Ушул күндөрү Кыргызстандын аймактарында оруп-жыйноо мезгили кызып турган учур. Эл эгин чаап, малга тоют камдап жатат. Бул кезде комбайнчы менен тракторчуларда тыным жок. Ага жараша алардын баркы да көтөрүлөт. «Данисте» берүүсүнүн кезектеги каарманы - Жумгал районунун Эпкин айылынын 70 жаштагы тургуну Жамила Тойчубекова.
Борбор Азия
дүйшөмбү 26 Август 2024
Жакында Монголиянын ордосу Улан-Батор шаарында “Дүйнө көйгөйлөрү, көчмөндүк чечилиш” аттуу темада кезектеги (экинчи) Монголия-Кэмбриж илимий шеринеси өттү. Анда козголгон орчун ойлор тууралуу тарыхчынын блогу.
Эки жылда бир болчу Монголия-Кэмбриж илимий шеринеси жалаң гана монголдук жана британдык окумуштууларды баш коштуруп чектелбестен, эл аралык кеңири алкакта уюштурулуп келет.
Үстүбүздөгү жылдын 19–20-августунда Улан-Батор (монголчо Улаан-Баатар, б.а. “Кызыл Баатыр”) шаарында Монголия улуттук университетинин илимий китепканасында өткөрүлгөн Монголия-Кэмбриж илимий шеринесинин экинчи жыйыны дагы татынакай салтты улантты.
Быйылкы отурум “Дүйнө көйгөйлөрү, көчмөндүк чечилиш” (“World Problem, Nomad Solution”) деген өзгөчө дымактуу темада өттү. Ырас, анда Бириккен Улуттар Уюму, ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдар чече албай жаткан маселелер талкууланып, оң тарабына чечилди дегидей деңгээл болгон жок.
Мында илимий шериненин уюштуруучулары кыска-нуска аталыш аркылуу Монголиянын көчмөндүк өтмүшүн жана Чыңгыз хандын доорунан берки салттарын салыштырып изилдөөгө чакырууда. Уюштуруучулар күнү бүгүнкүгө чейин монгол жана башка көчмөндөр коомунда сакталып келген бир катар көчмөндүк салттардын коомдук сабырдуулукка, данакерликке жана өз ара кызматташтыкка байланыштуу алгылыктуу жактары азыркы доордогу бир катар жергиликтүү жана дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүүдө огожо болорун да баса белгилешкиси келген.
Албетте, мындай салттар жалаң гана Монголиянын калкы тарабынан сакталбастан, Евразиядагы башка өлкөлөрдө – Борбордук Азияда, Орусияда жана Кытайда байырлаган мурдагы көчмөн элдерде дагы орун алып келет. Тарыхый орток жагдайлары бар бул көчмөн (жана мурдагы көчмөн) элдер дагы азыркы тапта өздөрүнүн кылым карыткан мурастарын көз карегиндей сактоо үчүн Монголиянын калкынан кем эмес деңгээлде аракет үрөп келишет деп улан-баторлук жана кэмбриждик уюштуруучулар калыс белгилешти.
Илимий шеринени уюштуруучулардын арасында Улуу Британиядагы Кэмбриж университетине караштуу Монголия менен Ички Азияны изилдөө бөлүмү (Mongolia an Inner Asia Studies Unit: MIASU), Монголиянын Маданият, спорт, туризм жана жаштар министрлиги, ЮНЕСКОнун колдоосу астында иштеп жаткан Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө эл аралык институту (International Institute for the Study of Nomadic Civilizatons; IISNC), Монголия улуттук университетинин Монгол таануу институту, Чыңгыз хан атындагы мурас жана маданият институту, Монголиянын Сити университети, Монголиянын улуттук көркөм өнөр галереясы болду.
Албетте, түздөн-түз уюштуруучулардан болбосо да Монголиянын Улуттук илимдер академиясынын жана башка илимий жана таалим мекемелеринин өкүлдөрү да бул шеринеге жандуу катышты.
Фестивалда конок болуу
Шериненин катышуучулары бул илимий жыйын башталардан алдыңкы күнү (2024-жылы 18-августта) Монголиянын борбору Улан-Батор шаарынан түштүк-чыгыштагы Налайх ооданында көчмөндөр маданиятынын дүйнөлүк фестивалынын жыйынтыктоо чараларына сый конок катары катышты.
“Монголиядагы “Көчмөндөр” дүйнөлүк маданият фестивалы” (““Нүүдэлчин” дэлхийн соёлын фестивал”; "Mongolia Nomads World Cultural Festival") деп аталган үч күндүк маданий иш-чара Налайх районунда жайгашкан Тайж Хайрхан (Taij Khairkhan) бөксө тоосунун этегиндеги жайык өрөөндө өткөрүлдү.
Монголиянын Хөвсгөл (Хөвс Көлү) аймагынын өнөрпоздору эл аралык фестивалда. Тайж Хайрхан бөксө тоосунун өрөөнү. 18.8.2024 . Фейсбук.
Бул бөксө тоонун этегиндеги өрөөн Ала-Тоодогу салкын жели бетти эркелетип аймаган жайлоолорду элестетип турду.
Фестивалда Монголиянын көп этностуу көчмөн калкынын ар кыл маданий мурастарынын өрнөктөрү шардана кылынды. Заттык эмес маданий мурастардын үлгүлөрү сунушталган бул маданий иш-чара борбор шаардагы илимий шеринеге тушташ келсе да, анын мазмуну этнограф илимпоздорго кылым карыткан көчмөндөр маданиятынын сакталып келе жаткан мурасы менен аздыр-көптүр таанышып көрүүгө мүмкүнчүлүк ыроологондой болду.
Айтмакчы, Налайх жергесинде Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын даңазалуу колбашчысы Тон-йокуктун элесине багышталган битик жазмасы бар эскерүү ташы (VIII к.) азыркыга чейин сакталган.
Ал эми бул каганатка жана кыргыз тарыхына таандык маалыматтар камтылган башка баалуу жазма эстеликтер Орхон өрөөнүндө, Сужийн-Даванда ж.б. жайларда сакталып, биздин доорубузга жеткен.
Көчмөн коом жана көп тарамдуу кызматташтык
Эртеси күнү, 19-августта Улан-Батордо башталган илимий шеринеде бир катар расмий өкүлдөр жана баяндамачылар Кытай менен Орусиянын арасында калган Монголия өлкөсү бул эки мамлекет менен дурус коңшулук мамилелерди өөрчүтүүдөн тышкары Батыш менен Чыгыштагы бир катар өлкөлөр менен үзүрдүү алка жүргүзүп жаткандыгын белгилешти.
Монголия парламентинин мүчөсү, Монголия улуттук университетинин профессору, доктор Бум-Очир Дулам мырза “Монголиянын улуттук асыл наркы” (“үндеснии үнет зүйи”) деген жобо Монголиянын улуттук брэнд кеңеши деп аталган мекеме тарабынан 2017-жылдан бери иштелип келгендигин, бирок азыркы тапта бул мекеме жоюлуп калгандыгын айтып берди.
Бум-Очир Дулам мырзанын айтымында, улуттук кулк-мүнөз өзгөчөлүгү дегенди ачып берүүгө багытталган бул изилдөө далалаттары жаңы шарттарда өлкөдөгү улуттук ынтымакты чыңдоого да багытталган.
Карт тарых жана көчмөндөр
Илимий шеринеде байыркы тарых барактарына арналган кызыктуу баяндамаларга дагы орун берилди.
АКШдагы Түндүк Жоржия университетинин профессору Тимоти Мэй (Timothy May) мырза өз баяндамасын “Көчмөндөр цивилизациясы жана аскердик саамалыктар” деген темада жасады.
Анын айтымында, б.з.ч. 500-жылдан б.з. 1500-жылга чейинки дээрлик эки миң жылдык аралыкта Евразиянын тарыхында жаачан көчмөн атчандар аскер өнөрүндө үстөмдүк кылган күчтөрдөн болушкан. Ал эми дүрмөттүү куралдардын жайылышы менен атчан аскерлердин ролу акырындап төмөндөй берди.
Мэй мырза Экинчи дүйнөлүк согуш маалында германдык нацисттик аскерлердин танктарына каршы советтик атчандар чабуул жасаган айырмалуу учурларды да эске салып өттү.
Эми, XXI кылымдын башында, аскер өнөрү жогорку технология жана дрондор менен байланыштуу өнүгүүдө. Ошондо да атчан көчмөндөрдүн илгерки аскер өнөрүнүн тажрыйбаларын жана сабактарын изилдөө ашыкча болбойт деп Мэй мырза белгиледи.
Албетте, путиндик режимдин танктарына каршы украиндик дрондордун байсалдуу колдонулушу сыяктуу жаңы көрүнүштөр да кылдат изилденери бышык.
Кэмбриж университетине караштуу Монголия менен Ички Азияны изилдөө бөлүмүнүн башчысы, профессор Дэвид Снит (David Sneath) өз баяндамасында Монголиядагы социалисттик ыңкылапка чейинки бутпарастык “каймактар” менен посткоммунисттик доордогу неолибералдык олигархтарды салыштырып, алардын ортосундагы кескин айырмачылыктарды ачыктап айтып берди.
Көчмөндөр мамлекет түзүүгө кудуреттүү болушкан
Монголия улуттук университетинин профессору Лхамсүрэн Мөнх-Эрдэнэ мырза Батыштын мурдагы окумуштууларынын “көчмөндөр эч качан өз алдынча мамлекет негиздей алышкан эмес” деген эски жоромолдорун талдап, аларды четке какты жана Евразиядагы көчмөндөр аскердик басып алууларды жөн гана жүзөгө ашырбастан, ири чөлкөмдөрдө өз алдынча жана узак мөөнөт бою өкүм сүргөн мамлекеттерди негиздей алышкан деген бүтүмүн ортого салды.
ЮНЕСКО жана Монголия
Монголия улуттук университетинин профессору Бямбабаатар Ичинхорлоо мырза жана анын калемдеши, археолог, профессор Төрбат Цагаан мырза азыркы тапта ЮНЕСКО тарабынан көчмөндөр цивилизациясын ар тараптуу иликтөө жаатында кыйла колдоо жасалып жаткандыгын ыраазылык менен айтышты.
Монголия дагы бул мүмкүнчүлүктү дурус колдонду. Маселен, монгол адистери ЮНЕСКОнун “Борбордук Азия цивилизацияларынын тарыхы” деген алты томдукту (Париж: ЮНЕСКО, 1976–2010) жарыкка чыгарышына жана “Жибек жолун изилдөө программасын” жүзөгө ашырууга үзүрдүү салым кошуп келишти. Эми болсо, 2023-жылы, ЮНЕСКО “Көчмөндөр цивилизациясынын тарыхы” деген алты томдукту чыгаруу тууралуу Монголиянын сунушун колдоп, атайын резолюция (чечим) кабыл алды деп Бямбабаатар Ичинхорлоо менен Төрбат Цагаан өз баяндамаларында белгилей кетишти.
Айтмакчы, Бямбабаатар Ичинхорлоо мырза кыргызстандык жаш илимпоз, доктор Кемел Токтомушев менен биргелешип, Кыргызстан менен Монголиядагы тоо-кен компанияларынын ишмердигинин учурдагы экология үчүн оош-кыйыш жагдайларын калыс иликтеген макалаларын жарыялашканы маалым.
Кытайдагы монгол көчмөндөрүнүн тагдыры
Лондондогу Падышалык коллеждин (King's College London, KCL) профессору Томас Уайт (Thomas White) мырза Кытайдын Ички Монголия автоном районунун батыш өңүрү болгон чөлдүү Алаша аймагынын (монголчо: Алшаа аймаг; англисче: Alxa League; орусча: аймак Алашань) жергесинде байырлап келе жаткан монголдордун бир даары төө багуу менен алектенишерин жана дал ушул тармакты байыртадан келе жаткан көчмөндүк жашоо таризинин өрнөгү катары сактап калууга далалаттанып жатышкандыгын өз баяндамасында чагылдырды.
Бул аймактын түштүгүндөгү орчун бөлүгү Алаша (Алашань) чөлүнө караса, анын түндүгү Гоби чөлүнүн түштүк бучкагын ээлейт.
Алаша аймагында этнограф-антрополог катары иликтөө жүргүзгөн Уайт мырза ханзуча да, монголчо да сүйлөй алат. Анын оюнча, ички Монголияда бир катар көчмөн малчылардын жайыттары тарып келет.
Айтмакчы, 2009-жылы биз да КЭРдеги Ордос аймагында жана Хух-Хото шаарында болгон элек. Чөлдүү аймактарды тамчы технологиясы аркылуу гүлдөгөн өрөөнгө айлантуу жүрүмүнүн шарттарында бир катар монгол көчмөндөрү тоолуу аймактарга чегинүүгө аргасыз болушкандыгы, далай монголдор жылкы үйүрлөрүн кармоо үчүн мурдагы жайыттардан жана башка чарбалык шарттардан кол жууп, жаңы кырдаалда мурдагыдай кымыз жасай албай калышкандыгы жөнүндө айрым жергиликтүү монголдор бизге айтып беришкен эле.
Уайт мырза дагы КЭРде ички монголиялык салттуу көчмөндөр “эскиче чарба жүргүзүп жатып, анын айынан жайыттарды такырга айлантышты” деп мурдагы жайыт жерлердин кыртышы начарлап, чөлгө айлана баштаганы үчүн бөөдө жерден сынга алынган учурлар бардыгын белгилей кетти.
Казак көчүн изилдеген айым
Ал эми франциялык илимпоз, Франциянын илим изилдөө улуттук борборунун өкүлү Карол Ферре (Carole Ferret) айым орусча да мыкты сүйлөйт экен. Анын англисче баяндамасы казактардын көчмөндүк салттарынын азыркы жагдайы тууралуу болду. Ал 1930-жылдары колхоздоштуруунун жүрүмүндө күчтөп отурукташтыруу далаалаттары казактардын ачарчылыкка кептелишине алып келгендигин эскере кетти.
Ал Казакстандын түштүк-чыгышындагы тоо этектеринде этнографиялык иликтөө жүргүзгөндүгүн, өзү дагы казак малчысынын үй-бүлөсү менен чогуу жаңы конушка көчүп баргандыгын фото сүрөттөр аркылуу көрсөтүп, бул аймакта улам бир жерге көчүү да камтылган малчылык азыркы тапта дагы ийкемдүү сакталып жаткандыгын баса белгиледи.
Биздин оюбузча, Карол Ферре айым казактардын вертикалдык багыттагы (б.а. жакадан – бийик тоолуу жайлоого жана кайрадан жайлоодон – жакага көчкөн) малчылыгы сакталган чөйрөсүн гана иликтеген. Ал эми казактардын горизонталдык багыттагы жайыттарды алмаштырган көчмөн малчылык түрү Теңир-Тоонун түндүк тарабын түзгөн Казакстандын түштүк-чыгышында дээрлик үстөмдүк кылчу эмес.
Албетте, бул айымдын казактар менен кыргыздар улак тартыш оюнун “көчмөндүк оюн” катары азыркы тапта жаңылыш айтып келишет деген бүтүмүнө макул болуу кыйын. Анткени бул чабендестик оюн кеңири борбордук азиялык (анын ичинен оюнду “бузкаши” деп атап алышкан түндүк ооганстандык) отурукташкан айрым калктарга бул аймактарды көчмөндөр саясий жактан көзөмөлдөп калган доорлордо дал ушул көчмөндөр тарабынан жайылтылган деп санайбыз.
Элдик оюндардын тамыры терең
Биз өз баяндамабызда кыргыз элинин көчмөндүк салтка ылайык курултайлар, аш-той жана башка учурларда өткөрүлүүчү элдик оюндары, анын ичинде аңчылардын салбууруну жана ар кыл спорт оюндары, ошондой эле логикалык оюндар, кылымдар бою сакталгандыгын, бул оюндардын айрымдары Карахандар каганаты доорунда да жазма булактарда эскерилгендигин чагылдырдык.
Жыйындар, аш-тойлор, аргымактар, аңчылык тууралуу маалыматтар байыркы хундар жөнүндөгү кытай булактарында, ошондой эле орто кылымдардагы битик жазмасындагы эстеликтерде да чагылдырылган. Махмуд Кашгари Барскани жана Жусуп Баласагын дагы XI кылымдагы карахандык түрктөрдөгү ар кыл оюндарды чагылдырышкан. Бул этнографиялык маалыматтар археологиялык табылгалар менен дагы бекемделет.
Ал эми “Манас” эпосундагы Көкөтөйдүн ашы менен байланыштуу бөлүмдө аш маалында эл аралык “көчмөндүк Олип оюндары” уюштурулгандыгы, 2014-жылдан тартып Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бул эл аралык көчмөн маданиятынын орчун салты жана көчмөндүк спорт оюндары дүйнө өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жандуу катышуусу астында өткөрүлө баштагандыгын, бул оюндар Кыргызстандын туризм өнөр жайына дагы мыкты таасир тийгизгендигин белгиледик.
Көчмөндөр чабендес аялзатын сыйлашкан
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти, PhD доктору Азамат Максүдүнов инибиз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын экономикалык жана коомдук-маданий өңүттөрүн өзгөчө бай статистикалык маалыматтарды чечмелөө аркылуу кызыктуу чагылдырды.
Бул эл аралык оюндар Кыргызстанда көчмөндөрдүн маданий асыл-нарктарына жаңы дем бергендиги жана бул баалуулуктар тууралуу маалыматты бүт дүйнө жүзүнө кеңири жайылтууга огожо болгондугу жөнүндө Азамат инибиз чыгарган бүтүмдү өзгөчө алгылыктуу деп санайбыз.
Кыргыздын “кыз куумай” оюнун чечмелеп түшүндүрүп жатып, Азамат бул оюнга катыша турган чабендес кыз үчүн кыйла жеңил шарттар сунушталаарын да айтты: чабендес кыз оюн башталаарда өзүн кууп жетиши керек болгон чабендес жигиттен кыйла алдыда жайгашат. Дээрлик 20 метрдей болгон бул аралык чабендес кызга качуу үчүн алгачкы мүмкүнчүлүктү берет.
Андан тышкары чабендес кыз минген күлүк ат аны кууй турган жигиттикинен тыңыраак болот.
Бул шарттар мелдештеги бир катар артыкчылыктар чабендес кыз үчүн атайылап сунушталгандыгын айгинелейт. Албетте, кыз өзүн кууп келе жаткан жигитти жактырып калса, анда ал өз аргымагынын тизгинин эч кимге билгизбей тартаары деле бышык.
Илимий шериненин катышуучулары бул оюн дагы көчмөндөрдөгү баарлашуунун дагы бир көрүнүшү болуп калган деп айткан Азаматтын бул чечмелөөсүн жактыруу менен угушту.
Көчмөндөрдүн таштандыга жана тазалыкка мамилеси
Монголиянын айлана-чөйрөсүн сактоо жана экологиялык көйгөйлөрүн чечүү акыбалы тууралуу олуттуу баяндаманы үч окумуштуу биргелешип сунуштады.
Алар – Монголиянын борборундагы Сити университетинин (Шаардык университеттин) профессору, так илимдердин өкүлү, академик Жадамбаа Тэмүүжийн мырза, ушул эле университеттин өкүлү, доктор Долгорсүрэн Жамиян (Жамьян) айым жана Кэмбриж университетинин изилдөөчүсү Энх-Амгалан Золжаргал айым.
Алар көөнө убакта көчмөн монголдор өздөрү турган конушту өтө таза сакташкандыгын, эски журтта эч бир таштанды калтырышпагандыгын белгилешти.
Бул жаатта көчмөн кыргыздар дагы аларга окшош тиричилик кылышкандыгын, өз журттарын дайыма таза калтырышкандыгын белгилей кетсек болот.
Ал эми азыркы өнөр жайлуу замана бардык эле коомдорду айлана-чөйрөдөгү булгануунун өзгөчө кесепеттүү натыйжаларына кептеп койду.
Маселен, Улан-Батордун чет жакасындагы 210 миң түтүн жашаган аймакта жылына 800 миң тонна таш көмүр жагылат, борбор шаардын юылуулук ишканалары дээрлик 6 миллион тоннага чейинки көлөмдө көмүр жагышат. Эми алардын чыгарган күлү кандайча додо болоорун элестетиңиздер деп таштандынын сүрөттөрүн көрсөтүп, баяндамачылар андан ары жашыл шаарга таандык экологиялык талаптар аркылуу бул күлдү кайра иштетүү жолдору тууралуу сунуштарын ортого салышты (күлдөн курулуш материалдарын, айнек, керамика жана башка жаңы заттарды алууга болот).
Эт сапаты – олуттуу көйгөй
Дагы бир баяндама азыркы Монголияда сапаттуу эт өндүрүү маселелерине арналды. Кэмбриж университетинин профессору Элизабет Фокс (Elizabeth Fox) айым жана ушул университеттин изилдөөчүсү Энхбат Сайнбаяр биргелешип дарядаган бул иликтөөдө этти өндүрүү азыркы тапта адеп-ахлак, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой эле климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу сыяктуу жагдайларды айкалыштыраары баса белгиленди.
Эгерде мурла монгол эт өндүрүүчүлөрү дүйнөлүк стандартка ылайыкташууга умтулуп келишсе, эми болсо алар дүйнөлүк стандарт өздөрүнөн баштала тургандай жогорку деңгээлди өздөрү үчүн камсыз кылууга өтүшү керек деп баяндамачылар баса белгилешти.
Албетте, бул тема дагы ала-тоолуктар үчүн өзгөчө маанилүү. Көпчүлүгү бутпарас дининин ламачылык тарыкатына кирген монголдордон айырмаланып, мусулман кыргыздар адал союу шартын аткарууга тийиш эмеспи. Арийне, адалдап мууздоонун өзү эле тазалыкка кепилдик жаратпай тургандыгы түшүнүктүү.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү Кыргызстанда дагы жалпы дүйнөлүк стандарт талаптары (мал союу жайынын дарыгердик лаборатория сыяктуу өтө таза кармалышы, соңку технология – чакан крандар, суу түтүктөрү, кампадагы муздаткычтар, ж.б. менен жабдылышы, чоочун кишилерди касапчынын иш жайына киргизбөө, жумушчуларды – эт чапкычтарды таптаза иш кийимдери менен камсыздоо, ж.б.) курч коюлууда жана четинен чечилүүдө. Маселен, Ат-Башы кыштагынын четиндеги заманбап эт комбинаты ушул стандарттарга жооп берет.
Монголияда болсо мындай заманбап эт комбинаттары ар кыл аймактарда курулууда. Жогорку талаптарга жооп берилбеген шартта, маселен, коңшу Кытайга эле эт комбинатынын өнүмүн чек ара көзөмөлүнөн өткөрө албай койгон учурлар болгондугун монгол илимпоздору учкай белгилей кетишти.
Тыбыт өндүрүү жана көчмөндүк салт
Ал эми Канададагы Виннипег университетинин профессору Эрик Трифт (Eric Thrift), Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө эл аралык институтунун кызматкери Мөнхтамир Дамдинсүрен жана Чехиядагы Масарик университетинин изилдөөчүсү Мижид Сайнбуян монголдук “кашмири” тыбытын өндүрүү көйгөйлөрүнө арналган баяндаманы калемдешип сунушташты.
Алар өзгөчө сапаттуу тыбыттын кирешесине туйтунууга гана кызыккан эл аралык өндүрүүчүлөр жана соодагерлер бул тармак менен алектенген монгол малчылардын бир эле учурда бабалардан калган көчмөндүк заттык эмес маданиятты ырааттуу сактоого жетишүүсү маселесине да кайдыгер карабашы керек деп санашат.
Баяндамачылар заманбап тыбыт өндүрүү көчмөндүк салт кылымдар бою жараткан асыл нарктарды дагы сактоого өбөлгө түзүшү керектигин баса белгилешти.
Көркөм өнөрсүз көчмөндүк салт жок
Илимий шериненин көп тарамдуу уюштурулушу көркөм өнөр көйгөйү жаатын да камтыгандыгын айта кетүү абзел.
АКШдагы Индиана университетинин (Блүмингтон) өкүлү, көркөм өнөр таануучу Уранчимэг Цүлтем айым, Монголия улуттук университетинин өкүлү Цэцэнцолмон Баатамаран, сүрөтчүлөр Т.Энхболд, Л.Мөнхцэцэг жана музыка продюсери Б.Эрдэнэбат биргелешип уюштурган илимий талкууда Монголиянын заманбап көркөм сүрөт өнөрүндө байыртадан бери сакталган көчмөндүк турмуш темалары кандайча ширелтилгендиги чагылдырылды.
Шерине катышуучулары Монголиянын көркөм сүрөт галереясы уюштурган “Көчмөндөрдүн көркөм өнөрү” аттуу көргөзмөгө да келип, инсталляция усулунда сунушталган жаңы чыгармаларга күбө болушту. Көргөзмөнү көркөм өнөр таануучу Уранчимэг Цүлтэм айым уюштурган.
Геосаясат: Ички жана Борбордук Азия
Улан-Батордогу илимий шеринеде Евразиядагы, анын ичинде Монголиядагы көчмөн жана мурдагы көчмөн коомдор жана көмөндөр байырлаган өлкөлөр заманбап геосаясий кырдаалда кайсы багытта иш-аракет кылуусу керектиги тууралуу атайын талкуу уюштурулду.
Чынында да эки тарабынан тең авторитардык режимдер торогон демократиялык Монголия үчүн өз эгемендигин көз карегиндей сактоо жана болочокку ырааттуу өнүгүүнү камсыздоо максатында бир тараптуу эмес, көп нуктуу дипломатия аба менен суудай керектиги түшүнүктүү.
Андан тышкары Монголия постсоветтик Борбордук Азия өлкөлөрү менен жаңы деңгээлде кызматташууга дилгир экендиги да талкуу маалында айтылды. Маселен, Монголия парламентинин мүчөсү, Монголия улуттук университетинин профессору Бум-Очир Дулам мырза менен Кэмбриж университетинин профессору, теги монгол доктор Булаг Урадын мырза ушул ойду шерине маалында баса белгилеп жатышты.
Кэмбриж университетинин профессору Элизабет Фокс Монголия дүйнөдөгү демократиялык өлкөлөр менен байланыштарын ырааттуу чыңдай бериши керектигин айтты.
Биз болсок авторитардык делген өлкөлөрдө дагы, Монголия менен Борбордук Азияда дагы жарандык коомдор жетиле бериши керектигин, акыры бул өлкөлөр дагы болочокто демократиялык баалуулуктарды ички коомдук сапат көрсөткүчү катары өнүктүрүүгө жетиши зарыл экендигин баса белгиледик.
Бул илимий шерине ар кыл коомдук жана так илимдерге жиктелген илимий тармактардын өкүлдөрү өз тармактарынын алкагында гана чектелип кала бербестен, бир жайга топтолуп, илимий тармактар аралык темалар жаатында эркин баарлашкандыгы менен айырмалуу болду.
Кыргыз–монгол илимий кызматташтыгы зарыл
Азыркы тапта кыргыз жана башка түрк тилдерин билген монгол жаштары бар. КТМУда эле жүздөй монгол улан-кызы таалим алып жаткандыгын Азамат Максүдүнов белгиледи. Арийне, бул өлкөдө кыргыз таануу жаатында адистер азырынча дээрлик жокко эсе.
Кыргыз тарыхын жаңыча өңүттөн иликтөө үчүн монгол тилин жана орто кылымдардагы монгол жазмасындагы тексттерди түп нускасында изилдөөгө ынтызар ондогон улан-кыздар керек. Демек, Кыргызстанда дагы монгол таануу илимий тармагын калыптандырууга мезгил жетти.
20-августта өз ишин ийгиликтүү аяктаган Монголия-Кэмбриж илимий шеринеси дал ушундай ойлорго түрттү.
Айтмакчы, шериненин негизги уюштуруучуларынын бири, Кэмбриж университетинин профессору Булаг Урадын мырза Кыргызстан менен Монголиянын илимпоздору эки тараптуу тыгыз кызматташтыкты өөрчүтүшү керек деген оюн биз менен баарлашуусу маалында улам баса белгилеп жатты.
Монголия улуттук университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана башка илимий мекемелер эки тараптуу кызматташтыкты кыргыз таануу жана монгол таануу тармактарында өз ара адис даярдоо жаатында дагы жүргүзүүсү абзел.
Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.