Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Борбор Азия

шаршемби 2 Октябрь 2024

Календарь
2024-ж., Октябрь
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
30 1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31 1 2 3
Комил Алламжонов
Комил Алламжонов

Өзбек президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Комил Алламжонов кызматынан кетти. Ал мындан ары өлкөгө инвестиция тартуу менен алектенерин билдирди. 

Коңшу Өзбекстандын президентинин жардамчысы, президенттин улуу кызы Саида Мирзиёева 30-сентябрда өзүнүн расмий Teлеграм-каналында жарыяланган кыска видеосунда Алламжоновго администрациядагы иши үчүн ыраазычылык билдирип, "кийинки долбоорлоруна" ийгилик каалады.

Ал эми Алламжонов Мирзиёевага жеке сектордогу ишин улантарын айтты.

"Мамлекет башчысы белгилеген максаттарга жана идеяларга берилгендигимди дагы бир жолу белгилегим келет. Биз чоң натыйжаларга жетишкенибизге сыймыктанам. Мен экономиканын маанилүү тармактарына заманбап технологияларды жана инвестицияларды тартууну пландап жатам", - деди Алламжонов.

Күтүлбөгөн отставка

"Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодлик" радиосунун өздүк булактары Комил Алламжоновдун кызматтан кетиши өкмөттөгү жана администрациядагы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгонун билдиришти. Алар буга чейин 40 жаштагы Алламжонов президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын "командасында каларын" болжолдоп жатышкан.

Ал эми "Озодлик" радиосу байланышкан өкмөттөгү эки көз карандысыз булак Алламжонов жогорку кызматка дайындалышы мүмкүн экенин четке какты.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Алламжоновдун отставкасы тууралуу билдирүүсүндө анын президенттик аппараттын кызматкери катары ишмердигин жогору баалап, "жаңы ишинде ийгиликтерди каалаган" болчу.

Алламжоновдун отставкасы Өзбекстанда октябрдын аягында өтө турган парламенттик шайлоонун алдында ал жаңы, жогорку кызматка дайындалат деген түрдүү жоромолдорду жаратты.

Өзбек аткаминердин эмне себептен кызматтан алынганы жана кайсы кызматка которулганы тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

Шерзод Асадов өзүнүн Телеграм-каналындагы билдирүүсүндө Алламжонов "башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу" кызматынан бошотулганын билдирди.

"Комил Алламжонов - мамлекетибизде сөз эркиндигин өнүктүрүү, мамлекеттик органдардын ачыктыгын камсыздоо жана элге билим берүү системасын жакшыртуу боюнча Шавкат Мирзиёев койгон приоритеттүү милдеттерди ишке ашырууда чоң натыйжаларга жетишти", - деп жазды Асадов.

"Үчүнчү адам"

Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы деп саналган Алламжонов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына былтыр август айында дайындалган.

Анда "Озодликтин" жеке булактары бул кызмат Алламжоновду президенттик администрациянын үчүнчү адамы кылганын айтышкан.

Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинде, Улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү фондунда, президенттик администрацияда катарлаш иштеген Мирзиёева-Алламжонов тандеминин президенттик администрациянын жаңы тепкичинде улам жогору көтөрүлүшү Саида Мирзиёеванын позициясынын бекемделиши катары чечмеленген.

Буга чейин "Азаттыктын" өзбек редакциясынын өкмөттөгү булагы Комил Алламжонов менен Өзбекстан президентинин күйөө баласы Отабек Умаровдун ортосунда "уруш" жүрүп жатканын кыйыткан.

"Азаттыкка" бул "уруштун" мотиви белгисиз, бирок окуядан кабардар дагы бир булактын айтымында, Отабек Умаров мурдараак Ташкентте президенттин күйөө баласына тиешеси бар делген кеңсенин ашкереленгенине ачууланганын бышыктаган. Анын айтымында, Умаров мында "Алламжоновдун колу бар" деп божомолдогон.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары бул маалыматтардан кийин "кудуреттүү кеңседе" иликтөө иштери жүргүзгөнүн, ал эми Умаров менен байланышы бар кишилер Дубайга качып кеткенин белгилешет.

Бизнестен саясатка, анан кайра бизнескеби?

2018-жылы биринчи жолу бизнестен өкмөткө кадам таштаган Комил Алламжонов соңку жылдары монополияга жана кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу бир катар чуулгандуу иштердин чордонунда болгон.

Ал өзү эл аралык журналисттердин "кызмат абалын бизнестеги кызыкчылыгы үчүн пайдаланган" деген дооматтарын четке каккан.

2018-жылдан бери Саида Мирзиёева менен тандемде иштеген Комил Алламжонов өзүн дайыма жаңы реформалардын жана басма сөз эркиндигинин активдүү жактоочусу катары көрсөтүп келет.

Саида Мирзиёева жана Комил Алламжонов.
Саида Мирзиёева жана Комил Алламжонов.

2022-жылы июль айында президенттик администрацияга кайтып келгенден кийин, ал кызыкчылыктардын кагылышуусунан улам "бардык бизнес долбоорлорду жана компанияларды башка менчик ээлерине өткөрүп берерин" жарыялаган.

Бирок Алламжоновдун бизнес кызыкчылыгына байланыштуу дооматтар кызматта турганда да токтогон эмес.

30-сентябрда Саида Мирзиёеванын Телеграм-каналында жарыяланган видеодо Комил Алламжонов "жеке сектордогу ишмердигин улантып, экономиканын маанилүү тармактарына заманбап технологияларды жана инвестицияларды тартууну" пландап жатканын айткан, кеңири маалымат берген эмес.

Бул Комил Алламжоновдун саясий карьерасы аяктады дегенди билдиреби, жокпу - белгисиз.

Сергей Елкиндин азил сүрөтү. 31.1.2022.
Орус президенти В.Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Европадагы саясий чыңалуу үчүн "англосакстарды" айыптап сүйлөдү. Сергей Елкиндин азил сүрөтү. 31.1.2022.

Азыркы тапта Орусияда путиндик режим арбын колдонуп жаткан саясий жарлык сөздөрдүн бири – “англосакс” термини. Анын тарыхый кыртышы кайсы доорго такалат жана азыркы тапта аны кайсы мааниде колдонушууда? Тарыхчынын блогу.

“Англосакстарга каршы” согуш

Путиндик режим 2014-жылы эгемен Украинанын чыгыш аймактарына кол салган, анын Кырым жарым аралын, Донбасстын айрым аймактарын басып алган. Ал эми 2022-жылдын 24-февралынан тартып расмий Кремл эгемен Украинага каршы кеңири өлчөмдө согуш аракеттерин баштады.

Албетте, бул согушту президент Владимир Путин “атайын аскердик амал” деп “тергеп” атоону сунуш кылса да, жана бул окуяны “согуш” деп баалап алган жана ага каршы маанайын ачык билдирген карапайым орусиялыктар ар кыл жазаларга кабылган учурлар арбын кездешсе да, Путиндин өзү жана анын үгүтчүлөрү “согуш” сөзүн эркин колдонуп келишет.

Путиндик режим жана анрын үгүтчүлөрү коңшулаш эгемен өлкөгө каршы жүргүзүлүп жаткан өзүнүн баскынчыл согушун актап-жакташ үчүн бул согушту “англосакстарга каршы” багытталган күрөш катары байма-бай мүнөздөп айтып келишет.

Маселен, 2022-жылдын 31-январында (б.а. Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү чабуулдар баштала элек кезде) президент В.Путиндин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков Европа континентиндеги өлкөлөрдү расмий Вашингтондун өз ички саясатына кийлигишүүсүнө эч жол бербөөгө чакырып: “Жалпысынан, англосакстар европалык континентте чыңалууну кыйла эле ырбатып жатышат”, – деп айтканы бар. Анын сөзүн кремлчил ТАСС кабар агенттиги шардана кылган.

Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согуш баскычы баштала элек кезде, 2022-жылдын 4-февралында, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Захарова айым дагы “англосакстарды” каарып, мындайча сүйлөгөн:

“Орусиянын Украинага каршы ыктымал “коркутуусу” тууралуу окуя, эл аралык кырдаалдын курчушу – мунун баары тең Батыштык, биринчи кезекте – англосаксондук, ажаандыкты тез арада токтотуу жана кырдаалды чукул арада жөнгө салуу зарылчылыгын талап кылган чыныгы кырдаалга жана жүйөөлүү маңызга каршы келет”.

Ал эми 2022-жылдын 17-майында В.Путиндин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков “маалымат согушун жүргүзүп” жаткан мамлекеттердин ичинен рейтингдин сап башында “англосаксондук ЖМКлар” (жалпыга маалымдоо каражаттары) келе жатат, деген кер какшыгын айткан.

ТАССтын 2024-жылдын 26-сентябрындагы маалыматына караганда, ал күнү Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын (ТЧК) маалымат кеңсеси атайын билдирүү жарыялаган жана анда 2022-жылдын 26-сентябрындагы Балтика деңизинде жайгашкан “Түндүк агым” куурунун жардырылышынын артында “англосакстар тургандыгы” жөнүндө ТЧКнын деректири Сергей Нарышкиндин ошол кезде сунуштаган жоромолу быйыл “тастыкталгандыгы” жөнүндө сөз жүрөт.

Айтор, бул шумдугу кургур “англосакстар” кимдер, деги?

Англосакс сөзү тарыхый этноним катары

Б.з. I миң жылдыктагы – II миң жылдыктын башындагы “англосакс” деген этноним байыркы герман элдеринин айрым урууларынын курамындагы англе (байыркы англисче Ængle) жана сакс (байыркы англисче Seaxan) элдерин жана аларга жуурулушкан йут (байыркы англисче Ēotas) жана фриз (Frisesk) элдерин жалпылап чагылдырган этностук аталыш болгон.

Бул байыркы германдык уруулардын жана элдердин орчун бөлүгү б.з. V кылымда европалык гундардын (Ички жана Борбордук Азиядагы хундардын Евразиянын батышына журт которгон тобунун) кысымы астында Британияга көчүүгө аргасыз болушкан. (Айрым тарыхчылар англосакстардын улуу көчүнө же үркүнүнө гундардын кысымынан башка да себептер түрткү болушу ыктымал дешет).

Ал эми VIII кылымда болсо Батыш Европанын континенттик аймагында калган батыш германдык тектеш уруулардан Британиянын аралдарына көчүп кеткен алардын боордошторун айырмалоо үчүн алгачкы жолу “англосакс” термини континенттик адабиятта колдонулган. Жөн гана “эски сакс” сөзү менен англосакстардын континенттен көчүп кетпей калган бөлүгүн (“англосакс” сөзүнө каршы) аташкан.

Британияда падыша Алфреддин (871—899) тушунан тартып анын өзү жана тактыга отурган урпактары “англосакс падышасы” деген титулга ээ болушкан.

1016–1066-жылдардын аралыгында Британияны нормандар (викингдер) каратып алган соң, “англосакс” (Anglo-Saxon) сөзү четке кагылып, падышалар “англис” ("Angles", кийин – “English”) деген гана сөз менен өздөрүн белгилеп калышкан. Албетте, эл оозунда “англосакс” сөзү кыйла замандарга чейин бейрасмий сакталган.

Келгин викингдер калың англосакс калайыгы үчүн бийликтеги азчылыкты түзгөн. Албетте, скандинавиялыктардын көптөгөн терминдери XI кылымдан тартып англосакстар жана алардын урпактары тарабынан өздөштүрүлгөн.

Англосакстар бир нече кылымдын ичинде Британиядагы башка тилдерде сүйлөгөн элдерди акырындап өздөрүнө жуурулуштурган жана өздөрү дагы алардын тилдеринин жана диалекттеринин түз же кыйыр таасири астында калган. Мурдагы Рим дөөлөтүнүн анча-мынча маданий изи да аралдардын көп этностуу калкында байкалган. Алар христиан дининин алгач латын тили аркылуу таркалышына байланыштуу латын тилинин сөз кампасынын да таасирине кабылган.

Байыркы англосакс тилдеринин азыркы англис тилинде сакталып калган сөздөрү 26 пайыздай гана үлүштү түзөт, бирок дал ушул сөздөр күндөлүк колдонулчу сөз кампасынын өзөгүн түзүп турат.

 Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата мамилесин байкаган.
Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата мамилесин байкаган. 07.3.2011.

Англосакс коому жана мыйзамы

Англосакстарда жалпысынан патриархалдык түзүлүш өкүм сүргөнүнө карабастан, аялдар кыйла эркин болушкан. Алар мүлккө да ээлик кылууга акылуу болушкан. Аялдын төркүндөрү анын укугун коргоого даяр турушкан. Канышанын күйөөсү өлсө, каныша мамлекетти бийлеп кала алган.

Эң башкысы – англосакс мыйзамы түшүнүгү. Чакан Кент падышалыгын бийлеген жана Этэлберт (Ethelbert; 560–616) деп аталган падышанын тушунда түзүлгөн мыйзам англосакстардын жазма түрүндө сакталып жеткен көөнө мыйзамы болуп саналат. Падышанын өзү да сот мүчөсү милдетин аркалаган.

Англосакс мыйзамы доочунун доосуна караганда иши сотто каралып жаткан кишинин өзүнө каршы доону четке кагуусу кубаттуураак деп санаган. Демек, доочу өзүнүн доосун тастыктоо үчүн жетишердик далил көрсөтүшү зарыл болгон.

Эгерде киши өзүнүн башкага таандык мүлктү уурдабагандыгын далилдей албай калса, анда ал өзү гана эмес, анын үй-бүлөсү да жазага кабылчу, ал түгүл кулдукка кетчү.

Айтор, англосакстарда соттук чечимди өзгөчө кадырлоо салты кылымдар бою калыптана берген.

Англосакстар 33 тамгадан турган руна жазмасын колдонушкан (бул жазманы түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын битик жазмасы менен чаташтырууга болбойт).

Алар руна тамгаларынын жардамы менен идиштерге, металлдан жасалган ар кыл зер буюмдарга жана сөөктөн жасалган буюмдарга ар кыл тексттерди чийип калтырышкан. Британияда христиан дининин жайылышы менен акырындап латын алфавити да жайыла берген. Бул алфавитти жергиликтүү тилдерге акырындап ылайыкташкан.

“Англосакс” сөзүнүн маңызынын өзгөрүшү

Бул “англосакс” сөзү өзүнүн саясий маанисин бара-бара жоготкону менен этнографиялык термин катары алигиче сакталууда.

Эгерде “англе” же “сакс” (“саксон”) сөздөрүн айырмалап колдонсок, анда алардын жалпы аталышынан башка да айырмалуу этностук аталыштарды деле чаташтырып алышыбыз мүмкүн.

Атап айтканда, “англосакс” деген бирдиктүү термин бул байыркы герман элдеринин (урууларынын) Британия аралдарына көчүп келип, мамлекеттерин түзгөн доорду жана анын негизги калкын жалпылаштырып туюнтат.

Илимпоздор бул этнонимди, кайра кайталасак, Европанын континенттик бөлүгүндөгү башка тектеш герман урууларынын этностук аталыштары менен британдык англосакстарды чаташтырбоо үчүн колдонушат.

Салыштыра кетсек, азыркы Германиянын Саксон жергеси эсиңиздедир; анын борбор шаары – Дрезден (немисче Dresden).

В.Путин Элба дарыясынын жээгинде. Дрезден, Саксония, Германия. 11.10.2006.
Орусиянын президенти Владимир Путин Элба дарыясынын жээгинде сейилдөө учурунда. Дрезден, Саксония, Германия. 11.10.2006.

Бүткүл Батышты “англосакс дүйнөсү катары кароого болобу?

Албетте, бүткүл Батышты биз “англосакс дүйнөсү” деп эч качан атай албайбыз. Анткени дүйнө жүзүндө, анын ичинде Батыш Европада, тарыхый англосакстар менен эч кандай байланышы болбогон нечендеген улуттар жана мамлекеттер болгон жана бар эмеспи.

Орусиянын “Биринчи канал” сыналгы каналынын өкүлү Марина Ким айым 2018-жылы 20-декабрда бул өлкөнүн президенти В.Путиндин маалымат жыйыны маалында ага англосакстар менен Орусиянын XIX кылымдагы тирешүүсү жана азыркы кырдаал тууралуу суроо узатты.

В.Путиндин жообуна караганда, “англосакс” термини менен ал АКШ менен Улуу Бритиниянын тышкы саясатын жалпылап баалайт.

“Мени эмне тынчсыздантып келет? Билесизби, Сиз англосаксон дүйнөсү жөнүндө сурап калдыңыз. Анын ичинде кандайдыр-бир терең, тектоникалык өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Деги өзүңүз назар буруп көрүңүзчү, Трамп (АКШдагы президенттик шайлоодо. – Т.Ч.) жеңип чыкты. Бул – айдан ачык факт, муну менен эч ким талаша албайт, бирок бул жеңишти тааныгысы келбей жатышпайбы...

Же болбосо Британияны алалык: брекзит болуп өттү – бирок эч ким аны аткаргысы келбей жатат...” – деп айтуу менен бирге президент В.Путин АКШ менен Улуу Британияда демократиячыл баалуулуктар одоно бузулуп жатат, деп кейиштүү сүйлөй кетти.

Албетте, өз өлкөсүндөгү демократиячыл жүрүмдөрдү ырайымсыздык менен муунткан авторитардык төбөлдүн бул сөзүнө баш чайкап туруп күлө алабыз. Бирок мындагы белгилечү жагдай – президент В.Путиндин “англосакс” сөзү менен АКШны жана Улуу Бритаиияны аңдагандыгы.

Бул жагынан В.Путин саясий адабияттагы айрым салтты гана улантууда.

АКШ менен Улуу Британиянын өзүндө да бул мамлекеттердин англис тилдүү калктарын жана алардын өкмөттөрүн “англосакстарга таандык” деп көркөм сыпаттагандар мурда да болгон, азыр деле учурашат.

Бир кездери, өзгөчө АКШда ку-клус-кланчы жана башка расачыл саясатчылар өз ойлорун ачык билдире алчу замандарда, “англосакс” сөзү расачыл да мааниге ээ болгон, анткени бул сөз менен ак жүздүү (европасымал) расадагыларды гана туюнтушкан.

Марк Твен (Mark Twain; 1835–1910).
Америкалык сатирик Марк Твен (Mark Twain; 1835–1910).

Марк Твен “англосакс” сөзү тууралуу

Айтылуу америкалык сатирик Марк Твен (Mark Twain; 1835–1910) “англосакс” термини жаатында “англосакс” сөзүнө маашырлангандарды келекеге алган сын пикирин калтырган.

Анын 1906-жылы 7-сентябрда жазышынча, бир жыл мурда кыш мезгилинде кайсы бир ири даражалуу ардагер аскер кызматкери:

“Биз – англо-сакс расасына таандыкпыз; ал эми англо-сакс качандыр кайсы бир нерсени каалап калса, аны ал жөн эле алып коёт”, – деп сүйлөгөн соң, аземде аны угуп тургандар көпкө чейин кол чабышкан экен.

Марк Твен бул сүйлөм англис тилинде жөнөкөй сөз менен мындайча туюнтулат, деп такмазалайт:

“Биз – англистер менен америкалыктар – ууруларбыз, кескилербиз, каракчыларбыз жана биз ушулардын ширендиси болгонубузга сыймыктанабыз”.

Андан ары даңазалуу америкалык сатирик өз мекендештеринин Европа үчүн кесепеттүү болгон жосунсуз жоруктары катары өзү баалаган бир катар иш-аракеттерди атап өткөн.

“...эгерде биздин кесепетибиз болбогондо, анда Европада узак убакыттар бою создуктурулуп келген “сары түстөгү (б.а. бир беткей жана деңгээли төмөн. – Т.Ч.) журналистиканын” кайра жандануусу тээ болочоктогу муундардын заманы келгенге чейин кечеңдетиле бериши ыктымалдан алыс эмес болчу”, – деп жазган Марк Твен мырза.

Ошентип, көз карашы боюнча демократ коомдук ишмер, публицист жана сатирик жазуучу Марк Твен көп этностуу кырдаалда жашап жатышкандыктарына карабастан, "англосакс" сөзүн колдонуп, мактана кеткен ак түстүү америкалыктарды (Америкага журт которуп келген мурдагы Улуу Британиянын жарандарынын урпактарын) АКШдагы сөз эркиндигин пайдалануу менен кескин сынга алган. (Ал өзү деле Улуу Британиядан көчүп келгендердин урпагы болгон).

Путинчи үгүтчүлөрдү келекелеген бир орус тилдүү публицисттин тамашалап жазганына караганда, эгерде Марк Твендин көзү тирүү болсо, анда аны мактанчаак "англосакстарды" катыра сындаган жогорудагы пикири үчүн Кремл каржылаган жана анын үгүтүн кыйшаюусуз жана бир беткей жүзөгө ашырып келе жаткан көп тилдүү RT (Ар-Ти) сыналгы каналына "майлуу жумушка чакырышмак".

Путинчилердин “англосакс” сөзүн колдонуудагы мүдөөсү

Орусиялык авторитардык режимдин башчысы жана анын үзөңгүлөштөрү менен үгтүчүлөрү “англосакс” сөзүн ар дайым маашырлана колдонушат.

Бир жагынан, алар дал ушул тарыхый анахронизмге таандык сөз аркылуу АКШ менен Улуу Британиянын өкмөттөрүнүн заманбап тышкы саясатын “дүйнөгө үстөмдүк кылууну уланткысы келгендердин империалисттик саясаты” катары сынга алып, өздөрүн “англосакстардын үстөмдүгүнө каршы айбаттуу чыккан баатырга” теңешет.

Чыгыш славян баяндарындагы орто кылымдык айтылуу Илья Муромец (Моровлин, Муравленин) деген баатыр бул жакта эле калсын! Ал баатыр өзүнүн өзөктүк куралдары тууралуу улам каңкуулап, “англосакстарга каршы айбат көрсөтүп жаткан” Владимир Путинге эч караандабайт эмеспи!

Албетте, англис тилдүүлөрдүн өлкөлөрүн толук эске алчу болсок, анда Австралия, Жаңы Зеландия, Канада, Түштүк Африка, Индия сыяктуу өлкөлөрдө да миллиондогон англис тилдүүлөр бар. Бардык эле англис тилдүү өлкөлөр көп этностуу болуп саналышат. Алардын ичинен эки гана көп этностуу өлкөнү “англосакс дүйнөсү” катары чектөө күлкү келерлик.

Экинчи жагынан, дал ушул “англосакс” сөзүн колдонуу аркылуу путиндик режим Батыштагы демократиялуу өлкөлөрдүн ортосунда жик салгысы келет.

Путиндик режимдин аңдоосуна караганда, Батыш Европа “зулумдар” болгон АКШ менен Улуу Британпя деген англосакс ынтымагынан оолактап, НАТОну жиктеп, өтө “калыс” жана “тынчтыкты сүйгөн” Кремлге гана ыктоого тийиш.

Азыркы Орусия эгемен Молдованын Днестр бою аймагында аскердик тобун кармоодо; 2008-жылы августта эгемен Грузиянын аймагы болгон Түштүк Осетия менен Абхазияны иш жүзүндө каратып алды; 2014-жылдан тартып эгемен Украинага каршы согуш аракеттерин жүргүзүп келет.

Кремлдин “кожоюнунун” өз түшүнүгүнө ылайык “тынчтыкты сүйгөндүгүнөн” жана 2022-жылы февралда Украинага каршы кеңири өлчөмдө согуш жүргүзө баштагандыгынан улам чочулашып, Финляндия (2023) менен Швеция (2024) НАТОнун мүчөлүгүнө ыктыярдуу өтүштү. Украина дагы НАТОго мүчөлүккө талапкер өлкө катары таанылган.

Демек, Орусиянын жетекчилиги жана үгүтчүлөрү “англосакс” терминин колдонуу аркылуу дүйнөдөгү (анын ичинде Батыш Европадагы) демократиячыл өлкөлөрдүн арасында жик салууну көздөшүүдө.

Алардын бул идеологиялык “тузагына” илинген кыргызстандыктар да жок эмес. Айрым мекендештерибиз да путинчилердин куру чечендигине ийип, “Орусия англосакстарга каршы күрөшүп жатат”, деп интернеттеги коомдук тармактардагы кремлчил троллдордун сөздөрүн тоту куштай кайталаган учурлар бар.

Эгерде Орусияда эркин басма сөз 1990-жылдардын деңгээлинде сакталып кала берсе, анда миллиондогон орусиялыктар путинчилердин “англосакстар жөнүндөгү жомокторун” эчак эле четке кагышмак.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG