Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:21

Экономика

Бакыт Аманбаев, Бишкек Өткөн жылдын соңунда кыргыз өкмөтү Канадалык «Камеко» компаниясы менен бирдикте «Центерра голд» аттуу ишкана түзгөн. Мындан үч ай илгери Николай Танаев «Центерра голддогу» Кыргызстанга тиешелүү акцияларды сатуудан Улуттук банктын эсебине 85 миллион доллар түшкөндүгүн айткан. Көп өтпөй өкмөт башчынын мындай маалыматын Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов жокко чыгарып, 85 миллион доллар акча банкка түшө электигин журналистерге билдирди. Буга байланыштуу айрым саясатчылар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү үч айдан бери 85 миллион долларды жогорку бийликтин айрым өкүлдөрү тегеретип пайда көрүп жаткандыгын айтышып, мындай көп суммадагы акча тууралуу коомчулукка так маалымат берүүнү аткаруу бийлигинен талап кылышууда

Убагында кыргыз бийлиги «Кумтөр» алтын кени менен өлкөнүн келчегин байланыштырган. Андан түшкөн каражат менен Кыргызстан тышкы карызынан эле кутулбай, бүтүндөй экономиканы да өнүктүрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк болоорун коомчулукка байма-бай убада кылганы көпчүлүктүн эсинде. Иш жүзүндө «Кумтөр» кенин курууга жумшалган кредиттин 80 пайыздан ашууну төлөнүп, алтындын дүйнөлүк баасы бир нече эсеге кымбаттаган учурда Кыргызстан кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомунун натыйжасында «Кумтөр» кенине көзөмөлдүк кылуу укугунан ажырады. Тагыраак айтканда, ал токтомго ылайык кыргыз өкмөтү менен Канаданын «Камеко» корпорациясы “Центерра голд” атуу биргелешкен ишкана түзүшкөн. “Кумтөр” кени толук кирген “Центерра голд” ишкана акциясынын 70% пайызы «Камекого» калган 30% пайыздын тегерегиндеги акция кыргыз өкмөтүнө берилген.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында өкмөт башчы Николай Танаев мына ошол 30% акциянын бир бөлүгү 85 миллион долларга сатылып, акча Улуттук банкка түшкөнүн кабарлаган. Көп өтпөй Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов мынча акча ал жектектеген бакка келип түшө электигин айтып, өкмөт башчынын сөзүн жокко чыгарды. Өкмөт башчынын айтканын Улуттук банк төрагасынын жокко чыгарышы, коомчулукта түрдүү пикилерди жаратты. Ушул апта башында премьер-министр Николай Танаев өкмөт жыйынында 85 миллион доллар тууралуу өкмөт мүчөлөрүнө мындайча учкай маалымат берди:

- Улуттук банктын башчысы Сарбанов бул акча түшкөн жок деп айтыптыр. Акча биздин эсепке түшкөн. Болгону ага айрым техникалык себептер, мыйзамдуулуктун жетишээрлик иштелип чыкпагандыгы гана тоскоол болууда. Чынында акча бизде деп айтсак болот. Ага карабай эле кимдир бирөөлөр түшүнбөстүктөн эле кыйкырып, чуу чыгарып, шум чыгаруусу түшүнүксүз.

Өмөт башчы Николай Танаевдын жогорудагыдай сөзүнөн улам коомчулукта 85 миллион доллар кайсыл банктын эсебине түштү, үч айдан бери мындай акчаны кимдин уруксаты менен ким пайдаланууда. Анын үстөк баасы канча болду, деген сыяктуу мыйзамдуу суроолор жаралууда. Эл өкүлдөр жыйынын депутаты, «Ыссыккөл инвестбанктын» жетекчиси Болотбек Байкожоев 85 миллион акчаны бир күн тегеретип эле эбейсиз чоң суммада пайда көрсө болот дейт:

- Бир да адам акчасын бекер эле банкка бербейт. Кайсыл күндөн баштап салса, ошол күндөн баштап үстөк баа сурайт. Мыйзамдуу жол ушундай. Эми эсептеп көргүлөчү, 85 миллион доллар акчанын бир күндүк эле үстөк баасы канча болот.

Ал эми «Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова кыргыз бийлиги техникалык себептер менен акча түшпөй жатат деп, коомчулукту алдап, үч айдан бери мындай акчаны жүгүртүп, жең ичинен пайда көрүп жатат деген пикирде:

- Танаевдин техникалык себептер менен акча банкка түшпөй жатат дегени-админстративдик коррупция. Ошол үй-бүлөөнүн тегерегиндегилер мындай акчанын үстөк баасынан пайда көрүп жатышат. Чынында мындай чоң суммадагы акча бир жерде турат. Москава же башка жердеги банктарда пайдаланылып, үй-бүлөөгө пайда алып келүүдө. Ошондуктан, биз так маалыматты талап кылып жатабыз. Ал эми Танаев бүгүнкү күнгө чейин коомчулукту ар түрдүүчө алдап келет.

Ошондой эле Исмаилова буга чейин 85 миллион доллардын дайынын сурап Улуттук банк, өкмөт башчы Николай Танаевге кайрылгандыгын, алар эч бир жооп бербегендиктен Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет башчыларына кат жолдогондугун кошумчалады.

Ошентип, кадырлуу угармандар үч айдан бери кыргыз бийлиги 85 миллион доллар тууралуу коомчулукка расмий маалымат бербей келет. Ал эми бул маселеден Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери кандайдыр бир жыйынтык чыгарбы аны убакыт көрсөтөт.

Кыргызстанда экономикалык өнүгүш ырааты мыкты экени, өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр көңүл кубантарлык болуп атканын өкмөт байма-бай айтып келет. Анткен менен минималдуу эмгек акы азырынча 100 сомдон өйдө көтөрүлө элек. Бюджет көзүн караган калктын айлык акысы төмөн бойдон калууда. Негизинен чийки зат сатууга ыңгайлашкан өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн ургаалдуу деп айтууга болобу?

Туруктуу экономикалык өнүгүүгө жетишүү, жакырчылыкты жоюу – кыргыз өкмөтүнүн учурдагы стратегиялык максатына айланууда. Анын себеп-жөнү деле белгилүү. Эларалык каржы уюмдарынын кедей өлкөлөргө деп бөлүнчү көмөгү экономикалык туруктуу өнүгүү жана жакырчылыкты жоюуга жетишүү шарты менен берилет.

Кыргыз өкмөтү жарым жыл ичинде инфляция деңгээлин 1% ашырган жок. Аны жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарыла электе Улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов озунуп маалымдаган.

- Жөнөкөй тил менен айтканда, инфляция быйылкы беш айдын ичинде болжол менен 0,8% түздү. Муну Улуттук статистика комитети да ырастады. Башкача айткандa, май айында инфляция 0,1% түштү. Муну кантип мүнөздөөгө болот? Биринчиси, керектөө баасынын түшүшү, жашылча-жемиштердин 10% арзан сатыла баштагандыгы.

Улан Сарбановдун айтымында, жашыл-жемиштердин баасы адатта август-сентябрь айларында төмөндөчү, бул ирет кыйла эрте - май айында баа түштү. Улуттук банк төрагасынын ырасташынча, инфляция беш ай ичинде Орусияда 5,1%, Казакстанда 2,1% түзгөн.

Каржы министри Болот Абилдаевдин ырасташынча, ириде макроэкономикалык туруктуулукту кармап туруш керек.

- Себеп дегенде, биринчи иретте мүмкүн болушунча макроэкономикадагы туруктуулукту кармап туруш керек. Экинчиси – тышкы карыздарыбыз.

Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен Кыргызстандын тышкы карыздарынын айрымдарынын кечилиши, калгандарынын төлөө мөөнөтүнүн артка жылдырылышы экономикалык өнүгүш арымына жараша чечилчү маселе.

- Кыргызстандын жалпы карызы 1,8 миллиард долларды түзөт. Эларалык валюта кору алдындагы карызы 200 – 220 миллиондун тегерегиндеги акча, - дейт Тапио Саавалайнен.

Өкмөт өзгөчө үмүт арткан ыкчам экономикалык өнүгүшкө жетишүүнүн артында кандай маселелер катылып турат? Жалалабад коммерция-экономика институтунун деканы, илимпоз Сатыбалды Өмүрзаковдун ырасташынча, экономикалык өнүгүш көрсөткүчтөрүн эки жагынан кароо керек.

- Биринчи жагы мындай. Ички дүң продуктунун өсүшү үчүн эң биринчи кезекте өндүрүштө, өнөр жайда ошол пахтаны өстүрүп, аны кайра иштетип, андан соң пахтаны ошол эле жерден кездемеге айландырып, даяр кийим тигип, материалга айлантып, анын сатса – ошондо ИДП көбөйгөн болот. Мен өндүрүш жагын белгилеп атам. Биз ИДП жылдан-жылга мынча пайыз көбөйдү деп айтып атабыз. Анткен менен салык чогултуу көбөйбөй жатат. Ошого жараша өкмөттүн бюджетине акча түшүш керек. Киреше көбөйгөн сайын бюджетте иштегендердин айлыгы көбөйүшү керек. Мына, он жылдан ашып баратат. Минималдык айлык акы 100 сом бойдон калууда. Бул керек болсо бир күндүк эмес, түшкү тамакка кетчү акча. Ушунун өзү эле экономиканын өнүкпөй жатканын айгинелөөчү көрсөткүч.

Азырынча бул жаатта аткарылган иштерге караганда алдыда жасалчу милдеттер арбын.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG