Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Экономика

Кошмо Штаттардын эмгек министрлигинин жума күнү маалымдашынча, өткөн айда өлкөдө жаңы жумуш орундары мурдакы айларга салыштырганда аз түзүлдү же июль айында 32 миң гана адам жумушка алынган. Бу кабарга удаа эле Нью-Йорк биржасында мунайдын баасы мурда болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлге көтөрүлүп барып, кайра төмөндөдү. Биржа обол ачылганда бир баррель мунайдын наркы 44 доллар 77 центке чыкты да, базардын жабылган маалда орточо баа 44 долларга барабар болду.

Эмгек министрлиги жарыялаган маалыматка караганда, июль айында АКШда жумушчулардын саны 32 миңге көбөйдү. Бул өткөн жылдын декабрь айынан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Жаңы жумуш орундарын түзүүнүн төртүнчү ай катары менен төмөндөшү жумуш издеген адамдардын саны дагы көбөйдү дегенди түшүндүрөт.

Анткен менен, май айынан бери ай сайын орточо 106 миң жаңы жумуш оруну түзүлгөн. Кошмо Штаттардын элинин орточо өсүү ыраатын эске алганда, өлкөдө ай сайын 150 миң жаңы жумуш оруну сунуш кылынып турушу шарт.

Талдоочулардын айтышынча, акыркы айлардагы террордук коркунучтарга, Жакынкы Чыгыштагы катаал кырдаалга жана алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу ишкана-мекемелер жумуш орундарын көбөйтүүнү же өндүрүштү кеңейтүүнү саалгыта турууну чечишкен.

АКШ өкмөтүнүн жума күнкү маалыматы баалуу кагаздар рыногуна ошол замат таасир этти. Ири АКШлык ишканалардын акцияларынын өтүмдүүлүгүн көрсөткөн Доу Жонс индекси 150 пунктка төмөндөдү.
Анын артынан эле АКШ доллары жалпы европалык акча - еврого жана япон акчасы - иенге салыштырмалуу арзандай түштү.

Бул жагдай АКШнын экономикасына катар дүйнөлүк экономика үчүн да кооптуу. Себеби, дүйнөдөгү эң ири керектөөчүлөр – америкалыктар. Алардын керектөөсү саалгыса, товарга жана тейлөөгө болгон талабы азаят да, тыштан товар сатып алуу кыскарат, бул - глобалдык экономикалык өсүүгө кедерги болот.

Нью-Йорктун сырьёлук биржасында жума күнү эртең менен мунайдын баасы мурда эч болуп көрбөгөндөй кымбаттап, 44 доллар 77 центке серпип барды. Бирок базардын жабылышы учурунда бир баррель же 139 литр кара майдын орточо баасы 44 доллар болду.

Нью-Йорктук далдалчылардын айтымында, мунайдын баасынын төмөндөөсүнө Москва шаардык сотунун ЮКОС мунай компаниясынын мүлкүн анын карыздарын төлөтүү максатында тартып алуу тууралуу бийликтердин чечимин заң-мыйзамсыз деп табуусу оң таасир этти.

Жакынга чейин көпчүлүк экономисттер, ошондой эле АКШнын Борбордук банкы жай айларындагы илең-салаң экономикалык өсүү экинчи жарым жылда бир калыпка түшүп, жүрүшү ылдамдайт деп боолгоп жатышкан.

Мындай прогноз мунайдын баасы май айында асман тээп өскөндөн кийин төмөндөй баштайт деген жоромолдун негизинде жасалган болчу. Бирок мунайдын баасы төмөндөбөй эле, ырааттуу болбосо да өсүп барат.

Ушундан улам, талдоочулар эми экинчи жарым жылдагы АКШнын экономикалык өсүүсү мунай рыногундагы жагдайга байланыштуу болот окшойт деген түкшүмөлүн айтышууда.

Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму - ОПЭКтин президенти шейшемби күнү билдиргенге караганда, дүйнөдөгү эң көп мунай сатуучу өлкө - Сауд Арабиясы мунайга талап өсө баштаса, ошо замат кара май өндүрүүнү көбөйтпөйт.

Эмдиги жылдын бюджетинде социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурулары эмитен эле айтылууда. Каржы министрлигинин маалымат кызматы 2005-жылдын бюджет долбоору биртоп министрликтер менен макулдашылып, анда негизги көңүл социалдык камсыздоо жана социалдык коргоо маселесине бурулуп, Кыргызстандын эларалык финансы уюмдары алдындагы милдеттерин аткарууга багытталганын билдирди.

Эмдиги жылдын бюджетине жалпы жонунан социалдык жүк арбын артылып жатканы баса айтылганы менен анын негизги параметрлери азырынча так белгилене элек. Өлкөнүн негизги экономикалык мыйзам долбоору иштелип чыккан соң парламент талкуусунан өтүп, жыл аягына чейин кабыл алынат.

2004-жылдын жарым жылдык экономикалык көрсөткүчтөрү, өкмөттүн ырасташынча, мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла дурус. Ички дүң продуктунун белгиленген көлөмү 34,5 миллиардга жакын сомду түздү, бул 9,2% өсүш камсыз болгонун туюндурат. Экономикалык өнүгүштүн алдагыдай арымы ириде «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу.

Өткөн жылы табигый кырсыктын кесепетинен жакшы оңоло албаган алтын кен өндүрүшүнүн өсүш арымы 90% тегерегинде болсо, быйыл ал көрсөткүч 134% жетти. Өкмөттүн мактаныч катары белгилеп келаткан дагы бир көрсөткүчү – инфляция деңгээли. Жарым жылдыкта ал болгону 1% түздү.

Өкмөт башчы Николай Танаев Кыргызстандын жарым жылдагы экономикалык өсүштүн себеп-жөнүн момундайча түшүндүрөт:

- Жарым жылдык экономикалык өнүгүштүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, биздин 80% өсүшкө жетишке толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал үчүн бизде экономикалык шарттар жетиштүү. Бизде саясий-социалдык туруктуулук сакталууда. Эларалык террорчулуктун коркунучу жоюлду. Мамлекеттик башкаруу менен мыйзамдуулук ыкчам өзгөрүлүүдө. Сырт инвесторлордун өлкөбүзгө кызыгуусу артууда. Атамекен товарлары өтүмдүү болуп баратат.

Анткен менен, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү өткөн жылдагы көрсөткүчкө жете алган жок. Жалгыз «Кумтөрдү» кошпогондо ал 12% бираз гана ашты. 2003-жылы бул көрсөткүч 14% түзгөн. Энергетика секторунда да азырынча ыкчам өзгөрүү байкала элек. Тармактагы абалдын кандайлыгын 211 ишкананын токтоп турганы таасын көрсөтөт.

Быйылкы жылдын экономикалык көрсөткүчтөрү келерки жылдын бюджетин түзүүгө негиз болуп берет. 2004-жылдын бюджетине негиз болгон жагдайларды Каржы министри Болот Абилдаев мындайча түшүндүргөн.

- Бюджетти биз экономиканын базасынан кылдык да. Эмдиги жылы экономика 4,1% өсөт деп ойлоп жатабыз. Иш жүзүндө быйыл (2003-жылы – ред.) 11 айдын жыйынтыгында ал 11,6% өстү. Бирок эмдиги жылы Кумтөрдөн кен казып алуу бираз азаят. Себеп дегенде, кенчилер жердин төмөнкү катмарына, алтыны азыраак жерге кирип атышат. Мунун натыйжасында экспорт кыйла азайат. Ошон үчүн этият болжол кылып жатабыз.

Жыл аягына чейин экономикалык өсүштүн арымы азыркы басыгынан жазбаса 2004-жылга ички дүң продуктунун өсүшү белгиленген 4% ашарында кеп жок. Ал үчүн жыл аягына чейин Кумтөр алтын кени эмгек ыраатынан жанбашы керек.

Өкмөттүн ырасташынча, жарым жылда Кумтөрдө алтын казып алуу жакшы жүрдү. Жыл башынан бери ал 100% төмөн түшкөн жок. Кумтөр алтын кени жердин терең катмарына түшкөн сайын Кыргызстандын экономикалык өсүш арымы да кыйла жайлашы ыктымал. Өнөр жай өндүрүш ишканаларынын көбү иштебей, ишке жарамдуу калктын кыйласы жумушсуз же чет жерде иштеп жүргөн чакта экономикада ыкчам өсүштүн болушу арсар.

Өкмөт бул жагдайдан чыгыш үчүн четтен инвестицияны арбын тартуу, чет элдик ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп берүү аракетин жасап келатат. Кыргызстанга болсо көбүнесе Кытай, Түркия, Индия, Казакстандан ишкерлер келишет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG