Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Борбор Азия

Sorry! No content for 8 Июль. See content from before

жекшемби 7 Июль 2024

"Сахарово". Москванын четиндеги миграциялык борборго катталуу үчүн кезекте турган мигранттар. Архивдик сүрөт жана анын макалага тиешеси жок. Иллюстрация
"Сахарово". Москванын четиндеги миграциялык борборго катталуу үчүн кезекте турган мигранттар. Архивдик сүрөт жана анын макалага тиешеси жок. Иллюстрация

Орусиядагы “Сахарово” миграциялык борборунда кыйноого кабылып, арыздангандардын аягы тыйыла элек.   

Орусияда көп жыл иштеген Азамат менен Рустамды (ысымдары өзгөртүлдү) полиция кармаган. Сот аларды 5 жылга депортациялоо чечимин чыгарган. Адегенде алар Москванын четиндеги “Сахарово” мигарациялык борборуна жеткирилген. 17-18 күн бою мазактоого, кемсинтүүгө туш болгонун айтып беришти.

"Сахарово – түрмө"

Азамат Орусияга барып-келип, ал жакта дээрлик он жылдай иштеген. Полициячылар маал-маалы менен текшерип, кыр көрсөтүп турганы менен олуттуу көйгөйгө туш болгон эмес. Акыркы жолу 2022-жылы июнь айында жүргүзүлгөн рейддердин биринде кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерде эки күн түнөгөн. Каттоого турган эмес, эмгек китепчеси жок деген негизде сот ага депортация чечимин чыгарган. Азамат Москванын четиндеги “Сахарово” миграциялык борборуна жеткирилген. Аны менен кошо жүк ташыган автоунаада дагы 30дай мигрант барган:

"Биринчи зонадагы камерада эки кабат темир керебеттер, бурчта ажаткана бар экен. Темир керебетте уктагандар уктап, уктай албагандар кирпик какпай таң атырдык. Таң атканда катарга тизип, чечиндирип алып текшеришти. Андан кийин бийик тосмо аркылуу экинчи зонага өттүк. Ал жерде эшик-терезелери тордолгон узун-узун коридорлор бар экен. Мурда коронавируска каршы даярдалган жай деп уктук. Коронавирус бүткөн соң убактылуу кармоочу жайга айландырышыптыр. Ал жакта миңдей мигрант бар экен. Кыргыздар, өзбектер, тажиктер..."

Азамат борбордун түрмөдөн айырмасы жок экенин, кармалгандар үчүн эч кандай шарт түзүлбөгөнүн, тар камераларда онго чукул адам жаткан айтат:

"Ошентип жашообуз түрмөдөгүдөй эле улана баштады. Күнүгө ботко берет. Адам жегис тамак. Түрмөдөгүдөй алюминийден жасалган кружка жана тарелка. Күндө араба менен сүйрөп келип, түрмөдө тамак тараткандай салып кетет. Кружкаларды тизип коесуң, чакадан кайнак суу куюп кетет. Бир күндө бир саатка эшикке сейилдөөгө чыгарат экен. Сыртка чыкканда күндү көрөсүң. Төрт бурчтуу капас кылып, тор менен тосуп койгон. Үстүн дагы тоскон. Адам чыга албай тургандай кылышкан".

Кыйноонун куралы - электршокер

Мигрант борбордо 17 күн жаткан. Ал бул аралыкта мазактоого, опузалоого кабылганын, нагыз кыйноо кетерге чукул башталганын эскерет:

"Бир убакта кете тургандардын атын атап, коридорго чыгарышты. Фамилияңды айтканда коридорго чыгасың да жүгүрөсүң. Ошол жерден “чурка” деп желкеңе урат. Мен чыкканда эле желкеге урду. Коридордо жүгүрүп жөнөдүм. Жүгүрүп барганда эле “фамилия”, “катуу айт” деп кыйкырат. Фамилияңды айтасың. “Оңго” дейт. Оңго киргенде бөлмө бар экен. Анын ичине кафель чапталган, душ сыяктуу бөлмө экен. Ошол жерге киргизди да электршокер менен [урду]... Артты каратып туруп, эки колду көтөртүп, эки бутту эки жакка койдуруп, дубалга тургузуп, ток менен баскылап баштады. Мен чыдабай кеттим. “Болду, болду, жетишет” десем, “чыда, дагы бир жолу басам, ошону менен бүтөт” деп жатпайбы. Анан дубалга каратты дагы экинчи бутума [электршокер] басты. Андан соң кишен салып, кезек-кезеги менен ура башташты. Союл менен да, кол менен урушту. Эч ким ооз ача албайт. Ооз ачсаң эле жыга чабат. Баары калтырап турат. Арасында менин атамдай чоң кишилер бар эле. Токту көтөрө албагандар аксап баса албай калды. Албетте, ыза болдум. Кантип болбойсуң? Эстесем ыйлагым келет. “Сахарово” дегенде азыр ошол учур эсиме келе берет. Интернетке кирип, “Сахарово” деген сөздү укканда эле ошол ток менен урганы эсиме түшөт".

  • Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 21-июндан 24-июнга чейин Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кармалып турган 84 кыргызстандык өлкөгө жөнөтүлдү. 24-июндагы маалымат боюнча, сөз болуп жаткан борбордо дагы 124 кыргыз жараны бар.
  • Мекеме 20-июнда Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери “Сахарово” борборунда кармалган мекендештерге барышканын кабарлады. Борбордун жетекчилиги менен Кыргызстандын жарандарын кармоо шарттары, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар талкууланган.
  • “Сахарово” борборунун жетекчилиги мыйзам бузуулар тууралуу арыз түшпөгөнүн, мындай фактылар катталса Орусиянын мыйзамдары менен зарыл чаралар көрүлө турганын айткан.
  • Жакында эле интернетке бул борбордо кармалып чыктым деген кыргызстандык Бактыгүл Молдобаева видео жарыялаган. Ал бул жайга түшкөн мигранттар кордук көргөнүнө, кош бойлуу аялдар бар экенине жана эркектерди уруп-сабаган учурларга күбө болгонун айтып берген.
"Сахарово" борборунда кыздарды мазакташты".
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:18 0:00

Азаматтын айтымында, мигранттарды формачан адамдар кыйноого алган, алар ОМОН кызматкерлери болушу мүмкүн деген ойдо. Аскерлер “Сахароводо” кармалган мигранттарды аэропортко чейин коштоп барышкан:

"Автобуска түштүк. Ал жерде аялдар да отуруптур. Андан ары “Домодедово” аэропортуна кеттик. Аэропорттун башкы эшигинен кишен менен алып киришти. Каттоого жеткенде кишенди чечишти. Учакка 38 мигрант отурду: 8 киши Өзбекстандын же Тажикстандын жараны, калган 30у кыргыз".

Мигрант жигит эки жыл мурун башынан өткөргөн кыйын учуру бүгүнкүдөй эсинде экенин, орус аскерлери аларды экинчи Орусияга келгис кылып кетиришкенин белгилейт:

"Мындайча айтканда, Орусиянын аскерлерин, ОМОН кызматкерлерин ал жерге түшкөндөрдүн баары жек көрүп калат. Коркуу сезими пайда болот. “Мыйзамсыз жүргөндөр экинчи келбесин” деп коркутушат окшойт. Орусияга барайын деген оюм жок. Ал жакта документ тариздөө катаалдашты, зомубулук күчөдү, жашоо кыйындап кетти".

Элчиликтин эшигин кактырган, фактысыз чара көрүлбөгөн жагдай

Азамат мекенине келгенде үн катпай коё алган эмес: эки айдан кийин Кыргызстандын Москвадагы элчилигине “Сахароводогу” кыйноо фактысы боюнча арызданган. Элчиликтин өкүлдөрүнө башынан өткөргөн окуясын толугу менен айтып бергенин, алар бул боюнча иш алып барууга убада беришкенин ырастайт:

"Бул боюнча комиссия түзүлөт: чоңдорго арызданабыз, ИИМге, сотко кайрылабыз” деди. Мен сүйүнүп калдым. “Реакция жасады, көрсө, булар билбей жүргөн турбайбы” деп ойлодум. Анан күттүм-күттүм. “Сиз менен эртең дагы бир адам байланышат” деди. Эртеси дагы бир адам консулдуктан деп телефон чалды. Ага да бир сыйра айтып бердим. Ошол бойдон дым жок.

“Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору Азаматтын кайрылуусу боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) кат жөнөттү. Бирок материал даярдалып бүткөнгө чейин жооп келген жок. Мурдараак мекеме 20-июнда Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери “Сахарово” борборунда кармалган мекендештерге барышканын кабарлаган. Борбордун жетекчилиги менен Кыргызстандын жарандарын кармоо шарттары, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар талкууланганы белгиленген.

Маалыматта “Сахарово” борборунун жетекчилиги мыйзам бузуулар тууралуу арыз түшпөгөнүн, мындай фактылар катталса Орусиянын мыйзамдары менен зарыл чаралар көрүлө турганын айтканын жазышкан.

Азамат элчиликке арыздангандан бери бир жарым жыл өткөнүн, андан бери эч кандай чара көрүлбөгөнүн, азыр деле “Сахароводо” мигранттар кордук көрүп жатканын айтат. Эки ай мурун Орусиядан депортацияланып келген айылдашы да “Сахароводо” зомбулукка кабылганынын айтып берген соң, ал элчиликке кайра кайрылган:

"Мен элчиликтин өкүлү менен сүйлөшүп, ал жакта кыйноого кабылганымды, бул тууралуу мурда элчиликке кабарлаганымды, азыр дагы кыйноо уланып жатканын айтттым. Ал киши “андай болушу мүмкүн эмес” дейт. Болушу мүмкүн! “Факт барбы? Сүрөт, видео барбы?” дейт. Менде факты жок. Ушунча кишинин чыркырып жатканы факты эмеспи?! Кайдагы видео? Видеого тартса эртең эле интернетке жайылып кетерин түшүнүшөт да. Телефонду чогултуп алышып, андан соң гана кыйнашат. Факты – биздин үнүбүз. “Факты жок болсо эмне кылабыз” деп алакан жайып коюшту. Эч нерсе кылгылары келбейт, иштегилери келбейт. Мекендештерибиз болсо кордук көрүп келе жатышат".

Сахароводо кезек күткөн мигранттар. Архивдик сүрөт
Сахароводо кезек күткөн мигранттар. Архивдик сүрөт

“Сахарово” мигранттарды коркуткан жай

Азамат Орусияда эки жыл мурун кордук көрсө, анын айылдашы Рустам (аты өзгөртүлдү) депортацияланган мигранттарды “тарбиялоочу” жайга айланган жердин “тузун” быйыл жазында эле татып келди. Ал “Сахароводо” 18 күн отуруп, мигранттарга каршы өкүмзордук күчөгөнүн билдирди:

"Ал жерге түшкөн күнү коркутуп, тизелетип бастырып, бат-баттан чуркатышып, кийимибизди чечтиришти. Андан соң текшеришип, электршокер менен урушту".

Рустам да мигранттар борбордон чыгарда өзгөчө кыйноого туш болорун тастыктады: мигранттардын сакалын кырышкан, мазакташкан. Көбү жеке буюмдарын, акчасын кайтарып ала алган эмес. Ал Кыргызстанга быйыл 14-апрелде кайтып келген:

"Чочконун этинен тамак беришти. Ачка болгондуктан этин алып таштап, тамакты жедик. Арабызда намаз окуган балдар бар эле. Бир бала намаз окуп жатканда күзөтчүлөр кирип келди. Анан бири бетке бир-эки жолу чаап жиберди. Ал бала намазын бузган жок, уланта берди. Биз “ал намаз окуп жатат” деп айтсак, “намазын Кыргызстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга барып окусун” деп айтты. Сакал койгондорду тооктун жүнүн жулгандай эле машинка менен кырып коюшту.

Кетерде бир бөлмөгө ар бирибизди экиден киши алып кирди. Баштыгыбыздагы акчаны, повербанк сыяктуу кымбат буюмдарды жерге төгүп, биздин колубузду дубалга тактап, көтөртүп койду. Чөнтөктөрдү бүтүндөй текшерди. Анан мага “жерде жаткан буюмдарыңды ал” деди. Баарына ошентип айтты. Ошол буюмдарды алып жатканда электршокер басышты. Эми алайын десең басат, өйдө көтөрүлсөң баспайт. Кайра эңкейип алайын десең, кайра басат. Ошентип эч ким деле буюмун ала алган жок. [Сахароводон] чыгып жатканда коридордо алты адам турат экен. Ар бири электршокер менен басат экен".

Сахарово. Мигранттар
Сахарово. Мигранттар

Үстөккө-босток электршокер жеген Руслан Кыргызстанга келгенде да бир апта колу калтырып жүргөнүн айтат. Эми ал Орусияга кайтып барууну деле каалабайт. Азамат болсо айыл чарба жумуштарында иштөө үчүн бир ай мурун Англияга кеткен. Орусиянын ысык-суугуна бышкан мигрант жигит үчүн ал жактагы 8 сааттык иш анча деле оор эмес.

2022-жылы Москва Украинага согуш ачкандан бери Орусияда мигранттарды текшерүү күч алган. Орус бийлиги ар кандай ыкма менен мигранттарды согушка тартууну улантууда. Миранттар менен иштеген укук коргоочулар “Сахарово” борбор азиялыктарды Украинадагы урушка мажбурлоонун эң ыңгайлуу очогу экенин айтып келишет.

АКШ чек арасын кесип өткөн мыйзамсыз мигранттардын тобу.
АКШ чек арасын кесип өткөн мыйзамсыз мигранттардын тобу.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги 400 мигрантты өлкөгө мыйзамсыз киргизген аткезчилер тобунун "Ислам мамлекети" (ИМ) радикал уюму менен ыктымал байланышын иликтеп жатат.

CNN каналынын билдиришинче, акыркы айларда АКШда Борбор Азиядан барган мигранттарды текшерүү күчөдү.

Министрликтин маалыматында аткезчилердин максаты террорчуларды эмес, мигранттарды киргизүү болгон.

Бирок алар өткөн жайда Өзбекстандын жарандарына АКШнын түштүк чек арасын кесип өтүүгө жардам берген, ИМ менен мамилеси бар топ менен байланышы бар деп шек саналууда.

ИМ менен байланышы бар деген топтун Кошмо Штаттарга 400дөй адамды алып киргени иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталган. Мигранттардын көбү Борбор Азиянын, айрыкча Өзбекстандын тургундары болгон.

АКШнын ички коопсуздук министри Алехандро Майоркас тааныштырган мекеменин отчетунда булардын ИМ менен байланышы тууралуу далил жок экени айтылат. Иликтөө уланууда.


Акыркы айда АКШда Борбор Азиядан, айрыкча Өзбекстан, Тажикстандан барган мигранттарды текшерүү күч алды. Ай башында эле Тажикстандын сегиз жараны террордук топко катышы бар деген шек менен кармалды.

Америкалык бийликтер Өзбекстандан барган топко ИМге катышы бар ортомчу чек арадан өтүүгө жардам бергени өткөн жылы билингенден бери өзгөчө көңүл буруп жатат.

"Мен ИМди эске алганда, Өзбекстандын жарандарына байланыштуу өткөн жайдагы инцидент Борбор Азиянын тургундагы калктын көйгөй жаратуучу топтору экенин көрсөттү", - деп билдирди америкалык жогорку даражалуу чиновник.

АКШ тажик жарандарынан эмнеге чочулайт?

Буга чейин New York Post президент Жо Байдендин тушунда Мексикадан АКШга “Ислам мамлекети” террордук уюмунун согушкерлерди жалдоо чордонуна айланган өлкөдөн агылган мигранттардын саны эселеп өскөнүн жазган.

Женни Таер чек ара кызматынын ачыкка чыгып кеткен маалыматына таянып жазгандай, 2020-жылдын октябрынан быйылкы майга чейин Тажикстандын 1,5 миңден ашуун жараны Мексика-АКШ чек арасын кесип өткөнү белгилүү болгон. Быйыл бери дегенде 500 тажикстандык мыйзамсыз мигрант кармалган. Буга чейинки 14 жылда чек аранын ал тилкесинен 26 тажик жараны гана өткөн.

Журналист чек арада кармалган мигранттардын көбү башпаанек сураганын, алардын иши сотто каралмайынча, өлкөдө калууга уруксат берилерин эске салат.

Андан ары Тажикстан “Ислам мамлекети” террордук уюмуна жана анын канаты “Ислам мамлекети-Хорасанга” жоочуларды жалдаган чордон болуп калганына, Москвадагы терактка тажикстандыктар айыпталганына токтолуп, эксперттердин пикирлерине кызыккан.

Алардын бири - Мичиган университетинин кызматкери, терроризмге каршы күрөш боюнча адис Жавед Али тажик жарандарынын агымын террордук уюм АКШда кол салуу даярдап жатышы ыктымал деп чечмелесе болорун айтат.

Жакында бул басылма “Ислам мамлекети” менен байланышы болушу мүмкүн деген тажикстандык мигранттар камакка алынганын кабарлаган. Алар Мексика тараптан кирип, кийин Нью-Йорк, Лос-Анжелес жана Филаделфияда отурукташкан.

Техас университетинин профессору Эдвард Лемондун көз карашында, акыркы жылдарда тажиктер “Ислам мамлекети” жана башка террордук уюмдарга башка кошуна өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө караганда көбүрөөк тартылып, чоңураак роль ойноп калган. Изилдөөчү Тажикстандагы экстремизм менен катаал күрөш радикалдашууга алып келип, тескерисинче, бийлик ооздуктоого аракет көргөн терроризмдин чырагына май тамызышы ыктымал деп белгилейт.

Лемон борборазиялык бул өлкө миграциядан көз каранды экенин, Орусия Украинага согуш ачкандан кийин тажикстандыктар башка багыттарды издеп, Европа, Перс булуңуна жана АКШга барууга аракеттенгенин кошумчалайт.

Журналисттин дагы бир маалыматына ылайык, июнь айында Байдендин администрациясы Борбор Азияда жана Түркияда жайгашкан төрт кишиге санкция салган. Алар “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мигранттарга АКШга жетүүгө жардам берген аткезчилик операциясына катышкан деп болжолдонууда.

Басылма жазгандай, “Ислам мамлекети” террордук уюму согушкерлерди жалдоо географиясын кеңейтүүгө, дүйнөнүн ар кайсы жеринде чабуулдарды ишке ашырууга аракеттенүүдө. Жана бул максатта тажиктерди, борборазиялыктардын Европа, Америкада жашаган диаспораларын өз катарына азгырып жатат.

АКШга жакшы жашоо издеп агылгандар

2023-жылдын 1-октябрынан ушул жылдын май айына чейин АКШнын түштүк чек арасын 57 200 мигрант кесип өтүүгө аракет кылган. Алардын 2900ү Өзбекстандын жарандары. Бул тууралуу Fox News АКШнын Чек арадагы бажы кызматына таянып кабарлады.

Америкалык мекеменин маалыматында камалгандардын 27,5 миңи Кытайдын, 8,9 миңи Индиянын, 7,8 миңи Түркиянын, 4,4 миңи Мавританиянын, 3 миңге жакыны Вьетнам жана 5,6 миңи Гвинеянын жарандары.

Айрым мигранттар Fox News каналына АКШга жакшы жашоо издеп келгенин айтышкан.


"Менин англисчем анча жакшы эмес жана мен Кошмо Штаттар тууралуу эч нерсе деле билбейм. Мен АКШга келгенден кийин баарын кайра баштоо керектигин түшүнөм. Бирок мен келечегим жакшы болушун, балдарым жакшы билим алышын каалайм. АКШда тез эле орун-очок алгым келет", - деген мыйзамсыз мигранттардын бири.

2023-жылы АКШнын түштүк-батыш чек арасын 2,5 миллион кесип өткөн. Алардын айрымдары өлкөгө кирген.

Буга чейин өткөн жылы Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын саны көбөйгөнү, 50 миңдейи мыйзамсыз киргени айтылган. Алардын 17 миңдейи Өзбекстандын, 7 миңдейи Кыргызстандын, 3 миңдейи Тажикстандын, 2700ү Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жарандары болгон.

АКШнын статистикасы мыйзамсыз мигранттардын, айрыкча Борбор Азиядан баргандардын агымы азайбай турганын көргөзүүдө.

2021-жылдын октябрынан 2023-жылдын октябрына чейин АКШнын чек арасын кесип өткөн 13 миңдей өзбекстандык кармалган.

2023-жылдын декабрында АКШга мыйзамсыз барган 119 өзбекстандык мекенине депортация болгон.

Быйыл 4-июнда АКШ президенти Жо Байден Американын аймагына Мексика аркылуу мыйзамсыз киргендер АКШ бийлигинен башпаанек сурай албайт деген буйрукка кол койгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG