Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Экономика

Базар экономикасынын шартында коммерциялык банктардын мукурап, ордуна жаңыларынын келиши жаңылык деле эмес. Анткен менен иши токтогон коммерциялык банкка ишеним арткан кардарлардын тарткан зыянын эстеген киши аз. Алардын биртобу эмдиге чейин арызын кимге айтарын билбей жүрүшкөн чагы. Ошондон улам Улуттук банк көзөмөлүн күчөтүп, системанын ачык болушуна жетишүү аракетин жасап келатат.

Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов коммерциялык банктардын иши кандай жүрүп жатышынан калк кабардар болушу керек деген пикирде:

- Биз коммерциялык банктардын ырааттуу капиталдашуусун көзөмөлдөө саясатын уланта беребиз. Коммерциялык банк жетекчилеринин кесиптик деңгээлинин жогорулашын талап кылабыз. Биз мындан ары да кош ээлик кылчулардын ишин бекем көзөмөлгө алууну улантабыз. Коммерциялык банк сырларын ачыкка чыгарууну жөндөөчү, башкача айтканда, финансы отчетторун, экономикалык шарттарды сактоо жана башка нормативдик документтерди кылдат текшерип турабыз. Биз азыр ишти жакшыртуу үчүн эмнелерди жасоо керектигин аңдап билчү кызык учурду баштан кечирүүдөбүз. Ал үч багытта жүрүшү керек. Биринчиси, депозиттерди сактоо системасын иштеп чыгуу. Ишти сөзсүз илгерилетүү керек. Экинчиси, коммерциялык банктардын корпоративдик маданиятын жакшыртуу үчүн биз эмнелерди жасай алабыз? Үчүнчүсү, канткенде коммерциялык банктар чет элдик банктарга теңтайлаша алат?

Банк системасына элдин ишенимин кайтаруу, коммерциялык банктардын ишин болушунча ачык жүргүзүүнүн жолдору Улуттук банктын демилгеси Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен өткөн эларалык конференцияда эки күн кечке кенен-кесир талкууланган. Ушу тапта Кыргызстанда жыйырмага жакын коммерциялык банктар иштеп жатса, андан көп коммерциялык банктардын иши мукурап жүрүшпөй жабылууга аргасыз болушкан. «Кыргызөнөржайкурулуш» банкынын президенти Муратбек Мукашев бул система ыраатка салына баштаганынан кабар берет деген пикирде:

- Мен айтат элем, банк кризиси бар, бирок системалык, тармактык кризис жок. Буга кандай далил бар? Эгемендик тушунда 19 банк банкрот болду, жоюлуп кетишти. Бирок ошол эле учурда 19 банк кайра келип өз ордун таап калышты.

Банк системасынын өнүгүшү ириде экономикалык жагдайга байланыштуу. Улан Сарбанов четтен келчү жардамды үмтөтүп отурбай, конкрет иш жасалыш керек дейт:

- Баары өзүбүзгө байланыштуу. Бир нерсе жасагыбыз келсе, аны иш жүзүндө далилдей алсак, албетте, бизге жардам беришет. Эч нерсе жасабай, «бизге миллион бергиле» десек, «а миллион эмнеге, көрсөткүлөчү», деп сурашат.

Улан Сарбанов коммерциялык банктардын аракети менен эң төмөнкү капитал өлчөмү канча болорун Улуттук банк эмес, өздөрү аныкташы керектигин тастыктаган мыйзам долбооруна каршы экенин жашырган жок:

- Алардын оюнча, көзөмөлдөөчү жана тескөөчү орган катары Борбордук банк эң төмөнкү капитал өлчөмүн аныктоого акысы жок. Албетте, биз андайга макул эмеспиз, ага каршы чыгабыз. Биз эң төмөнкү капиталды кимдир бирөөнүн уйкусу жакшы болбой калганынан же кайсы бир адамды жакшы көрбөгөндөн улам чектеп жатканыбыз жок. Биз аны аманатчылар менен ишкерлердин кызыкчылыгын ойлоп жасап жатабыз. Бул банктын туруктуулугу жана ишти ыкчам башташына шарт түзүш амалында жасалып жаткан иш, - дейт Улан Сарбанов.

Анткен менен айрым банкчылардын айтымында, Улуттук банк тарабынан эң төмөнкү капитал өлчөмүн аныктоо майда банктардын иштешине шарт түзбөйт.

Ушул аптанын башында өкмөт экономикалык өсүштүн жарым жылдык жыйынтыгын чыгарды. Өткөн жылга салыштырмалуу үлкөн экономикалык жетишкендиктер болгондугу айтылды. Ички дүң продукт 9% ашуун өскөнү, өнөр жай өндүрүшү 18% жогорулаганы, калктын акчалай кирешелери арбып, жашоо-турмуш кадыресе оңолгону белгиленди.

Өкмөт экономикалык өнүгүш арымын дагы тездетүү үчүн сырттан келчү жеке инвестиция көлөмүн ички дүң продуктуга карата кеминде 25 – 30% көбөйтүү зарыл деп эсептейт. Азырынча ал 17% гана тегерегинде калууда. Быйылкы жылдын экономикасынын жарым жылдык өнүгүшүнүн дагы бир көзгө толумдуу көрсөткүчү - өнөр жай өндүрүшүнүн өткөн жылга салыштырмалуу 18% өскөнү. Бул ушу тапта иштебей токтоп турган 133 өнөр жай ишканасынын катарында кыйла эле кызык көрүнөт.

- 25 кирпич заводу бар эле. Мунун 5 – 6 гана иштеп атат. 20 токтоп калган. Андан башка мына, жеңил өнөр жай ири ишканаларынын баары токтоп турат. Иштеген жери жок. Бишкектеги машина чыгаруучу заводдордун көпчүлүгү токтоп турат. Катуу өсүп атат, деген туура эмес. 9% - 10% - бул шыптан алынган сөз, - дейт Абсамат Масалиев.

Өкмөт башчы Николай Танаев экономикалык өнүгүш себебин ириде өлкөдөгү саясий абалдын туруктуулугуна, инвестициялык жагымдуу маанайдын түзүлүшүнө байланыштуу түшүндүрүп келатат:

- Инвестиция 127% көбөйдү. Инфляция болгону 0,7% түздү. Сомдун курсу бекем кармалып турат. Анын анча-мынча өйдө-ылдый болуп турушу пайдалуу, - дейт Николай Танаев.

Өнөр жай өндүрүш көлөмүнүн өсүшү өткөн жылга салыштырмалуу кыйла дурус деңгээлге чыкканы көбүнесе тоокен өндүрүшүнө байланыштуу. Бул тармактын өнүгүшү мурдагысына салыштырганда 23% ашкан.

Анткен менен республикада көмүр өнөр жайы ушу тапта кризистен чыга албай турат. Абсамат Масалиевдин айтымында, өкмөт бул тармакка көңүл бура элек.

- Мен былтыр премьер-министр Н.Танаевге сунуш киргизгем. «Ошол шахтер шаарларын чогуу барып көрүп келели, аларды оңоонун жолдорун чогуу издейли, мен да тоокен адиси катары сизге жардам берейин» десем, ал киши качып мени менен бир да шахтер шаарга же шаарчага барган жок.

Өкмөттүн экономикалык өсүшкө өзгөчө басым жасап, ийгиликтерге көбүрөөк токтолуп отурушунун дагы бир олуттуу себеби бар. Быйыл күздө кыргыз өкмөтү Эларалык валюта корунун алдында үч жылдык иш-аракеттин натыйжасы тууралуу маалымат берип, Париж клубуна кирген өлкөлөрдөн тышкы карыздардын кыйла бөлүгүн кечип коюу, болбосо аны төлөөнү кийинкиге жылдыруу маселесин коет. Ошон үчүн макроэкономикалык туруктуулукту сактап туруу өкмөт үчүн өзгөчө маанилүү. Аны Кыргызстандын Каржы министри Болот Абилдаев да ырастайт.

- Биринчи маселе - макроэкономикадагы туруктуу абалды кармап туруш керек. Экинчиси, бул баягы биздин тышкы карыздарыбыз.

Өкмөт орчун эки милдетти жадынан чыгарбай, аны аткаруунун жолдорун издеши керектигин Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен такай белгилеп келет:

- Программанын ишке ашырылышын текшерүү керек. Жаңы программаны каржылоого Париж клубуна кирген өлкөлөрдүн макулдугун алуу зарыл. Эгер ушулардын баары оңуна чечилсе кийинки программада сырткы карыздар маселесине анчалык көңүл бурулбайт, - дейт Тапио Саавалайнен.

Жарым жылдык экономикалык көрсөткүчтөргө ыраазылыгын жашырбаган президент А.Акаев өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшкөндүгүн, мындан ары Кыргызстанды жалаң гана илгерилөө күтүп жатканын айтты. Өкмөттүн ишин Эларалык валюта кору менен Париж клубуна кирген өлкөлөр кандай кабыл алары азырынча белгисиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG