нерсе айтыла элек. Финпол аларды дагы иликтейт деп үмүттөнүп турам. Анткени Кыргызстан жыл сайын 40 миллиард сомду уурдатып келатат» деген пикирин айтты.

«Аягына чыгарына ишенбейм»

Иликтөөдө ишкер Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына тиешелүү деп эсептелген ишканалардан миллиондогон сом салыктар жашырылып жатканы айтылган. Алардын ичинде ППА, «Ормош-Ойл», «Жаңы доор», «Токбай курулуш», «ЖБК строй», «Беш-Арча», «Агро доор» жана «Айтук строй» фирмаларынын аттары аталган. Иликтөөдө өнөктөш катары чогуу иш баштап, аягында тиешелүү акчасын кайтара албай Атамбаевге алданганын айткан жарандар тууралуу да сөз болгон.

Алардын бири, Оштогу жергиликтүү ишкер Мирлан Маматов 2010-жылы Жалил Атамбаев менен чогуу курулуш тармагында иш баштаган 0,5 млн. доллар чамалуу акчасын эмдигиче ала албай жүрөт. Мирлан Маматов «Жалил Атамбаевдин иши боюнча Финпол текшерүү жүргүзүп, салык кызматкери кармалды» деген маалыматка анча деле кубанбаганын «Азаттыкка» билдирди:

«Бул маалыматты окудум, өзүмө да балдар айтышты. Бирок кубанган жокмун. Анткени ушуну менен эле Атамбаевдин иштери иликтенип, калыстык болуп кетерине ишенбейм. Себеби «Азаттыктын» көрсөтүүсү эфирге чыккандан кийин же Атамбаев өзү чалып койгон жок. Андан кийин «Финпол териштирүү баштады» дешти, ошондо деле мага бир тергөөчү же башкасы чалып: «Сиз ушинтип Жалил Атамбаевдин үстүнөн арызданган экенсиз, кандай дооматыңыз бар ага?» деп бир чалып сурап койгон жок».

«Азаттык» иликтөөлөрүндө ишкер Жалил Атамбаевдин мамлекеттик бюджетке миллиондогон сом салыктарын төлөбөй, жашырып жүргөнү тууралуу айтып чыккан. Ал маалыматтардын баары Мамлекеттик салык кызматынын расмий порталынан алынган. Ишкер ири суммадагы салыкты төлөбөй жүргөнү тууралуу ачык эле маалым болсо да, тиешелүү кызматтар ага кызыгып, текшеришкен эмес.

Муну белгилеген жергиликтүү эксперт Эркин Абдразаков азыр эми килейген бир тармактын бир бөлүм башчысын күнөөлүү кылып, камап койгону Жалил Атамбаевдин иши боюнча териштирүү аягына чыгарына күмөндү күчөттү деген пикирин айтты:

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

«Ошто шаардын ичинде Жалил Атамбаев канчалык деңгээлде бийлигин орнотуп алганы ошол көрсөтүүнү даярдап аткан учурда эле белгилүү болгон. Анткени анын төлөбөгөн салыгы тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын сайтында ачык турса да, Оштогу салыкчылар эч нерсе билбеген болуп четке чыга беришкен. Шаарда саналуу гана ири салык төлөөчү болсо, алардын канчасы төгүп, канчасы жашырып жатканы ачык эле да. Эми азыр бийлик талаш, кийинки шайлоого даярдык жана башка деп, элдин көңүлүн дагы башка жакка буруп, Атамбаевдин ишиндей резонанстуу иштерди арткы планга калтыруу аракети жүрүп жатат. Бул иште толугу менен мэрия жана шаардык салык башкармалыгынын күнөөсү чоң. Ушундай чоң империяны түзүп, болбогон бир сумманы төлөп койгон ишкерди ким жаап-жашырып, корголоп атат? Ушул суроого жооп берилиши керек».

Бул иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22-апрелде катталып, анын негизинде иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшериле баштаганын Финансы полициясы убагында кабарлаган.

17-апрелде «Ыңгайсыз суроолор» телепрограммасы аркылуу жарыяланган «Азаттыктын» иликтөөсү коомчулукта резонанс жараткан. Иликтөөнү негизсиз деп эсептеген ишкер Жалил Атамбаев «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковдон 50 млн. сом өндүрүп берүүнү сурап сотко кайрылып, кийин арызын кайтарып алган.

Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:39 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Жогорку Кеңештин тармактык эки комитети Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы аткезчиликке байланышкан маселени октябрда карамай болду.

Маселенин күзгө калышына эмне себеп болду? Өкмөттүн даярдыгы начарбы же кызыкчылыгы бар күчтөрдүн таасир эттиби? Аткезчиликтин масштабы соода-экономикалык кызматташтыкка кандай таасир этип жатат?

«Арай көз чарай» талкуусуна Экономика министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев, экономика боюнча эксперт Мейманбек Абдылдаев жана коопсуздук маселелери боюнча эксперт Максат Мамытканов катышты.

«Азаттык»: - Зайнидин мырза, Жогорку Кеңештин эки тармактык комитети ЕАЭБдин алкагындагы чек аралардагы аткезчиликке байланышкан маселени октябрда карамай болду. Муну айрым депутаттар өкмөттүн бул маселе боюнча даярдыгынын жоктугу менен түшүндүрдү. Сиз ушуга макулсузбу же дагы башка себептери барбы?

Зайнидин Жумалиев: - Мен мындай ойлорго кошулбайм. Өкмөт, тиешелүү министрликтер тарабынан иштер жүрүп жатат, абал көзөмөлдө десек болот.

Зайнидин Жумалиев.
Зайнидин Жумалиев.

Бизде «Эмнени аткезчилик деп айтабыз?», «Кайсы көрүнүштү аткезчилик деп айтпайбыз?» дегенди так түшүнүп алышыбыз керек. Албетте, Казакстандан чоң-чоң машинелер менен күйүүчү май кирип жатса бир жөн, аларды биздин күч түзүмдөрүбүз катуу көзөмөлгө алып, күрөшүп жатат.

Ооба, бул жерде аткезчилик боюнча маселе бар. Кармалгандарга иш козголуп, сотко өткөрүп беришүүдө. Ал эми аткезчиликке байланыштырып башка жагдайларды да айтып калышат.

Мисалы, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда жети чек ара өткөрмө пункту бар. Ошолордон Кыргызстандан өткөн ар бир жеңил машине күнүнө 60-70 литр багына куюп, андан сырткары 20 литрди башка идиш менен кошумча күйүүчү май алып чыкканга акысы бар. Бир күндөн бир посттон 50 жеңил машине кирип-чыкса эле, аз дегенде 5 тонна бензин ташылат экен. Ошондо беш посттон күнүнө 25 тонна май өтүп жатпайбы. Аны аткезчилик деп айта албайбыз.

Бизде эркин соода саясаты бар. Биз эч кимди токтото албайбыз. Бирок бир эле адам, бир эле машине менен бир нече жолу кирип чыкса, ал мыйзамсыз, алар жазаланыш керек.

«Азаттык»: - Мейман мырза, Жогорку Кеңеште Кыргызстанга аткезчилик менен кирген товарлардын айынан мамлекеттик казына миллиарддаган сомду жоготуп, мыйзамдуу иштеген, ак ниет салык төлөөчүлөр атаандаштыкка туруштук бере албай жатканы айтылды. Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын аткара албай жатат десек болобу?

Мейманбек Абдылдаев.
Мейманбек Абдылдаев.

Мейманбек Абдылдаев: - ЕАЭБге киргенде көбү каршы болгон, «даярдыгы жок кирип алдык» дегендер да болуп жатат. Менимче, Кыргызстан ЕАЭБге туура кирген. Биз көп маселелерде утуп жатабыз. Ал эми чек араларда аткезчиликтин болушу – бул бийлик башындагылардын коррупцияланышы менен тыгыз байланыштуу. Тагыраак айтканда бажы, салык жана чек ара кызматындагылар чогуу иш жасап жатат. Бири-бирин жаап-жашырган иштер уланууда. Биз «жогору жакта отургандарды тазалаш керек, реформа зарыл» деп келатабыз. Бул көрүнүш Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле келатат, ал экономикага оор зыянын тийгизүүдө.

Биздин өкмөт «көмүскө экономиканын көлөмү 40 пайыз» деп келатат, менин эсептөөм боюнча 60 пайызга чыгат. Бир мисал айтайынчы. Кытайдын бир жылда Кыргызстанга жиберген өткөн экспортунун көлөмү 5,5 миллиард доллар экен. Биздикилер болсо Кытайдан кирген импорттун көлөмүн 1 миллиарддын тегерегинде кылып көрсөтүшүүдө. Ортодогу 4,5 миллиард кайда? Аны ким жөндөп жатат? Мамлекеттик бажы кызматы баш болгон башка кызматтар бөлүштүрүп жатышы мүмкүн, мында өтө чоң кызматтагылар байланышта.

Дагы бир маселе. Кыргызстан ЕАЭБге киргенде коррупциянын жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылууда. Биз менен уюмга мүчө болгон мамлекеттерде да коррупция күч, өтө катуу тамырлашкан. Эми алардын, биздин коррупционерлер биригип кетишти, тилектештик кылып турушат. Маселенин өзөгү ушул жакта калууда.

«Азаттык»: - Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин өткөн саммитинде «чек араларга үч баскычтуу көзөмөл коёлу» деп демилге көтөрдү. Муну Кыргызстан аткезчилик менен жалгыз күрөшө албайт дегенди түшүндүрөт десек болобу?

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Максат Мамытканов: - Бир чети ушундай түшүнсөк болот. Экинчиден, биздин президент «эгер Кыргызстанга ишенбесеңер, анда чогуу текшерели» деп айтты десек болот. Муну менен Кыргызстанга болгон ишенимди көтөрөм деген ойдо болсо керек.

Бирок биздеги мүшкүл башка жакта. Эң башкысы - Кыргызстан ЕАЭБге даярдыгы жок кирген. Анткени бизде көп маселелер чечилген эмес. Биздин өнөктөш мамлекеттердин бардыгы экономикалык кызматташтыкта электрондук форматка өткөн. Алар эбак эле «электрондук эсеп-фактура», «электрондук бажы декларациясы» дегенге өткөн. Тилекке каршы, Кыргызстандагы чек аралардан товарларды өткөрүү, көзөмөлдөө баягы совет заманындагыдай эле кагаз жүзүндө жасалууда. Бизде көзөмөлгө алуу механизми артта калган.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

ЕАЭБ жемкорлорду бириктирди (Аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:31 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG