Казакстан бийлиги өлкө түндүгүндөгү жана чыгышындагы ээн калып, урандыга айланып бараткан калктуу конуштарына түштүк облустарынан элди көчүрүп барууга аракеттенүүдө. "Азаттык" Чыгыш-Казакстандын Маркакөл районундагы Ак-Булак жана Кара-Ой айылдарына барып келди.
- Таскын БОЛАТУЛЫ
- "Азаттыктын" казак кызматынын макаласы
Эгемендик жылдардан кийин бул айылдардагы калктын саны жылдан жылга азайып, өлкөнүн түпкүрүн көздөй көчкөндөрдүн агымы токтой элек. Азыр бул айылдарга түштүктөн элди көчүп барууга үндөп жатышат.
АК-БУЛАК
Ак-Булак айылына барган жолдун 40 чакырымдайы жол деген эле аты бар, чаң сапырылган чыйыр. Дароо эле көзүңө бузулган имараттар, ураган үйлөр урунат. Бир мезгилде айылда 500 турак жай болсо, азыр ошонун 30га жакынында эле киши жашайт.
Баймурат Жаксыбаев менен Камал Тояхметова ушул айылда төрөлүп, өскөн. Мал кармап, багбанчылык кылышат. Алардын мөмө-жемиштерден жасаган кыямына жана курут, сары майына талап көп.
"Жаш кезде айылдын өсүп-өнүп жатканын көрдүк. Улгайганда айылдын ыпырап баратканын көрүп жатабыз", - дейт алар кайгырып.
"Керемет айыл эле, совхоздун борбору болчу. Элдин саны дагы көп эле. 90-жылдардан тарта жумушсуздук күчөп, баары көчүп кете баштады. Биз журт которуу тууралуу ойлогон эмеспиз. Ушул жерде эле калабыз. Айыл дагы өнүп-өсөт деген ишеничибиз бар. Активисттер түштүктөн элди көчүрүп келүүгө кол кабыш кылып жатышат. Алгачкылары көчүп келе баштады. Өткөн жылы Аралдан беш бүлө көчүп келди. Быйыл болсо Түркстандан келишти", - дейт Камал Тояхметова.
"Биз мектепти окуган кезде 700 окуучу бар эле. Азыр ошонун беш эле пайызы калды", - деп кепке аралашты Камалдын күйөөсү Баймурат Жаксыбаев.
Советтер Союзу урагандан кийин Чыгыш жана Батыш Казакстандагы өндүрүш токтоп, жумушсуздук күчөп, эл шаарларды көздөй агыла баштаган. Ошентип алыскы айылдар ээн калды.
Маркакөл районунда 1997-жылы 20 миң ашык киши жашаса, учурда жети миңдей эле калган. Ак-Булактагы боору бүтүн турган имараттардын бири – мектеп. 200дөй балага ылайыкташкан мектепте ушу тапта 30 окуучу бар.
"Бала-чака өтө аз. Айылда жылдан жылга балдардын саны азайып жатат", -деди мектеп директор Сауле Бектемирова.
Мектеп мурдагы бүтүрүүчүлөрүнүн көмөгү менен гана сакталып келатат. Жакында эле бүтүрүүчүлөр акча жыйнап, эмеректерди сатып берген. Ушунтип жыл сайын бүтүрүүчүлөр мектепке салым кошот.
АТАЙЫН ПРОГРАММА
Соңку 10 жылдан бери Казакстандын бош калган айылдарында жашоо-шарт оорлошуп кеткенин даттанып келишет: жолдор начар, байланыш жакшы эмес, электр жарыгы жана таза суу көйгөйү күч, жумушсуздук чоң маселе.
Өкмөт бул айылдарды камсыздап туруу үчүн "эл менен толтуруш керек", "көчүп келгендердин агымын күчөтүш керек" деп билдирүүдө. Ошондо гана аларды өнүктүрүү "экономикалык жактан натыйжалуу болмокчу" .
2017-жылы Казакстандын калк жыш жашаган түштүк аймактарынан өлкө түндүгүнө элди көчүрүү программасы ишке кирди. Көчөм дегендер болсо, аларга өкмөт акчалай жардам берет. Ошентип алгачкы беш жылда 1700 чамалуу үй-бүлө көчүп барган.
Февралда сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев бул программа "күтүлгөндөй жыйынтык бербегенин" айткан.
Анын айтымында, түндүк аймакта жашаган калктын саны кыскарууда, акыркы жылдары 22 пайызга азайган.
Жергиликтүү бийлик жаңы тургундарды көчүрүп келүү, жайгаштыруу иштеринин жыйынтыгын "жаман эмес" деп баалайт.
"Ак-Булак менен Кара-Ойго бир топ бүлө көчүп келди. Алардын арасында кандаштарыбыз (тарыхый мекенине кайтып барган казактар) да бар. Жалпысы 18 киши. Бул жылы көчүп келгендер санын 50гө чейин жеткирсек дейбиз. Бирок документтерин каттоого алуу, жумушка орноштуруу, турак-жай менен камсыздоого убакыт кетет. Ошондуктан айрым учурда иш бир аз артка жылып калууда", -деди Маркакөл районунун акиминин милдетин аткарып жаткан Рустембек Кемешов.
Өкмөттүн демилгеси аймактагы кээ бир кишилерди шыктандырды. Алардын арасында Бауржан Жаугашаров бар.
Ал өзү шаарда турат, ошентсе да айылга көчүп келем дегендерге чечим кабыл алууга жардам берүүдө. Өткөн жылы Кызыл-Ордо облусунан беш үй-бүлөнү көчүрүп келүүгө көмөктөшкөн. Ата-бабаларым жашап өткөн бул чөлкөмдүн элсиз, ээн калышын каалабайм дейт ал.
"Ушул айылда атамдын көзү өттү. Анда мен он жашта элем. Кийин он бешке чыкканда апамдан айрылдым. Алардын сөөгү ушул жерге коюлган. Айылга жөнөп жатканда менде балалык баео кезиме саякатка бараткандай сезим болот. Анан бүлүнгөн үйлөрдү көргөндө көңүлүм түшөт", - дейт Жаугашаров.
Зауре Жугинисова Ак-Булакка Кызы-Ордодон көчүп келген бүлөлөрдүн бири.
"Эки келиним тең мугалимдик кесиптин ээси. Биздин бул программа менен жер которуп келгендеги максатыбыз деле ошол, келиндерим кесиби менен иштесе, дипломдорун чаң басып калбаса дейбиз. Акимчиликтен жардам беребиз деп айтышты. Колумдагы уулумдун алты баласы бар. Бул жерде аны жумушка алышты. Андан кичүүсүндө үч бала бар. Ал дагы акимчиликке электрик болуп жумушка орношту. Турмушубуз жакшырысын, ушул жерден орун-очок алалы деген ниет менен келдик. Бирок бул жердин ызгаар кышы бизге жаккан жок", - деди Зауре Жугинисова.
Маркакөлдөгү кыш катаал болот. Быйылкы жылы эки метрдей кар түшүп, айрым айылдар сырт дүйнө менен байланышсыз калды. Бир айдай жол жабык болуп, тик учак менен азык-түлүк ташып турушту.
Бул аймактагы айылдарга жетүүдө кара жол жок. Ошондон улам дагы эл көчүп жатат. Бирок мурда абал азыркыдан кыйла эле жакшы болчу дейт тургундар.
"1996-2000-жылдары совхоз тарагандан кийин кыйынчылыктар башталды. Шаарда окуган балдарыбыз жол жабылып, үйүнө жете албай калышты. Райборбор менен айылдын ортосундагы жол бир нече айга жабык турду. Биз ат менен же чана менен балдарды ташыдык. Ушундан кийин көптөр көчүп кетишти", - дейт акбулактык Султанбек Токтауов.
Анын айтымында, совхоз тарай элек кезде жол дайыма тазаланып турчу.
"К-700 деген эки трактор турат эле. Түнү-күнү жолду кардан тазалашчу. Тракторлор совхоздун бардык бөлүмдөрүн чейин жолду тазалап, анда эл да көп. Башка дагы техникалар жардамга келишчү".
Быйыл чөлкөмгө түштүк тараптан көчүп келгендер дагы жолго байланыштуу көп даттанышты. Алар убадаланган жардамдарды алышпаганын жана шарттар түзүлбөгөнүн айтууда.
Февралда вице-премьер Тамара Дуйсенова билдирүү жасап, түштүктөгү жумушсуздарды көчүрүп, кайра түндүктө жумушсуз калтыруу менен маселени чечүү мүмкүн эместигин айткан. Ошондуктан бул чөлкөмдө чоң долбоорлор ишке ашырылыш керек деген ал. Азырынча мындай долбоорлор тууралуу сөз да жок.
КАРА-ОЙ
Деген менен ички миграциянын агымы дале уланууда. Кишилер байланышы жакшы, инфратүзүмү бар аймактарга көчүп жатат.
"Бизде эми эч кандай шарт жок да. Чөнтөк телефондорго үйдөгү стационардан чалабыз. Балдарыбыз сыртта окушат да, ошолор менен байланышабыз. Бир нече минут сүйлөшөсүң, аның чөнтөгүңү кагат. Айына 20 миң тенге коротобуз. Бизге интернет жеткиребиз деп, телемунара дагы орнотушкан. Бирок ошол бойдон эле турат", - деди Кара-Ойдун тургуну.
Ак-Булак менен Кара-Ойдун ортосу 40 чакырымдай бар.
"Көп бүлөлөр айылдан көчүп кетүүдө. Сырттан башкаларды көчүрүп келгенден көрө ушул жердин өзүндө жакшы шарттарды түзсө, эч ким көчүп кетпейт эле го", -деди айыл тургуну Еркин Буйрекбаев.
Маркакол акимчилиги бул аймак эми гана район катары кайра түзүлгөнүн (ред. 1990-жылдары район катары жоюлуп, Куршумдун курамына кирген. 2023-жылы кайра түзүлдү), бюджет бекитилип жатканын жана көйгөйлөр акырындап чечилерин билдирүүдө. Жумушсуздук, жол маселеси, интернет акырындап чечилет деди акимдин милдетин аткаруучу.
Мындагы убадалардын ишке ашырылышын өзгөчө түштүк тараптан көчүрүлүп келгендер күтүүдө.
Мереке Керимбек кызы Кара-Ойго Түркстандан келген. Өз мектеп жумушка орношуп, күйөөсү болсо иш таба элек.
"Мен химия жана биологиядан сабак берем. Бирок буга чейин жумушка орношо албай келгем. Билесиңер да, түштүктө жумуш орундары жетишсиз. Эми күйөөмө жумуш табылышын күтүп атабыз. Акырындап отурукташып жатабыз. Бизди жакшы тосуп алышты, колунан келген жардамдарын беришүүдө", -дейт Мереке Керимбек кызы.
Азырынча мектептер бул айылдардын негизги таянычы бойдон калууда. Барган сайын окуучулардын саны кыскарып, мектептердин жабылып калуу коркунучу бар.
Жергиликтүүлөр "түштүктөн келгендер бул жактын каардуу кышына чыдайбы же кайра кетип калышабы" деп кабатыр.
"Бул жакка Кытайдан көчүп келген кандаштарды жайгаштырышкан эле. Алар жакшы жашап, мал кармашчу. Бирок көнө албай, кайра кетип калышты", -дейт акбулактык Баймурат Жаксыбаев.
Социолог Серик Бейсембаевдин пикиринде, өкмөт элди көчүрүп келүү программасын кайра карап чыгышы керек. Өкмөт аймактын экономикасын көтөрсө, эл өз эле көчүп келмек.
"Көчүп келгендер саны көп деле эмес. Бирок өкмөт чоң каражат бөлүп жатат. Элди бир жерден экинчи жайга көчүрүү негизи өкмөттүн өзүнүн гана пайдасын көздөгөн советтик ыкма. Биз кишилерге ресурс катары гана карайбыз, анын мүдөсү, жеке керектөөлөрүнө көңүл бурбайбыз. Мамлекет түндүктө элдин саны көп болушун каалайт, ошондуктан келгендерге акчалай сый акы берүүдө. Өкмөттү бул айылдарда кымындай дагы инфраструктура жок экени кызыктырбайт", -деди Бейсембаев.
Социолог өкмөттү чөлкөмдүн калкынын санынын көп болушуна эмес, адамдык капиталдын сапатына басым жасоого чакырды.
"Мамлекетте "улуттук коопсуздук" деген чоң түшүнүк бар. Региондорду сөзсүз элге толуп турушу керек деп айтышат. Мындай көз карашты кайра карап чыгуу керек. Менимче, четки бир кыштакка көчүп келген он кишиге караганда, сапатуу билим алган, экономикага өзүнүн салымын кошо алган он киши өлкө коопсуздугуна көбүрөөк пайда алып келет го дейм".
Азырынча ээн калган айылдарды элге толтуруу боюнча мамлекеттик программаны өзгөртүү тууралуу сөз жок.
Ак-Булак менен Кара-Ойдо жашоо өзүнүн нугунда өтүүдө. Түштүктөн көчүп келгендер туруктуу жумуш табууга, үй-жайлуу болууга үмүттөнсө, көчүп кетип жаткандар кайсыл бир мезгилде айыл дүркүрөп өнүгүп, кайра келебиз деп ишенет.
Бул жерди өз үйүм, өлөң төшөгүм деп санагандардын бир гана жолу бар: күтүү жана үмүт үзбөө...