1. Мамлекеттик карыз азайды
Коомчулукта адатта карыздын суммасы гана айтылат. Ооба, ал 2020-жылдан тарта дээрлик 2 млрд долларга көбөйүп, 6,6 млрд долларга жетти.
Бирок карыздын номиналдык суммасын гана карабастан, экономиканын көлөмүн да салыштыруу кажет. 2020-жылдан бери ал 63 пайыздан 44 пайызга чейин азайды. Башкача айтканда, карыз өстү, бирок экономика андан да көп өстү.
Экономиканын өсүшү менен өлкөнүн кирешеси көбөйөт, каржылык абалы бекемдейт, карызды кайтаруу оңоюраак болот. Кредиторлор насыя берээрде мамлекеттин карызын гана эмес, карызды кайтаруу жөндөмүн да баалашат. Мисалы, Жапониянын мамлекеттик карызы ички дүң өнүмүнө карата 250% ашык. Бирок Жапония өзүнүн экономикалык кубатына таянып, жаңы карыз алуудан коркпойт.
“Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДӨгө карата 45% чейин азайды. Бул карызды кайтарууга байланыштуу тобокелдиктер азайганын билдирет. Бирок суммасы өсүп жатканы мамлекеттик чыгымдарды жабууга жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга карыз алуу зарылчылыгы сакталып жатканын көрсөтөт”, - дейт “Азаттыкка” курган маегинде экономист Нургүл Акимова.
Мамлекеттик карыздын түзүмү да өзгөрүүдө. Тышкы карызды чектөөгө аракет кылып жаткан кыргыз бийлиги акыркы жылдары ички карыздын көлөмүн кескин көбөйттү. Келерки үч жылда эле мамлекет калктан 100 млрд сом карыз алууну көздөп турат. Бирок айрым депутаттар ички карыздар чет элдик насыялардан кымбат түшүп жатат деген пикирде.
2. Уникалдуу киреше булагы пайда болду
Коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке эбегейсиз акча түшүп жатат. УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 2020-жылдан бери 209 млрд сом же 2,4 млрд доллар түшкөнүн айтты. Масштабын сезиш үчүн салыштырсак, 2020-жылы республикалык бюджеттин чыгымы 155 млрд сом болгон. Быйыл болсо бул өлкөнүн жарым жылдык бюджетине барабар.
Бул жараяндан түшкөн каражат кандай иштетилип жатканы тууралуу так маалымат жок. Бирок ал өкмөткө кошумча чоң киреше булагы болуп калды.
Экс-бажычы Райымбек Матраимов өзү эле 20 млрд сомдой төктү. Ал эми жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мүлкү 1 млрд долларга бааланып, мамлекетке өткөн.
Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мурдагы жана азыркы бир топ аткаминерлер кармалып, көпчүлүгү казынага акча төлөп, абактан чыккан. Коомчулукта “кустуруу” деп аталган бул жараянды сындагандар да, колдогондор да бар.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы генерал Өмүрбек Суваналиев "Азаттыктын" талкуусунда күрөш ачык-айкын болуп, соттун чечими аркылуу ишке ашырылышы зарыл экенин белгилеген:
"Биз УКМК айткандын баарына эле ынанып калбашыбыз керек. Анткени бул деген алдын ала тергөө. Сотко жеткенде ал канча болот, кандай болот? Мисалы, Көлбаевге байланыштуу кармалгандардын баары чыгып кетүүдө. Алар кандай, канча төлөдү - белгисиз. Өнүккөн мамлекеттерде бул ачык-айкын болот. Сот аркылуу түрмөгө барат, ошол жерден зыяндын орду толтурулат. Бул жерде пиар кампания кылбаш керек. Сот ачык өтүп, элдин баары алардын каяктан, кандай уурдаганын көрүшү керек да".
Коррупцияга айыпталгандар көбүнчө мүлк түрүндө төлөп жатат. Эми бул объекттерди акчага айландырып, аны экономикага натыйжалуу киргизүү маселеси турат. Мамлекеттин колунда кошумча 2,4 млрд доллардын пайда болушу өкмөттүн мүмкүнчүлүгүн бир топ кеңейтет.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк да мамлекетке кайтарылышы керек экенин айтып келет. Бирок ишкерлер бул жараян жеке менчик укугуна доо кетирерин белгилеп, мурдагы жылдары бийлик өзү менчиктештирүү саясатын жүргүзгөнүнө көңүл бурушат.
3. Мамлекет бизнеске кирди
Мамлекеттин экономикага кийлигишүүсү күчөп баратат. Бүгүн өкмөт ипотекалык үйлөрдү курат, лотерея ойнотот, спирт чыгарат, пансионат иштетет, мүлктү камсыздандырат, дары-дармек сатат, кийим тигет, керек болсо такси иштетет.
Өлкөдөгү эң ири Кумтөр кени, капиталы эң көп банктар, пенсиялык фонд, аэропорттор, энергетикалык компаниялар, аскерий ишканалар ансыз да мамлекеттин карамагында. Коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштүн урааны менен көптөгөн жеке объекттер мамлекетке өттү. Андан тышкары жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлүп жатат.
Мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров мамлекет экономикада алдыңкы ролду өз колуна алганын сыймыктануу менен айткан.
"Биз мындан ары тартынып, “көрүнбөгөн колго” (эркин рынокко – ред.) таянбайбыз. Мамлекет, мен бул жерде мамлекеттик банктарды да айта кетейин, экономиканын күчтүү локомотиви болот. Ал дирижёр гана эмес, оркестрибиздин биринчи скрипкасы да болот. Бирок мен дароо айтып коёюн: бул убактылуу гана роль. Учуп, орбитага чыкканга чейин гана. Мамлекеттик капитализмдин убагы чексиз болбойт”, - деп Жапаров май айында финансылык форумда билдирген.
Бизнес чөйрө өз кезегинде рыноктук механизмдер бузулуп, мамлекет экономикага ашыкча кийлигишип жатканын айтып, коңгуроо кагууда. Июлда Эл аралык ишкерлер кеңеши билдирүү таратып, өкмөт мамлекеттик компанияларга эксклюзивдүү укуктарды берип, бизнестеги атаандаштыкка доо кетирип жатканын айткан. Уюмдун пикиринде, мамлекет айрым тармактарды монополия кылып, рыноктук экономиканын өнүгүшүнө тоскоол болуп жатат.
4. Орусиядагы мигранттар азайды
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Орусияда 596 миң кыргызстандык жашап жаткан. 2021-жылы мигранттардын саны дагы көбөйүп, 680 миңге жеткен.
Бирок Москва Украинага кол салган 2022-жылдан тартып кыргызстандыктардын саны кескин кыскара баштап, 2024-жылы 350 миңге чейин азайды. Буга миграциялык мыйзамдардын күчөшү, согушка мажбурлоо, рублдин курсунун түшкөнү негизги себеп болду.
Башкача айтканда, акыркы үч жылда эле Орусиядагы кыргыз мигранттарынын саны эки эсе азайды. Бул жумушчу күчтү экспорттоп келген Кыргызстанга өз таасирин тийгизбей койбойт. Жүз миңдеген жарандардын кайтып келиши бир жагынан экономикалык активдүүлүктү күчөтсө, экинчи жагынан социалдык жүктү көбөйтүшү ыктымал. Андан тышкары, Кыргызстан сырттан келген акча которуулардын азайышына жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө даяр болушу зарыл.
“Өкмөт үчүн кайтып жаткан мигранттарды адаптациялоо программаларын түзүү приоритет болушу керек. Жакынкы убакта жумушсуздуктун күчөшү турган иш, бирок мигранттарды туура интеграцияласа, бул экономикалык өсүштүн дагы бир булагы болуп бере алат. Мамлекет кесиптик кайра даярдоого көңүл буруп, кичи бизнеске жагымдуу шарттарды түзүп бериши зарыл”, - деген пикирде экономист Нургүл Акимова.
5. Салык системасындагы жаңы доор
1990-жылдардан бери иштеп келген патент системасын жокко чыгарууну экономикалык гана эмес, саясий окуялардын катарына да кошсо болот.
Патенттерди жоюу көп жылдардан бери чыңалууга алып келчү талуу маселе катары каралып келген. 2023-жылы өлкө боюнча нааразылык акциялары чыгып, президент Садыр Жапаров мамлекет базарларды алып коё аларын эскерткен.
“Эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Кумтөргө тышкы башкаруу киргизгендей, базарларга өкмөттүн атынан тышкы башкаруу киргизебиз”, - деген өлкө башчы.
Буга чейин ишкерлер патент алып, айына туруктуу сумма төлөп, бирок канча акча айлантып жүргөнү белгисиз болуп келген. Эми алар соодасынын көлөмүнө жараша салык төлөй баштады. Өкмөт патенттик режим чакан жана орто бизнести түптөөдө чоң роль ойногонун, бирок убакыттын өтүшү менен актуалдуулугун жоготконун айтты.
“Соодада патенттик системадан баш тартууну чынында маанилүү окуя катары караса болот [...] Бирок экономикалык пайда алып келиши менен катар бул саясий чакырык. Ишкерлер салык жүгү көбөйгөнүнө жана отчёт тапшыруудагы жаңы талаптарга байланыштуу бул чечимди терс кабыл алышы мүмкүн”, - дейт Акимова.
Ишкерлер реформалар салык түйшүгүн көбөйтүп жатканын айтышууда. Ошол эле арзан патентке көнгөн соодагерлер эми бир топ көбүрөөк салык төлөөгө мажбур. Салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов да өкмөт башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен реформалар боюнча кайым айтышып, "элдип кыйнап, бюджетти өстүрбөөгө" чакырды.
Өкмөт өз кезегинде Кыргызстандын салык салуу системасы көп өлкөлөргө салыштырмалуу жөнөкөйлүгү, ачыктыгы жана төмөн коюмдары менен айырмаланганын айтууда.
Шерине