Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Борбор Азия

Казакстанда басылып чыккан "Жас Алаш" гезити Кытайда жашаган ондогон казак интеллигенттери камакта жатканын жазды. Абактагылардын көбү Шинжаңда журналистика, билим берүү тармагында жана мамлекеттик кызматта иштеген этностук казактар экени айтылууда.

Алардын туугандары кандай пикирде? Бээжиндин Астанадагы элчиси менен Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселеден кабардарбы?

30-июлда жарык көргөн макаланын автору Жаксылык Казымуратулы Кытайдагы куугунтуктун тарыхына сереп салып, "себепсиз камоолор кайра башталды" деп жазды. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында, билим берүү мекемелеринде жана мамлекеттик кызматта иштеген 22 кишинин тизмесин жарыялады.

"Кармалган жарандардын айрымдарын жакшы тааныйм, жакшы мамиледе болчубуз. Алардын айрымдары менен 15 жылдан бери чогуу жүрдүм, бирок алардын Кытай бийлигине каршы иш кылганын көргөн эмесмин, тескерисинче, алардын Түштүк Шинжаңдагы ок атышууларды айыптаганын көп жолу уктум", - деп жазат макалада журналист Калиакбар Үсемханулы.

Ал Казакстанга көчүп кеткенге чейин "Шинжаң" гезитинде иштеген.

"Жас Алаш" гезитинин Кытайда кармалган казактар тууралуу макаласынан скриншот.
"Жас Алаш" гезитинин Кытайда кармалган казактар тууралуу макаласынан скриншот.

Макалада журналист Ерлан Мазандын да пикири орун алган. Учурда Астанада жашаган казак журналист убагында "Шиңжаң" гезитинде кабарчы болуп иштеген. Мазан тизмедеги жарандарды тааный турганын айтат:

"Көп жылдар бою баарлашып жүргөн адам катары, алар Кытайдын мыйзамдарын бузган жок деп айта алам. Алардын баары жогорку билимдүү, сабаттуу, өз ишине берилген, үй-бүлөсүнө кам көргөн, үлгүлүү жарандар. Кытай бийликтери аларды эмне деп айыптаганын билбейм, бирок аларга саясий айып тагылган болсо, анда бул күлкүлүү нерсе. Кытай Коммунисттик партиясы өзү тарбиялаган жана даярдаган кадрларга ишенбей турган абалга жеткени уят", - деп айтылат макалада.

Эки жыл мурунку окуя

Эки жыл мурун социалдык тармактарда видео тараган. Анда туугандары Кытайда жашаган Гарапа Насиолла камалып, кийин дайынсыз жоголгондугун айтышат.

"Иним Гарапа Бээжиндеги Улуттар университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча казак тили жана адабияты мугалими. 2012-жылы Санжы райондук орто мектебине жумушка орношуп, анда алты жыл иштеди. 2018-жылы Шинжаңдын башка аймагына тарбиялоочу болуп көчүп кетти. Ал Жаңмын шаарында (ред.: Кытайдын Гуандун провинциясына карайт) үч жыл иштеп, 2021-жылы жайкы каникулда Шинжаңга кайтып келген. Бирок көп өтпөй, 8-9-июль күндөрү кытайлык күзөтчүлөр аны үйүнөн кармап кетишкен", - дейт агасы Таскынбек Насиолла.

Агасынын айтымында, иниси Гарапа белгилүү обончу жана акын болгон. Ал WeChat социалдык тармагындагы баракчасында көптөгөн акын-жазуучулардын, музыканттардын чыгармаларын, казак адабияты, искусствосу жана тарыхы тууралуу материалдарды жарыялап турган. Гарапанын туугандары бул сайт этностук казактар арасында абдан популярдуу экенин айтышат.

"Бул абдан таасирдүү сайт болчу. Аны менен көптөр таанылды. Гарапа Насиолла эмнеге камалганын билгибиз келет. Эл аралык укук коргоо уюмдарынан анын жазаланбай, үй-бүлөсүнө аман-эсен келүүсүнө жардам беришин суранабыз", - дейт ошол эле видеодо Гарапа Насиолланын аталаш бир тууганы Оразбек Сапархан.

Гарапа Насиолла - "Жас Алаш" гезитинде ысымы жарыяланган 22 адамдын бири. Тизмеде ал Бээжиндеги Улуттар университетинин бүтүрүүчүсү, ырчы, музыкант катары көрсөтүлгөн. "Азаттыктын" казак кызматы бир кезде Гарапаны издөөгө жардам сурап, соцтармактарда кайрылуу жасаган кишилер менен байланышкан. Бирок алар журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышты. Редакция агасы Таскынбекке бир нече жолу телефон чалып, байланыша алган эмес. Кийин Гарапанын жакындары тааныштары аркылуу "азыр журналисттерге интервью бере албайбыз" деп кабар жолдошкон.

"Биз эч нерсе билбейбиз"

"Жас Алаш" басылмасынын журналисти Жаксылык Казымуратулы бул теманы көптөн бери изилдеп жүргөнүн айтат. Оболу ал Кытайдагы абактарда жаткан казактардын Казакстанда жашаган туугандарын тапкан.

"Макалада аты аталган адамдардын көбүнүн Казакстанда туугандары бар. Бирок баары комментарий берүүдөн баш тартышты. Мунун себеби айдан ачык. Алардын арачылык кылуусу камактагы туугандарынын абалын оорлотуп, аларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн", - дейт журналист.

"Жас Алаш" гезити жарыялаган 22 адамдын бири Канат Ережеп. Ал "Шинжаң" телеканалынын жетекчисинин мурдагы орун басары болуп иштеген.
"Жас Алаш" гезити жарыялаган 22 адамдын бири Канат Ережеп. Ал "Шинжаң" телеканалынын жетекчисинин мурдагы орун басары болуп иштеген.

"Азаттык" аталган тизмедеги бир нече адамдын Казакстанда жашаган туугандарын таап, алар менен сүйлөштү. Кеминде алты адам Шинжаңдагы тууганы эч кандай себепсиз, тергөөсүз жана сотсуз бир канча убакыттан бери камакта экенин ырастады. Бирок алардын бири да ачык маектешүүгө макул болгон жок.

Атын атагысы келбеген казакстандык жигит Кытайдагы тууганы үчүн кооптонгону менен анын качан кармалганы тууралуу маалыматты да жашыруун айтып берди:

"Биз эч нерсе билбейбиз. Себебин түшүндүргөн жок. Ал жактагылар ачык айтпайт. Биз ар жерден такталбаган маалыматтарды гана алабыз. Кандай айып тагылганын, эмне үчүн кармалганын биле алган жокпуз. Кайсы жерде экенин, түрмөдөбү же лагердеби, аныктай албай отурабыз. Анын өнөкөт оорусу бар болчу, бирок медициналык жардам алганбы же жокпу, ал да белгисиз. Ал жактагы туугандарыбыз коркуп отурушат. Болгону "унчукпа, тынч отур, баары жакшы болот" деп жатышат".

Бул кишинин айтымында, Шинжаңдагы тууганын кытайлык күзөтчүлөр үйүнөн алып кетишкен. Андан бери бир нече ай өттү.

Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган миллиондогон түрк тилдүү мусулмандар кысымга алынып, миңдегени ар кандай айыптар менен "саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине" жөнөтүлүп жатканы тууралуу кабарлар биринчи жолу 2017-жылы чыккан. Бир жылдан кийин БУУ мындай лагерлерде миллионго чукул адам болушу мүмкүн деп билдирген.

Эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү Бээжиндин бул саясатын айыптап, санкцияларды жарыялашкан. Кытай өкмөтү ошондой эле "мусулман аялдарды күч менен стерилизациялаган" деп айыпталган. Бирок расмий Бээжин айыптоолорду четке кагып, Шинжаңдагы саясатын "экстремизмге каршы күрөш", ал эми саясий лагерлерди "кесиптик кайра даярдоо борборлору" деп атап келет.

"Жас Алаш" гезитинин журналисти Жакcылык Казымуратулы Шинжаңдагы азыркы кырдаалды 2017-2020-жылдардагы саясаттын уландысы деп сыпаттайт. Ал мурункудай массалык болбосо да, жарандардын кармалышы тууралуу маалыматтар маал-маалы менен келип атканын айтат.

"Кытайдын азыркы бийлиги - бул Совет бийлигинин уландысындай. Мындайча айтканда, бул экономикалык жактан өнүккөн жана техникалык жактан кубаттуу система десек болот. Союз убагында кандай болгонун билесиңер, маалымат каражаттарына чыккан ар бир материал Борбордук Комитеттин көзөмөлүндө болчу. Тактап айтканда, улуттук маселени "чыпкалап", анан басып чыгарчу. Кытайда да маалыматтар ушундай жараянда чыгат. Темир тор артына отургандардын көбү басылмаларда, телеканалдарда иштешкен. Ар бир билдирүү, ар бир жаңылык жарыяланганга чейин чыпкадан өтүп турган. Эми бир нече жылдан кийин айрым кемчиликтер табылып жатат. Менимче, бул жөн гана адамдарды камоого шылтоо", - дейт Жакcылык Казымуратулы.

"Урматтуу достор" бири-биринин элин кыйнабашы керек

Быйыл 4-июлда Казакстандын борбору Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өттү. Дал ошондо казакстандык коомдук активист Ауыт Мукибек Астанага атайын иш сапары менен келген Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге Шинжаңда абакта отурат делген 17 адамдын аты-жөнүн жана мурдагы кызматтарын көрсөткөн ачык кат жолдогон. Ал Кытайдын Коммунисттик партиясынын лидеринен адилетсиз куугунтуктоону токтотуп, Шинжаң түрмөлөрүндө жаткан казактардын бошотулушуна көмөктөшүүнү суранган.

Ауыт Мукибек
Ауыт Мукибек

"Си Цзинпин Касым-Жомарт Токаевге үч жолу "урматтуу досум" деп кайрылды. Мен өзүм уккан жокмун, эл айтты. "Урматтуу достор" бири-биринин элин кыйнабашы керек. Ал жерде бир миллион 700 миң казак бар (ред.: Кытайдагы казактарынын так саны белгисиз, бир катар булактарда жогорудагы сандар келтирилген). Президент "казак дүйнөнүн кайсы мамлекети болбосун казак, анын тарыхый мекени Казакстан" деп айтты. Си Цзинпин муну уккан жок деп ойлойсузбу? Укту. Же муну Кытайдын тышкы иштер министри укпай калдыбы? Укту. Бул тууралуу Кытайдын Казакстандагы элчиси да билет. Андыктан алардын казактарды кысымга алып, түрмөгө отургузууга эч кандай негизи жок болчу", - дейт активист.

Ауыт Мукибек Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртилеуга бул маселени тактап берүүнү өтүнүп кат жолдогонун айтат. Кийинчерээк ал кат Казакстандын Кытайдагы элчилигинин консулдук бөлүмүнө жөнөтүлгөнүн билген. Жакында жообун да алган.

"Казакстандын Кытайдагы консулдугу Кытай тарап менен биргеликте үй-бүлөнү бириктирүү механизмин иштеп чыкканын маалымдайбыз. Бул механизмге ылайык, сиздин арызыңызда көрсөтүлгөн адамдардын жакындары eOtinish платформасы аркылуу консулдук департаментке түздөн-түз кайрылуусу керек", - деп айтылат катта.

Ауыт Мукибек Кытайда кармалган казактардын айрым туугандары eOtinish аркылуу арыз жазып, жооп күтүп жатканын айтат.

"1991-жылы 16-декабрда кабыл алынган "Казакстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө" конституциялык мыйзамда 7- 8-беренелерде чет өлкөлөрдөгү этностук казактар жөнүндө айтылат. 8-беренеде Казакстан "чет өлкөдөгү казактарга руханий жана маданий жактан жардам берет, ошол мамлекет менен түзүлгөн келишимдердин негизинде чет өлкөдөгү казактардын кызыкчылыгын коргойт" деп жазылган. Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити өтүп жаткан маалда Кытай менен отузга жакын келишимге кол коюлду. Эмне үчүн казактар жөнүндө, алардын кызыкчылыгын коргогон бир да келишим түзгөн жокпуз? Эмнеге? Колдогу мыйзамды ишке киргизе албасак, бул уят деп ойлойм", - дейт Мукибек.

"Азаттык" Шинжаңда негизсиз камалган 22 адам боюнча расмий пикирин сурап Казакстандын Тышкы иштер министрлигине суроо жолдоду. Министрликтин расмий өкүлү Айбек Смадияров абалды тиешелүү адистерден тактап берүүнү убада кылганы менен, эч кандай жооп келген жок. "Азаттык" менен ачык маектешүүгө макул болбогон жарандар "Тышкы иштер министрлигинен расмий жооп күтүп жатабыз" деп билдирди.

Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо. Астана, 20-май, 2024-жыл.
Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо. Астана, 20-май, 2024-жыл.

31-июлда "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Асем Мухит кызы Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяого кайрылып, Шинжаңда казак интеллигенциясынын камакка алынганы тууралуу маалымат чынбы деген суроосун узаткан. Кытай дипломат суроону аягына чейин укпай, "мындай болушу мүмкүн эмес" деп жооп берди.

Кытай Казакстандын эң ири экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Соңку жылдары Астана менен Бээжиндин саясий жана экономикалык кызматташтыгы чыңдалууда. Казакстандык жана чет элдик саясат таануучулар "Казак-кытай мамилесинде Бээжиндин таасири үстөмдүк кылып, Астана дүйнөлүк державага айланат" деген пикирди айтып келишет.

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Асем Мухит кызынын макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Болгариянын бийлиги Бургас портуна келген жүктөн 436 кг героин табылганын жарыялады, 13-август, 2024-жыл
Болгариянын бийлиги Бургас портуна келген жүктөн 436 кг героин табылганын жарыялады, 13-август, 2024-жыл

Болгарияда прокурорлор "Бишкектен барган жүктүн арасынан 436 килограм героин табылганын" кабарлады. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) анын жагдайы териштирилип, такталып жатканын билдирди.

"Кабель төшөөчү төрт жабдуунун арасына катылган"

Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандан Европага маңзат ташууга ылайыкташкан "Түндүк транзит" деп аталган багыттын боюндагы аймак катары белгилүү. Эл аралык уюмдар бул регион аркылуу жыл сайын тонналаган ооган маңзаты негизинен Орусия менен Европа өлкөлөрүнө ташыларын айтып келген.

Болгариянын прокуратура кызматкерлеринин билдиришинче, жалпы баасы болжол менен 35 миллион евро деп эсептелген, дээрлик жарым тоннага жакын героин 434 таңгакта болгон. Ал Грузиянын Батуми шаары аркылуу Бургас портуна келгенде кармалган. Жүк андан ары Грекияга жөнөтүлмөк болгон.

Болгариянын Маңзатка каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Иван Соколов 13-августта бирифинге ири өлчөмдөгү героин кабель төшөөчү төрт жабдуунун арасына катылуу болгонун билдирди. Жүк салынган машина портко өтө кеч келгени шек жаратканын, тыкыр текшерүүгө алынып, рентген аркылуу караганда, күмөндүү таңгактар бар экени аныкталганын айтты.

Бургас округунун прокурору Георгий Чиневдин билдиришинче, бул жүк Бишкектен чыккан.

Оперативдүү тасмадан алынган сүрөт. Болгария, август, 2024-жыл
Оперативдүү тасмадан алынган сүрөт. Болгария, август, 2024-жыл


Ишти караган прокурор Андрей Червеняков бул фактыга байланыштуу азыр эч ким кармала электигин, териштирүү уланып жатканын белгиледи:

"Машиненин айдоочусу Грекияга жүк жеткирген фирмада иштеген, анын колунда Казакстандын паспорту болгон. Анын Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүн биринде - Литвада туруктуу жашоого жана айдоочу болуп иштөөгө бардык уруксаты бар. Бул жүк бир катар өлкөлөрдү аралап, бир катар фирмалар аркылуу келген. Ошондуктан азырынча аткезчиликке кыйыр түрдө тиешеси бар деген адам аныктала элек".

Ошентип, Болгариянын расмий органдары шектүү жүк Бишкектин чыкканын айтканы менен, ал жүктү ташыган адамдын тек-жайы боюнча такталган маалымат бере элек.

Болгарияда маңзат соодасына айыпталгандар 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул өлкө Жакынкы Чыгыштан Батыш Европага маңзат ташылган жолдо турат.

ИИМ: Маалымат текшерилип жатат

Кыргызстандын милициясы бул маалыматты тактап, териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

"Окуя боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өз кезегинде мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде тастыктоочу тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Азыркы убакта жүк Батуми шаарынан барганы анык, мындан аркы маалыматтар такталат. ИИМдин жетекчилиги ири өлчөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алууну негизги багыттардын бири деп эсептейт жана бул багытта тийиштүү деңгээлде иш жүрүп жатканын билдирет", - деп жазылган маалыматта.

"Маңзат ташуу менен шугулдангандардын аягы токтой элек"

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбековдун пикиринде, бул жүктүн Кыргызстандан барганы аныкталса, анда өлкөнүн кадыр-баркына доо кетет.

Ал соңку окуя Кыргызстан аркылуу маңзат ташуу тыйыла электигин, ага күч органдарынын азыркы жана мурдагы кызматкерлери аралашат дегенди билдирерин айтты:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Бул эми ачык сөз: Кыргызстан наркотрафиктин боюнда турат. Кыргызстан аркылуу башка мамлекеттерге, Орусияга, Батыш өлкөлөрүнө героинди алып өтүү менен шугулданган адамдар бар. Мындай жүктүн Кыргызстан аркылуу өтүп кеткени өлкөнүн аброюн түшүрүп жатат. Бул эмнени билдирет? Бул бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтор, айрыкча маңзат, героин менен шугулдангандар бар, алар дагы эле иштерин тымызын жасап жатат дегенди билдирет. Аларга көп убакта укук коргоо органдарында кызмат кылган, анын ичинен Чек ара кызматында, бажыда ыплас иштегендер аралашып келген. Андайлар дагы деле бар. Бүгүнкү күндө аны менен күрөшүү абдан татаал жана кыйын. Себеби ал схемалар союз урагандан бери эле бекем түптөлүп калган, экинчиден, акча жагынан абдан эле кызыктырып салган. Ошондуктан маңзат соодасы менен шугулдангандар дагы деле болсо бар. Бул окуяга байланыштуу укук коргоо органдары баарын териштириши керек. Эгер жүк Кыргызстандан чыкканы, чек аранын, бажы кызматынын мөөрү басылганы аныкталса, биздин өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирилет".

  • 2019-жылы жайында Германиянын Польша менен чек арасында жүк ташыган машинадан 670 килограмм героин табылган. Жергиликтүү басылмалар маңзат Кыргызстандагы "Элит Шоко" фирмасы өндүргөн таттуулардын ичине катылып, Белгияга ташылып баратканын жазышкан.
  • Грузиянын номуру тагылган машинанын айдоочу Түркиянын жараны экени, көптөн бери Кыргызстанда иштеп, Бишкекте жашап келгени кабарланган. Бул Германиянын тарыхында колго түшкөн эң ири өлчөмдөгү героин экени белгиленген жана баасы 56 миллион еврого чейин жетет деп эсептелген.
  • Кыргызстандын ИИМи бул фирманы тинтип, ээсин суракка чакырган. Фирманын кожоюндары жүккө тиешеси жоктугун айтып чыгышкан. ИИМ иликтөөнүн жүрүшү тууралуу мындан башка маалымат берген эмес.


Буга чейин маңзат соодасын уюшкан кылмыш топтору көзөмөлдөп жүрөрү айтылып келген. Былтыр октябрда кримтөбөл Камчыбек Көлбаев атайын операцияда атып өлтүрүлгөндөн кийин бул жааттагы "каралардын" таасири азайып-азайбаганы тууралуу суроолор жаралган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" курган маегинде маңзат ташуу токтоду деп бүтүм чыгарууга эрте экенин билдирген:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

"Ооганстанда "Талибандын" келишинин бир жакшы жагы - алар апийим айдоону токтотту. Ооган аймагынын 90% аймагында өстүрүлбөй калды. Бирок муну менен маңзат ташуу да токтоду деп айтуу мүмкүн эмес. Булар бир канча жылдан бери миңдеген тонна маңзат өндүрчү. Ошолордун запасы дагы он жылга чейин аткезчилик жол менен сыртка ташыганга кенен жетет. Көп жылдар бою калыптанып калган түндүк каттам деген бар. Ал - Тажикстандын, Кыргызстандын аймагы менен Казакстанга, андан ары Орусияга жана Европага барчу каттам. Бул бизнеске уюшкан кылмыштуу топтор менен кошо биздин укук коргоо органдардын кызматкерлери, жөнөкөй эле кызматкерлер эмес, жетекчилери дагы аралашкан болушу мүмкүн. Алар дагы четинен кармалып жатат. Жакында эле Ошто дагы кармалды. Алардын жардамысыз маңзатты аткезчилик жол менен ташуу өтө кыйын. Анткени анын бардык жол-жобосу түзүлгөн, көзөмөлдөө механизмдери бар. Коррупцияга аралашкан кызматкерлер бар, биз ошолорду тазалашыбыз керек. Ал иш жүрүп жатат", - деген Иманкулов.

Убагында ​ БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын Ооганстанда мыйзамсыз өндүрүлгөн героиндин 20% чукулу Кыргызстандан өткөн "Түндүк транзит" деп аталган канал аркылуу ташыларын билдирген. Анда Кыргызстан Ооганстанда өстүрүлгөн апийимдин дүйнөгө таралуучу экинчи багытында турары айтылган.


ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-талдоо бөлүмүнүн башчысы Марсел Дөөталиев "Азаттыкка" курган маегинде маңзат соодасына шек саналган кызматкерлерден арылуу аракеттери көрүлүп жатканын, бир жыл мурда милициянын үч полковниги колго түшкөнүн айткан:

Марсел Дөөталиев.
Марсел Дөөталиев.

"Алар Ооганстанда өндүрүлгөн маңзатты ташууга тиешеси болгон. Ири өлчөмдөгү маңзат алынып, бул кызматкерлер жоопко тартылган. Менин билишимче, экөө камактан чыгарылып, соттун бул чечими кайра жокко чыгарылып, бирөө азыр издөөдө жүрөт. Биз бул багытта жумушту кеңири алып барабыз".

Расмий маалыматка ылайык, соңку үч жылдын ичинде манзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынган. Бул кылмыштарга байланыштуу 500дөн ашык адамга айып коюлган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG