Орусиянын түрмөлөрүндө Украинадагы кан күйгөн кармашка азгырган учурлар көбөйдүбү? Темир тор артындагы мигранттар эмне себептен согушка барууга макул болуп, бөтөн жердеги өлүмгө баш байлап кетип жатат? Уулу согушка бараткан эне-атанын зарын ким угат? "Азаттык" Украинадагы согушка кеткен бир нече каармандын кайгылуу окуясын баяндоо менен Орусиянын түрмөлөрүндө мигранттарды кан күйгөн кармашка айдоо дагы эле уланып жатканын көрсөтөт. Белгилүү себептерден улам берүүдө сүйлөгөн каармандардын жүзүн жаап, атын өзгөртүп беребиз.
Борбор Азия
жума 4 Октябрь 2024
Өткөн аптада Өзбекстандагы мектептердин биринде болгон жаңжал Орусия менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык кайым айтышууга негиз болду.
Бул жолу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова өзүнө ылайыктуу атаандаш тапты.
Окуя 23-сентябрда баш калаа Ташкенттеги мектептердин биринде болгон. Анда мугалим орус тил сабагында 10 жаштагы окуучуну "эмнеге орусча сүйлөбөйсүң" деп жаакка чапкан. Окуянын видеосу класстагы көзөмөл камерасына түшкөн. Кийин сүрөттөр соцтармактарга тарап, чоң талкууга жем таштаган.
Мария Захарова 25-сентябрдагы брифингде орус бийлиги Өзбекстандан расмий түшүндүрмө сураганын айтып, "балага зомбулук көрсөткөн адамга тез арада чара көрүүгө" чакырган.
Москва Өзбекстандагы окуяларга кескин реакция кылган окуялар буга чейин да болгон.
Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, "Миллий тикланиш" ("Улуттук кайра жаралуу") партиясынын төрагасы Алишер Кадыров мектептеги окуя боюнча пикирин Телеграм-каналына жазды.
"[Орусия] биздин ички маселелерибиз менен эмес, өз көйгөйлөрү менен алектенсе жакшы болмок. Өзбекстан Республикасынын мектебинде баланын, Өзбекстандын жараны болгон баланын укугу бузулду. Андыктан Өзбекстан элинин атынан кабыл алынган мыйзамдардын негизинде чара көрүлөт. Жок жерден ызы-чуу салгандан пайда жок", — деп жазды Кадыров.
"Өзбекстандык Жириновский"
Өзбекстандын тынч саясий аренасында Кадыров өзү дайыма ызы-чуу салган саясатчы катары белгилүү.
Борбор Азия боюнча эксперт Брюс Панниер ушул айдын башында Times of Central Asia гезитинде жарыяланган макаласында Кадыровду "Орус шовинизмине каршы күрөштөгү Өзбекстандын кишиси" деп сыпаттаган.
Ошол эле учурда Панниер Өзбекстандын саясий системасы дагы деле авторитардык экенин, Кадыров "өкмөттүн жогорку даражалуу аткаминерлеринин макулдугусуз ооз ачпастыгын" белгилеп, анын орус улутчулдугуна жана Советтер Союзуна каршы бир нече билдирүүлөрүн келтирди.
Кадыров Өзбекстанда орусиялык телеканалдардын көрсөтүүсүн токтотуу сунушун айрыкча орусиялык саясатчы жана илимпоздун жыл башында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тарыхын жана элин кемсинткен сөздөрүнөн кийин айтып чыккан.
Анткен менен Кадыровду көбүнчө "өзбекстандык Жириновский" деп аташат. Муну менен аны 2022-жылы көз жумганга чейин дээрлик отуз жыл бою Орусиянын бийлигинин оюн айтып келген саясатчы Владимир Жириновскийге (Жириновский 2022-жылы 75 жашында каза болгон) салыштырып жатышат.
Кадыровдун өзү мындай салыштырууну жактырбайт.
2022-жылы октябрь айында британиялык журналист Жоанна Лиллис менен болгон маегинде Кадыров Жириновскийдей шовинист эмес экенин, тескерисинче, "Өзбекстандын салт-санаалары жана баалуулуктары менен шайкеш келген улуттук өнүгүүнүн" жактоочусу экенин белгилеген.
Ошондой эле Кадыров Өзбекстандын ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүн өлкөдөн чыгарууну да сунуштаган. Муну Жириновскийдин сабырсыздыгына окшоштурушат.
Бул лакап аттын өзбек саясатчысына тагылып калуу себептеринин жарымы гана.
Кадыров Жириновскийге окшоп купуя нерселерди билген кишинин жана "системалуу оппозициянын" ролун ойногону менен, мындан башка эч кандай даана саясий дымагы деле жок.
2021-жылы Алишер Кадыров президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев менен ат салышкан төрт талапкердин бири болгон.
Анда көпчүлүк шайлоочулар бюллетенде Мирзиёевден башка Кадыровдун гана атын билерин айтышкан.
Бирок ал айрыкча чет өлкөдө иштеген мигранттардын Өзбекстандагы үй-бүлөлөрүнө жөнөткөн акчасынан салык алуу керек деп чуулгандуу сунушун айткандан кийин, учурдагы президентке эч кандай атаандаш болбой калган.
2023-жылы өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдында Кадыров жана анын "Миллий тикланиш" партиясы Мирзиёевдин талапкерлигин колдогон.
Жаңы кырдаал, жаңы мамиле?
Ошентсе да, Кадыровдун чыгышы - Өзбекстанда салыштырмалуу жаңы көрүнүш.
Ислам Каримовдун чейрек кылымдык башкаруусунда өзүнөн башка дээрлик бир дагы аткаминер көңүл бурарлык сөз сүйлөгөн эмес.
Бул Каримовдун тушунда 13 жыл премьер-министри болгон, бирок ал өлгөндөн кийин гана башы көтөрүлө баштаган Мирзиёевге да тиешелүү.
Өзбекстандын дипломатиялык чөйрөсү өтө этият иш жүргүзчү.
Бирок Ташкенттин көз карашында, жаңы геосаясий кырдаал жаңыча мамилени талап кылышы мүмкүн.
Соңку он жылдыкта Орусиянын Украинадагы согушу агрессивдүү риторика менен коштолуп, анын советтик жана империялык тарыхына көбүрөөк басым жасалды.
2015-жылы азыркы кызматына келген Захарова бул тенденцияны кандайдыр бир деңгээлде чагылдырат.
Ошондой эле мурда Москванын көзөмөлүндө болгон өлкөлөрдү жана коомдорду сындап, кемсинтүүгө ар дайым даяр турган көптөгөн орусиялык эксперттер, журналисттер жана депутаттар да бар.
Мындай жагдайлар Тышкы иштер министрликтеринин басма сөз кызматтарынын жетекчилерин ыңгайсыз абалга кириптер кылышы мүмкүн, мисалы, бул тууралуу Өзбекстандын коңшусу Казакстандан Айбек Смадияровдон сураса да болот.
Захарованын кийлигишүүсүнөн кийин дипломатиялык түз жооп кайтаруу боюнча көптөгөн талаптар коюлду.
"Балким, түндүктөгү өзүн "агабыз" же "эжебиз" деп эсептегендерге Өзбекстан эгемен мамлекет экенин, өзбек мектептериндеги тартип маселесин өзүбүз чече аларыбызды айта аларбыз?" - деген билим берүү боюнча эксперт Комил Жалиловдун пикирин жазды "Gazeta.uz" басылмасы 26-сентябрда.
Өзбекстандык экономист Отабек Бакиров X баракчасында кайсы өзбек аткаминер Орусияга "өзбек мектептеринде болуп жаткан окуялар - Өзбекстандын ички иши" деп айта алабы деген суроону койду.
Аягында, кыйыткан түрдө болсо да, буга деле жооп алынды десек болот.
27-сентябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов БУУнун Башкы ассамблеясына сапары тууралуу маалымат берип жатып, өзүнүн расмий Телеграм-каналында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.
Анда Саидов "эки өлкө бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принцибин сакташы маанилүү экенин" белгиледи.
Бирок мындай билдирүүлөр кыйытмаларды баамдай алгандар үчүн гана айтылат. Ал эми адатта ачык айтылбай калган нерселерди билдирип туруу үчүн Алишер Кадыров өзү турат.