Эгер 2006-жылы расмий статистика үй-бүлөлүк зомбулуктун 300 гана учурун каттаса, 2012-жылы бул сан беш эсеге өсүп кеткен. Укук коргоочулар катталбаган учурлар толтура экенин белгилөөдө.
Кыргызстандык мигранттардын 70 пайызы – 28 жашка чейинки жаштар. Өлкөдөгү жумушсуздуктан жыл сайын чет жакка ооп аткан жаштар cаны көбөйүү гана үстүндө. Проблемаларды кантип чечебиз деген суроо жергиликтүү жана чет өлкөлүк жаштардын арасында бирдей эле маанилүү.
Адистердин айтымында, алардын саны миңдеп саналат. Арасында ал турмак бүт үй-бүлөсү менен паспорту жоктор кездешет. Конуштун тургундары ар кандай коомдук уюмдардын көмөгү менен документсиз жашаган ички мигранттарга жардам бере баштады.
Бишкекте абакка кесилген баланын ата-энеси Ленин районунун милиционерлери менен соттошуп жатат. Алардын айтымында, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери баласын кыйноого алып, анын катышы жок кылмышты моюнуна илип койгон. Бирок милиция кызматкерлери айыптарды четке кагып, соттолгон жаран бошонууга аракет кылууда деген ойдо.
Бишкекте зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам көрсөтүү кызматы ишке киришти.
2015-жылда өлкөгө берилген жүздөгөн жыштыктарды бир-эки жылдын ичинде өндүрө албаса, арткандары коңшу өлкөлөргө берилиши мүмкүн.
Кыргызстанга келген туристтердин саны мурдагы жылга салыштырмалуу жогорулаган. Адистер муну 44 мамлекетинин жарандарына визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам күчүнө киргени менен түшүндүрүүдө.
Чүй облусунун Юрьевка айылындагы таксисттер мушташып, эки адам оор абалда ооруканага жаткырылды.
Таластагы майып балдарды Бишкекке жакын көчүрүү боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлигинин чечими укук коргоочулардын арасында карама-каршылык жаратты.
Ооганстандан өткөн маңзаттардын дээрлик жарымы Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан аркылуу өтөт.
Ал өзүн дагы эле Кыргызстандын акыйкатчысы деп эсептейт жана парламент аны кызматтан четтеткен документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылды.
“БиБиГруп” компаниясы өзүнө таандык түнкү клубдун мүлкүн Чыныбай Турсунбековдун кызы тартып алды деп айыптоодо.
Мамлекет кымызга карата стандарттарды иштеп чыкканы менен, бир да сатуучу сертификат үчүн кайрылган эмес.
Кыйноодон улам ден соолугу начарлаган жана каза болгон эки адамдын туугандары мамлекеттен 60 миллион сом талап кылууда.
"Мир" телеканалынын Бишкектеги өкүлчүлүгү Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ага тиешелүү үч бөлмөнү мыйзамсыз бузуп, имаратка залака келтирди деп Фондго доомат артып жатат.
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн баасы жогору бойдон сакталып, жакын арада арзандаары байкалбайт.
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча Жол картасы ушул жылдын аягына чейин бекитилет.
Адистердин айтымында, жайкы ысыкта азык-түлүктөн уулангандардын саны жылдагыдан азайган жок.
Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат быйыл жүгүртүүдөгү эки тоннага жакын баңгизаттарды кармап, 800гө жакын адамды камады.
Дагы жүктөңүз