Парижде XVII жайкы Паралимпиада уланууда. Ага Борбор Азиядан ондогон спортчу катышып, алтын медал тагынгандар бар. Паралимпиада - алардын көптөн күткөн кыялы. “Азаттык” олимп кыштагында толгон-токой кыйынчылыктан өтүп, кыялына жеткен Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген үч спортчу тууралуу айтып берет.
Борбор Азия
бейшемби 5 Сентябрь 2024
Өзбекстандын президентинин кызы Саида Мирзиёева атасынын жардамчысы болуп дайындалгандан бир жыл өтүп-өтпөй чөлкөмдөгү лидерлер менен бетме-бет сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Анын Астанадагы сапарын казак басылмалары байма-бай талдап, өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң кубаттуу туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди жана убагында анын мураскери деп сыпатталган кызы Дарига Назарбаеваны эске салышты.