Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:15

ЮНЕСКО: Көчмөндөр цивилизациясын орток изилдөө институтунун көйгөйү


Доктор Бум-Очир Дулам сүйлөөдө. Булоң-Бийанкур, Франция. 22.11.2023.
Доктор Бум-Очир Дулам сүйлөөдө. Булоң-Бийанкур, Франция. 22.11.2023.

Евразиядагы көчмөндөр цивилизациясынын бешиги – Борбордук жана Ички Азия, Кең Алтай жана аларга чектеш аймактар. Монголиянын борборунда жайгашкан жана ЮНЕСКОнун колдоосун алып жаткан илимий институт цивилизациялардын дал ушул түрүн орток изилдөөгө чакырууда. Тарыхчынын блогу.

Башаттык окуялар

БУУнун бир бутагы болгон ЮНЕСКО уюму тээ 1970-жылдардан тартып эле кеңири Борбордук Азиядагы цивилизациялардын тарыхын изилдөөгө астейдил көңүл бөлүп келет.

Бул ири аймактагы ар кыл цивилизациялык очоктордун бир катарын көчмөн калктар негиздешкен.

Көчмөндөр дыйканчылык чөлкөмдөрүнүн калайыгы үчүн чоочун жана тилсиз жоо сыяктуу кабыл алынган эбегейсиз кеңирсиген, көөнө заманда жасалма сугатка мүмкүн эместей болгон кыртышы кургак мейкиндикти адамзат үчүн ооздуктай алышкан.

Ал гана эмес евразиялык көчмөндөр бул ариддик жана башка ыңгайсыз шарттарга жык толгон мейкиндиктин жаратылышын кайталангыс өзгөчөлүккө ээ маданий тиричилик очогуна айландырышып, бири-биринен алыста турган башка цивилизаия очокторуна көпүрө кура алышкан.

Бирок көчмөндөргө карата текеберликтин айынан алардын маданиятын отурукташкан калктардын маданияты менен теңата үйрөнүү иши XX кылымдын акыркы үчилтигине чейин жолго коюлбай келген.

Ал эми көчмөндөр цивилизациясын изилдөө боюнча атайын эл аралык институт түзүү идеясы Монголиядагы Көчмөндөр маданиятын изилдеген эл аралык илимий саякат (Nomads' Expedition) учурунда көтөрүлгөн.

Бул саякат ЮНЕСКО тарабынан 1992-жылы “Жибек Жолу” долбоорунун алкагында уюштурулган болчу. Чыгыш, Ички жана Борбордук Азиянын айрым чөлкөмдөрүн кыдырып келе жаткан эл аралык окумуштуулар тобу Монголияда жүргөн кезде жогорудагы көчмөн таануу институтун түзүү сунушун айтып чыгышкан.

ЮНЕСКОнун Башкы жыйынынын 1993-жылы өткөрүлгөн 27-отуруму окумуштуулардын жогорудагы сунушун расмий колдоого алган.

Француз профессору Жак Легран (Jacques Legrand) мырза 1990-жылдары көчмөн таануу институтунун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыкты. Профессор Легран, бир жагынан, көчмөндөрдүн уникалдуу тарыхый жана маданий мурасын сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурдурду. Ал эми экинчи жагынан, ал көчмөндөрдүн жашоо-тиричилигин тынымсыз жана жигердүү жакшыртууну көздөгөн жаңылануунун зарылдыгына басым жасады.

ЮНЕСКОнун демилгесине ылайык жана анын 1987–1999-жылдардагы Башкы директору Федерико Майор мырзанын колдоосу менен 1998-жылдын 16-сентябрында Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө эл аралык институту (КЦИЭИ – the International Institute for the Study of Nomadic Civilizations – IISNC) түзүлгөн.

Бул институт Индонезия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия жана Түркиянын өкмөттөрү өз ара түзгөн келишимдин натыйжасы болгон.

Демек, расмий Бишкек башынан эле көчмөндөр цивилизациясын орток изилдөө мекемесин түзүүнү жактап келген.

Дал ошол институт – КЦИЭИ түзүлгөн күнү (16.9.1998) анын Башкы жыйынынын туңгуч отуруму да өткөрүлгөн болчу.

ЮНЕСКОнун канаты астында КЦИЭИнин жаралышын Эл аралык монгол таануу жамааты сыяктуу илимий-чыгармачыл уюмдар кубаттап чыгышты.

КЦИЭИни түптөө сунушун Монголиянын өкмөтү да жандуу колдоп чыккан жана азыркыга чейин анын негизги демөөрчүсү болуп келе жатат.

Азыркы учурда институтта 13 кызматкер иштейт жана өзүнүн маалымат борбору бар.

КЦИЭИде 16 өлкөнүн илимий мекемелеринен 34 жамааттык шерик мүчө жана 18 өлкөдөн кат аркылуу баарлашып келе жаткан 143 сырткаркы мүчө бар.

Илимий басылмалар жөнүндө баяндама учуру. 22.11.2023.
КЦИЭИнин кызматкерлери бул институттун Башкы жыйынынын VI отурумунун катышуучуларына илимий басылмалар тууралуу баяндоодо. Булоң-Бийанкур, Франция. 22.11.2023.

Булоң-Бийанкур жергесиндеги кезектеги жыйын

2023-жылдын 22-ноябрында Франциянын Париж шаарынын түштүк-батышындагы Булоң-Бийанкур жергесинде Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө эл аралык институтунун (КЦИЭИ) Башкы жыйынынын кезексиз VI отуруму өткөрүлдү.

КЦИЭИнин Илимий кеңешинин учурдагы төрагасы, Монголиянын президентинин маданият жана дин саясаты боюнча кеңешчиси, доктор Бум-Очир Дулам (Bum-Ochir Dulam) мырза отурумдун негизги бөлүгүн алып барды.

Быйыл 21-июнга чейин КЦИЭИнин директору кызматын аркалап келген доктор Бямбабаатар Ичинхорлоо мырзанын мөөнөтү бүткөн соң, бир нече айдан бери институттун директорунун милдетин доктор Мунхтуул Чулуунбаатар (Munkhtuul Chuluunbaatar) айым аткарып жаткан.

Жыйында бул илимий институттун азыркыга чейинки ишмердиги жана болочокку иш багыттары тууралуу кеңири талкуу болду.

Буга чейин эле көчмөндөрдүн салттуу билимдери, фестивалдар, спорттун улуттук түрлөрү, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу көйгөйлүү жаңы темаларды камтуу үчүн изилдөө багыттарын кеңейтүү сунушу жактырылган болчу.

Институттун жетекчилигинин кедерин кескен жагдай – ЮНЕСКОдогу анын макамын көтөрүү маселесинин мүчө өлкөлөр жана ЮНЕСКОнун баш кеңсеси тарабынан жайбаракат каралып жаткандыгы болууда.

Отурумда айрым бюрократтык маселелер жаатында ар бир мүчө өлкөнүн ички мыйзамдарына шайкеш кадамдарды чукул арада жасоо керектиги белгиленди.

Булоң-Бийанкур жергесиндеги кезексиз отурумда Мунхтуул Чулуунбаатар айым КЦИЭИнин директору болуп шайланды.

Доктор Мунхтуул Чулуунбаатар айым. 22.11.2023.
Доктор Мунхтуул Чулуунбаатар айым Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө эл аралык институтунун Башкы жыйынынын VI отурумунда бул институттун директору болуп шайланды. Булоң-Бийанкур, Франция. 22.11.2023.

Учурдагы жана болочокку иш-аракеттер тууралуу кыска маалымат

Азыркы тапта КЦИЭИ илимий мекемеси ЮНЕСКОнун курамында экинчи категориядагы борборлордун (C2C) катарында турат. Институт ЮНЕСКОнун стратегиялык изилдөө программаларын автономдуу жүзөгө ашыруу үчүн жарамдуу көп тарамдуу долбоорлордун бирине жатат.

2023-жылы КЦИЭИ Кыргыз Республикасынын кооз пейзаждары жана Казакстан Республикасынын кең мейкиндиктерин изилдеген саамалыктык долбоорду баштады. Аталган институттун өкүлдөрү бул постсоветтик жумурияттардагы мурдагы көчмөндөрдүн мурасына негизделген бренддерди калыптандыруучу жана аныктоочу өзөккү өңүттөрдү изилдөө иштерин башташты жана бул жаатта жергиликтүү шериктер менен карым-катнаш түзүштү.

Кыргыз көчүнөн бир көрүнүш. 22.11.2023
Кыргызстандык музейлердин бириндеги көөнө кыргыз көчмөндөрдүн салттык көчүн сөлөкөттөр аркылуу чагылдырган экспонаттын бир бөлүгү. Булоң-Бийанкур, Франция. 22.11.2023.

Быйыл жайында Кыргызстанда болуп кайткан жаш антрополог Тугсбуян Баярбат (Tugsbuyan Bayarbat) айым биз менен маегинде кыргызстандык кесиптештерине ыраазычылыгын айтты. Ал аталган институттун тышкы байланыштарын чыңдоо максатында Бишкектеги ЕККУ Академиясынын жайкы мектебине да катышкандыгын белгиледи.

Ал эми антрополог Г.Зулбаатар (G.Zulbaatar) быйыл институттагы илимий изилдөөлөр жана программалардын координатору катары “Монгол элинин салттуу ырым-жырымдары жана майрамдары” аттуу долбоордун алкагында олуттуу талаа изилдөө иштерин жүзөгө ашырды.

Монголиялык илимпоздор КЭРдин Хэбэй аймагындагы жана Ички Монголия автоном районуна караштуу Ордос аймагындагы кытайлык монголдордун арасында маданий мурастар, ырым-жырымдар жана майрамдык салтанаттар жаатында этнографиялык иликтөөлөр жүргүзүп кайтышты.

Булоң-Бийанкур жергесиндеги отурум маалында биз аталган институт мурдагы көчмөндөрдүн сакталып калган маданий мурастарын изилдөө жаатында кыргызст андык илимий мекемелер жана музейлер менен тыгыз кызматташуусу керектигин белгиледик.

Кыргызстандын Ысык-Көл районундагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун мол тажрыйбасы, Кыргызстанда жана Түркияда өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалындагы этнографиялык көргөзмөлөр, ошондой эле Кыргызстанда, Орусиянын Алтай мамлекеттик университети менен Тоолуу Алтай мамлекеттик университетинде, Түркияда жана Батыш Европада өткөрүлүп жаткан алтай таануу жаатындагы эл аралык шеринелердин илимий табылгалары Улаан-Баатардагы эл аралык институт үчүн алгылыктуу экендигин белгиледик.

КЦИЭИ мындан ары англис тилинде гана эмес, мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик тилдеринде да макалалар камтыла турган “Journal of Intercultural Dialogue” (“Маданияттар аралык баарлашуу журналы”) илимий басылмасын жарыялап турмакчы.

Келээрки айда болсо Улаан-Баатар шаарында “Көчмөндөрдүн асыл нарктары” аттуу эл аралык илимий жыйын өткөрүлмөкчү. Байкашымча, көөнө доорду жана көчмөндөр маданиятын иликтеген монгол окумуштуулары англис тилин мыкты өздөштүрүшкөн экен.

Бул жаатта далай кызыктуу иликтөөлөрдү жүргүзүп келе жаткан алатоолук илимпоздордун көпчүлүгү кыргыз жана орус тилдери менен гана чектелип калышкандыгы алардын кендирин кесип жатабы дейм.

Айтор, жаңы муундагы кыргыз илимпоздору, маркум Чыңгыз Айтматов осуят кылып айткандай, бери дегенде төрт тилди, анын ичинде өз эне тилин жана англис тилин сөзсүз билүүсү керек сыяктанат.

Садык Шер-Нияз, Кыргызстандын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү. Ал кыргызстандык либерал саясатчы, коомдук ишмер, демөөрчү, продюсер жана кинорежиссёр катары дурус таанымал. Париж. 21.11.2023.
Садык Шер-Нияз, Кыргызстандын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү. Ал кыргызстандык либерал саясатчы, коомдук ишмер, демөөрчү, продюсер жана кинорежиссёр катары дурус таанымал. Париж. 21.11.2023.

Айтмакчы, отурум маалында биз Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОдогу өкүлү Садык Шер-Нияз мырза менен 21-ноябрдагы жолугушуубузду да учкай эскерип, азыркы тапта Монголиянын көчмөндөр маданиятынын тарыхый мурасын сактоо жаатындагы ар кыл демилгелерин Кыргызстан ЮНЕСКОдо ырааттуу колдоп жаткандыгы жөнүндөгү элчи С.Шер-Нияздын маалыматын ортого салдык.

Монголиянын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОдогу өкүлү Уламбаяр Нямхуу айым бул сөзүбүздү кубаттады жана кыргызстандык тарапка терең ыраазычылыгын билдирди.

Элчи Уламбаяр Нямхуу менен Т.Чоротегин. 22.11.23.
Монголиянын Франция Республикасындагы элчиси жана Монголиянын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Уламбаяр Нямхуу айым жана кыргыз тарыхчысы, профессор Тынчтыкбек Чоротегин. Булоң-Бийанкур, Франция. 22.11.2023.

Түркиялык өкүлдөр Анатолиядагы Йөрүк фестивалы аттуу көчмөндөр маданиятынын салттык майрамы жөнүндө айтып беришти. Андан тышкары алар ТИКА сыяктуу түркиялык уюмдар Монголиядагы Түрк каганаттары доорундагы тарыхый жазма эстеликтерди сактоо жаатында монгол тарап менен тыгыз жана үзүрдүү кызматташып жатышканын кошумчалашты.

Өспүрүм монгол чабендестер. 13.7.2006.
Өспүрүм чабендестер "Наадам" майрамы маалындагы салттык ат чабышка катышууда. Улаан-Баатардын чет жакасы, Монголия. 13.7.2006.

Болочокто илимий жыйындарды онлайн ыкмасында байма-бай өткөрүү сунушу да отурумда ортого салынды.

КЦИЭИ мөмө бергенине караганда, болочокто берчү мөмөсү үчүн үмүт байлаткан ЮНЕСКОнун эл аралык долбоору катары телчиге бериши ылаазым. Азырынча аны андан ары чыңдоо ишин бюрократтык маалкатуулар очорултуп тургандай. Менимче, отурумдагылардын дээрлик бардыгы ушул ойдо калышкандай туюлду.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG