Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Шибердик мээнеткеч археолог Сергей Скобелев дүйнө салды


Профессор Сергей Скобелев.
Орус археологу, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Сергей Скобелев.

20-декабрда шибердик археолог, шибер таануу жана кыргыз таануу маселелери боюнча кайталангыс эмгектери бар Сергей Григорьевич Скобелев дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 23-декабрда Новосибирск шаарында жерге берилди. Анын жаркын элесине арналган тарыхчынын блогу.

Аттиң!.. Узак жылдар бою азап чектирген оору акыры жаракөр агайыбыз Сергей Григорьевичти арабыздан алып тынган экен...

Оболу бул кайгылуу кабарды археолог досубуз, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин жеетекчилеринин бири Кубат Табылдыев “Фейсбукта” жарыялады.

К.Табалдыевдин “Фейсбуктагы” барагы. 23.12.2024.

Кубат Шакий уулу Табалдыев жазгандай, маркум профессор Сергей Скобелевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына кыргызстандыктардын атынан жаш археолог айым Жазгүл Орозбекова катышты.

Жазгүл карындашыбыз аза жыйынында көңүл айтып сөз сүйлөп, тээ 2011-жылдын жайында Сергей Григорьевич менен чогуу археологиялык казуу жүргүзгөн учурун эске салды.

Ошол жылы июнда Тывада Кызыл шаарынын жанында Кызыл кожуунуна караштуу Ээрбек деген жерде башталган бул казуу өнөктүгүнө Орусиянын Санкт-Петербург, Маскөө, Новосибирск шаарларынан жана Хакас жана Тыва жумурияттарынан изилдөөчүлөр жана студенттер катышкан.

Алардын арасында Сергей Скобелев менен Жазгүл Орозбековадан тышкары Новосибирск мамлекеттик университетинен белдүү археологдор Юлий Сергеевич Худяков (Жазгүлдүн илимий жетекчиси), Олег Андреевич Митько жана Алиса Юльевна Борисенко бар эле.

Жазгүл Орозбекова андан соң чогулган калайыкка кыргызстандык археолог жана тарыхчылар тобунун маркум С.Г.Скобелевдин жакындарына жана кесиптештерине көңүл айткан катын окуп бергенин бизге тастыктады.

Орус археологу, тарыхчы С.Скобелевдин бейити. 23.12.2024.
Орусиялык археолог, профессор Сергей Григорьевич Скобелевдин (1956–2024) Новосибирск шаарындагы Академшаарчанын аймагындагы Чербузинск (Түштүк) көрүстөнүндөгү бейити. 23.12.2024.

Сергей Скобелевдин өмүр таржымакалы

Орусиялык археолог, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, кийин профессор Сергей Григорьевич Скобелев (08.10.1956 – 20.12.2024) Новосибирск мамлекеттик университетинин гуманитардык изилдөөлөр лабораториясынын башчысы болуп узак жылдар бою иштеп келген адис катары маалым.

Сергей Григорьевич 1956-жылы 8-октябрда Казакстанда туулган.

1974–1979-жылдары ал Новосибирск мамлекеттик университетинин (НМУ) тарых факультетинде (мурдагы гуманитардык факультеттин тарых бөлүмүндө) окуган.

Университетти аяктагандан кийин ал Новосибирск комсомол уюмунда бир канча убакыт жетекчилик кызматтарда болуп, андан соң Советтик армияда кызмат өтөгөн.

Жарандык турмушка кайтып келгенден кийин ал НМУнун студенттик шаарчасын жетектей баштаган жана ошол эле учурда илимге кайтып келип, НМУнун аспирантурасына тапшырган.

1986-жылы ал Энесайдын ортоңку агымындагы түпкү калктар менен орус оторчуларынын ортосундагы мамилелер боюнча археологиялык булактарга арналган кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. (Анын илимий жетекчиси – ошол кездеги СССР Илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы, археолог Анатолий Пантелеевич Деревянко болгон).

С.Г.Скобелевдин диссертациялык ишинин темасы “XVII кылымдагы Ортоңку Энесай ойдуңунун жана ага чектеш аймактардын жергиликтүү калкынын заттык маданиятына орустардын таасири (археология, этнография жана тарых маалыматтары боюнча)” [“Русские влияния на материальную культуру местного населения бассейна Среднего Енисея и прилегающих территорий в XVII веке (по данным археологии, этнографии и истории)”] деп аталат. Бул иш – бир нече илимий тармактын мол маалыматтарын айкалыштырып жазылган эмгек болду.

Кийинчерээк ал НМУнун доценти жана профессору болуп калган.

Сергей Григорьевич ондогон жылдар бою (1988-жылдан тартып) НМУнун гуманитардык изилдөөлөр лабораториясын жетектеп келген. Ал НМУда көптөгөн сабактар боюнча дарстар окуган, илимий диссертацияларды жетектеген жана археологиялык “алмашууларды” жүзөгө ашырган.

Жыл сайын ал өзү да археологиялык экспедицияларга ынтызардык менен чыгып турган.

Ал орто кылымдардын соңку мезгилиндеги жана жаңы доордогу Шибердин тарыхы жана археологиясы менен байланыштуу казуулар жүргүзүп, демографиялык жана этнографиялык бай маалыматтарды иликтеп келген.

Демек, Сергей Григорьевичтин изилдөөлөрү археологиянын, жазма булактардын жана этнографиялык маалыматтардын ширендисин түзгөн. Ал түпкү калктар менен келгин оторчулардын өз ара карым-катнаштарынын тарыхы жаатында мурда айтылбаган жаңы өңүттөрдү көтөрүп чыккан.

Ал эми жалпы Шибердин орто кылымдык археологиясы жаатында ал маркум профессор Юлий Худяковдун ырааттуу пикирдеши, үзөңгүлөшү болгон. Маселен, ал профессор Леонид Кызласовдун Энесай Кыргыз каганатынын элин “хакастар түзчү” деген жаңылыш жоромолун четке кагып, орто кылымдар тарыхы боюнча ар дайым “кыргыз” этнонимин колдонгон.

Сергей Григорьевич түркологияга да салым кошуп, түрктөрдүн жалпы эне кудайы Умайдын бейнесин иликтеп, чечмелеп берген.

Профессор С.Г.Скобелев НМУнун Красноярск археологиялык кошуунун уюштурган жана ырааттуу жетектеген. Анын мээнетинин жана мектебинин ишмердигинин аркасында Хакас-Миңсуу ойдуңунун орто кылымдардын соңку мезгилиндеги археологиялык булактарынын өзгөчө олуттуу тизмеси такталып даярдалган.

С.Скобелев Энесай кыргыздары менен байланыштуу археологиялык малыматтарды да терең иликтеген.

Өзүнүн орусча видео маектеринин биринде, маселен, ал Красноярск аймагындагы Үнүк жергесинде 1940–41-жылдары табылган эстеликтер тууралуу айтып, табылгалардын ичинде баалуу металл идиш болгонун белгилеген.

Энесай дарыясынын оң өйүзүндө Краснотуран районунун аймагында жайгашкан Үнүк (орусча Унюк) кыштагы азыркы тапта жок. Ал 1970-жылга карата Красноярск ГЭСинин таманында калган. Бирок бул мурдагы кыштакка жакын жайгашкан Үнүк тоосунда байыркы доорлордон бери калган ар кыл археологиялык эстеликтер изилденүүдө.

Видео тасма. Профессор Сергей Григорьевич Скобелев Үнүк табылгалары туууралуу. (Эхо Турана). Орусча маек. 08.8.2016.

Археолог С.Г.Скобелев 2014–2015-жылдары Үнүк тоосунда казуулар жүргүздү.

2014-жылы анын тобу казып алган археологиялык табылгалардын арасында бир баалуу металл идиш чыкты. Сергей Скобелев агай бул табылган идиштин түбүндө анын белекке берилгендиги жөнүндө битик (руна сымал) жазмасында текст бар, бул белек – Кыргыз каганына арналган, деген тыянагын шардана кылган.

2015-жылы С.Г.Скобелевдин изилдөө тобу Үнүк тоосунан монгол тилдүү хотогойт элинин Омбо-Эрдени коңтайшы аттуу алтан-ханы 1652-жылы өзүнүн жээни Мерген-тайшыга каршы жазалоочу чабуул коюп, анын аскерин камалоого алган учурга байланыштуу табылгаларды илим чөйрөсүнө дайын кылды (жогорудагы тасманы караңыз).

Сергей Григорьевич Скобелев орто кылымдардын соңку кезиндеги монголдук (алтан хандарга таандык) чапкындар доорундагы жана орусиялык (московиялык) оторчулуктун башталыш мезгилиндеги Түштүк Шибердин заттык маданиятын жана этномаданий абалынын өзгөчөлүктөрүн археологиялык, архивдик жана башка маалыматтарга таянып, ар тараптуу изилдөө жаатында өз илимий мектебин түзгөн.

Профессор С.Г.Скобелев НМУда топтолгон артефакттарды жана башка маалыматтарды санарипке ырааттуу өткөрүү боюнча иштерди да уюштурган.

Ал Энесайдагы Саян чебин толугу менен казган. Ошентип, XVIII кылымдын 1-жарымында Ички Азиянын чегиндеги московиялык таяныч чебинин археологиялык изилдениши алгачкы ирет толук жүзөгө ашырылган.

Тарыхчылар Кожент шаарындагы музейде. Оңдон экинчи – Сергей Скобелев. 17.4.2016.
БатМУда өткөн эл аралык илимий жыйындын катышуучуларынын тобу Тажикстандын Кожент шаарындагы Согд облусунун тарых музейинде болушту. Оңдон биринчи – профессор Виктор (Астайбек) Бутанаев, анын жанында – археолог, профессор Сергей Скобелев. 17.4.2016.

Этнографиялык жаңы доордо археологиялык жана демографиялык изилдөөлөрдү улантып, Сергей Григорьевич ар түрдүү булактарды ар тараптуу изилдөөнүн негизинде XVII – XX кылымдардагы Шибердин түпкү калктарынын санынын өзгөрүшүнүн себептерин аныктаган жана аларды оторчул башкаруу ыкмалары менен байланыштырган.

Профессор С.Г.Скобелев 1916-жылы жазында “Мурас” кору, “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсы жана бир катар университеттер уюштурган эл аралык илимий жыйындарга катышуу үчүн Кыргызстанга келип, Бишкек, Ош жана Баткен шаарларындагы бир катар илимий шеринелерге катышкан.

Ал кыргызстандык жана орусиялык тарыхчы кесиптештери менен бирге Тажикстандын түндүгүндөгү Кожент жана Гафуров шаарларын да кезген.

Ошол сапары маалында ал кыргыз тарыхчылары менен өз табылгалары жана тыянактары тууралуу да баарлашкан.

Профессорлор Юлий Худяков менен Виктор Бутанаев. Бишкек. 18.4.2017.
Профессорлор Юлий Худяков менен Виктор Бутанаев маркум Сергей Скобелевдин үзөңгүлөштөрү болчу. Бишкек. 18.4.2017.

Сергей Григорьевичтин орусиялык оторчулар Шиберди жана Ыраакы Түндүк-Чыгышты каратып алып жатканда өзгөчө каармандык менен узак убакыт бою каршылык көрсөткөн жана дээрлик жеңилбей койгон түпкү элдер – шибердик кыргыздар менен чукчалар болгон, деп айтканы эсимден кетпейт.

Маркум профессор Сергей Григорьевич Скобелев Кыргызстандагы тарыхчы жана археолог окумуштууларга ар дайым көмөк кылып келген.

Анын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө терең сакталып кала бермекчи.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG