Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Экономика

Бишкек Бээжиндин көңүлүн тынчытты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Кытайдын лидери Си Цзиньпиң Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдында келди. Президент Жээнбеков менен төрага Си Цзиньпиң баштаган делегациялардын жолугушуусуyнда эки өлкө ортосундагы маанилүү маселелер талкууланды.

ШКУнун курамындагы мамлекеттердин желектери. Бишкек.
ШКУнун курамындагы мамлекеттердин желектери. Бишкек.

Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун XIX саммити башталууда. Ага катышуу үчүн Кытай, Индия, Орусия, Казакстан баштаган 11 мамлекеттин башчылары Кыргызстанга келип жатат.

Саммитте глобалдык коопсуздук, көп тараптуу экономикалык кызматташтык маселеси талкууланмакчы. Дүйнө лидерлери анда эки тараптуу жолугушууларды да өткөрө турганы мерчемделген.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдында келди.

Бишкек Бээжиндин көңүлүн тынчытты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) XIX саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүп жатат.

Уюмду 2001-жылы Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан негиздеген. 2017-жылы ага Пакистан менен Индия кошулган. ШКУнун баш катчысы Владимир Норов саммитте талкуулана турган маселелер тууралуу кыскача маалымат берди:

Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Норов.
Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Норов.

«Биздин өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык жана аймактык саясаттын маанилүү өңүттөрүн, ошондой эле ШКУнун аймагындагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууну, көп тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты жандантууну карайт. Министрликтеги адистер жана эксперттер тарабынан документтер даярдалган. Мамлекет башчыларынын колдоосуна ээ болгон ал документтер уюмдун ишине дагы салмак кошот деп эсептейбиз».

ШКУнун саммитиндеги негизги жыйындар 13-14-июнга белгиленген. Анын алкагында эки жана көп тараптуу жолугушуулар да болмокчу. Мисалы, Кремль Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Кытайдын жана Монголиянын лидерлери менен үч тараптуу жолугушуу өткөрө турганын кабарлады.

ШКУнун Бишкектеги саммити Кытай менен Вашингтондун соода согушу бүтпөй турган кезде өтүп жатат. Ошондой эле ага талаштуу Кашмир аймагында февралда болгон куралдуу кагылыштан кийин бири-бири менен жолуга элек Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди катышууда.

Нью-Делинин кабарлаганы боюнча, Модинин Хан менен эки тараптуу жолугушуусу мерчемделген эмес. Бирок Индия аймактагы терроризмге балта чабыш үчүн уюмга кирген өлкөлөр менен кызматташууга кызыгарын билдирүүдө.

«ШКУнун алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биз Орусия жана Кытай менен эки тараптуу жолугушуу өтө турганын ырастайбыз», - деди Индиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гитеш Шарма.

Иран, Ооганстан, Беларус жана Монголия уюмда байкоочу макамына ээ. Тегеран талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу салынган Вашингтондун санкцияларынан улам уюмдун курамындагы өлкөлөрдүн колдоосуна муктаж.

Хасан Роухани менен Владимир Путин. Февраль, 2019-жыл.
Хасан Роухани менен Владимир Путин. Февраль, 2019-жыл.

Ирандын президенти Бишкекте Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушары белгиленген.

Ал эми ирандык жана тажикстандык талдоочуларды акыркы жылдары мамилеси сууп, дээрлик беш жылдай эки тараптуу жолугушуу өткөрө элек Иран менен Тажикстандын президенттери Бишкекте көзмө-көз жолугушабы деген суроо кызыктырууда.

Иран-тажик мамилеси 2015-жылы Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясын Тегеран эл аралык конференцияга чакыргандан кийин бузулган. Бирок быйыл 1-июнда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Ирандын президенти Хасан Роуханини 15-июнда Дүйшөмбү шаарына чакырганы да кабарланган.

Касым Жомарт-Токаев ант берүү учурунда. 12-июнь, 2019-жыл.
Касым Жомарт-Токаев ант берүү учурунда. 12-июнь, 2019-жыл.

Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым Жомарт-Токаев да ШКУнун саммитине катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул - 9-июндагы президенттик шайлоодо 70 пайыздан ашык добуш алган Токаевдин биринчи чет элдик сапары.

Токаев Бишкек саммитине байланыштуу ант берүү аземин шайланар замат үч күндөн кийин өткөрүп, 12-июнда расмий кызматына киришкен.

ШКУдагы мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Ооганстан Ислам Республикасынын президенти Мухаммад Ашраф Гани 13-июнда Бишкекке келди.

ШКУга кошулган мамлекеттерде Жер шарындагы калктын 42 пайызы жашайт. Уюмду айрым учурда «азиялык НАТО» деп да мүнөздөп жүрүшөт.

Бирок акыркы кезде ал аскердик эмес, экономикалык багытка көбүрөөк көңүл бурууда. Ошол эле кезде талдоочулар ШКУну Кытай өзүнүн аброюн көтөрө турган саясий, экономикалык долбоорлорун ишке ашырыш үчүн колдонот деп санашат. Бээжин ШКУнун былтыркы саммитинде инвестициялык долбоорлорго 4,7 млрд. доллар каражат бөлө турганын жарыялаган.

Кыргызстандагы саммиттен кийин Владимир Путин, Си Цзиньпиң, Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана башка ондогон лидерлер Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарына чогулат. Анда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним саммити өтмөкчү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG