Борбор Азия өлкөлөрүндөгү мамлекеттик телеканалдар Орусиянын Украинадагы согушуна анчейин көңүл бурбайт. Чөлкөмдүн калкы согуш тууралуу маалыматты өкмөттүк эмес каналдардан, социалдык медиадан гана ала алат.
Союз маалында совет бийлиги "жагымсыз" маалыматтарды кантип жаап-жашырып, аны "чыпкалап" чагылдырганы жөнүндө какшык кептер көп. "Эгерде Наполеондун тушунда советтик "Правда" гезити чыгып турганда Ватерлоо салгылашуусунда француз армиясынын жеңилгендигин эч ким билбей калмак" - деген тамашаны баарыбыз эле эшиткен чыгарбыз.
"Жагымсыз" кабарды чыпкалоо жагынан "Правда" гезитинин ыкмасын учурда Борбор Азияда Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары чеберчилик менен колдонот. Орусия Украинага жапырт басып киргенден бери алар бул теманы бир да жолу козгогон эмес.
Орусия менен тыгыз байланышкан чөлкөмдөгү бардык мамлекеттик маалымат каражаттары согушту өтө аз чагылдырса дагы карапайым эл анын кесепеттерин даана сезип, бөтөн согушка барган уландарынын сөөгү келип жатканын көрүп-билип турат.
Ал эми көптөгөн көз карандысыз ЖМКларда, тескерисинче, эки жарым жылдан ашуун уланып жаткан согуш негизги темага айланды. Бирок муну орус бийлиги жактырбай, терс мамиле кылышы мүмкүн. Ошондуктан Украина тууралуу маалымат берген мамлекеттик басылмалардын көбү азыр бул темадан оолактап калды.
Боливиябы же башкабы...
Борбор Азиянын расмий өкүлдөрү Украинага карата этият позицияны карманганы менен тайманбас расмий билдирүүлөр, мисалы, Орусия согуш маалында ээлеп алган аймактардын макамын тааныбай тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр Казакстандан келген.
Белгилей кетсек, Казaкстан менен Орусиянын чек арасы – дүйнөдөгү эң узун чек аралардын бири.
200 миңден ашык орус жараны 2022-жылы Кремл жарыялаган мобилизациядан качып, Казакстанга кирген. Ал эми Украинадагы согуш жана Орусияга каршы салынган санкциялар казак экономикасын кыйла аксатты.
Бирок мамлекеттик телеканалдардын маалыматтары бул жаңжалдын Казакстанга эч кандай тиешеси жоктой таасир калтырат.
Соңку апталарда Казакстан мамлекеттик телеканалынын көрүүчүлөрү өлкөдөн 14 миң чакырым алыста жайгашкан Боливиянын токойлорундагы өрт, Пуэрто-Рикодо электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы жана Конгодо маймыл чечеги вирусунун жайылышы тууралуу кабарларды угуп, көрүштү.
Ошол эле учурда алар август айында Орусиянын Курск аймагына Украина сокку урганы же орусиялык учкучсуз аппараттар менен ракеталар Украинанын жарандык инфраструктурасын талкалап жатканы тууралуу кабарларды көргөн жок.
Негизи Казакстандын мамлекеттик маалымат каражаттары 2023-жылдын алгачкы айларынан бери согушту дээрлик чагылдырбайт. Айрым телеканалдар гана казакстандык ишкерлердин Украинага гуманитардык жардам катары боз үй тигүү демилгесин учкай айтышты.
Украинанын кеминде төрт шаарына тигилген боз үйлөр орустардын "көңүлүн оорутуп" койгондой.
Москвадагы Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы ачыктан-ачык түшүндүрмө талап кылгандан кийин, анын Астанадагы кесиптеши "түшүндүрүүгө эч кандай себеп жок" экенин айтып, боз үйлөрдү "жеке демилге" деп сыпаттаган.
Дал ошондон кийин Украинадагы окуяларды чагылдыруу кескин кыскарды.
"Азаттыктын" казак кызматынын "мамлекеттик телеканалдарга Украинадагы окуяларды чагылдырууну кыскартуу талабы коюлганбы?" деген суроосун четке кагып, "Хабар" мамлекеттик агенттигинин өкүлү "согуш тилкесинен келип жаткан маалыматтардын аныктыгын текшерүү кыйын" деп кутулду.
Коңшу Өзбекстанда мамлекеттик телеканалдар согушту эч чагылдырбайт. Ал эми маалымат агенттиктеринин сайттарында "Украина" деген сөздү издегенде, согуштун биринчи жылынан башка дээрлик эч кандай жыйынтык көрсөтпөйт. Тажикстанда да жагдай ушундай.
Кыргызстандын мамлекеттик КТРК телеканалы бул жагынан өзгөчөлөнүп, Би-би-си дүйнөлүк кызматынын согуш тууралуу репортаждарын үзгүлтүксүз берип турат.
Бирок телерадиокомпаниянын окуяларды чагылдыруусуна келгенде, "негизинен алар согушка байланыштуу айтпай коюуга болбой турган учурда гана чагылдырат; андай кабарлар өтө учкай, супсак жана бейтарап берилет" деди "Азаттыкка" медиа эксперт Адил Турдукулов.
"Орусия үчүн бул абдан маанилүү"
Бирок Борбор Азиядагы менчик маалымат каражаттары Украинадагы окуяларды ар түрдүү чагылдырат. Анда өкмөткө жакын сайттарда геосаясий окуялардын кыскача серебинен баштап, краудфандинг же донордук долбоорлордун алкагында кан майдандын алдыңкы тилкесиннен алынган репортаждарга чейин табылат.
24.kg маалымат агенттигинде редактор болуп иштеген Махинур Ниязова согуш башталганда орусиялык жана Батыштын ММКларына жана расмий булактарына шилтеме берип, сайттагы жаңылыктар күнүнө бир нече жолу жаңыртылып турганын белгилейт.
Бул сайт Москванын "атайын аскердик операция" формуласын колдонуп жатканына активисттер нааразы болуп, сындашкан. Бирок "орус элчилигинен да телефон чалышып, биздин материалдар өтө эле Украинага ыктаган деп нааразы болушкан" дейт Ниязова.
24.kg агенттигинин Бишкектеги кеңсесинде жыл башында тинтүү жүргүзүлүп, 2023-жылы августта "Туран" батальонунун командири, кыргызстандык Алмаз Кудабек уулунун интервьюсуна байланыштуу "согушту үгүттөө" беренеси менен кылмыш иши козголгондон кийин мөөр басып кулпуланган.
Москванын бул ишке таасири кандай болгону белгисиз, бирок негизи эле президент Садыр Жапаровду сындаган маалымат каражаттары жапырт куугунтукка кабылды.
Орусиянын медианы жөнгө салуучу башкы мекемеси Роскомнадзор бул интервью жарыялангандан көп өтпөй Орусиянын аймагында 24.kg сайтына бөгөт коюп, мындай чечимин согуштун биринчи жылындагы жаңылыктарга байланыштырды.
24.kg агенттигине жаңы кожоюн келип, Ниязова баш болгон кызматкерлер жумуштан кеткенден кийин Кыргызстандын прокуратурасы бул иш тергелбей калганын жарыялаган.
Роскомнадзор ошондой эле Казакстан менен Тажикстандагы менчик маалымат агенттиктеринин сайттарын согушка байланыштуу материалдарды алып салуудан баш тартканы үчүн бөгөттөгөн.
Өзбекстандагы маалымат каражаттары да ушундай тагдырга кабылганы же кабылбаганы азырынча белгисиз. Коңшу өлкөдөгү бир канча сайттар согушту Москванын көз карашынан эмес чагылдырып келет.
"Орусия согушка тиешелүү эмне айтылганына өтө сезимтал – муну баары билет", - дейт Turkmen.News басылмасынын башкы редактору Руслан Мятиев.
"Бирок суперавторитардык Түркмөнстандын маалымат мейкиндигине салыштырганда Роскомнадзордун цензурасы жолдо эле калат", - дейт ал.
Эл аралык аренада өзүн бейтарап деп эсептеген Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары ар кандай чыр-чатактар, мисалы, Украинадагы согуштун алгачкы күндөрүндө бир нече миң түркмөн студент камалып калганы тууралуу такыр сөз каткан эмес.
Түркмөн тилинде согуш тууралуу маалыматтар Turkmen.News, "Азаттыктын" түркмөн кызматы жана Венада жайгашкан "Түркмөнстан хроникасы" сыяктуу өлкө тышындагы булактардан алынат.
"Көптөгөн авторитардык өлкөлөрдө ЖМКлар кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттен көз каранды болушу мүмкүн. Бирок Түркмөнстанда толугу менен көз каранды. Бул жагынан Түркмөнстан дагы эле Советтер Союзундай" - дейт Мятиев.