Орусияда жарандарды Украинадагы согушка чакырган билдирүүлөр тарай баштады. Мындай билдирүү орус жарандыгын алган кыргызстандыктарга да келип жатат. Буга чейин Орусиянын полициясы мигранттарды текшерүүнү күчөтүп, катуу көзөмөлгө ала баштаган.
Бул жагдайдан улам Кремль жапырт мобилизация аракетин баштадыбы деген талкууларга жем таштады. Байкоочулар эми орусиялыктар жапырт сыртка агыла баштай турганын божомолдошууда.
Орус жарандарына келген СМСтер
Орусиянын SOTA Телеграм-каналы жана "Медуза" басылмасы 3-августта тараткан маалыматта орусиялыктарга Украинадагы согушка чакырган СМС билдирүүлөр келип жатканы айтылат. Билдирүү 117 номуру аркылуу таратылууда жана анын мазмуну төмөнкүдөй:
"Коргоо министрлиги менен келишим түз. 800 миң рубль жана жеңилдиктер дароо берилет. 117ге чал!", - деп жазылган.
Жарандарды согушка тартуу менен алектенген расмий аскер мекемелери да көрсөтүлгөн номурга чалууга чакырып жатканын Сибирь.Реалии сайты жазды.
Бейшембиде айрым орусиялык Телеграм-каналдар келишим түзүүгө чакырган мындай билдирүүлөрдү 1-августтан тарта Орусиянын бардык операторлору тарата баштай турганын кабарлашкан.
SOTA Телеграм-каналынын аскерге чакыруу тууралуу жаңылыгын 18 миңден ашык катталуучу көрсө, көбү нааразылык билдирген реакция калтырган.
Телеграм-каналдын маалыматына караганда, 117 кыска номуру федералдык органдарга тиешелүү. Армияга келишимдин негизинде барууну каалагандар үчүн атайын уюштурулган кыска номуру.
Орус жарандыгын алган кыргызстандыктар да мындай СМСтерди алып жатышат. "Азаттык" бир нече жыл мурда орус жарандыгын алып, азыр Новосибирскиде жашаган жигит менен байланышты. Коопсуздук маселесинен улам ал ысымын ачык айткан жок. Аны биз шарттуу түрдө Улан деп атап койдук. 33 жаштагы Улан аскерге чакырган билдирүүлөрдү өзүнүн тааныштары алып жатканын айтып берди:
"Бул жерде сегиз жылдан бери жашап аткам. Балдарым, келинчегим баары биякта. 2019-жылы кичүү инимди алып келгем, ага орус паспортун алып берели деп жүргөнбүз. Жумушта жүргөнүбүздө Андрей деген балага билдирүү келди, ал аны бизге көрсөттү. Мен чындап айтсам чочудум, демек, мага да келет экен деген ой келди. Инимден сурасам, ага келбептир".
Улан мындай билдирүүдөн кийин кооптонуп, Кыргызстанга кетүү керектигин ойлоп жүргөнүн жашырбады.
"Өзүм деле айылга үй салып, оокатымды тыңдап алайын деп ушул жерде жашадым. Эми кетиш керек болуп калды. Мен аскерге эмнеге барышым керек? Анын үстүнө согушка да каршымын, тынч жашагым келет".
"Жардам сурап кайрылгандар көп"
Акыркы убактардагы текшерүүлөр, кысым күч алгандыктан Орусиядагы мигранттар арасында мекенине кайтууну каалагандар көбөйгөн. Мындай маалыматты Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Урматбек Курбанбаев билдирди. Анын айтымында, акыркы учурда мигранттар жумушка кирүүдө да кыйынчылыкка туш болууда:
"Мурдагыга караганда "андан көрө Кыргызстанга барып жашайлы, ал жерде деле иш бар экен" дегендер өтө көбөйдү. Анан дагы бир көйгөй - балдарыбыз окууга бара турган мезгил болуп калды. Аларды каттата албагандар чалып атат. Мектеп директорлору мурдагыдай унчукпай кабыл албай калды, алар көйгөй жаратып атат. Алар "Орусиянын жарандары гана окушу керек" деп айтып жатканын эки киши мага чалып айтты. Орус эмес башка улуттагыларды жумушка алуудан, мектепке кабыл алуудан коркуп калышты",- деди Курбанбаев.
Орусиядагы эмгек мигранттары менен иштешкен адвокат Эрланбек Токтосунов орус бийлиги кезектеги мобилизацияны жарыялап, аны чет жерден келгендерди, борборазиялыктарди армияга тартуу аракетин көрүп жатат деп боолгойт. Ал акыркы күндөрдө кеңеш сурап же укугун коргоп берүүнү өтүнгөн мигранттар көбөйгөнүн, күнүнө кеминде 100дөн ашык киши кайрылып жатканын айтып берди:
"3-августта сегиз жыл мурда Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык кайрылган. Анда ал мектепке кызын киргизгени барып, аскердик каттоого турушу керек болгонун, ансыз кызы орто билим ала албай каларын уккан. Андан сырткары, аскердик каттоого тургандан кийин аны Украинадагы согушка жөнөтөрүн айтышкан", - адвокаттын айтымында кайрылган киши 14 күндүн ичинде Орусиядан чыгып кетүүгө аракеттенип жатат:
"Ал өзү 50гө чыгып калган киши экен. Анын балдары деле чоңоюп калган. Бирок ага карабастан биринчи кезекте чет өлкөлүк жарандарды Украинадагы согушка жөнөтүшүүдө. Мобилизация деген расмий маалымат жок, бирок мындай көрүнүштөр окуяны жакшы сүрөттөйт. Түрмөлөрдө жаткан балдардын ата-энелери да сыздап атат. Себеби орус аскеринде кызмат өтөөгө болгон келишимге кол койбогондор кыйноого кабылууда. Ошондой эле "Сахароводо" абал начар, ал жерде адам чыдагыс шарттарда жашаганга аргасыз болгондор көп. Арасында кош бойлуу келиндер, ден соолугунан кыйналып аткандар бар. Аларга кылмышкерлерге кылгандай орой мамиле кылышат. Орусия өзү тарыхыбызды унутпайлы, 1941-1945-жылдагы согушту унутпайлы дейт, бирок бийлик өкүлдөрү өзүлөрү чет өлкөлүктөргө жаман мамиле кылууда. Тилекке каршы "Крокус Сити Холлдон" улам деп, тар чөйрөдөгү коомдорду түзүп алып, мыйзамды одоно бузуп атышат. Орусия ЕАЭБ шарттарын бузуп атканы да өкүнүчтүү. Маселен кыргыз жарандары Орусиянын кайсы аймагы болбосун бардык жерде эч тоскоолдуксуз жумушка орношуп иштей алышы керек эле. Бирок иш жүзүндө абал такыр башка. Мунун баары - Орусиянын жарандыгын алдырып, Украинадагы согушка жөнөтүү. Өз жарандары согушка барбай жатат. Алар өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Эми алардын саны дагы көбөйөт. Алтургай Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар көбөйгөнүн көрүп турабыз".
Орус бийлигинин азгырыгы
Июлдун этегинде Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Коргоо министрлиги менен аскердик келишим түзгөн жарандарга 1,9 миллион рубль акчалай төлөм убадалаган токтомго кол койгон. Токтом 23-июлдан тарта ишке ашары жана каражат аскердик кызматка шаардык тандоо пункту тарабынан тандалган аскер кызматкерлерине бериле турганы белгилүү болду.
Бул кабардан кийин эле борбор азиялык мигранттар көп отурган тайпаларда Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө чакырган жарнамалар пайда болгон.
Орус жарандыгын алган мурдагы мигранттарды Украинадагы согушка тартуу маселесин буга чейин Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин да көтөргөн. Ал согушка биринчи кезекте орус жарандыгын алган мигранттарды жиберүү керектигин сунуштаган. Армияда кызмат өтөөдөн баш тарткандарды жарандыктан ажыратууну да талап кылган:
"Атайын бөлүмдөрдүн катышуусу менен "Нелегал" деп аталган рейддерди көбөйтүп, алардын географиясын кеңейтүү зарыл. Мигранттардын жосунсуз жүрүм-турумдары тууралуу маалымат ресурстарын такай көзөмөлдөп туруу системасын жолго салуу керек. Кырдаал чындыгында бүтүндөй өлкө боюнча оор. Ошондуктан бул багытта ишти активдештирүүгө чакырам", - деген Бастрыкин.
Ал 27-июнда Петербург эл аралык юридика форумунда сүйлөп жатып, орус жарандыгын алган, бирок аскердик каттоого турбай жүргөн 30 миңдей чет өлкөлүк аныкталып, каттоого алынганын, алардын 10 миңге жакыны согушка жөнөтүлгөнүн айткан.
Бир жыл мурун орус президенти Владимир Путин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинадагы согуштук аракеттерге катышууга макул болгон чет элдиктерге жеңилдетилген жол аркылуу жарандык берүү тууралуу буйрукка кол койгон.
Мыйзамга ылайык, аскердик комиссариаттан чакыруу жөнөтүлүп, ал аскерге милдеттүүлөрдүн бирдиктүү реестрине катталган күндөн тартып жаранга чет жакка чыгууга тыюу салынат. Чакыруу алган жаран 20 күн ичинде өз ыктыяры менен жергиликтүү аскердик комиссариатка келбесе, анда кошумча чектөөлөргө кабылат.
Расмий эсепте, орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашуун. Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февралына чейин ал жактагы мигранттардын саны миллиондон ашып кеткени айтылып келген. Кыргызстан тараптын акыркы расмий статистикасына таянсак, азыр ал жактагы мигранттардын саны 400 миңдей.
Буга чейин ар кандай шартта Орусиянын тарабында Украинада согушка катышкан үч кыргызстандыктын иши резонанс жараткан.
Алар - Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен кайрадан келишим түзгөнү кабарланган. Ал буга чейин Кыргызстанда жети жылга соттолуп, кийин пробация менен бошотулган соң чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Орусияга чыгып кеткени маалым болгон.
Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган жаран беш жылга соттолсо, Нарында Орусиянын “Вагнер” менчик аскер компаниясы менен согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгул уулу мунапыс менен абактан бошотулган.
Орусия жарандык алгандарды, башка өлкөнүн жарандарын деле согушка абактардан азгырып, алып кетип жатканы белгилүү. "Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып, окко учкан кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.
Кыргызстандын мыйзамы жарандарга чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышуусуна тыюу салат.
Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) мындай учурларда беш жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.