Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:12

Борбор Азия

АЭС куруу тууралуу коомдук талкуу. Алматы, 16-август, 2024-жыл
АЭС куруу тууралуу коомдук талкуу. Алматы, 16-август, 2024-жыл

Казакстанда 20-августта атомдук станция куруу боюнча акыркы коомдук талкуу өткөнү жатат. Расмий маалыматка караганда, АЭС өлкөнүн энергетика тармагындагы таңсыктыкты жабууга жардам бермекчи. Долбоорго каршы чыккандар курулуш кымбатка түшөрүн айтып, экологиялык маселелерди козгошууда.

Дүйшөмбү күнү өздөрүн полиция кызматкерлери деп тааныштырган жарандык кийимчен кишилер активист Мейрхан Абдиманаповду кармаганы тартылда деген видео социалдык тармактарда тарады. “Азаттыктын” казак редакциясы маалымдагандай, видеодо активист аны кое берүүнү, прокурордун токтомун көрсөтүүнү талап кылганын көрүүгө болот. Бирок тартип коргоочулар аны күчтөп алып кетишти.

Мейрхан Абдиманапов коомдук талкуу учурунда. Алматы, 16-август 2024-жыл
Мейрхан Абдиманапов коомдук талкуу учурунда. Алматы, 16-август 2024-жыл

Абдиманапов жер-жерде АЭС куруу талкууларына активдүү катышып келген. Өткөн аптанын аягында Алматы шаарындагы жыйында ал “талкууга эмес, курулуштун жарнамасына күбө болгонун” айткан:

“Эч кандай коомдук талкуу жок. АЭСти жарнамалап жатасыңар. Коомдук талкуу болсо сөз сүйлөгөндөрдүн жарымы курулушка каршы чыккандар болмок. Бул – путиндик жана башка башка атомдук корпорациялардын жарнамасы. Силер саясий күйөрмансыңар. Атомдук тармакты сүрөөнгө алып атасыңар”.

Сөз болгон талкуу ызы-чуу менен коштолуп, долбоорду колдогондор менен сындагандар айтышып, атүгүл жулмалашып кетишти.

Казак бийлиги Борбор Азиядагы алгачкы АЭС тургузуунун күңгөй-тескейи 19 региондун тургундары менен талкууланганын билдирди. Коомчулук менен жыйындарга Энергетика министрлигинин, Өзөктүк физика институтунун жана “Казакстан атомдук станциялары” компаниясынын өкүлдөрү катышууда.

Өкмөттүн айтымында, Казакстан энергетикалык таңсыктыкты өз алдынча жаба албай, электр энергиясын Орусиядан алууга аргасыз. Мындай абалда АЭСтин мааниси артып, экинчи жагынан абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусу менен күрөшсө болот.

"Атомдук станция жулуулук станциясындай эле, бирок көмүр казанынын ордунда реактор болот. Биз Казакстандын отуну колдонулат деген талап коюп жатабыз. Себеби станция 60 жыл иштейт, 100 жылга чейин узартылат деп болжолдонууда. Ошон үчүн отундун ишенимдүү булагы, албетте кадрларды даярдоо, тейлөө абдан маанилүү", - деп түшүндүрдү “Казакстан атомдук станциялары” компаниясынын жетекчиси Тимур Жантикин.

АЭСтин курулушу боюнча коомдук талкуу учурунда. Алматы, 16-август, 2024-жыл
АЭСтин курулушу боюнча коомдук талкуу учурунда. Алматы, 16-август, 2024-жыл

Станция курулушу мүмкүн деген жер катары Алматы облусу, Балхаштын боюндагы Үлкен айылы аталууда. Ишкана эки реактордон турмакчы. Өзөктүк технологиялар менен камсыздоочулардын арасында орусиялык “Росатом”, кытайлык CNNC, түштүк кореялык KHNP жана франциялык EDF компаниялары аталууда.

Долбоорго каршы болгондор курулуш өлкөгө көп чыгым алып келерин, Казакстанда жок адистер менен көптөгөн ресурстарды талап кыларын, технология менен камсыздаган мамлекеттен көз каранды кылып коерун айтышат. Алар ошондой эле Балхаш көлү акыркы жылдарда ансыз да тартылып жатканын, ал сейсмикалык кооптуу аймакта орун алганын белгилешет.

"Биринчиден, биз Балхаш көлүнөн ажырап калышыбыз мүмкүн. Бул жалпы элге тиешелүү маселе. Биз Балхаштан айрылып калуу коркунучуна даярбызбы? Экинчиден, бизден кийинки муундарга радиоактивдүү зыяндуу заттар калат. Станция иштей турган болсо 60 жылдан кийин ал жерде тоодой болгон радиоактивдүү калдыктар калат. Үчүнчүдөн, бизге уранды кайра иштетип, байытып бере турган өлкөдөн көз каранды болуп калабыз. Казакстан уранды байытууга укугу жок, анткени бизде технология жок, өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимге кол коюп бергенбиз, - деп айтат энергетика тармагындагы адис Асет Наурызбаев.

Анын айтымында, президент АЭСтин курулушун "эл чечиши керек" деп айткан, бирок Энергетика министрлиги Касым-Жомарт Токаевди чала уккандай...

Бийлик долбоорго канча каражат сарпталарын жалпы улуттук референдумдан кийин тууралуу маалымат берерин айтууда.

Президент Токаев добуш берүү күзүндө өтөрүн билдирген. Бирок так датасы, кандай суроолор алынып чыгары азырынча белгисиз.

Ал эми коомдук талкууларда АЭС сегиз жылда тургузулары, 12 млрд доллар коротулары айтылып келет. Акчанын көбүн Казакстан карызга алууну көздөп жатат.

Орусиянын мамлекеттик корпорациясы – «Росатом» кошуна Өзбекстанда да АЭС курууну көздөп жатат. Өткөн жылы ноябрдын этегинде ТАСС "Росатомдун" жетекчиси Алексей Лихачевдун “пандемия көптөгөн жараяндарды токтотуп койгон, бирок өзбек тарап менен келишим соңку баскычка жетип калды” дегенин жазган.

Москва менен Ташкент АЭС куруудагы кызматташтык тууралуу келишимге 2018-жылы сентябрда кол койгон. Ага ылайык, станция Өзбекстандын бюджеттик каражатына жана Орусиянын мамлекеттик насыясынын эсебинен салынмакчы.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги энергоблоктор 2030-жылга карай электроэнергияга болгон муктаждыктын 15-18 пайызын жабарын айтууда.

“Озодлик” радиосу жазгандай, казак чек арасына жакын жерге, Жизак облусундагы Тузкан көлүнүн жээгинде салына турган станциянын курулушу, анын жер титирөөлөргө туруштук берүү кудурети, экологиялык коопсуздугу талкууга түштү. Өнөктөш катары Орусиянын тандалганы да суроо жаратууда.

"Азаттыктын" казак редакциясынын материалдарынын негизинде даярдалды.

Энергетика: Борбор Азиянын багын АЭС ачабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:57 0:00

Жаачан монгол кыз. 18.8.2024.
Жаачан монгол кыз. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

Жекшембиде (18-августта) Монголиянын Налайх ооданында көчмөндөр маданиятынын дүйнөлүк фестивалы соңуна чыкты. Ага чет өлкөлүктөрдүн арасында кыргызстандык өкүлдөр да катышты. Бул шерине заттык эмес маданий мурасты бапестеп сактоо зарылдыгын дагы бир ирет баса белгиледи.

Көчмөндөр коому тууралуу сөз кылганда алгач мал чарбачылыгы, жайытты туура пайдалануу үчүн горизонталдык (улам жаңы талаа мейкиндигине) жана вертикалдык (жакадан бийик тоолуу жайлоолорго жана кайрадан жакага) көчүү менен байланыштуу турмуш-тиричилик таризи, айрым тарыхый доорлордогу көчмөндөрдүн Евразиядагы жана башка аймактардагы жортуулдары эске түшөт.

Фестивал майданына жакын жерде жылкылар байланган. 18.8.24.
Фестивал майданына жакын жерде байланган жылкылар. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

Арийне, көчмөндүк турмуш жалпы адамзат цивилизациясы үчүн орчун болгон көп тарамдуу маданий мурасты да калтырган.

Шен Хуңбяо (Кытай) жасаган Чыңгыз хандын айкели. 18.8.24.
Шен Хуңбяо (Кытай) жасаган Чыңгыз хандын айкели. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

XX кылымдын дээрлик акыркы үчилтигинен тартып гана ЮНЕСКОнун алкагында көчмөндөрдүн цивилизациялык очокторун илимий иликтөө жана алардын сакталып калган заттык эмес маданий мурастарын каттоо, андан ары сактоо жана өнүктүрүү көйгөйлөрүнө жалпы дүйнөлүк камкордук жасала баштады.

Быйыл сентябрда Казакстандын Астана шаарында Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлмөкчү.

Фестивалдын иш-чараларынын картасы
Фестивалдын иш-чараларынын картасы. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

Ал эми Монголияда ушул окуяга утурулай (бирок ага түздөн-түз байланышы жок эле) көчмөндөр маданиятынын дүйнөлүк фестивалынын өткөрүлүшү – Ички Азиядагы өзгөчө алгылыктуу маданий окуя болду.

“Монголиядагы “Көчмөндөр” дүйнөлүк маданият фестивалы” ("Mongolia Nomads World Cultural Festival") деп аталган маданий иш-чара Улан-Батор (монголчо Улаан-Баатар) шаарынан түштүк-чыгыштагы Налайх районунда жайгашкан Тайж Хайрхан (Taij Khairkhan) тоосунун этегиндеги жайык өрөөндө өткөрүлдү. Бул район Улан-Батор шаарына таандык оодандардын бири болуп саналат.

Фестивалда. 18.8.24.
Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев (ак калпакчан) айрым кыргызстандыктар менен. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

18-августта жыйынтыкталган быйылкы үч күндүк маданий иш-чарага Кыргызстандан да уздар, музыка өнөрпоздору катышты.

Кыргызстандын Монголиядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Айбек Артыкбаев мырза менен да кыргыздардн уздары өз эмгектерин жайгаштырган боз үйдөгү көргөзмөдөн жолуктук.

Ар кыл өлкөлөрдөн келген бир катар чыгыш таануучу жана башка окумуштуулар да бул маданий чарага келишип, Монголиянын 21 аймагынан келген монголдордун жана башка ар кыл этностордун кол өнөрчүлөрүнүн чыгармачылыгы менен таанышты.

Бишкекте туризм жаатында изилдөө жүргүзүп жаткан жаш окумуштуу, Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти, PhD доктору Азамат Максүдүнов инибиз да Тайж Хайрхан жергесиндеги фестивалга конок катары катышты.

Фестивалдагы илимпоздор. 18.8.24.
Окумуштуулар тобу бир монгол боз үйүндө. Солдо Азамат Максүдүнов. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

Ал эми монголиялык этностордун арасында түрк тилдүү казактар жана хотондор, ошондой эле тыргоот, дархан, бурят сыяктуу ар кыл монгол тилдүү чакан этностордун өкүлдөрү да болду.

Түндүк-Батыш Монголияда байырлаган бир чакан этнос өзүн “духаа” деп атайт экен (бул эл монгол тилинде “цаатан” – “бугу багуучулар” деп аталат; “цаа” сөзү монголчо “бугу” деген маани берет).

Фестивалда бийчилер өнөр көрсөтүштү. 18.8.24.
Фестивалдын алкагындагы концерттердин биринде бийчилер өнөр көрсөтүштү. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

Духаа (цаатан) эли тили жагынан Жогорку Энесайдагы тыва элине жакын, дини – шаманчылык. Алар Убсу-Нур көлүнүн аймагындагы тоолуу өрөөндө бугу багып оокат кылып келишет. Алардын арасында өзүнүн түрк тилдүү эне тилин сактап калгандардын саны – болгону 300дөй киши экен.

Монголияда алардан башка да “көк мончок” (“мончок” жана “дыва”) деп аталган жана тили тыва тилинин бир диалекти болгон чакан эл бар. Алар Кобдо аймагында байырлашат. Аларга жакын диалектте сүйлөгөн жана “ураңкай” деп аталган этностук топ Монголиянын батышындагы Баян-Өлгий аймагында байырлайт.

Бул фестивалда духаа (цаатан) элинин өкүлдөрү өздөрүнүн алачыгын (“чум”) тигишкен экен. Алар фестивал конокторуна шамандык бий өнөрүн да тартуулашты.

Атчан монгол кызы. 18.8.24.
Атчан монгол кызы.. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

Элдик спорт оюндарына арналган бөлүмдөрдө монгол күрөшү, атчан жаа атуу, ат кулагында ойноп, өнөр көрсөтүү оюндары сунушталды.

Ал эми духаа (цаатан) элинин бир өкүлү жоргосун минип келип, конокторго жорго салыш өнөрүн көрсөттү.

Фестивалдан бир көрүнүш. 18.8.24.
Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалында. 18.08.2024.

Фестивал маалында улуттук кийим түрлөрү, тамак-аш түрлөрү да көрсөтүлдү. Кымыз (монголчо “айрыг”) жана уй сүтүнөн жасалган ичимдик (“эрх – “архи”), куруттун ар кыл түрлөрү, монголдун туз кошулган сүттүү чайы (“сүүтэй цай”), эт жана башка улуттук азыктар да жайнап турду.

Балдарга арналган боз үйлөрдө музыкалык аспаптар, чүкө оюндары тууралуу маалымат берилип, куурчак театры оюн көрсөтүп, балдарга арналган ар кыл китептер да сунушталды.

Алачык. 18.8.24.
Монголиянын түндүк-батышындагы бугу багуучулардын алачыгы.. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

Албетте, ар кыл өлкөлөрдөн коноктор арбын жүрдү. Бирок бул фестивал, биринчи кезекте, Монголиядагы ар кыл этностордун достугунун шеринеси болуп калды.

Былтыр август айында дагы дал ушул эле Налайх районундагы Тайж Хайрхан тоосунун этегиндеги жайык жерде көчмөндөрдүн маданиятына арналган эл аралык фестивал өткөрүлгөн болчу.

Ал иш-чара Монголиянын Өкмөтү тарабынан ЮНЕСКОнун 2003-жылы кабыл алган “Заттык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциясынын” 20 жылдыгына карата уюштурулган.

Монголиянын маданият министри Номин Чинбат. 18.8.24.
Монголиянын маданият министри Номин Чинбат конокторго сүйлөөдө.. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

Уюштуруучулардын бири – Монголиянын маданият, спорт, туризм жана жаштар министри Номин Чинбат (Nomin Chinbat; монголчо Чинбатын Номин; 1983-жылы туулган) айымдын айтымында, былтыркы жана быйылкы маданий жана спорттук чаралар көчмөндөрдүн адамзаттын маданиятына кошкон салымын даңазалоо, көчмөндөрдүн мурасы бар мамлекеттердин ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, маданияттар аралык баарлашууну өркүндөтүү, көчмөндөрдүн мурастарынын асыл-нарктарын андан ары жайылтуу, өлкө ичиндеги этностордун арасындагы жана эл аралык ынтымакты чыңдоо, жаш муундарга тарыхый мурастардын маанисин дурус аңдатуу мүдөөлөрүндө жүзөгө ашырылды.

Доктор Мунхтуул Чулуунбаатар айым. 18.8.24.
Доктор Мунхтуул Чулуунбаатар айым. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

Бул иш-чараларга Кыргызстандын да жандуу катышкандыгы, албетте, купулга толчу турум болду.

Фестивалдан бир көрүнүш.
Фестивалдан бир көрүнүш. "Көчмөндөр" дүйнөлүк маданият фестивалы. 18.08.2024.

Монголиянын чордонундагы бул иш-чаралар заттык эмес маданиятка байланыштуу көп тарамдуу көчмөндүк маданий мурасты көз карегиндей сактоонун зарылдыгын дагы бир ирет баса белгиледи.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG