Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Евразия: Көчмөндөрдүн асыл нарктарын изилдеген илимий шерине


“Көчмөндөр асыл нарктары” аттуу эл аралык симпозиумдун көрнөгү. Бул илимий шерине Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө эл аралык институту тарабынан уюштурулду. Улаан-Баатар. 05.12.2023.
“Көчмөндөр асыл нарктары” аттуу эл аралык симпозиумдун көрнөгү. Бул илимий шерине Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө эл аралык институту тарабынан уюштурулду. Улаан-Баатар. 05.12.2023.

Улаан-Баатар шаарында өткөрүлгөн “Көчмөндөр асыл нарктары” аттуу эл аралык симпозиум өтмүш менен азыркы таптын руханий көпүрөсү жаатында тарыхчы, антрополог, этнограф, тилчи жана саясат таануучулардын баарлашуусу үчүн данакер жай кызматын аткарды. Тарыхчынын блогу.

2023-жылдын 5-октябрында Монголиянын борбор шаарында “Көчмөндөр асыл нарктары” деген аталышта эл аралык симпозиум өткөрүлдү. Анда азыркы руханий жаңылануулар жана кылымдар карыткан асыл нарктар тууралуу талкуу жүрдү.

Мындай шеринелердин маанилүү жагы – айрым чөлкөмдөрдөгү руханий жүрүмдөрдүн эл аралык чөйрөдө чогуу-чаран талкууга алынышы болуп саналат.

Бул шериненин негизги уюштуруучусу – ЮНЕСКОго караштуу “Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө эл аралык институту” (КЦИЭИ). Ага Монголиянын маданият министрлиги, Монголиянын Билим берүү жана илим министрлиги жана Монголиянын илим жана технология боюнча кору сыяктуу демөөрчүлөр кол кабыш кылышкан.

ЮНЕСКОго караштуу Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө эл аралык институтунун директору, доктор Мунхтуул Чулуунбаатар айым “Көчмөндөр асыл нарктары” аттуу эл аралык симпозиумда сүйлөөдө. 05.12.2023.
ЮНЕСКОго караштуу Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө эл аралык институтунун директору, доктор Мунхтуул Чулуунбаатар айым “Көчмөндөр асыл нарктары” аттуу эл аралык симпозиумда сүйлөөдө. 05.12.2023.

Жыйындын ачылыш аземинде КЦИЭИнин азыркы директору, доктор Мунхтуул Чулуунбаатар айым Монголия калкы гана эмес, жалпы эле Евразиянын бир катар тарыхый өз ара байланышкан чөлкөмдөрүндөгү калктар мурдагы көчмөндөр социализм, өнөр жайлашуу, заманбапташтыруу, дүйнөлөшүү жүрүмдөрүнүн ар кандай эпкиндерине карабастан өздөрүнүн көчмөндүк асыл нарктарынын маанилүү өңүттөрүн сактоого жана азыркы доорго ылайыкташтырууга жетишкендигин баса белгиледи.

Бул асыл нарктарды чогуу-чаран изилдөө көчмөн элдердин тарыхый көөнөргүс баалуулуктарын айрым-айрым изилдөөгө салыштырмалуу алда канча байсалдуу болоорун айткан анын пикири, албетте, колдоого алгылыктуу.

Жыйында “асыл нарктар” (англисче “values”) термини жаатында да кеңири талкуу болду. Англисче “values” термини азыркы монгол саясий адабиятында “үнет зүил” жана “эрхэм зүил” деген жана сөзмө-сөз котормо болуп саналган эки вариантта которулуп, колдонулуп жаткандыгын доктор Бум-Очир Дулам (Bum-Ochir Dulam) мырза айтты.

КЦИЭИнин Илимий кеңешинин төрагасы, доктор Бум-Очир Дулам. Улаан-Баатар. 05.12.2023.
КЦИЭИнин Илимий кеңешинин төрагасы, доктор Бум-Очир Дулам. Улаан-Баатар. 05.12.2023.

Ал тарыхый булактарга кылчаюу менен бул неологизмдердин ордуна монголчо “эркин” же “эрхэм” деген эски сөздөрдү эле колдонуу кажет, деген сунушун ортого салды. Бул “эркин” сөзү айрым түрк тилдеринде азыр да башкараак мааниде колдонулаарын Б. Дулам мырза эскере кетти.

Казакстандын Монголиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси, кытай жана англис тилдерин мыкты билген чыгыш таануучу жана дипломат Габит Койшыбаев мырза талкуу маалында бул руханий жана философиялык мааниси бар сөз азыркы тапта казак адабиятында “құндылықтар” деп которулуп жаткандыгын айтты.

Биз англисче “values” термини жаатында заманбап кыргыз адабиятында “асыл нарк” сөзү колдонулаарын, бирок “нарк” сөзү ага чейин руханий жана экономикалык (каржылык) түшүнүктөргө тийешелүү колдонулуп келгендигин, демек, “нарк” сөзүнүн руханий маңызы да болгондугун айттык.

Негизи, англис тилинде деле кээ бир неологизмдер көз алдыбызда жаралып жатат (интернет, вай-фай, смартфон ж.б.).

Маселен, 2003-жылы ЮНЕСКО заттык эмес (intangible) маданий мурастарды коргоо боюнча атайын келишимди (the Convention for the Safeguarding of the Intangible Cultural Heritage) кабыл алган. Мында орто кылымдардагы латынча “tangibilis” – “кол тийгизүүгө мүмкүн” деген сөзгө сөз алдында жалгашчу жана анын маанисин четке каккан “in” мүчөсүн жалгаштыруу аркылуу “заттык эмес” деген сөз жаралгаан. Аны колдонуу менен “заттык эмес маданий мурас” (“Intangible Cultural Heritage”) деген сөз айкашы түрүндөгү жаңы неологизм XXI кылымдын башында пайда болгон.

Биз талкуу маалында мындай неологизмдер адамзаттын жалпы гуманисттик багытта өнүгүшү жана жарандык коомдун андан ары чыңдалышы менен улам жарала бериши мүмкүн экендигин айттык жана азыркы таптагы “заттык эмес” жана “асыл нарк” сөздөрү неологизм болсо да өз милдетине төп кызмат кылып жатышкандыгын белгиледик.

Ушул жерден кошумчалай кетсек, албетте, кыргыз адистеринин арасында “заттык эмес” сөзүн “бейзат” деген кыскараак сөзгө алмаштыруу сунуштары да болуп келет, бирок эне тилибиз агглүтинатив (сөз жаралууда уңгу сөз бузулбастан, куранды жана уланды мүчөлөр андан кийин гана жалгаштырылчу) тилге жатаарын жана мүмкүн болушунча тилибиздин ушул касиетин кийинки муундарга сактап беришибиз зарылдыгын көңүлдө тутуу абзел.

Кызыктуу маалыматтардын бирин жаш монгол изилдөөчүсү, антрополог Мунхочир Суренжав мырза англисче сунуштады. Ал азыркы Казакстандагы казак жаштары өз эне тилин жогорку орунга койгон учурлар мурдагыдан алда канча күчөгөндүгүн билдирди.

Англис жана түрк тилин жакшы билген бул жигит өз кесиптештери менен биргеликте быйыл сентябрда Жезказган, Алматы жана Астана шаарларында социологиялык сурамжылоо өткөргөн. Мунхочир Суренжавдын оюнча, жаштардын улуттук жана көчмөндүк асыл нарктарга жаңыча маани берип жатышы Казакстандагы бийликтердин түбөлүккө карай өнүгө турган казак улутун чыңдоо багытындагы программаларына төп келүүдө.

Биздин “казак жаштарынын улутчулдугунун өсүшүнө кандайча карайсыз?” деген сурообузга жаш илимпоз мындай улутчулдук өсүп жаткандыгын изилдөөсү аныктагандыгын, бирок бул тыянакка жеке өзү саясий баа берүүдөн карманаарын айтты.

Казакстандын Монголиядагы элчиси Габит Койшыбаев (солдо микрофон менен) жана ЮНЕСКОго караштуу КЦИЭИнин тышкы байланыштар боюнча кызматкери, илимпоз Мунхочир Суренжав “Көчмөндөр асыл нарктары” аттуу симпозиумда. Улаан-Баатар. 05.12.2023.
Казакстандын Монголиядагы элчиси Габит Койшыбаев (солдо микрофон менен) жана ЮНЕСКОго караштуу КЦИЭИнин тышкы байланыштар боюнча кызматкери, илимпоз Мунхочир Суренжав “Көчмөндөр асыл нарктары” аттуу симпозиумда. Улаан-Баатар. 05.12.2023.

Өзүнчө талкуубузда элчи Габит Койшыбаев экөөбүз Казакстан менен Кыргызстандагы жаш муундардын улутчулдугу оң мааниде кабыл алынышы керектигин, анткени совет доорунда “жалпы совет кишиси” дегенди шылтоо кылган орусташтыруу жүрүмү бул жумурияттардагы түпкү калктын эне тилин сакташына кыйла кедерги тийгизгендигин белгиледик.

Айтор, бул илимий шеринеде тигил же бул элге байланыштуу козголгон көптөгөн көйгөйлөр жалпы эле түрк жана монгол тилдүү калктардын орток көйгөйлөрүн жатаары да түшүнүктүү.

Профессор Дулам Сенденжав аксакал "Монголдордун ак желеги – монгол тилдүү элдердин өзөккү асыл наркы" (The Mongolian White Banner as the Core Value of the Mongolian Peoples) деген темадагы баяндаманы англисче жасады. Ал өз баяндамасын 1990-жылдардан бери өзү үчүн тартып келе жаткан даректүү видео тасмалардан өзүндүлөрдү сунуштап, баяндамасынын мултимедиалык каражаты аркылуу көптөгөн далилдүү жагдайларды аңдата алды.

Бул англисче “banner” сөзүнүн монголчо маанилештеринин бири “туг” сөзү экен. Албетте, көңүлүбүзгө кыргызча “туу” (көп түрк тилдеринде “туг”) сөзү кетти. “Ак туу” деп Дулам Сенденжав мырза айткан нерсе, видеодон да өзүбүз көргөндөй, чубалжыган ак кылдардын топтому экен.

Мындай “ак тууну согуш маалында, салгылашууларда да колдонушчу беле?” деген сурообуз баяндамачыны жандантты. “Жок, согушта колдонулчу туу ар дайым “кара туу” болгон, ал эми бул “ак туу” жалаң гана жамааттын тынчтык максаттарда ынтымакка чакырган каражаты болгон”, – деп Дулам Сенденжав мырза түшүндүрдү.

Мурдагы коммунисттик доордо монголдор ар кыл диний жана башка руханий ишенимдерди жана асыл нарктарды тымызын колдонууга мажбур болушкан, деп Дулам Сенденжав кошумчалады.

Биз тээ 1960-жылдардын башында Ош шаарында Сулайман Тоодо айтылуу Бабурдун үжүрөсү делген чакан үй атеисттер тарабынан ойрон кылынган окуяны эрксизден эсибизге түшүрдүк.

Доктор, профессор Дулам Сенденжав
Доктор, профессор Дулам Сенденжав “Көчмөндөр асыл нарктары” аттуу эл аралык симпозиумда сүйлөөдө. Улаан-Баатар. 05.12.2023.

Азыркы тапта Монголиянын ар кыл аймактарында “ак тууну” бапестеп сактап келе жаткан ар кыл жергиликтүү жамааттар бар экендигин жана бул тынчтыкка чакырган туулар Монголиянын өзөккү асыл нарктарына жатаарын профессор Дулам Сенденжав баса белгиледи.

Орусиянын Буриятия аймагынын өкүлү, тарыхчы, доктор Доржи Цыбикдоржиев совет доорунда, айрыкча 1950–1980-жылдары, өз тегине кыйла кайдыгер болгон буряттар соңку учурларда унуткарыла баштаган өз уругу тууралуу маалыматка кайрадан кызыга башташканын тийешелүү этнографиялык далилдер менен айтты.

Ал айрым кишилер түштүк буряттар көбүрөөк бутпарастар (буддисттер), түндүк буряттар болсо – шамандар деген калпыс жоромолду айтышаарын, иш жүзүндө эки тарабында тең бутпарастар жан, шамандык ишенимди кармангандар да бар экендигин белгиледи.

Доржи Цыбикдоржиев “обоо тахылга” деп аталган шамандык жөрөлгөлөр ар кыл диний ишенимдерге жиктелген буряттар үчүн ынтымакка чакырган орток жөрөлгөлөр болуп саналаарын белгиледи.

Биз өз алдыбызча ойго кеттик: Улустун улуу күнү (Нооруз) сыяктуу майрамдарыбыз, чоң энелердин бөбөктүн киренесине каршы Умай энеге тилек айтып кайрылуусу, ыйык делген даракка чүпүрөк байлап, тилек кылган жөрөлгө, кымыз жасоону уланткандыгыбыз ж.б. жагдайлар исламга чейинки доордон калган кыргыздын далай жөрөлгөлөрү мусулмандык диний майрамдар менен эриш-аркак белгиленип жаткандыгын далилдейт. Бул жагдай – суннийлик ханафийлик сабырдуулуктун шартында эски көчмөндүк асыл нарктардын татынакай улантылгандыгын айгинелейт эмеспи.

Доктор Герелт Хоничуд жана анын калемдеши, жаш илимпоз Бумбаяр Бавуудорж сунушташкан баяндамада Кытайдын Ички Монгол автоном районундагы (ИМАР) монголдордун асыл нарктары чагылдырылды. Изилдөөчүлөр ИМАРдагы монголдор бир эле учурда КЭРдеги “салттык асыл нарк саясатына” баш ийип, ошол эле маалда өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүктөргө ээ салттарын да сактоого умтулуп жатышкандыгын этнографиялык талаа изилдөөлөрүнө ылайык көрсөтүштү.

Ал эми түркчө мыкты билген доктор Анхбаяр Дануу мырза өз баяндамасын Түркиядагы асыл нарктар жаатында жасады. Түркия бийликтери өз эне тилине, Ататүрк баштаган реформаларга ырааттуу колдоо кылып жаткандыгын, ошол эле учурда азыркы Түркиянын өкмөтү “Түрк тилдүү элдердин орток тил, маданият жана тарыхы” жаатында жаңы стратегияны чыңдап, постсоветтик Борбордук Азиядагы тектеш тилдерде сүйлөгөн элдердин мамлекеттери менен тыгыз кызматташтыкты улантып келе жаткандыгын Анхбаяр Дануу мырза айрыкча белгиледи.

Анын баяндамасын Түркиянын Монголиядагы элчилигинин өкүлү өзгөчө астейдил көңүл бөлө угуп тургандыгын кошумчаласак болот.

Айтмакчы, тамашакөй Анхбаяр Дануу мырза кыргызстандык тарыхчы жана котормочу, доктор Абдрасул Исаков менен Түркиянын университетинде чогуу окуган курсташы болуп чыкты.

Махмуд Кашгари Барскани чийген карта
Махмуд Кашгари Барскани 1072-77-жж. арапча жазган “Дивану лугати т-турк” эмгегиндеги дүйнө картасы.

Биз өз баяндамабызда он кылым илгери бабабыз Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”) эмгегинде чагылдырылып калган спорттук жана башка элдик оюндар тууралуу мол маалыматты эске салдык.

Он кылым бою ал оюндардын көпчүлүк бөлүгү кыргыздарда жана аларга тектеш түрк тилдүү калктарда ырааттуу сакталып келе жаткандыгын биз көөнө көчмөндүк асыл нарктардын азыркы доордо да сакталып жаткандыгынын айгинеси катары белгиледик.

Маселен, үч ирет Кыргызстанда (2014, 2016, 2018) жана бир ирет Түркияда (2022) өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келээрки жылы Казакстанда өткөрүлмөкчү. Балким, алдыдагы жылдары ал Монголияда деле өткөрүлүп калышы ажеп эмес.

Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванында”, Жусуп Баласагындын “Кут билиминде”, “Манас” эпосунда “Көкөтөйдүн ашы” маалында өткөрүлгөн эл аралык спорттук жана башка оюн-зооктордун бир далайын азыркы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кезиктиребиз.

Жаш кыргыз изилдөөчү Назгүл Рысмендееванын “Чүкө жана ордо оюндары” деген жаңы китеби тууралуу айтканыбызда, шериненин катышуучулары бул китеп кыргызчадан чет тилдерге да тез арада которулса экен деген каалоолорун билдиришти.

Тогуз коргоол оюну боюнча Ошто өткөн мелдеш. 2018-жыл.
Тогуз коргоол оюну боюнча Ошто өткөн мелдеш. 2018-жыл.

Албетте, Жусуп Баласагын чатыраш (“шатранж”, б.а. шахмат) оюнун эскерген, бирок кыргызча “тогуз коргоол”, казакча “Тогуз кумалак” аталган логикалык оюнду Жусуп Баласагын да, кичүү жердеши Махмуд Кашгари Барскани да эскерген эмес. Пикирибизде, бул логикалык оюндар байыртадан эле бар болчу.

Кыргыздын “коргоол” сөзү монголчо “хоргыл” дегендей айтылат экен. Бирок монголдордогу көчмөндөрдүн логикалык оюндары башкача экен.

Маселен, доктор Нандинбилиг Ганбаатар айым жана кенже кесиптеши, изилдөөчү Ценд-Аюш Хандмаа мырза сунуштаган баяндама Хангайдагы халха монголдорунун арасындагы “тоо бугусу” (“уулын буга”) деп аталган логикалык оюн жаатында болду. (Кыргызча “бугу” сөзү монголчо “буга” делет экен).

Тыва элинин “Сыин чадыраа” аттуу чатыраш оюну
Тыва элинин “Сыин чадыраа” аттуу чатыраш оюну. Доктор Нандинбилиг Ганбаатар айым жана Цең-Аюш Хандмаа мырза даярдаган илимий баяндамадан. Улаан-Баатар. 05.12.2023.

Бул оюнду боордош тыва элинин Монгол Алтайында байырлап жаткан өкүлдөрү “сыин чадыраа” деп аташат экен. (Тывача “чадыраа” сөзү “Манас” эпосунда да логикалык оюн катары айтылган “чатыраш” сөзүн эске салды).

Бирок бул оюн шахматтан башкача келет. Анда эки оюнчу, 2 оюнчук бугу жана 20–22 оюнчук аңчы ит (тайган деп коёлу) камтылып, тактада 33 бекет болот.

Сырты окшош болгонуна карабастан, монголдун “уулын буга” оюну менен тыванын “сыин чадыраа” оюнунун ички эрежелери өз ара айырмалуу, ошондуктан эки башка элдердин өкүлдөрү бири-бири менен ойногон чакта, оболу эрежелерди тактап алууга тийиш, дешет Нандинбилиг Ганбаатар айым жана Ценд-Аюш Хандмаа мырза.

Албетте, чакан симпозиумдун алкагында эч бир көйгөй биротоло чечилбейт эмеспи.

Бирок Улаан-Баатар шаарындагы бул илимий шерине мурдагы жана азыркы көчмөндөрдүн илгертеден келе жаткан маданий асыл нарктарын орток изилдөө керектигин дагы бир ирет айкындады.

Албетте, орток изилдөө аракеттери бар. Маселен, Орусиянын Алтай аймагынын борбору Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университети, Алтай Республикасынын борбору Горно-Алтайск шаарындагы Тоолуу Алтай мамлекеттик университети, Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, айрым казакстандык университеттер ж.б. шериктер чогуу жүзөгө ашырып келе жаткан “Кең Алтай” эл аралык илимий долбоору буга жакшы өрнөк болуп саналат.

Андан тышкары алтай таануу жаатындагы бир катар эл аралык жыйындар (анын ичинде ПИАК отурумдары) бар эмеспи.

Бул орток жана өзгөчө улуттук асыл нарктар тууралуу илимий жыйындар жана эмгектер көчмөндөр цивилизациясынын саамалыктары менен салттарын жалпы адамзат цивилизациясынын орток казынасына каттоо үчүн өзгөчө зарыл ыкмалар экендиги шексиз.

Маданий кечеге катышкандар
Кечеге катышкандар (оңдон): Бум-Очир Дулам, Монголиянын Президентинин кеңешчиси, Тугсбуян Баярбат айым, КЦИЭИнин өкүлү, Айбек Артыкбаев, Кыргызстандын Монголиядагы элчиси, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин, КУУнун профессору, Мунхочир Суренжав, КЦИЭИнин өкүлү. Улаан-Баатар. 05.12.23.

P.S.

Бул илимий шериненин айрым катышуучулары жыйын аяктагандан кийин кечкурун Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги уюштурган маданий кечеге барып, кыргыз өнөрпоздорунун ажайып концертин көрө алышты.

Улаан-Баатардагы бул маданий иш-чара Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдыгына арналды жана азыркы Кыргыз туусу кече өткөн жайда татына болуп, жагалданып желбиреп турду.

Кыргыз фолклордук өнөрпоздор тобу концерт тартуулады.
Кыргыз фолклордук өнөрпоздор тобу Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына арналган маданий иш-чарада концерт тартуулады. Улаан-Баатар. 05.12.2023.

Кыргызстандын Монголиядагы жаңы ачылган кеңседе иштей баштаган туңгуч элчиси, доктор Айбек Артыкбаев конокторго англис тилинде татынакай кайрылып сүйлөгөндүгүнө да ыраазы болдум. Ал эне тилинен тышкары казак, түрк, орус жана өзбек тилдерин да жакшы билет. Дипломаттардын жаңы полиглоттор толкуну келе жатканы ушул эмеспи.

Ал эми Айбек Артыкбаевдин атайын жана толук ыйгарымдуу элчи катары Улаан-Баатарга келгенине чейин Монголиядагы элчилик кызматын Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчиси кошумча аткарып турчу.

Кыргыз жана монгол элдеринин өз оюн ачык, бетке айткан окшош жактары бар эмеспи. Эки өлкөдө тең посткоммунисттик кубаттуу жарандык коом калыптанган.

Эми орток илимий жана маданий кызматташтык жаатында да алар окшош мээнеткечтигин көрсөтүшөт деп үмүттөнөбүз. Бул жаатта эки тараптан тең ниеттер айтылып келет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG