Согд облусу Тажикстандын түндүгүндө жайгашып, Сырдарыя агып өткөндөн улам айыл чарбасы жакшы өнүккөн. Күрүч жана пахта көп эгилет. Тажикстандын аймагындагы Сырдарыянын узундугу 144 чакырымды түзөт. Дарыяга курулган Кайраккум жана Фархад ГЭСтеринде электр энергиясы өндүрүлөт.
Дарыяны жээктей отурукташкан элдин жашоосу кандай? Эмне үчүн чакан облуска эки ири гидроэлектростанция курулган? Биздин макалада ушул тууралуу сөз болот.
Сырдарыя – Борбор Азиядагы эң узун дарыя. Төрт өлкөнүн аймагын – Кыргызстанды, Тажикстанды, Өзбекстанды, Казакстанды аралай агып, Арал деңизине куят. “Азаттыктын” журналисти жана сүрөт баяндамачы Пётр Троценко Сырдарыяны бойлой жайгашкан айылдарга барып, элдин жашоо-турмушу аркылуу дарыянын азыркы абалын айтып берүүгө аракет кылды.
"Бул жылы суунун баасы 150% өстү"
Таңкы саат бештерден өтүп, күн көтөрүлө электе биз Согд облусунун борбору Коженттин эгин талааларын көздөй жолго чыктык. Күн кызыганча жергиликтүү дыйкандарга кезигишибиз керек.
Бул чөлкөмдө жумуштун көбүн таң атпай жасаганга туура келет. Мен Согдиде жүргөн бир апта ичинде күндүн табы 50 градуска чейин (Цельсий боюнча) ысып жатты. Аптапка карабай дыйкандар таңдан кечке талаада иштейт. Күн куйкалап, пахта талааларынын үстүндө ысык аба калкып, үп болгон убакта гана тыныгышат.
Согд аймагындагы Сырдарыянын салаа-салаа бөлүнгөн суулары эгин талааларына сиңип жаткандай. Аймагынын дээрлик 93% тоолордон турган Тажикстандын калкы дыйканчылыкка ылайыктуу бир укум жер болсо дагы пайдаланууга умтулат.
Биз Өзбекстан менен чектешкен Спитамен районун көздөй сапар уладык. Бул жакта дыйкандардын көбү пахта эгишет.
Фаррух Забитовдун "Фариза" дыйкан чарбасы Сырдарыяга жакын болгондуктан сугаттан кыйналбайт. Бирок тоолуу жерлерде абал бир кыйла оор. Алар сууну насос менен алууга аргасыз.
“Быйыл суунун баасы 150% чейин өстү. Мурда сугат сууга бир саат үчүн гектарына 20 сомони (1,8 доллар) төлөсөк, азыр 50 сомони (4,7 доллар) болуп калды. Ошол эле маалда пахтанын баасы дагы түшүп кетип, пайда табуу мүмкүн болбой калды. Үч жыл илгери пахтанын килограммы 15 сомони (1,4 доллар) эле. Өткөн жылы биз 5-6 сомониден саттык. Эгерде бул жылы жок эле дегенде килограммын 10 сомониден сата алсак, анда жакшы болот эле", - дейт Фаррух Забитов.
Пахта өндүрүшү Тажикстандын экономикасынын эң маанилүү тармагы болуп саналат. Бир катар эксперттер пахтанын баасынын арзандашын Орусиянын Украинага кол салышы жана санкциялар менен байланыштырууда.
Орусия - пахтаны сатып алган негизги өлкө. Бирок ушу тапта даяр товарды башка өлкөлөргө экспорттоодо маселе жаралып, Орусия мурдагыдай көлөмдө сырье сатып албай калды.
"Жер семирткичтин баасы өстү, суу, жер - баары кымбат. Кыйын эле болуп калды. Тоолуу аймактарда жашагандарга ого бетер оор, анткени суу баарына эле жете бербейт. Кээ жылдары кургачылык болууда", - дейт Фарух жумушуна шашып баратып. Жайында дыйкан үчүн ар бир минута баалуу эмеспи.
Мен Тажикстанга келип-кеткен сайын дыйкандардын оозунан "пахта эгүү пайдалуу болбой калды" деген сөздү көп укчу болдум. Жер салыгы өсүп, чыгымдары көбөйүп, пахта баасы болсо улам арзандап жатат дешет.
Дыйкандардын көбү - мурдагы колхозчулар. Советтер Союзу урагандан кийин мамлекет элге жерди бөлүп берген же узак жылга ижарага ажыраткан.
Абдулло Ниязов - 30 жылдан бери өзүнө бөлүнгөн үлүш жерде дыйканчылык кылып, тиричилигин өткөрүп жаткан фермерлердин бири.
Абдуллого тишелүү эки жер тилкеси бар. Бирине пахта айдап, экинчисине мөмөлүү дарак тиккен. Эгерде өкмөт уруксат берсе, эки тилкени тең эле бакка айлантмакмын дейт ал. Анткени пахтага караганда багбанчылык кыйла пайдалуу болуп калды. Анан калса чыгымы, мээнети да аз, сууну көп талап кылбайт.
Абдуллонун 25 түп өрүгү бар. Аны арыктан насос менен суу тартып сугарат. Өрүктү жыйнаганга үй ичи менен киришип, таңдан кечке теришет. "Өрүктүн бул сорту кандай аталарын билбейм", - деди ал. Өтө сейрек кездешкен түрү, өзгөчө камкордукту талап кылат. Убагында кагып албаса, тез эле чирип баштайт. Бирок анын кагы өтө даамдуу болот.
"Арыктан насос менен алабыз, суу эсептегич аркылуу өтөт. Бул жер суудан алыс болгондуктан, дыйканчылыктын чыгымы көп. Ошондуктан помидор, бадыраң эккенден пайда жок. Эң жакшысы өрүк, - деп түшүндүрдү Абдулло. – Бирок чыгымы баары бир чоң, насосту улам оңдогонго туура келет, тетиктери дагы кымбат. Анын ичинен сууга өзүнчө төлөнөт. Өрүк сууну көп деле талап кылбайт, бирок пахтанын жөнү башка. Пахта суусуз болбойт. Канча чыгымдадык, пайдасы канча болорун күзгө барып билебиз".
Абдулло өткөн жылы пахтанын килограммын 8 сомониден (болжолу 76 цент) саткан. Быйыл кандай болорун эч ким билбейт.
"Эгерде Орусия менен Казакстанга көп ташыла баштаса, баасы жогорулашы турган кеп", - дейт ал.
"Сырдарыяны коромжу пайдаланышууда"
Суу ресурстары жана айыл чарбасы боюнча эксперт, экология жаатында жазып жүргөн журналист Негматулло Мирсаидов менен Кожентте Сырдарыя жээгиндеги чайканалардын биринен жолуктук. Дарыядан келип жаткан салкын жел кыйла сергитет.
Эксперттин айтымында, Сырдарыянын суусу барган сайын тартылууда. Мунун себеби катары кургакчылыкты, климаттын өзгөрүшүн, ошондой эле айыл чарбасына, биринчи кезекте пахта талааларына суунун коромжу пайдаланылып жатканын атады:
"Сырдарыянын суусу коромжу болууда. Тажикстанга салыштырганда Түркмөнстан менен Өзбекстандын жеринин чоң бөлүгүндө пахта эгилет. Менимче, суу кризисин чечүүнүн бирден бир жолу - пахтадан баш тартып, багбанчылыкка өтүү. Тажикстанда жерди дыйкандарга бөлүп бердик дегени менен, дале болсо өкмөт пахта эккиле деп көрсөтмө берет. Жакшысы, өлкө ичинде канча иштете алсак, ошончо эле пахта эгилгени дурус. Бирок фермерлерден чийки затты жарыбаган акчага сатып алып, кайра сырткы базарларга кымбат саткандар бар".
Мирсаидовдун айтымында, пахта өндүрүшү Тажикстанда кыскарып, ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстанда мурдагыдай эле айыл чарбасындагы негизги багыт бойдон калууда. Эгерде бул өлкөлөр тамчылатып сугаруу же заманбап сугат технологияларды киргизсе, суу көйгөйү жаралбашы мүмкүн эле дейт ал:
"Албетте, бул кымбатка турат. Бирок акыры биз буга келишибиз керек. Бул жерде мамлекеттик деңгээлде өз ара түшүнүшүү зарыл".
"Негизги маселе акчада. Айыл чарбасына инвестиция тартуу зарыл. Бирок мамлекетте андай каражат жок. Фермерликти өнүктүрүп, суу ресурстарын үнөмдөөгө өтүү үчүн кандайдыр бир кластерлерди түзүү зарыл же чет жактан каржылоо керек. Чет элдик инвесторлор Тажикстанга көп деле кызыкпайт. Анткени жер тилкеси жеке менчик деп саналбайт эмеспи. Ошондуктан чет жерлик инвестор өзүнүн капиталын жумшагандан кийин жерин эч ким тартып албайт деген кепилдик жок".
Айыл чарбасына тартылган инвестициянын, субсидиянын жоктугунан улам салыктар өсүүдө. Муну акыркы мезгилде фермерлер жон териси менен сезип жатат.
"Ооба, салык чоң, - деп коштоду Негматулло. – Анан калса салыкчылар көпчүлүк ишкерлер товарын сата электе эле салыгын алдын ала төлөшүн талап кылууда. Бул айыл чарбасы эле эмес, өлкөдөгү бизнестин өнүгүшүнө дагы тоскоолдук жаратат. Ошол эле учурда салыктын кээ бир түрлөрү анчалык деле чоң эмес. Маселен, суу салыгын алалы. Көпчүлүк фермерлер азыр суу кымбат деп даттанып жатышпайбы. Бирок биздин бааны дүйнөдөгү тариф менен салыштырсак, анча деле чоң каражат эмес. Болгону кишилер сууга төлөгөнгө көнгөн эмес, ошого өтө кымбат туюлууда".
Кайраккум суу сактагычы жана Фархад ГЭСи
Согд облусунун аймагында Сырдарыяга эки гидроэлектростанция – Фархад жана Кайраккум ГЭСтери курулган.
Фархад ГЭСи Тажикстандын аймагында жайгашканы менен, Өзбекстанга карайт.
Гидроэлектростанция 1947-жылы курулган. Ал мезгилде союздук республикалардын ортосундагы чек ара боюнча маселе көтөрүлчү эмес. Башынан эле Фархад ГЭСинде өзбекстандык адистер иштеген. Советтер Союзу урагандан кийин гана Тажикстан менен Өзбекстан ортосунда ГЭСтин тегерегиндеги талаш башталды.
Жарандык согуш учурунда Тажикстан Фархад ГЭСин өз көзөмөлүнө алган. Буга жооп кылып Өзбекстан чек аралаш тажик айылдарына суу, электр жарыгын жана газ берүүнү токтоткон. Бирок жаңжал курал колдонгонго чейин жеткен эмес, тажикстандык аскерлер ГЭСтин кайра Өзбекстандын көзөмөлүнө өткөрүп берген.
Бул маселе боюнча тараптар 2018-жылы гана орток пикир таба алды. Эки өлкө жетишкен келишимге ылайык, алдыдагы 49 жылда ГЭСтин коопсуздугун тажик тарап камсыздап, аны иштетүү укугу Өзбекстанга берилди.
Фархад суу сактагычы суу менен камсыздоонун негизги булагы саналат. Суу сактагыч Мырза-Чөлгө (Бетпак-Талаага) Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандын Түркстан облусу аркылуу өткөн Сырдарыянын сол жээгиндеги чөлдүү аймакка суу жеткирет.
Тажикстан менен Өзбекстандын чек аралаш райондорунда көп сандагы этникалык өзбектер отурукташкан. Алар Тажикстанды мекенибиз деп санап, фарс тилинде эркин сүйлөшөт (жергиликтүү тажиктер дагы өзбекче жакшы түшүнөт), башкалар сыяктуу эле негизги тиричилиги дыйканчылык менен байлданышкан.
57 жаштагы Азаттын улуту өзбек. Спитамен районунда туулуп, өсүптүр. Азат бир учурда мектепте иштептир. Бирок аз айлык менен үй-бүлөнү багууга мүмкүн болбогондуктан кесибин алмаштырууга туура келген. Ошентип, көп жылдан бери суу чарбасында иштеп, райондун тоолуу аймактарына Сырдарыядан насос соргон суунун көзөмөлдөйт.
"Мектепте иштеген эркек мугалимдер деле калган жок. Жалаң эле аялдар иштеп калды, - дейт Азат. – Мунун себеби, айлык аз. Мен орточо 700 сомони (болжолу 65 доллар) айлык алат элем. Бул каражат менен үй-бүлөңү бага албайсың. Азыр бул жумушумда бир күн иштеп, үч күн эс алам. Үйдө дагы өзүнчө чарба күткөнгө мүмкүнчүлүгүм бар".
Азат станциядагы алты насос тең үзгүлтүксүз иштеп, керектүү көлөмдө суу тартып беришин камсыздайт:
"Сууну коё бер деп чалышат. Мен насосторду иштетем".
Анын айтымында, Спитамен районуна суу жеткирген эң кубаттуу насосту көзөмөлдөйт:
"Быйыл Сырдарыянын суусу мол. Өткөн жылы суу өтө эле аз болчу. Мунун баары, албетте, кардын жаашына байланыштуу го. Тоого кар көп түшсө, суу дагы жетиштүү болот. Суу Кыргызстандын мөңгүлөрүнөн агып келет. Кыргызстанда деле суу таңкыс болуп, өздөрүнө жетпей жатканда бизге дагы аз агызышат. Алардын дагы өзүнүн эли бар, жерлери бар дегендей. Мурда бирдей деңгээлде суу келчү, азыр эми ар ким өзүнө кожоюн эмеспи".
Мен Азаттан жергиликтүүлөр Фархад ГЭСине иштей алабы деп сурадым.
“Жок, ал жакта жалаң гана өзбек жарандары иштешет. Алар ГЭСке барган суунун агымын көзөмөлдөшөт. Анан ал жерде аскерлер турат. Ошондуктан видеого тартканга, жакын барганга болбойт. Не болгондо да чек ара жакын жана ГЭС стратегиялык объект эмеспи. Ошондуктан балык уулаганга, сууга түшкөнгө болбойт", - дейт ал.
Кайраккум ГЭСи 1957-жылы иштей баштаган. Анын кубаттуулугу региондун гана керектөөсүн жаба алат.
Негматулло Мирсаидов эскергендей, 2006-2009-жылдардагы энергетикалык каатчылык учурунда Согд облусунун баары Кайраккум ГЭСинин көзүн караган.
Кайраккум суу сактагычы же жергиликтүүлөр атагандай "Тажик деңизинин" регион үчүн мааниси зор. Кургакчылык болгон жылдарда Согд аймагын эле эмес, коңшу өлкөлөрдү дагы суу менен камсыздайт.
2021-жылы Тажикстан Кайраккум суу сактагычынан Казакстанга кошумча 315 миллион метр/куб суу берген. 2021-жылдын жай мезгилинде кургакчылык каптап, Сырдарыяда суу аз болгон. Ошондуктан Казакстандын түштүгүндөгү фермерлер күрүч аянттарын кескин кыскартууга аргасыз болду.
Кайраккум – Тажикстандын түндүгүндөгү эң кооз жай. Анын жээгинде ондогон эс алуу жайлары курулган. Андан сырткары суу сактагычтын тегерегиндеги аймактарда дыйканчылык өнүккөн.
54 жаштагы Абдуллахоб суу сактагычка жакын эле жердеги үлүшүнө күрүч эгет. Анчейин чоң эмес тилкеден, 30 сотыхтан кеминде 1,5 тоннадай күрүч алат. Түшүм мол болгондо 2 тоннага чейин жетет. Алган түшүмүнүн көбүн жергиликтүү базарда жакшы баага пулдайт.
"Күрүчтүн "Кенж" деген сортун эгем. Андан палоо демдесе, мыкты болот. Кошунам болсо "Краснодар" сортун экти эле. Ал дагы жакшы экен. Негизи эле бул жерлер түшүмдүү. Эгерде жакшы карап, убагында дарыласаң, түшүм мол болот. Албетте, күрүч - сууну эң көп ичкен өсүмдүк. Суу болбосо күрүч өстүрүү мүмкүн эмес".
Дыйкандын тилеги деле ошол, суу мол болсо дейт. Бул жерде мээнет кылсаң эле акыбети сөзсүз кайтат.